Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “Бир кулач коон”

аңгеме

Аяштарым Канат менен Заримага арнаймын.

Жайкы саратанда Куршаптын абасы үп тартып, төбөдө күн куйкалайт. Көлөкөсүнөн күн бети көрүнбөгөн чоң жаңгак астына коюлган сөрүдө Канат чай ичип олтурду. Келинчеги Зарима бир чоң табак кесилген коонду сөрүдөгү дасторконго көтөрүп келди. Дасторкон бетинде жер-жемиштин түрү жайнайт.

– Бах, чиркин, – деди Канат кесилген коондон бир тилим жеп жатып. – Эзиле бышкан экен, тимеле оозуңда эрийт.

– Аш болсун, байым, – деди сөрү четине олтура кеткен келинчеги Зарима. – Азыр эми бардыктын бышып жетилген убагы эмеспи.

– Илгери мен төрт-беш жашар бала кезде ыраматылык атам мени Куршаптын базарына ээрчитип алар эле. Өзбекстандагы Мырза-Чөлдүн коондору Куршаптын базарына түшө турган, – деп кеп баштады Канат. – Кырк үч жашка чыкканы мен ошондой коон эч жерден көрбөдүм. Куршаптын базарына Мырза-Чөлдүн ошол коондору азыр келбей деле калды окшойт.

– Кандай коон эле? – келинчеги Зарима кызыга сурады.

– Чоңдугун айтпа, – деди Канат оозундагы коонду жеп бүтүп. – Узундугу бир кулач боло турган.

– Аай-иий! – буга келинчеги Зарима чындап таң калды. – Ошончолук узун коондор беле?

– Ананчы, – деди Канат коондон дагы бир кесим алып. – Узундугу менин көкүрөгүмдөн келе турган. Атам сатып алган Мырза-Чөлдүн бир кулач узун коонун өз боюма ченеп көргөнүм күнү-күнүнкүдөй эсимде.

– Эптүү узун болсочу, – деп Зарима таң калып бүтпөйт.

– Мен ошондон бери узундугу бир кулач коонду эч жерден көрбөдүм. Азыркы коондордун узундугу чыканактай араң чыгат.

– Мен да көп нерсеге таң калам да, – деди келинчеги Зарима бирдемелер эсине түшө калып. – Илгери биз бала кезде Жетим-Дөбөгө кышкысын адам боюнан бийик кар жаай турган. Ал кезде мен да төрт-беш жашар кыз кезим, кышкысын жолдогу трактор сүргөн кардын калыңдыгы менин боюмдан ашып турар эле. Кийин чоңойгону Жетим-Дөбөгө андай адам боюнан бийик кар түшкөнүн эч бир көрбөдүм да, укпадым.

– Кара-Кулжа тоолуу аймак, ал тарапка адам бою кар жааганына ишенсе болот, – деди Канат желген коондун почогун табакка ыргытып жатып. – Куршапта мен мектепке бара элек кичкинтай кезимде калыңдыгы менин ичиме дейре кар түшкөнү эсимде. Азыр эми Куршапка жааган кардын калыңдыгы кызыл ашыктан араң ашат.

– Чын, – деди келинчеги Зарима. – Азыр эми бардык нерсе майдаланып кетпедиби.

Канат сөрү кырында өзүнөн эки эсе чоң данды так көтөрүп тарбалаңдап бараткан кумурскага кызыга тиктеп, өзүнчө ойго батты: “Кудайдын керемети… Эгер кумурсканын көлөмү адам менен бирдей болсо, эмне болор эле? Канча тонна жүктү ордунан так көтөрүп жылдырмак? А тескерисинче, адам көлөмү кумурскача кичирейип кетсе, кумурскага алы жетер беле?… Балким кумурска кыйла эле күчтүүлүк кылмак…” Оюна ардеме келип, мындай деди:

– Заманына жараша азыр адамдар да майдаланып кетишти, Кудайга тооба…

– Мунуңузга кошулам, байым, – деди Зарима. – Илгери биз бала кезде мектепти он жыл мурун бүтүрүп кеткендер жыйырма бешинчи майда он жылдык бүтүрүү кечесине мектепке чогулуша турган. Карасаң, мурут койгон чоң эле агалар, чопчоң эле аялдар эле. Азыркы он жылдыктарды караңыз, аларга салыштырганда кипкичинкей бала бойдон.

– Коон эле эмес, эмнегедир жер-жемиштин баары азыркынын адамына окшоп текши майдаланып кеткеничи, – деди Канат калбыйган чоң муштумун түйүп, аны дасторкон үстүндөгү шабдаалы менен теңештирип. – Мен кичинекей кезде Куршаптын базарында менин муштумумдан эки келген шабдаалы сатылар эле. Мен ошондо муштумумду шабдаалы менен салыштырып көргөнүм дале эсимде. Азыркынын шабдаалысын кара, чуштуйуп менин бир муштумумча жок.

– Ырас эле, – деди Зарима Канаттын калбыйган чоң муштуму менен шабдаалыга алмак-салмак тиктеп.

– Кыскасы, азыркынын адамы деле майда, жер-жемиши деле майда, тооба, – деди Канат өзүнчө ойлуу. – Таң каласын буга. Деги заманыбыз тынч болсо болду. Бүт эле майдаланып кетти.

– Эчтеке эмес, антип кыжаалат болбоңуз! Жүрөгүм ооруйт дебеңиз! – деди Зарима карагат көздөрүн жадыратып эркелей. – Заманыбыз тынч болсун, эл-журт бар болсун да, бай болсун. А мага маңдайымда ар дайым Сиз бар болсоңуз болду. Кана, чайга караңыз, байым, – деп чыныдагы чайга набат ордуна балдай ширин сөздөрүн чылап туруп эрине сунду.

Башына ак жоолук салынып, жоодур көздөрүн жайнатып, ага ийменип чай сунуп турган келинчеги Зарима төрдө олтурган Канатка дайрадай ташып, он сегиз миң Ааламдай чалкып, Саманчынын Жолундай жарып, Таң чолпондой жаркырап, учу-кыйыры жок сан миңдеген гүлдөр жайнаган кызгалдактуу талаада бир гана Канатты эңсеп, карагаттай көздөрүнөн нур жанып, жол карап жалгыз аны күтүп тургансып туюлду.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.