Тургунаалы Жүсүп Мамай: “Ата-энем жети ата өткөндөн кийин үйлөнүшкөн”

Тургунаалы Жүсүп Мамай атабыздын улуу чөбөрөсү. Кыргызстанга окушка келип, кыргыз бийи сынагында “Жалын бийи” менен экинчини алып, эми тил үйрөнөм, Жүсүп Мамай атабыз тууралуу китеп чыгарам деп жатат. “Атамдын көзү өткөндөн кийин, андан мурун да элдер сунуштап жүрүшкөн, “Тургунаалы Жүсүп Мамай деп чыгып жүр” деп. Паспортто башкамын” дейт Тургунаалы.

Тургунаалы, Жүсүп Мамай атабыздын эки уулу болгонунан кабарыбыз бар, бирок небере-чөбөрөлөрүнөн сени гана тааныйбыз. Дегеле сенден башка небере-чөбөрөлөрдөн өнөрлүүлөр барбы?

Жүсүп атамдын эки уул, багып алган эки кызы бар. Эки уулдун эң улуусу – Мукаш, Мукаштан кыз-уул болуп 8 бала бар. Экинчиси – Абдыкасы, менин чоң атам. Абдыкасыдан да 4 кыз, 4 уул бар. Багып алган улуу кызынан бир уул, бир кыз, кичинекейи Бактыгүлдөн бир кыз бар. Менин атам Турсунаалы неберелердин эң улуусу болот. Жүсүп атам манас айтып жаш кезинде эл аралап жүргөндө, бир боз эшеги бар экен, авамды учкаштырып алып ары-бери алып жүрүп калган экен. Ава деп өз атамды айтам, Жүсүп атамды, чоң бабамды ата дейм. Турсунаалы авамды атам өзү үйлөп, Үрүмчүгө алып барып, ошол жерде менин апам менен авам атамды караган экен. Энемдин аты – Бактыгүл, атамдын небере кызындай да болуп калат. Себеби, атам менен апамдын уруусу бир, жети ата өткөндөн кийин сөөк жаңылап, тууган-урук болобуз деп үйлөнүшкөн. Жүсүп атамдын кырк шакирти бар, авам да ошолордун арасында бирөө болуп манас айтат азыр. Башка жумуштар менен да алектенип келет. Мукаш атамдын балдарынан Акылай деген эжебиз бул жактан, Ж.Баласагын атындагы окуу жайда кыргыз тили, адабияты боюнча окуду. Мен да ушул окуу жайда кыргыз тили, адабиятын окуп жатам. Ушул эжем Үрүмчүдө кичинеден манас айтып калчу. Жүсүп Мамайда төрт ата манас айтат деп коюшат. Баласы дагы, небереси дагы, чебереси дагы кичинеден үзүндү жаттап айтып келишет.

Өзүң канча бир туугансың?

Эки бир тууганбыз, иним Кубанычбек, менден он жаш кичүү. Аралыкта кыздар болгон, бирок кудайдын буйругу берип, өзү алган. Мени 7 жашымда Жүсүп атам эл алдына алып чыгып манас айттырган. Кудайга шүгүр, манас айтуу боюнча биринчи лауреат, сыйлыктарды алып келгенмин. Ак-Суу ооданындагы көркөм өнөр окуу жайда бий бөлүмдө 4 жыл окудум, бий түрлөрүн үйрөндүм. Бийди мен гана бийлейм. Энем кол өнөр менен, саймаларды абдан сайып эл арасына тартуулап келген. Иним деле эл алдына чыгып манас айтып коет. Бирок ал кытай мектепте окуп өсүп келатат, ал болсо, билимди жакшы алайын деген максатта.

Жүсүп атанын бир күнү кандай башталчу эле?

Эртең менен саат беште турчу. Мага күн чыгыштан мурун тур дечү, азыр деле ошондоймун. Атам менен кошо туруп, киймин кийгизип, өпкөгө жакшы болот деп бир чыныга бир кашык салып иччүбүз. Анан жетелешип алып талаага чыгып кетчүбүз. Акыркы күндөргө чейин өзү басчу, эшик алдында эртең менен кошуналар менен саламдашчу, абаны көрүп, мектепке бараткан балдарды көрүп “эл-журт тынч экен, аман экен, күн ачык турбайбы” деп, кайра келип арбактарга куран окучу, Куран китепти алып, көз айнегин тагынып куран окучу. Элдер турганда тамактанып, бир-эки саат эс алып алчу. Көрүшчү кишилер болсо, 12ден кийин жолуга берчү. Радиону көп укчу. Мен китеп окуп берчүмүн. Башка неберелери келип калса да китеп окуттурчу. Төрт-беш болгондо тамагын ичип, жай күнү болсо салкындап сыртта сейилдеп келчүбүз.

Жазганда арабча жазчу беле?

Кыргыз тамгасы менен арабча жазчу. Кыргыз гезиттерди окучу. Апта сайын гезит алып барчу киши жок да. Анда-санда окуп калгандарын теңтуштары менен сүйлөшүп калчу.

Бир таң бергенибиз, Жүсүп атабыз акылы тунук бойдон узады дешет жакшы билгендер. Табияттан берилген касиети болсо керек дейм?

Мен да таңгалчумун. Кечке китеп окуп атып, атам үргүлөп кетчү да, барактарын таштап улам алмаштырып ийип окусам, “Тиги жерде мындай деп келатты эле, не анда тиги жерде аралыгында жок эле туруп тиякка кандай өтүп кетиптир? Арасында да бир сөз бар, сен таштап койдуң” дечү. Кайра башынан окуп берчүмүн, “китеп эле окута бересиңби” дечүмүн. А азыр окуп бере бермекмин.

Бул жактагы кыргыздар кандай экен?

Тилден гана азыраак айырмачылык бар. Биз жакта уйгурча, кытайча кошуп салышы мүмкүн. Мисалы, машине деген башка тилден да, кытайлар өз тилинде айтат. Унаа дейли десек, биз жүк ташуучу атты, төөнү, топозду унаа дейбиз. Телевизорду атам сыналгы деп которуп койгон, биз үй-бүлөбүз менен сыналгы десек, кээ бирде эл түшүнбөй калат. Динши деп кытайча айтабыз. Кээ бир сөз уйгурча аталып кетиши мүмкүн. Ошондой сөздөр бизге сиңип калган. Биякта болсо орусча. Бул боюнча атамдын айтканы бар. Мен кичирээк кезим болчу, Күмөндөр Абылов барганда: “Эл кандай, тынччылыкпы?” деп сураган. “Жакшы, ар кайсы динге кирип кетип атат” дегенде, атам: “Тилиңерди сактап калсаңар эле диниңерди табасыңар” деди эле.

Улуттук нукуралуулук кытайлык кыргыздарда көбүрөөк сакталып калган дешет?

Жуңго мамлекетинде аз сандуу улуттарга жакшы карайт. Мамлекетте жашап калган 56 улут бир үй-бүлөдөй жашап, биринин маданиятын бири үйрөнүп түшүнүү деген сөз бар. Ар бир улут, мисалы, уйгурлар өзүнүн маданиятын алып чыгат, казактар өзүнүн маданиятын, кыргыздар деле алардан кем калбайт да. Кыргыздан башка улут манас айта алабы, биз “Манасыбыз” менен мактанабыз, Жүсүп Мамайды көтөрүп чыгабыз. Кытайлык кыргыздарды бириктирип турган күч – Жүсүп Мамай, Жүсүп Мамайдын “Манасы” болчу. Жүсүп Мамайдын туулган күнү Жуңго боюнча ар жылы 3-4 күн чоң белгиленчү. Канча миң киши манас айтып “Манасты” даңазалайт, боз үйлөрдү тигет, шырдактарын, гөштөрүн – параддарын кадимкидей өткөзөт, комузчулар комузун чертет, бийчилер бийин бийлеп – Жүсүп Мамай деген ат менен кыргыздар өзүнүн маданиятын башка улуттарга тартуулай алган, тааныта алган. Жүсүп Мамай атабыздын көзү өттү, эки айдан кийин “Жүсүп Мамайды эскерүү” деген ат менен дагы кыргыздар жыйылды, жылда ушундай ат менен жыйылып турушу мүмкүн.

Жүсүп ата комуз чертчү беле?

Черткенин уккан жокмун, кармап кыңгыратып калчу. Мен бир комузду алып барып, караңызчы десем, “Ай, бул жыгачты ыргытып ий” деп айткан. Көрсө, аябай жөнөкөй комуз экен, а менин көзүмө жакшы көрүнө бериптир. Кийин дагы бир комуз алып барганда, “Ушуну майлап жакшылап сакта, ийилбеген, бийик жерге кой, жерге таштабагыла. Жакшы чертип жүргүлө” деп колуна кармаган эле. Комуз сапатын билгенине караганда комузду да черткен болсо керек деп ойлойм.

Бий формаларыңды апаң камдап береби?

Жок, бул жактан тиктиргенбиз. Ооба, апам көйнөктөрүмдү сайма кылып берчү. Бирок көбүнчөсү кийимге эмес, туштук, шырдак, жүк жабуу, жүк оромо, ободо – бул шырдак, жүкбаш, боз үйдүн жабдыктарын жасачу. Азыр деле ободолорду көп жасайт. Үйлөргө эле жасай берет, үйдө деле турбайт алар, палан тууган үйлөндү, бул тууган той берди деп алып кетишет.

Үйдүн улуусу экенсиң, качан келиндүү кылган жатасың?

Азыр ойлоно элекмин. Алдыда китепти жазып чыгарышым керек, ал “Улуу манасчынын урпагынан уланган аңгемелер” деп аталып, залкар манасчы атам Жүсүп Мамайдын айтып берген сөздөрү, жакшы иштери чыкмакчы. Кудай буйруса, декабрда же кийинки жылдын башында чыгат деп турам. Тилдерге аябай кызыгам, англис тилин жакшы үйрөнбөсөм болбойт. Орус тилин чала-бучук билип, “кайда барасың” десе, “туда, сюда” деп жакшы айталбай жүрөм. Азыр 21демин, 28ге барганда окуштар бүтүп, үйрөнчү немелерди, кудай буйруса, үйрөнүп калат экенбиз, ошол кезде ойлоном. Албетте, тандоо өзүбүздүкү, Кыргызстандан алсам деле болот…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы, “Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.