“Кар” сынагы: Жолдошбек Зарлыкбеков
* * *
Жылдыз уюп жаткан жылуу кар жиреп,
Жылкы үйүрү жал сапырса жылгадан –
Не деген көрк, төрт тарабы шай сүрөт,
Не керемет Сөз ченине сыйбаган!
Мунар тоонун боорун тилип муз бүлөп,
Кыш чилдеде булоолонсо булактар –
Не деген көрк, төрт тарабы шай сүрөт,
Не керемет, Сөз, унчукпа, кулак сал.
Кара жаным, кан тамырым – кой жолум,
Азыр шаарда аңсаганы жанымдын,
Белди кыйгап камчыланбай жон жонуп,
Алчыланган ат басыгын сагындым.
Жолдошбек Зарлыкбеков,
“Кар” сынагына




бу киши менин устатым
Оу,Жолдошбек, Эски малдын козундой болуп, кайда журосун деги , Кабарлашып койчу, баатыр
Pingback: «Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аяктады. Сурамжылоо — Кыргыз маданият борбору