Карел ЧАПЕК: “МЫРЗА ГИРШАНЫН ЖОГОЛУШУ”
(аңгеме)
— Жаман эмес, – деди мырза Тауссиг, – бирок, аңгемеңиздин бир кемчилдиги бар экен, анткени бул окуя Прагада болбоптур; кылмыш иштеринде болсо да мекендин кызыкчылыгын ойлой жүрүшүбүз керек. Айтсаңыз, кайдагы бир Палермодо же дагы бир башка жерлерде болгон окуяларга биздин эмне тиешебиз бар? Алардан бизге эмне пайда? Эгерде, кызыктуу кылмыш иши Прагада жасалган болсо, иш башка, аны менен сыймыктанса да болот. Мына, азыр биз жөнүндө дүйнө жүзү сөз кылып жатат, деген ой жан-дүйнөңдү жылытат. Ал эми көзгө көрүнүктүү кылмыштар жасалып жаткан жерде соода да жакшы жүрөт: анткени ал бул жердегилердин жакшы жашоолорунан кабар берет жана ишеним жаратат, же андай эмеспи? Бирок, ал үчүн кылмышкерлер дайыма кармалып туруш керек.
Билбейм, силердин эсиңерде Узун көчөдө жашаган Гирша чалдын окуясы калды бекен. Ал адегенде булгары сатчу, кийинчерээк персия килемдерин жана ушу сыяктуу чыгыштан келген буюмдар менен соода кыла баштаган. Көп жылдар бою Константинополдо кандайдыр бир иштерди жасап жүрдү, ошол жактан боорун оорутуп келген, андыктан ачарчылыктан улам өлүм алдында жаткан мышыктай арык, өңү ышталган дуб челегинде чыланып жатып сууруп чыккан немедей саргайып турчу.
Килем сатышкан армяндарбы же болбосо Смирнадан келген түрктөрбү айтор анын үйүнө бат-бат келип турушчу, ал алар менен өз адамдарындай сүйлөшчү. Бул армяндар аябагандай алдамчы калк болушат, алар менен сүйлөшкөндө жада калса еврейлер да сак болушу керек.
Ошол Гиршанын үйүнүн биринчи кабатында булгары саткан дүкөнү боло турган, ал жерден буралып чыккан тепкич экинчи кабаттагы анын конторуна жана анын ар жагындагы жашаган бөлмөсүнө алып барчу: ал жерде семизинен баса албай калган анын аялы олтурчу.
Анан, бир жолу түшкө жакын соода кылган кызматчы жигиттердин бири экинчи кабаттагы Гирша мырзадан Брнодогу Вайл атту адамга карызка булгары берип жиберейинби деп сураганы көтөрүлдү; Бирок, кызык, кожоюн ал жерде жок болуп чыкты, балким аялына сүйлөшкөнү кеттиби деп ойлоп койду.
Көп өтпөй эле кызматчы аял биринчи кабаттын тепкичинен сыртты карай, мырзасы Гиршаны түшкү тамакка чакырганы бара жатыптыр.
— Тамаккабы? – деп таң калды соода кылган кызматчы жигит – Мырза Гирш үйдө эмес беле.
— Кантип үйдө? – дейт анда кызматчы аял, – Гиршова айым күйөөсүн эртең менен көргөн боюнча көрбөптүр, ал кечке эч жакка чыкпай контордун жанындагы бөлмөдө олтурбайбы.
— Биз дагы аны көргөн жокпуз, – деди кызматчы бала, – туурабы, Вацлав?
Вацлав да кызматчылардын бири эле.
— Саат ондо мен ага почтага түшкөн каттарды алып барып бергем, – деди ал, – Гирш мырза биз эмнеге Лембергерге дайыма торпоктун терисинен тигилген чолок тондор жөнүндө эстетип турушубуз керек деп ачууланган – андан кийин анын конторунан чыкканын көргөн жокмун.
— Оо кудайым ай, – деп тынсыздана кетти кызматчы айым, – ал конторунда жок! Шаарга чыгып кеткен жок беле?
— Дүкөн менен чыкса биз сөзсүз көрмөкпүз, туурабы Вацлав? Балким ал бөлмө аркылуу чыгып кеткендир?
— Жок андай болушу мүмкүн эмес, – деди кызматчы айым ишенимдүү, – анда Гиршова айым сөзсүз көрмөк!
— Токтой тургула, – деди кызматчы жигит, – мен ага киргенде халатчан, илме тапичкесин кийип олтурган, – барып карап көргүлөчү, ботикесин, көлөшүн, кышкы кемселин кийди бекен? Бул иш ноябрь айында болуп жаткан, сыртта катуу жамгыр жаап турган эле.
— Ал кийинип чыкса, – дейт кызматчы жигит, – демек шаарга чыгып кетти, а эгерде кийинбесе үйдө эле болуш керек.
Кызматчы аял өйдөкү кабатка жүгүрүп барып, өң-алеттен кетип далдактаган боюнча кайра келди.
— Оо кудайым ай, мырза Гуго, деди ал кызматчы жигитке, мырза Гирш батинкесин кийбептир, үстүнө да эч нерсе кийген эмес экен, кожойке анын сыртка чыкканын көрбөптүр, бөлмө аркылуу чыкса сөзсүз көрмөкмүн дейт!
— Дүкөн менен да чыккан жок, – деди кызматчы жигит, – бүгүн ал бул жерде таптакыр болгон жок, ал мени каттарды алып кел деп өзүнө чакырган. Вацлав жүрү издейли.
Эң алгач контордон башташты. Ал жерде бардыгы ордунда турат: бурчта – бир нече оролгон килемдер, үстөлдө – Лембергерге жазылып бүтпөгөн кат, үстөлдүн жанында чырак күйгөн боюнча туруптур.
— Түшүнүктүү, – деди Гуго, – мырза Гирш эч жакка кетпептир; кетсе жарыкты өчүрүп кетмек да, туурабы? Ал үйдө эле болуш керек.
Бирок үйдүн баарын тинтип чыгышты, аны жер соруп кеткендей эч жерде жок болуп чыкты. Айым Гиршова креслосунда эчкирип ыйлап кирди. Үйүлгөн килкилдек нерсе солкулдап жаткандай эле көрүндү, – деди кийин ал жөнүндө Гуго.
— Айым Гиршова, – деген эле ошол кезде Гуго (керектүү учурда бул жаш еврейдин тез ойлонуп, аракет кылганы таң калтырчу). — Ыйлабаңыз айым Гиршова, мырза Гирш эч жакка качып кетпейт, – булгары жакшы өтүп жатат, анан да ал эч кимге карыз эмес болчу, туурабы? Кожоюн бир жерде эле жүрөт. Эгерде кечке чейин келбесе полицияга билдирели, эрте эле ызы-чуу сала бергенден фирма зыяндан башка эч нерсе таппайт.
Кечке чейин мырза Гиршти күтүштү, издешти, бирок андан эч кабар болгон жок. Кечинде дүкөндү жаап, кожоюндун жоголгонун билдиргени Гуго полицияга жөнөдү. Полициядан детективтерди жиберишти; алар үйдү дагы бир сыйра тинтип чыгышып, бир да из табышкан жок; полдон кандын тагын издешти – эч нерсе таба алышпады, контораны убактылуу жабуу менен чектелишти. Анан айым Гировадан тартып, үйдөгү кызматчылардын бардыгын суракка алышты, эртең мененден баштап эмне болгонун тактап чыгышты. Эч ким жаңы бир нерсе айткан жок, бир гана Гуго саат ондон бир аз өткөндө кожоюнга соода агенти Лебеда келип, он мүнөтчө сүйлөшүп кеткенин эстеди. Лебеданы издеп жүрүшүп, «Бристоль» кафесинде рамс ойноп жаткан жеринен табышты. Лебеда банктагы акчаны ката койгонун көргөн детектив аны тынчтандырды: Мырза Лебеда, бүгүн мени рамс кызыктырбайт, мени кызыктырганы сиз мырза Гиршти көргөн акыркы адам экенсиз, ал жоголуп жатат.
Лебеда деле жарытылуу эч нерсе айтып берген жок: ал Гиршке кайсы бир кур тууралуу сүйлөшкөнү барыптыр, шектүү деле эч нерсе көрбөгөнүн, болгону ал бир аз оорулуудай, өңү бир башкача болуп турганын байкаптыр.
«Эмне арыктап кеткенсиз» – дептир ал мырза Гиршке.
— Ошентсе да мырза Лебеда, – деди полицейский, – мырза Гирш ошончолук эле арыктап кетсе да, ал эрип, абага бууланып кеткен жок да, жок дегенде жаагы болсо да бир сөөк калат эле го. Сиз сумкаңызга салып да алып чыгып кете албайт элеңиз.
Анан бул иш кандайча уланганын уктуңар беле? Силер билесиңер да, ар бир вокзалда жүргүнчүлөр буюмдарын калтырып кетчү сактоочу камералар болот эмеспи. Гирш жоголгондон эки күндөн кийин сактоочу жайда жүктөрдү кабыл алган аял ал жердеги жүк ташуучуга, бирөөлөр ага чемодан калтырганын, бирок ал чемодан ага жакпай жатканын айтат.
— Эмнеге экенин өзүм да билбейм, – дейт ал аял, – ал чемоданды көргөндөн баштап эле бир нерседен шекшип корко баштадым.
Жүк ташуучу чемоданды жыттап көрүп ага мындай дейт:
— Апакебай, билесизби, бул чемодан тууралуу темир жол полициясына кабарлаңыз.
Полиция из кубар ити менен келди; ит чемоданды жыттап алып жонундагы жүндөрү түктүйө түштү. Бул өтө эле шектүү болгондуктан чемоданды ачууну чечишти, аны ачканда анда халатчан жана сүйрөмө тапичкечен Гирштин үч бүктөлүп бүрүшкөн өлүгү жаткан экен. Ал бечара жыттанып бара жатыптыр. Мойнунда оролгон ичке жип жүрөт – аны муунтуп өлтүрүптүр.
Бирок, анын халатчан жана тапичкечен өлүгү вокзалдагы чемоданга кандайча келип түшүп калганы азырынча табышмак эле.
Бул ишти полициянын комиссары Мейзлик тергеп жатты. Ал өлүктү бүт ынтаасын коюп карап жаткан, ал анан анын бетиндеги, колдорундагы жашгылт, кызыл жана көк тактарды көрө калды; ал Гирштин карасур тарткан өңүнөн даана көрүнүп жаткан.
«Бузулуп бара жатканбы? Бирок, андай тактарга окшобойт» – деп ойлогон Мейзлик бет аарчысын алып, тактын бирин сүртүп көрдү эле, бет аарчы булгана түштү.
— Билесиңерби, – деди Мейзлик аны карап тургандарга кайрылып, – бул анилинден калган такка окшоп жатат. Конторду кайра барып карап чыгышым керек.
Конторго барып, кандайдыр бир сыр барбы деп издей баштады, бирок эч кандай сырды таба алган жок. Бир кезде оролуп турган перс килемине көзү түштү. Ал аны жазып жиберип, чөнтөгүнөн бет аарчысын алып, шилекейлеп көк ою салынган жерди сүртүп көрдү эле, жүз аарчынын бетинде көк так пайда болду.
— Килем болбосоң коё кал, – деп башын чайкаган Мейзлик андан ары изилдөөсүн улантты; үстөлдөгү сыя челек койгучтун жанынан эки-үч түрк сигареттеринин тартылган дүмүрчөктөрү жатыптыр.
— Эсиңде болсун досум, – деди Мейзлик жанындагы детективтин бирине, – килем сатуучулар менен соодалашып жатканда сигареттер биринин артынан бири тартылат – чыгыштын салты ошондой.
Анан Мейзлик Гугону чакырды.
— Мырза Гуго, – деди Мейзлик, – бул жерде Лебеда кеткенден кийин башка бирөө болду беле?
— Ооба, – деп жооп берди Гуго, – бирок кожоюн ал жөнүндө башкалардын билишин каалаган эмес. «Силердин ишиңер булгары, – деген ал, – а килемдердин силерге тиешеси жок, ал менин ишим…»
— Түшүнүктүү, – деди Мейзлик, – бул контрабандалык жол менен келген килемдер; көрдүңөрбү биринде да бажы кызматынын пломбасы коюлбаптыр. Эгерде, Гирш мырза тигил дүйнөгө кетип калбаганда, азыр Гиберндеги көйгөйү кекиртегине чейин жетмек, салынган очойгон айыптарды төлөй албай айласы курумак. Кана тез жооп бер, ким келди эле?
— Гм, – деп ойлоно калды Гуго, – он жарымдарда лимузин менен армян еврейиби же башка еврейиби, айтор сапсары болгон семиз бирөө келип, түркчөбү же башка тилдеби билбейм, Гирш мырзаны сураган. Мен ага экинчи кабаттагы конторго кантип барышты көргөзүп бергем. Жанында тартайган, сабоодой ичке, өңү кара мышыктай болгон кызматчысы бар болчу. Ал ийнине оролгон беш чоң килемди көтөрүп алганын көрүп, Вацлав экөөбүз таң калганбыз. Экөө конторго кирип кетишип, он беш мүнөтчө ал жерде болушту; биз алар менен ишибиз болбогон соң, эмне кылып жатышкандарына кызыккан да эмеспиз; бирок жанагы киши менен Гирш мырзанын сүйлөшкөн үндөрү угулуп жаткан. Анан анын кара кызматчысы төрт килем көтөрүп чыккан. Мен Гирш мырза бир килемди сатып алган экен деп ойлоп койгом. Тигил мырза кетип баратып артына бурулуп Гирш мырзага бир нерсе деп кыйкырган, бирок эмне деп кыйкырганын даана уккан эмесмин. Тигил тартагай килемдерди машинага ыргытты да, анан кетип калышкан. Мен ал жөнүндө айтпаган себебим, андай килем саткычтар дайыма келип-кетип турушат, баары тең биринен бири өткөн алдамчылар.
— Билесизби Гуго, – деди ага Мейзлик, – кызыгы, ошол оролгон килемдердин биринде мырза Гирштин өлүк денеси болуп жатпайбы, түшүнөсүзбү? Капырай! Сиз анын өйдө чыкканга караганда, ылдый карай оор жүк көтөрүп келе жатканын кантип байкаган жоксуз дейм да!?
— Туура, – деп өңү кубара түштү Гуго, – чынында эле ал эки бүгүлүп араң келе жаткан! Бирок, мырза комиссар, бул мүмкүн эмес, анын артында келе жаткан семиз армян эшиктин алдынан мырза Гирш менен сүйлөшүп жатканын уккам.
— Ооба, – деп түшүндүрө баштады Мейзлик, – ал жөн эле артын карап, кыйкырып сүйлөшкөндөй түр көрсөткөн, ал эми тартагай кызматчысы Гирш мырзаны муунтуп жатканда, ал силерди уксун деп жаагы тынбай катуу сүйлөп турган.
Мырза Гуго, көрдүңүзбү, армян еврейи силерден куулук кылат экен. Алар анан килемге оролгон өлүктү жашаган мейманканасына алып барышат, жолдон жаан тийген сапаты жок эптеп жасалган килемдин анилин сыры эрип, мырза Гирштин денесине жугат. Мейманканадан аны чемоданга тыгышып, вокзалга алып барышкан. Бул эки жерде эки төрт дегендей эле түшүнүктүү болду го дейм. Иш ошондой болгон мырза Гуго!
Полиция армяндын изине бат эле түштү. Чемодандын бетинде чапталган берлиндин бир мейманканасынын белгиси өчпөй жүрүптүр – демек, армян мейманкананын кызматчысына чайга деп бере жүрчү акчаны кенен берген экен, анткени бүт дүйнөдөгү мейманканалардын кызматкерлери, март кардар бара жатат деп алардын буюмдарына ошондой белгилерди коюп, бири-бирине кабар таратышмай адаттары бар. Армян чайга деп демейдегиден көп акча ыргыткан экен, кызматкер анын аты-жөнүн эстеп калыптыр – Мазаньян; ал Венага Парага аркылуу өтүп бара жатып мында токтоптур. Бирок аны Бухаресттен кармашты; тергөө учурунда ал асылып өлүп алды. Гиршаны эмне себептен өлтүргөнүн билгенге үлгүрүшкөн жок, менимче ал Константинаполдо жашап жүргөн кездерден эски эсептери калса керек да.
— Бул окуядан, – деп ойлуу аяктады аңгемесин мырза Тауссиг, – эң негизги алчу сабак –соода ишинде алдамчылык болбош керек. Армян арзан анилин менен боёлгон эптеп жасалган килемдерди эмес, сапатуу килемдерди сатканда кылмышкердин изине ушунчалык тез түшүшөт беле, туурабы?
Сапатсыз, кемчилиги оркойгон буюм менен соода кылсаң – сөзсүз бир жериңден тешип чыгат, же андай эмеспи?
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ