Аялзатка Ыр десте
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
КОЙ, ЭРКЕСИ
Кой, эркеси, кыйнабагын мени көп,
Басып өткөм ашуусунан, тегизден.
Ой-булуңу, соруп кетер жери көп,
Сүзүп өткөм аял деген деңизден.
Кой, жароокер, мейли сага жетпейин,
Ууртуңдан ууртатчы бир жутум.
Жетпей жүрүп күйүп өлүп кетпейин,
Эске салчы эстен чыккан кыз жытын.
Кой, кумар көз, бир жанымды көп көрүп,
Өгөйлөбө, өзү басып бут барчу.
Бир түнүңдү мени менен өткөрүп,
Бир жыл тарткан азабымдан куткарчы.
Кой, садага, сала бербе санаага,
Ушул менин болгон бүткөн турушум.
Жер айдагам аял деген талаада,
Кош өгүзгө кошуп алып буурусун.
Манас АЛЫМБАЕВ
СЕНИН БАРЫҢ КАНДАЙ ЖАКШЫ…
Эндиги жок оттой албырып,
Эриндериң балдай таттуу э.
Ээк таянта көздү талдырып,
Сенин барың кандай жакшы э…
Ченебестен берчү Кудайдан,
Сүйүү ченеп алдым карыштап.
Кайтарбасым билип турса да,
Сени сурап алдым карыздап…
Табыш үчүн эми сендейди,
Төрөлүшүм керек кайрадан.
“Аял эмес, – деген Кудайым, –
Бул – махабат, аяр пайдалан!..”
Карыздарым калар өмүрдө,
Жетишкеним эптеп төлөрмүн.
Жооп бергени барам Кудайга,
Сени кайра кайрып берер күн…
…Күткөн сүйүүң, күткөн перзентиң,
Кеч келишкен үчүн таттуубу?
Эч кимде жок болгон үчүн же,
Сенин барың кандай жакшы бу…
Байдылда САРНОГОЕВ
АЯЛ, АЯЛ
Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Yйдүн куту, апакеси балаңдын.
Жаман дебей, жакшы дедим барысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрлбей кечирип кой анысын.
Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.
Өлүм парс го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!
Азамат ОМОШ
ДЕГИ СЕН КИМСИҢ, АЯЛ?
Деги сен кимсиң, аял?
Кимсиң деги?
Ааламсың чоң ааламдын ичиндеги.
Жанаша жашап жүргөн табышмаксың,
Табылбас жандырмагың ичиңдеги.
Эркектин эриш-аркак жары сенсиң,
Көңүлгө ачуу-таттуу дары сенсиң.
Бузулсаң бир улутту жер караткан,
Уяты, намысы да, ары сенсиң.
Мүнөзү мээримдүү да, ажаан дагы,
Эрки бош, керек болсо тажаал дагы.
Түн да сен – көзгө сайса көрүнбөгөн,
Таң да сен – шоола сымал азандагы.
Деги сен кимсиң, аял, деңиз белең?
Көйкөлгөн буудайзарлуу тегиз белең?
Турмуштун арабасын кылдыраткан,
Чарчабас, чаалыкпаган “өгүз” белең?
Дүйнөнүн түркүн түстүү түсү сенсиң,
Комуздун кайрыгы да, күүсү сенсиң.
Тукумун адамзаттын улап турган,
Адамдын кыймылдаткыч күчү сенсиң.
Чынында тирүүлүктүн өзөгү сен,
Улуксуң, үй-бүлөнүн очогу сен.
Мүнөзүң жаркыган жаз, аяздуу кыш,
Жашоонун бейиши да, тозогу сен.
Көңүлдүн алып уччу учагы сен,
Жашоонун музыкадай мукамы сен.
Ыр болуп кылымдарды кезип кетчү,
Акындын эргүүсү да, илхамы сен.
Сени деп канча шаарлар кыйрап калган,
Сени деп канча эрлер жайрап калган.
Сени деп мунарасы көк тиреген,
Канча шаар өсүп чыкты жайдак жайдан.
Деги сен кимсиң, аял?
Кимсиң деги?
Ааламсың кең ааламдын ичиндеги.
Жанаша жашап жүргөн табышмаксың,
Чечилбес жандырмагың ичиңдеги.
Оо, аял, кимсиң деги? Кимсиң деги?
Анасбек ЖУМАЛИЕВ
КЕЧ
Кыялкеч жаз. Өрүкзар
кызгылт гүлгө жашынат.
Кызгылт көйнөк, кымча бел
кыздар изин жашырат.
Жазгы желге дирилдейт
жашыл канат – жалбырак.
Батар кезде Күн сулуу
Батыш жактан албырат.
Кыл чокунун башына
кызгылт “шайы” оролуп,
кызгылт тартат ойлорум
кыял жибек оронуп.
Өрттөй түсүн жашырып,
Өтүп кетет азыр кеч.
Кеч түспөлдүү албырган
Кетпейт ойдон АСЫЛКЕЧ!
Атакул ЖАКЫПОВ
КАТ КҮТКӨН КҮНДӨР
Шуудураган жаштыкты эске апкелет
шуулдаган жазгы желге ак терек,
кабар күтүп жолду тосуп жатчу элек:
кат келет деп, кат келет деп, кат келет.
Кат да келбей, кабар келбей ал кыздан
кайтар элек бөлүнүшүп жалгыздап,
буюктуруп сезимди өрдөп кетчү эле
буркуратып жытын желге жалбыздар.
Канча кыздар жылдыз болуп жанышты
канча кечтер жалбыз жыттуу калышты,
күтө берип биз экөөбүз талыкчу
жаштык күндө ошол алыс, алыскы.
Кат келет деп, кат келет деп, кат келет
кечке күтүп жол боюнда жатчу элек,
кана ошол кат, кана ошол кыз, кана эми
кайрып берчү жаштыгымды ак терек?…
Омор СУЛТАНОВ
БАРДЫК ЭЛДИН, БАРДЫК ЖЕРДИН КЫЗДАРЫ
Таалайы бар, кыздар сонун жансыңар
Тандырбаган таттуусуңар, балсыңар.
Берилгенде көз бозоруп көр болуп
Бектер, хандар, президенттер алсыраар.
Ар кимиңде бар бир улуу касиет
Азамат, эр дал ошого баш иет.
Кайдан, кантип келип калат билбейсиң
Жанды эритип козгогон бир масилет.
Окшойсуңар суу төгүлгүс жоргого
Дайым даяр тер төгүүгө жолдордо.
Бакыт конуп батасыңар жыргалга
Балкып эрип бойго жетип толгондо.
Эңсеттирип турат дайым көзүңөр
Жакшы гүлдүн жытына окшоп сөзүңөр,
Жан сергитип турасыңар жадырап
Табышмактуу тагдырсыңар өзүңөр.
Бардык элдин, бардык жердин кыздары
Кызыл гүлдөй өсүп турган кыштагы.
Качан болсо сулуусуңар бактылуу
Силерсиңер, сарсанаанын душманы.
Сүргөн өмүр ал мен үчүн кызылдай
Сүйүүм өсөт, – деп жазгамын, – кызымдай.
Ал андыктан бардык кыздар мен үчүн
Нурун төгүп турган бакыт кызылдай.
Улан МАМБЕТЖАНОВ
СҮЙГҮМ КЕЛЕТ
Кыздар сулуу, татынакай баары эле,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы эле.
Карагаттай көздөрүнөн айлануу,
Бул турмуштун бир керемет жагы эле.
Күндөн күнгө жылган сайын ары да,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы да.
«Кайсыл күнү сүйбөй калам», – деп коркпой,
Сүйө бергин сүйүү жетет баарына.
«Махабат», – деп миӊ кайталап келебиз,
Жылдан жылга карып барат денебиз.
Улгайсак да кара чачтар ак болуп,
Ак сүйүүдө биз ымыркай элебиз.
Маматемин РЫСКУЛОВ
ЭТЮД
Үйдүн ичи, алсыз чырак жарыгы,
Арта салып колун арча бешикке,
Сооронбогон ыйлаак уулун эмизип,
Тизе бүгүп үргүлөөдө жаш эне.
Бүгүн үйдө жаш жары жок жубайдын,
Кеткен кечте түндөп жылкы бакканы,
Жоктогонсуйт тонун анын илинген,
Дубалдагы бопбош турган мык дагы.
Эрмек болуп жеңесине жалгыз бой,
Бир тентекти айтып берип кат жазган,
Кошунанын бойго жеткен шок кызы,
Чачын артып уктап жатат жаздыкта.
Чырак нуру айбыккансыйт үлүңдөп,
Момпоюңку тарткан анын жүзүнөн.
Жамынчысын түртүп койгон ысылап,
Жаз ойгонуп келе жаткан төшүнөн…
Улукбек ОМОКЕЕВ
КЫШТЫ СҮЙГӨН СУЛУУ КЫЗ
Үлбүрөгөн назик сезим, ышкылуу,
Кылыгыңдан чагылууда бала кез.
Колу үшүгөн, а жүрөгү жыпжылуу,
Кышты сүйгөн периште кыз кара көз.
Келген өңдүү кымбат жаның сагынган.
Көздөрүңдө сүйүү, кубанч толо-мол.
Алтын сөйкөң күн баласы тагынган.
Кыпкызыл от мойнуңдагы оромол.
Күн эңкейди көлөкөңдү узартып,
Күмүш түскө чайынууда туш тарап.
Сен карасаң карлуу кышка сук артып,
Сага карап айлана бүт суктанат.
Эртең дагы ак сүйүүңдү жашырып,
Каштарыңдай кара тумак кийип кел.
Кардай таза сезимиңе баш ийип,
Кышты сүйсүн кышты сүйбөс жигиттер.