Маданият министрлиги калемгерлерге сынак жарыялайт (сынактын шарттары)

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте калемгерлерге сынак жарыялайт.

Сынак эки багытта — «Дүйнө» сериясы жана «Дебют» сериясында өтөт.

«Дебют» сериясы боюнча сынакка катышуунун тартиби

  1. Сынакка 35 жашка чейинки жаш жазуучулардын кыргыз тилинде жазылган чыгармалары кабыл алынат;
  2. Чыгармаларды сынакка алардын авторлору (же биргеликте жазган адам), жергиликтүү же республикалык адабий журналдар, адабий басмаканалар бере алат. Чыгармалар konkursmincult.kr@mail.ru электрондук дарегине же почта байланышынын операторлору аркылуу үч нускада Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөндөгү дарекке жиберүү керек:

— 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көч., 78, «Жаш жазуучулардын мамлекеттик тилде көркөм чыгармаларынын конкурсуна» деп көрсөтүү менен жиберилет.

Чыгармалар автор жөнүндө маалыматтар жазылган (паспортунун даректери, туулган жылы жана айы, жашаган жери, байланыш телефону же E-mail, ИНН), чыгарманын аннотациясы жана эгер чыгарма боюнча прессага чыккан ой-пикирлер болсо алар менен кошо берилет.

  1. Сынакка классикалык формадагы роман, повесть, аңгеме, эсселер кабыл алынат жана көлөмү 100 барактан ашпашы (14-өлчөмдөгү Times New Roman шрифти менен жазылып, саптардын арасындагы интервал 1,5) керек.
  2. Автордун аты-жөнү, туулган жылы көрсөтүлбөгөн каттар Уюштуруу комитети тарабынан каралбайт.
  3. Сынакка:

— кол жазма түрүндөгү;

— бул Жободогу сынактын шартына туура келбеген чыгармалар кабыл алынбайт.

  1. Сынакка катышкан бардык чыгармалар каттоо номурун алышат.
  2. Чыгармалар кайтарылбайт, ички рецензиялар авторлорго билдирилбейт.

Чыгармаларды баалоо критерийлери

— Чыгарманын жогорку көркөмдүк деңгээли

— Мазмундун актуалдуулугу

— Идеялык-нравалык негиздин кыргыз адабиятынын мыкты салттарына шайкештиги.

«Дүйнө» сериясынын шарттары

Жыл сайын «Дүйнө» сериясынан чыгаруу үчүн кыргыз тилинен орус тилине же башка тилдерге которулган көркөм чыгармаларга сынак.

  1. Котормо тексти Microsoft Offise Word документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде болууга тийиш. Бир сынактык иш — бир чыгарма.
  2. Сынакка 1 пункттун талаптары сакталган, мурда которулбаган чыгармалар төмөнкү номинациялар боюнча катыша алат:

— Проза (роман, повесть)

— Кичи проза (аңгеме, новелла, эссе, очерк)

— Поэзия

— Драма

Баалоо системасы – рейтингдик (1ден 100 баллга чейин)

— Чыгарманын адабий көркөм деңгээли (50 упай)

— Мазмундун актуалдуулугу (20 упай)

— Идеялык-нравалык негиздин кыргыз адабиятынын мыкты салттарына шайкештиги (30 упай).

Сынактын жыйынтыгында татыктуу орунга ээ болгон жазуучулардын котормолору өзүнчө китеп болуп, «Дүйнө» сериясына басып чыгаруу үчүн сунушталат.

Сынакты өткөрүү мөөнөтү

Чыгармалар 2016-жылдын 25-январынан 2016-жылдын 24-июнуна чейин кабыл алынат.

2016-жылдын 27-июнунан 11-июлуна чейин сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

«Дүйнө» сериясынан чыгаруу үчүн кыргыз тилинен орус тилине же башка тилдерге которулган көркөм чыгармаларга сынак жөнүндө бардык маалымат www.minculture.gov.kg сайтына жайгаштырылат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.