Рахат АМАНОВА: “ТАТТУУ”
— Татыш дейм, Татыш, агай үйүнө баратат! – курбусу колун жаңсап, өйүзгө жөө бараткан агайын көрсөтүп калды. Күндө ушинтип агайдын жолун карамай жогорку класстын айрым кыздарына адат болуп калды. Кечээ жакында жаңы агай келгенден бери мектептин ичи өзүнчө эле шаңга бөлөнүп калган. Кыздардын жымыңдашып бири-бирине сырын айтып, четке чыгып колтукташып баскандары көбөйдү.
— Агайдын келинчеги кандай экен? Айтсаң, сулуу бекен? Балдары кандай экен, өзүнө окшош бекен?
— Келинчеги жакшынакай эле го? Билбейм, мага ошондой көрүндү?
— Деги жакшылап карадыңбы? Кантип билбейсиң? Бир көргөндө эле сулуу же сулуу эмес дейбиз го?
— Апе-еей! Сен мени тыңчы кылып алдың го? Силерге агай болгону менен мага тууганым да, келинчеги жеңем болот. Анан жеңемди бирдеме демек белем?
— Ии, айтпасаң айтпай эле койчу! Бир сөз сурап койсо боюңду көтөрүп алдың да!
Бойго жеткен бийкечтер жаңы ачылган гүлдөй кулпуруп, аялзаты табияты ойгонуп, өзүнүн чырайын башка аялзатынын чырайы менен салыштырып, сулууланган, ойт берген сезимдеринен бир туруп жаркылдап , бир туруп ойго туна баштаган маалы эле.
Курбулар таарыныша кетти. Таттуу үйүнө жетип бурулуп, досу унчукпай өйүзгө жөнөдү. Курбусунун таарынып кетип баратканына түтпөгөн Таттуу жүгүрүп барып аркасынан кучактап калды:
— Кечирип койчу, Эрке?.. Сурагым келип атпайбы, эмне кылайын анан?..
— Макул, кечирдим, – Эрке күлүп койду. – Альбомунда сүрөттөрү кө-өп экен, жеңемен сурап алып келейинчи. Болбосо жанымды койгудай эмессиң, хи-хи…
— Сүрөт алып келесиңби, ээ?.. Алып келчи, сураныч! – деп айтып алып, Таттуу кыпкызыл болуп уялып кетти.
Мектептин алыстыгы кандай жакшы! Курбуларың менен сырдашканча айланага суктанып карап, айылдагы машине жолдун четинде кете бересиң!.. Тээ өйүздөгү айылдан келгендерге андан бешбетер жакшы! Алар үйүнө жеткиче кенен-кесири сүйлөшүп кете беришет. Үйгө келгенде үй жумушунан бошобойсуң, анан сабак окуш керек. Өйүз-бүйүз айылга айылчылап бара бергенге да болбойт. «Бойго жетип калдың, кызым. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген. Эки жакка көп баспа. «Баланчанын кызы тээ өйүздөн өтүп келиптир» деп сөз болосуң» деп апасынын айтканы жадында. Апасы айткандай эле эсине кирип калган кыздар өтө зарыл болбосо, эгерим өйүз-бүйүзгө өтө беришпейт болчу. Ансыз деле быйыл тогузунчу класска көчүп, он алтыга чыгып калгандан бери бир жакка чыккысы келбейт. Балдар көрсө ышкырат, тийишет деп коркот.
Күн бийик тоолордун аркасына бат эле бекинип алат ээ? Бат эле кеч кирип кетет, ээ!.. Таттуу сумкасын оңдоп, Эркенин аркасынан карады. Эртең агайдын сабагы болот!.. Сүрөтүн дагы алат! Ушуну эстеп бактылуу жылмайды.
***
Кечиндеси жуунуп-таранган кыз мектеп формасын жууп, үтүктөп коюп жатты. Эртеси эртең менен туруп кийинип, жасанып-түзөнө баштады. Ак жакалуу күрөң көйнөгүнө аппак фартугун тагынып, апакай бантиктерин экиге өрүлгөн чачтарына байлап жөнөдү.
Агайы жолдо келе жатса керек?.. Кечигип калбай жолго чыгыш керек! Таттуу шашылып китепкабын көтөрүп эшикке чыкты. Агайы өйүздөн келет. Көпүрөдөн бери өтүп калыптыр. Аппак көйнөгүнүн үстүнө кийген көк костюм-шымына көгүш ничке галстугу куп жарашыптыр! Кыз суктана карады. Агайдын кийген кийиминен эле аябай тыкан, аябай жоопкерчиликтүү экени көрүнүп турат. Башка кийими тургай бут кийиминин үстү чаң болгонун да эч ким көргөн жок. Болбосо күндө топурак баскан жар жолдон түшүп, андан бери сайдан өтүп, анан дагы мектепке чейин машине жолдун чети менен мектепке жөө барат… Ал эми агайдын качан болсо кийимдери, бут кийими таптаза болуп жаркырап турат!
Ушунчалык тыкан, жарашыктуу кийинген агайды көргөн жогорку класстын окуучулары өздөрү эле жасанып, түзөнө башташкан эле. Айрыкча кыздарга табылбай эле калды. Биринен өтүп бири үстү-башын түзөп, күн алыс формаларын жууп, үтүктөгөн адатка айланды. Балдар агайды туурап кийинип, бут кийимин да жалтырата майлап келишет. Агай ушул эле коңшу айылдан болот. Бишкекте жашап жүрүп айылга көчүп келиптир.
Таттуу атайылап кадамын акырындатып басып калды. Бат-беттан баскан агайы аркадан келип калды.
— Саламатсызбы, агай! – деп жолдо бараткан окуучулар учурашты.
— Саламатчылык! – Мугалим жолдо бараткан эжеке-агайларга кошулуп жолун улады.
Аркасынан келаткан жогорку класстын кыздары шыбырашып, жымыңдап күлүп калышты. Анткени бүгүнкү мугалимдердин майрамына карата баары жасанып баратышкан болчу. Ал эми агыш боз костюм-шымына аппак көйнөгү, күңүрт боз түстөгү галстугу менен туфлиси жарашып калган агай өзгөчө сымбаттуу эле!
Коңгуроо кагылганда сабакка ашыгып кирген Таттуу күтүлбөгөн жаңылыкты угуп жаман болуп кетти.
— Агай сегизинчи класска сабак берет экен. Бизге эмес, которуп коюшуптур! – деп класском айтканда класстын ичи дым боло түштү.
Агайды эмне үчүн башка класска которуп коюшат?! Эмне үчүн?! Эки айдан бери класс оңолуп, баары жаркырап калбады беле!.. Бир сыйра ындыны өчкөн окуучулар китептерин көңүлсүз ачып сабакка киришти.
Таттуунун ыйлагысы келип араң отурду. Сабак ортолоп калганда мугалимден уруксат сурап чыгып, сегизинчи класс жакка акырын жүгүрүп барып, эшигин ачып карады. Агайы сабак өтүп атыптыр. Кыйлага чейин карап турду да, ары жактан үн чыкканда акырын басып кетти. Кечинде үйгө келгенде мал короого бекинип алып бир сыйра ыйлап алды. Сабак да окугусу келбей, жумуш да кылгысы келбеген кыз «башым ооруп атат» деп жатып алды. Бүгүн кечке маанайы чөгүп, башы ооруп чыкканы чын болчу.
Бир күнү Эрке сүрөт алып келди. Агайы аялы, уул-кызы менен түшкөн экен. Сүрөттү көрүп ушунчалык сүйүндү! Азыр өзү жалгыз болгондо, балким, сүрөттөгү агайын бир сүйүп алып, көкүрөгүнө басып, анан жанына сактап алмак. Кайдан?.. Эркеден уялганынан «мага берчи» дей албай койду да, кыйбай отуруп араң кайтарып берди. Аттиң, ошондо бир ооз сураса болмок да? Уялып туруп албадыбы!.. Курбусунан ушундай тартынды дейсиң!.. Анткени агайдын тууганы болот эмеспи…
***
Акыркы коңгуроого даярданып жүргөн онунчу класстын окуучуларынын маанайы шат, көңүлдөрү куунак болчу. Май айынын акыркы күндөрү айлана өзгөчө жайнап кетет эмеспи. Бир гана Таттуунун ыйлагысы келип жүрдү. Балким жаңы агайды жактырып калган кыздар да ичинен өзүндөй абалда болсо керек?.. Ким билет? Анча-мынчасын байкап калганы бар. Бирок агай Таттунун гана агайы да!.. Ушинтип өзүнөн башка эч кимге агайын ыраа көрбөгөн кыз жашып алат. Эми мектепти бүтүп кетсе агайын көрбөй калат!
Сабакка келгенде жок дегенде көрүп турчу… Эмне кылса экен?.. Сезимин кантип билдирет? Агайы урушуп койсочу? Таттуу ушуларды ойлоп санаасы санга бөлүнүп, анан агайына белек бермек болду. Баары бир сезимин айта албайт болчу. Ойлонуп олтуруп тапкан акылына сүйүнүп кетти. Агайына белеги сөзсүз жагат!
Бир тууган агасы сүрөтчү. Колунан баары келген жигит. Таттуу агасына айтып, тактайга шөкүлөчөн кыргызча кийинген кыздын сүрөтүн тартып берүүсүн өтүндү. Агасы бир чети таң калып, бир чети Таттуунун сураганы көңүлүнө жаккан үчүн чын көңүлүнөн берилип, кыргыз кийимчен, шөкүлөчөн кыздын сүрөтүн тартып берди.
Сүрөт ушунчалык жакты дейсиң!.. Таттуу бактылуу жылмайып, таспиеттеп тактайдагы сүрөттү ороп алып, «Акыркы коңгуроого» жөнөдү. Бүгүн баары өзгөчө жасанып чыгышкан эле. Мектептин айланасы шаңга бөлөнүп, ак фартук кийип, аппак бантик тагынган кыздар менен ак көйнөк, кара шым кийген балдар айрыкча толкунданып жүрүштү.
Акыркы коңгуроо аземине арналган салтанаттуу линейкада бүтүрүүчүлөргө ак жол каалаган агайы бүгүн өзгөчө сымбаттуу эле. Таттуу көзүн албай жалжылдап агайын карап, ичинен ушундай мугалимден таалим алганына сыймыктанып турду. Башка окуучулардын көзүнөн да ушуну байкады. Айрыкча классташ кыздарынын көздөрү жалжылдап караганынан улам өзү сыяктуу сезимдерин купуя катып жүрүшкөнүн байкады.
Белегин берейин деп агайынын жанына барды да, болгону: «Саламатта болуңуз, агай!» деп коштошуп басып кетти. «Сизге белегим бар эле» деп оозу барып айта албады. Уялып кетпедиби! Ай, ушу уялчаактыгы ай…
***
Арадан беш-алты жыл өтүп, мурдагы жакшы заман кетип, кымгуут мезгил башталып, баары өзгөргөн маал болчу. Азып-тозгон эл же айлыктан жок, же кыйындарга таланып-тонолуп кеткен өлкөнүн байлыгынан жок, алды-алдынан бардыгы соодага өткөн кыйсыпыр башталды. Таттуу да ары кетип, бери кетип жүрүп тагдыры буюрганын көрдү. Ал ортодо билим алып да үлгүрдү. Борбор калаанын тургуну болуп калганы качан.
Бир күнү мектептеги курбусуна жолугуп калды. Ал адегенде эле күйүп-бышып сөздү баары сыйлаган агайдан баштады.
— Билесиңби, Татыш? Мындан эки жыл мурда, базарда агайды, жанында аялы соода кылып жаткан жеринен көрдүм. Көрүп алып эчкирип ыйлагым келди, Татыш, ишенесиңби?.. Атайы базарга түшүп өрүк-мейиз алайын деп баргам. Карасам агай жер жаңгак саткан жерде отурат, Татыш! Ишенесиңби?! Биздин агай жер жаңгак саткан жерде отуруптур!
Таттуунун башына бирөө чапкандай болуп, тамагы буулуп, көзүнө жаш кылгырды. Бирдеме дегенге алы келбей, мындай ызадан алыс-алыс бир жакка качып кеткиси келди. Араң бир ооз сөзгө жарады:
— Кантип?!.. Агай базарда олтурабы?..
— Ооба, Татыш!.. Көргөн көзүмө ишенбей жаман болдум. Агай мени көрүп калып ыңгайсыз болбосун деп базардан качып чыктым! Кыйла жүдөп калыптыр…Биздин агай соодага ылайык беле, Татыш?!
— Агай жүдөп калыптырбы?..
— Ооба!.. Агайдын соода кылганга деле эби жок да!.. Кайдан соода кылмак эле? Жөн эле ойлуу отурат. Көздөрү аябай ойлуу экен. Эски отургучта тээ белгисиз жакты карап телмири-ип олтурат… Аялы бечара жанында соода кылып атат. Далдаага бекинип биртке карап турдум дагы, жөнөдүм. Базардан кандай чыкканым эсимде жок, Татыш! Баягы агайыбыз жок!.. Аябай жүдөп калыптыр… Үйгө келе жатып маршруткада ыйлап атам, ыйлап атам, эч токтоно албай койдум десең!..
Мындан ары угуп турганга чыдабаган Таттуу көз жашын серпип алды да, бат-баттан басып узап кетти. Курбусу аркасынан карап кала берди. Кеч күз болчу. Үйүнө баргысы келбей түнкү көчөнү аралап жүрдү. Улам бир жерге олтуруп ыйлап алат. Караң калгыр көр оокат агайын сындырып таштаганын элестете албай, ушундай мугалимди кор кылган баарына наалат айтып, күчүн көз жашынан чыгарды.
***
Билинбей көп жыл өтүп кетиптир. Бир кездеги сүйүктүү агайы кокусунан каза болуп калганын угуп Таттуу ыйлап алды. Агайы кийин мектепке кайтып келбептир. Айылга барган сайын астейдил сураштырып турчу эле. «Базарчыга айландым, болду» деп кайра мектепке баргандан баш тартканын элден укту. Ичип кеткенин да укту. Мугалим катары бедели түшкөнүн көтөрө албай калгандай. Базардын аёосуз мыйзамы мугалимди аямак беле? Көр оокаттын айынан соодага чыгып кеткен өзүн кечире албай калган го. «Мугалим катары мектепке татыксыз болуп калдым» дегенин укту. «Мектепке кайтып келбейсиңби» дегендерге эмне дегенин да укту.
— Мектепке барып эмне дейм? Базардан барган киши балага эмне бермек эле? Силер мени түшүнбөйсүңөр!.. – дептир.
«Жаткан жериңиз жайлуу болсун, агай!» деген Таттуу көз жашын сүртүп алды. Бир кезде агайына берилбей калган белекти эмгиче таберик кылып сактап жүрөт. Бүгүнкү жаңылыктан кийин сүрөттү кайра алып чыгып көпкө чейин карады. Кышындасы да суук класстарга чыкыйган костюм-шымчан кирген агайдын аппак көйнөгүн, ага жарашыктуу галстугун элестетип кайра бир сыймыктанды да, сүрөттү жүрөгүнө кыса кармап көпкө туруп, ордуна аяр койду.
02.09.2024