“Аптап” сынагынын мөөнөтү 29-августка чейин узартылды

Жайында элдин баары болбосо да, көбү эс алууда жүрөт. Ушуга байланыштуу «АПТАП» деген аталыштагы кезектеги БИР ЫРДЫН СЫНАГЫНЫН мөөнөтүн узартабыз. Сынакка катышыкысы келгендер ырларын августтун 29уна чейин биздин дарекке (kmborboru@gmail.com) жөнөтө алышат. Жетишпей калдым деп кейигендерге дагы убакыт бар! Катышуунун калган шарттары ошол эле бойдон калды.

Июлдун 29уна биздин сынакка 7 автордун ырлары үштү.

Ал эми бул жерден сынакка түшкөн ырларды  окуй аласыздар:

Темирлик

Төрөкул Дооров

Токтобек Үсөнов

Жыпар Исабаева

Асель Токтаалы кызы

Мелис Мамажан уулу

Тынчтык Алтымышев

Айсалкын Сооронбаева

Жылдызбек Турсунбаев

Бакыт Жунусалиев

Сураныч, ар бир ыр боюнча өз пикириңерди да калтырып кетсеңер. Бул акындын өзүнө да (окурмандын калыс пикирине кайсы гана акын болбосун дайым муктаж), өзүңөргө да (сезим ыргактарын ой менен кармоого машыгуу) жана да бизге да (окурмандардын жакшы пикирине татыгандарга биздин блогубуздун атайын сыйлыгы каралган) пайдалуу жана эң керек болмокчу.

Катышкыла! Пикир бөлүшкүлө!

КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.