Сүйүнчү! “Бир үзүм отко” жылыныңыз!

1uzumot,

Чайпалдым – турмуш оң-тетир чайкаганда,
Чаңкадым бир аз чаң жутуп, байкаганга.
Ансайын, бирок арышым таштайм, анткени
Акым жок билем, мен азыр чарчаганга” 
– деген саптары менен чыгармачылыктын чылбырын бек кармап, поэзиянын Пегасынын алтын жалынан кармап алкынтып, ушул азыр кемелине келип, иштесе ишке тойбой, жазса ырга тойбой турган, кыргыз окурман журтчулугуна кеңири таанымал акын кызыбыз Жыпар Исабаеванын жакында “Бир үзүм от” аттуу поэтикалык жыйнагы басмадан жарык көрдү. Анда мекенчилдик, лирикалык ырлары жүрөккө жылуулук берип, окурманды ойго салат. Балдарга арналган ырлар жана обондуу ырлары да ушул жыйнакка киргизилген. “Бир үзүм отту” колго алып, жүрөгүңүзгө сүртүп, жылыныңыз окурман!

Белгилеп айта кетүүчү нерсе, Жыпар адабияттын башка жанрлары аркылуу дагы окурмандардын сүйүүсүнө арзып келген талант. Анын “Жылаандын сүйүүсү” повестинин экинчи китеби учурда “Кыргыз Туусу” гезитинде сандан-санга берилип жатканына өзүңүздөр күбөсүздөр. Мезгилинде бул чыгарманын биринчи китеби гезит окурмандарынын арасында сенсация жараткан. Мындай мисалга “Адашкандар” романын айтсак дагы болот. Бул романдын негизинде таланттуу кинорежиссер Темир Бирназаров “Баарын кайрадан баштайлычы” аттуу кино тасма тартып, көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынган. Жыпар киносценарист катары да калемин Т.Бирназаров менен биргелешип жазган сындан татыктуу өткөрүүдө. Анын “Кумар” кинотасмасы буга күбө.

Акын кызыбыз драма жанрында да өз чыйырын салууга белсенген. “Канат менен Зарина” драмасын Каракол драма театры койсо, “Семетейчи Сейдана” драмасын Талас театры даярдоодо.

Кыскасы, көп кырдуу талант Жыпар Исабаеванын “Кыргыз Туусунда” эмгектенип жатышы биздин жамаат үчүн чоң сыймык. Жеке чыгармачылык менен журналистикалык кесипти тизгиндеш, ийгиликтүү алып кетүү көкүрөк көрөңгөсүнүн дараметтүүлүгүн айгинелейт.

Жаңы китеп чыгаруу автор үчүн жаңы перзент тапканга барабар. Кут болсун! Кыргыз элине дагы керемет чыгармаларды тартуулай бер, Жыпар!

“Кыргыз Туусу” гезитинин жамааты, 05.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.