Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү

Кыргыздын белгилүү балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева 17-майда 90 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артисти жана Кыргызстандын эң алгачкы балет бийчиси болгон Бейшаналиеванын чыга элек сүрөттөрүн тартуулайт.

Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы Фрунзе шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан Воронцовка айылында төрөлгөн. Ал Ленинград хореографиялык училищесине (Анна Ваганова атындагы орус балет академиясы) 10 жашында окууга жөнөтүлгөн

Балерина сахнага алгач ирет 13 жашында чыккан. Ал “Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында” чоң театрда өнөрүн көрсөткөн.

Училищени 1941-жылы аяктаган Бейшеналиева Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын биринчи солисти болгон. Ал “Селкинчек”, “Чолпон”, “Раймонда”, “Бахчисарайский фонтан”, “Лебединое озеро”, “Куйручук” сыяктуу бир канча чыгармаларда образ жараткан. Ал эми Кыргыз ССРнин эл артисти Уран Сарбагишев 18 жыл бою белгилүү балеринанын сахнадагы шериги болгон.

Балерина 1973-жылдын 10-майында узак мөөнөткө созулган оорудан каза тапкан.

Sputnik Кыргызстан, 17.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.