Айтматовдун жолу тосулганбы?

chyngyzuulumenen

Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанбаган бир да кыргызстандыкты кездештирбедим. Баарыбыз Айтматовду Кыргызстанды, кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу, дипломат, мамлекеттик ишмер деп билебиз. Бирок кимибиз Айтматовдун алгачкы төрт-беш чыгармасын шыр атай алабыз? Алар кайсы тилде жазылган? 1963-жылдан 1978-жылга чейин калемгердин чыгармалары эмне үчүн кыргыз тилинде жарык көрбөдү? Бул суроолорго залкар жазуучунун чыгармачылыгын изилдеген айрым адабиятчылар менен биографтар так жооп бербесе, көпчүлүк окурмандар ойлонуп калары шексиз.

Бул кемтикти толуктоого адабиятчы Садык Алахандын жаңы гана колума тийген “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери” деп аталган  монографиясы (“Полиграф-ресурс”, 2013) чоң салым кошору бышык.

Көрсө, жаш Айтматовдун алгачкы беш аңгемеси: “Гезитчи Дзюйо”, “Ашым”, “Биз арылап барабыз”, “Сыпайычы” жана “Кайрак жерде” орус тилинде чыгыптыр. “Ак жаан”, “Түнкү сугат”, “Асма көпүрө” – жазуучунун кыргыз тилиндеги тунгуч чыгармаларына кирет.

Чыңгыз Айтматовдун таланты 1963-жылы Лениндик сыйлык менен бааланып, СССРдеги көйкашка жазуучулардын катарына расмий түрдө кошулат. Анткен менен 1964-жылдан 1978-жылга чейин “кыргыз окурмандары улуу жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилинде окушкан жок.

“Бул тушта орус тилинде “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”  чыккан болчу. Жазуучунун китептери боюнча көркөм фильмдер тартылып, ГДРде, Болгарияда, Түркияда томдуктары басылат. 15 жылга чукул аралыкта Айтматовдун мурда кыргыз тилинде жарык көргөн  китептери да кыргыз тилинде кайра басылбайт. Эмне үчүн мындай болду?: “Абалдын мындай болушуна улуу жазуучунун ошол учурдагы республиканын башында турган, “булгаары тончон жаңы манаптардын” анабашысы, “төш чөнтөгүнө партбилет салган жаңы хандардын” бири Турдакун Усубалиев менен билекке чабышкан абалы, ошондон улам республиканын башчыларынын улуу калемгерге карата бир беткей мамилеси да себепкер болду го деп ойлойбуз”,- деп боолгойт Садык Алахан. Адабиятчы – илимпоз менен макул болбосоңуз, буга балким Чыңгыз Айтматовдун жогоруда саналган эмгектерин кыргызча жазбаганы же которулбаганы себеп болгондур деп ой жоруйсуз.

1962-жылдан тарта Кыргызстандын кинематографисттер союзуна төрагалык кылган Чыңгыз Айтматовдун 1985-жылы ноябрда Турдакун Усубалиев кызматтан алынгандан кийин Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага болуп өтүүсү суроо жаратат. Андай суроого изилдөөчүнүн пикири да кызыктуу.

Менимче, Ч. Айтматовдун эң алгачкы чыгармаларынан тартып эле коммунисттик түзүлүштүн кемчиликтерин түшүнүп, улам кийинки чыгармаларында андай изилдөөсүн түрдүү каармандарынын турмушу аркылуу тереңдетип отурганы монографияда өтө ишенимдүү талданат.

Анан да Ч. Айтматовдун китептерин Кеңешбек Асаналиев, Камбаралы Бобулов, Азиз Салиев менен үзөңгүлөшө изилдеген сынчы Бекен Ашымбаевге арналган бөлүгү мен өңдүү жөнөкөй окурман үчүн чоң жаңылык.  Өмүрү 32 жашта үзүлгөн Бекен Ашымбаев “Чыңгыз Айтматов” деп аталган монографияны жана көп сандаган адабий изилдөөлөрдү жазганга үлгүргөн.  Ал каза болгондо алп жазуучу үйүнө келип, анын табытынын жанында көзүнө жаш алып турган. Буга караганда белгилүү жазуучу жаш сынчынын эмгектерин жогору баалаган.

Садык Алахан “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери” изилдөөсүндө белгилегендей, “окумуштуулук кудурети күчтүү” Бекен Ашымбаев жөнүндө анын эмгектеринен башка эч кандай маалымат жок. Ошондуктан, кимде ким Бекен Ашымбаев  жөнүндө эмне  маалыматы болсо, “Азаттык” радиосуна жазып же кабарлап койсо,  Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө кошулган жакшы салым да болмок деп ойлом.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 11.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.