«Коом жана Мен» сайтынын балдар адабияты боюнча сынагы 20-декабрь күнү жыйынтыкталат

Бул тууралуу аталган сайттын ээси Олжобай Шакир эскертет.

Сынактын жеңүүчүлөрү Кыргызстандагы эң көрүмдүү телеканалдардын катарына кирген “КТРК” менен “ЭлТР”дин түз эфиринде жарыяланаарын билдирет О.Шакир.

“Бул конкурстун максаты боюнча маалыматтык колдоо көрсөтүп, түз эфир берип келаткандыгы үчүн КТРКнын «Замана» студиясынын жалпы жамаатына жана 20-декабрь күнү саат 20.00дө конкурс жыйынтыгын жамы журтка жарыя кылуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала уюштуруп берип жаткан ЭлТР каналынын жетекчилигине «Коом жана Мен» сайты терең ыраазычылык билдирет!”

– дейт О.Шакир.

Калыстар курамына төрт адабиятчы тандалып алынган, алар «Коом жана Мен» сайтында жарыяланган чыгармаларга балл коё беришмекчи. Конкурс жыйынтыкталганга чейин адабий сынактын калыстар курамында кимдер экендиги эч жерде жарыяланбайт. Жана да конкурска катышкан авторлордун аты-жөндөрү жарыяланбастан, баарынын чыгармалары номерлик тартип менен гана жайгашылып келет. Муну сынактын уюштуруучусу, конкурстун объективдүүлүгүн толук камсыздоо менен түшүндүрөт.

Аталган адабий сынак жыйынтыкталаарына саналуу күндөр калды. Катышпай калгандар, чамдагыла. Жеңүүчүлөргө жакшы сыйлыктар каралган:

Адабий сынактын демөөрчүсү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек ЖУНУС уулу.

Биринчи байге – 7 000 (жети миң) сом;

Экинчи байге – 5 000 (беш миң) сом;

Үчүнчү байге – 3 000 (бир миң) сом;

Бул орундардан сырткары кызыктыруучу байге катары дагы 5 000 (беш миң) сом каралат.

Сынактын шарты менен толугураак бул жерден таанышса болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.