Улуттун байлыгына дагы бир байлык кошулду

biy

Улуттун байлыгына дагы бир байлык кошулду. Ушул сөздөр кечээ, 13-августта Бишкекте белгилүү ырчы Султан Садыралиевдин аткаруусунда “Кыргыз бий” клипинин бет ачаарында бир нече ирет кайталанды.

КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кыргыздарда илгертеден “Жылкычы бийи”, “Ашыктык бийи”, “Талма бий”, “Муун бийи”, “Шылкылдама” бийлери кеңири жайылганын баса белгиледи. “Бул биздин байлык, искусствого кошулган чоң салым. Эл суусап турганда, таланттарды баалап, сыйлаган адам бар экен”, – деп министр-айым бул долбоордун демилгечиси жана демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановго ыраазычылыгын билдирип өттү. Ал эми чыгармачыл топтун мүчөлөрүнө министрликтин мактоо баракчаларын тапшырды.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин “Кыргыз бий” чыгармачылык тобу кыргыз бий мурасын, өнөрүн жаңы деңгээлге чыгарып жатканын айтты. “1924-жылы ушул бийдин элементтерин Каркырадан немис окумуштуулары тасмага түшүрүп алган экен, демек бул биздин кыргыз бийине тиешелүү экенин илимий тастыктоосу. Ошону менен бирге орток маданият деген түшүнүк бар, бий өнөрү боордош элдерде да сакталып келген”, – деп тарыхка токтолду.

Ырда “Ырыс болуп кыргыз бий, ынтымакты чыңдасын”, деген сөздөрү да бар. “Кыргыз элим ушунчалык музыкага да, бийге да жакын эл экен. Биздин элибиз ынтымакта, биримдикте болсок, ушул ыйык, бийик нерселерди сактасак, эч кимге кор болбойбуз”, – деп КРнын Эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов өз сөзүндө белгиледи.

Долбоордун аткаруучу режиссеру Ырысбек Жабиров “кыргыз бийи элге керек, улут үчүн жана маданият үчүн керек” экендигин айтып, чыгарманы жараткандарды колдогону үчүн Алтынбек Сулаймановго рахматын айтты.

Үч айдын ичинде “Кыргыз бий” чыгармачыл тобу нукура кыргыз ырын жана бийин жаңылантып, бир “кыргыз бийине” топтоп, учурда элге кеңири жайылтууну көздөөдө. Кыргызстандын ар бир булчуңун камтыган эң чоң масштабдагы клипке 300гө жакын бийчилер катышкан. Ырдын сөзу Кыялбек Урманбетовго таандык болсо, Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязовдор обонун жазган. Кыргызстандык бий топтун жетекчилери атайы Кытайдагы кыргыздардан кыргыз бийинин накта кыймылдарын үйрөнүп кайтышкан.

Айгүл Токоева, “Кабар ордо”, 14.08.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.