Эл руханий баалуулукка умтулууда

Театр жана искусство тармагы боюнча коомдук теле радио берүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары, драматург Иманалиев Кайрат Олжобаевичтен кыскача маек

Театр ѳзү сыйкырдуу искусство

Театр өзү сыйкырдуу искусство, адамды өзүнө арбап алат. Себеби ал жерде актёрлор көз алдыңда ойноп, аткарып жаткан ролдору, берген образдары адамга өзгөчө таасир калтырат. Театрга кызыккан адам гана драматургияга аралашат. Мен Каракол шаарында окугам. Ал жерде К.Жантөшов атындагы Ысык–Көл драмалык театры бар. Окуучу кезибизде эле мугалимдерибиз спектаклдердин премьерасына алып барар эле. Ошондой эле, спектаклдердин талкууларына да катышар элек. Мектепте да драмалык ийрим уюштурулчу. Андан тышкары, КРнын эл артисти К.Осмонов мектеп театрын ачып, бизди ошол жакка тартып, өзүнүн тажрыйбасынан бизге көп нерселерди үйрөткөн. Мына ушулардын негизинде менин театрга болгон кызыгуум артты го деп ойлойм.

 

11-класста эле башталган

Каракол шаарында окуп жүргөн кезде мектеп партасынан эки пьеса жазып, мектеп сахнасында коюлду. Биринчиси «Тагдырдын тайгак жолунда» деген турмуш чындыгынан алынган пьесамды мектеп окуучулары менен биргеликте койгонбуз. Экинчиси Т.Турсунбаева жөнүндө «Армандуу ак куу баяны» деген пьеса жазгам. 1994-жылы 27-апрелде драманын ачылышына академик К.Карасаев, КРнын эл жазуучусу З.Сооронбаева, А.Саспаев, төкмө акын М.Керим кызы, областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ж.Каниметов жана дагы көптөгөн көрүнүктүү инсандар катышкан. Ошентип драматургиядагы чыгармачылыгым 11-класста эле башталган.

 

Тушоомду «Курманжан датка» кескен

Университетте окуп жүргөндө «Курманжан датка» драмасын жаздым. Бул спектаклим университетти аяктап жаткан учурда 22 жашымда М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында коюлган. Койгон режиссёру КРнын эл артисти З.Сооронбаев, Курманжан датканын ролун КРнын эл артисти Т.Жумакаева ойногон. Мындайча айтканда, ошол драмам менен профессионалдык театрдагы тушоом кесилди. Ошондон улам биринчи профессионалдык сахнага чыгарган режиссер З.Сооронбаевди устатым деп эсептейм. Драматургия адабияттагы өтө татаал жанрлардын бири. Поэзия, драматургия боюнча дүйнөгө таанымал прозаиктерибиз бар. Анткени менен чыгаан драматургдарыбыз колдун беш салаасындай саналуу.

 

60-жылдардын алптары

Драматургиябызды профессионалдык деңгээлге көтөргөн М.Токобаев болду. Андан кийин 60-жылдары күчтүү муун келди. Мисалы: Бексултан Жакиев студент кезинде жазган «Атанын тагдыры» пьесасы менен адегенде эле чоң атак–даңкка жетти. Кийин канчалаган күчтүү драмаларды жазды. Чыгармалары Кыргызстанда эле эмес, Казакстандын театрларында коюлуп, түрк, орус тилдерине которулду. Ошондой эле М.Байжиевди камералык театрдын негиздөөчүсү десек болот. Чакан адамдар менен чоң спектаклдерди коюу ыкмасын негиздеген киши. «Төрт адам», «Кыз күйөө» аттуу драмалары СССР боюнча күчтүү драматург катары таанытып, пьесалары СССРдин бардык өлкөлөрүндө, ал тургай Германияга чейин коюлган. Муну дагы биздин драматургиядагы чоң бийиктик катары эсептесек болот.

 

Күчтүү муун келет деп ишенем

Кийинки мезгилде драматургиянын аксап калышы турмуш шартында театрга жасалган мамиле солгундап кеткенинен болсо керек. Эл театрга барбай калды. Профессионалдык эмес, жеңил-желпи нерсеге умтулду. Театрлар эл аралап гастролго чыкпай, басмырланды. Драматургия жанрына кайрылган жаштардын саны азайып кетиши да ушундан болсо керек. Бирок, азыр театр кайрадан жанданып келатат. Эл руханий баалуулукка умтулууда. Ушундан улам драматургияга кызыккан, аны аркалаган күчтүү муун келет деп ишенем.

 

Ушул күндѳрү ооруп жүрѳм

Азыр чыгармачылык оорусу менен ооруп жүрөм. Жакшы бир-эки нерсе жазып аттым эле, бүтөйүн деп калды. Бирок толук жарыка чыкмайын жарыялоо эртерээк. Андан сырткары, «Учур» театр тобу менен чыгармалардын үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса кыргыз драма театрында жаңы спектаклимди коюу алдында турам. Чынында, бул жанр менин жан дүйнөм. Чыгармачылыгымдагы ички толгонуумду драматургия аркылуу берип жаткандан кийин бул жанр менен жашайм десем да болот.

Таалай Мамбетов, «Саресеп», 12.08.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.