Карел ЧАПЕК: “АДЕП-АХЛАКТЫКТЫН ТӨМӨНДӨШҮ ТУУРАЛУУ”

(аңгеме)

Байыркы доор. Үңкүрдүн кире беришинде тынч эле. Эркектер найзаларын соройтуп, таң эрте Бласк же Рейцке карай жолго чыгышты, ал жерден бугулардын үйүрүнүн изине түшүшкөн эле; аялдар болсо токойдо кожогат терип жүрүшкөн, алардын чайылдаган үндөрү, ызы-чуусу ошол жактан угулуп турду; балдар, кыязы, дарыядагы чоң таштын астында суу түшүп жыргап ойноп жатышса керек, – бул тентектерди, бул үй-жай, оокатың менен иши жок сары ооз балапандарды ким тыя алат! Ал эми карыя Янечек октябрдын жумшак күнүндө магдырап уктап жатты; тагыраагы, коңурук тартып, мурдунан ышкырыгы чыгып жатканына карабай ал ойгоо, такыр эле уктабай жаткандай, карыган башчы катары, өз милдетин аткарып, уруусунун үңкүрүн кайтарып, башкарып жүргөндөй түр көрсөтүп жаткан.

Анын аялы Янечкова байбиче аюунун жаңы терисин жерге жайып, учтуу таш менен кыра баштады, «Мындай терини, – деген ой капысынан эле кемпирдин башына келе калды, — жанагы чала-була жасай салып балдарын шылтоолоп таштап салган жел таман келиндей болбой, аябай жакшы тазалап, ийлеш керек, андай кылбаса көз ирмемде суу өтмө болуп тытылып жок болот! Бирок келин өзү билбесе, же уулум ага унчукпаса мен алардын тиричилигине кийлигишпейм. Келиним оокаттын баркын билбейт! Оо Кудай, тери тешилип калган тура! Болгондо да дал ортосу!

Оо, курган адамдар, – деп кейиди кемпир – кандай олдоксон неме аюунун аркасынан найза сайды экен?  Тери эч нерсеге жарабай калыптыр! Жок, менин эрим өмүрүндө мындай кылган эмес, ал дайыма кекиртекке сайганга аракет кылчу …»

— Э-хэ, хм, – ушул маалда Янечек карыя көзүн ушалап күбүрөнүп койду. Биздикилер кайтып келише элекпи?

— Кайдан келишмек эле? – деп кобурады аялы. – Мунун айтканын кара.

Ох-ох-ох, деп үшкүрдү чал уйкулуу көздөрүн ирмеп.

— Алар келгиче качан дейсиңби. Келишер бир кезде. А аялдар кайда?

— Мен аларды кайтарып жүрдүм беле? Янечкова ачуулуу жооп кайтарды. – Түшүнүктүү да, жүрүшкөндүр бир жерде темселешип.

— Ахх, – карыя Янечек оозун чоң ачып эстеп алды. – Темселеп жүрүшөт дечи. Андан көрө, жок, … жок, айтканда эмне… Мейли! Жүрө беришсин…

Кайрадан тынчтык өкүм сүрдү, бир гана Янечкова эпчилдик менен, нымдуу терини кырып жатты.

— Айтты-койду дебе, – деп далысын ойлуу тырмап жатып сөзүн баштады Янечек, – көрөсүң, биздикилер кайрадан куру кол келишет. Башкача болмок беле, – булар жаңы сөөк учтуу найзалары менен эмне кыла алышат, андан эч кандай пайда жок… Мен уулума канча айттым: түшүн, найзанын учтарын жасоого жарай турган бекем, катуу сөөк жок! Мына, жада калса сен аял болсоң да түшүнөсүң, моюнга алыш керек: сөөктө да, мүйүздө да… анчалык талкалоочу күч болбойт? Сөөк менен сөөктү сындыра ура аласыңбы? Бул айдан ачык нерсе эмеспи! Таштан жасалган уч… мына ошону уч десең болот. Албетте, ташты иштетүү үчүн көп убара тартууга туура келет, бирок кандай мыкты куралдуу болосуң! Муну уулуңа канча айтсам да түшүнөй койду го?

— Белгилүү да, — деп кейип макул болду байбиче Янечкова. Азыр эч кимге буйрук бере албайсың.

— Мен эч кимге буйрук берип жаткан жерим жок! – деди жаны кашайган карыя. Буйрукту мындай кой, берген кеңешти укпай жатпайбы. Кечээ эле асканын түбүнөн ушундай сонун жалпак катуу таштын сыныгын таап келгем. Аны бир аз жонуп-кырып учтап койсо, найзанын учу даяр болмок. Аны алып келип уулума көрсөттүм:

— Мына, карачы, жакшы таш бекен?

— Жакшысы жакшы дечи, а бирок аны эмне кылабыз ата?

— Найзага уч кылбайсыңбы, – дедим.

— Коюңузчу ата, муну менен асылышып олтуралыбы! Мындай эч нерсеге жарабаган шагыл үңкүрдүн ичинде тебеленип жатпайбы, муну жасаган күндө да найзанын сабына кантип бекитмек элек? – дебеспи.

— Жалкоолор! – чал капыстан жарылып кетти.

— Азыр баары катуу ташты иштеткенден жалкоолонушат, кептин баары ушунда! Бузулушту! Албетте, сөөктөн учту заматта жасай аласың, бирок анын сынганы да бат!

— Сынса эмне экен, – дейт уулуң. Жаңысы менен алмаштырып коёбуз, ошону менен иш бүтөт!

— Ой, ой, бул адамдар деги кайда бара жатабыз? Эч нерсе боло электе – жаңы найза! Мага өзүң айтчы, сен ушундайды кайдан көрдүң эле? Билесиң да, мурда даңазалуу оттук таштын учу жылдар бою кетилчү эмес! Эсиңде болсун, алар баары бир кайра кайрылышат, менин оюмча, алар биздин эски таш куралдарыбызга ырахат менен кайра кайтышат! Эгер бир нерселерди: эски жебелердин учтарын, балкаларды, таштан жасалган бычактарды таап алсам аларды сактап жүрөм… Анан ал аларды таштанды! – деп жатканын карабайсыңбы, иттин баласы.

Ачуусу жана ызасы карт башчыны муунтуп жиберди.

— Мен дагы ошондой ойлойм, – деди кемпир күйөөсүн кайгылуу ойлордон алаксыткысы келип. Бул терилерге деле ошол мамиле. «Апа, эмнеге мынча кырып жатасыз убара болуп, өзүңүздү аясаңыз боло, терини күл менен тазалап көрүңүз, жок дегенде сасыбайт» дейт келиним. Мага үйрөтпөй эле койсун! – кемпир Янечкова бул жерде жок келинине асыла кетти.

Өзүмө эмне керек экенин жакшы билем! Байыртадан бери терини кырып эле тазалап келе жатышат, сопсонун терилерди алышкан! Албетте, эгер жалкоо болсоң… азыраак иштөөгө умтуласың да! Ошентип, алардын ойлоп таппагандары жок, колдорунан келсе баарын өзгөрткүлөрү бар. Күл менен терини тазала деп! Бул мурда кулак уккан нерсеби?

— Сен эч нерсе кыла албайсың – деди чал. – Биздин байыркы каада-салттарыбыз алар үчүн түккө татыбайт. Таш курал колго ыңгайсыз дешет. Мунун жарым-жартылай чындыгы бар дечи, бирок биз эч качан ыңгайлуулуктун артынан кууган эмеспиз, азыркылар болсо алакандарын жооруткулары келбей карап олтурушат! Айтсаң, минтип олтурушса каякка барабыз? Азыркы балдарды эле алалычы. «Аларды жайына коюңуз, ата, ойношсун» дейт келиниң. Макул, жөн жайына бош коё берелик, анан эмне болот?

— Жок дегенде ушул жерде жөн коюшса болот эле, – деп нааразы болду кемпир. – Айтканыңда калет жок, булар, өздөрүн кантип алып жүрүүнү билишпейт!

— Мына, азыркы тарбия, – деди Янечек байбичесин кубаттап. Кээде уулуңа бир нерсе десең: «Сен, ата, муну түшүнбөйсүң, азыр башка заман, доор башка… Качандыр бир убакта, сөөктөн жасалган учтарды артка ташташып адамдар башка материалдарды пайдаланганды үйрөнүшөт», – дейт ал. Билесиңби, бул өтө эле аша чапкандык: кимдир бирөө таштан, жыгачтан же сөөктөн күчтүү материалды көрдү беле! Сен келесоо аял болсоң да, моюнга алышың керек… бул… бул бардык чектен сыртка чыккан нерсе!

Янечкова байбиче эки колун тизесине койду.

— Уксаң, – деди ал. Алар бул келжиреген нерселерди кайдан алышат?

— Бул азыр мода деп жатышпайбы, – деп кобурады карыя тишсиз оозун кыбыратып. Тиги тарапты карасаң, тигил жакта, бул жерден төрт күн жүрүш жерде, белгисиз тентиген уруу келип жайгашыптыр дешет, ар кандай будуң-чаңга салган иштер ошолордон чыгып жаткандай… Биздин жаштар келжиректин баарын ошолордон үйрөнүп жүрүшөт. Сөөк куралдар жана башка нерселер ошолордун ойлоп тапкандары. Ал тургай, алардан сатып алып жатышыптыр! – деди чоң ата ачууланып. Аларга биздин эң мыкты терилерибизди беришет экен! Качан эле чоочундар жакшылык менен келишчү эле? Белгисиз тентимиштер менен аралашуунун кажети бар беле?! Ата-бабаларыбыз бизге туура осуят калтырышкан, келгиндердин ким экенин териштирип олтурбай кол салып, дароо ата-бабаларына жөнөтүш керек. Кылымдар бою ушундай болуп келген: көп сөздүн кереги жок, ойлонбой туруп өлтүрүү керек! – десем:

— Эмне деп жатасыз, ата, – азыр мамилелер башка, азыр товар алмашуу деген бар! – деп жатпайбы уулуң.

Товар алмашуу имиш! Эгер мен кимдир бирөөнү өлтүрүп, анын колунда болгон нерсесин тартып алсам, анда бул сага товар, а эмне үчүн мен ага бир нерсе беришим керек, кандайдыр бир алмашуулардын эмне зарылчылыгы бар?

«Бул туура эмес, ата, анткени сен муну адам өмүрү менен төлөп жатасың, бул өкүнүчтүү!» – дейт уулуң. Көрдүм – адам өмүрүн аяшканын! Мына сенин азыркы дүйнө таанымың, – деп күбүрөнүп койду карт башчы. Булар коркоктор! Болгону ушу, аларга бирөөнүн өмүрү аянычтуу имиш! Сен мага түшүндүрүп берчи: эгер алар бири-бирин өлтүргөндөн коркушса, анда кантип тамак таап жешет? Кантсе да кайберендер азайып баратат! Көрдүңбү, алар адам өмүрүнө боор ооруйт; бирок каада-салтты билишпейт, ата-бабаларын, ата-энелерин сыйлашпайт… Шайтан алгырлар! – деп кыйкырып жиберди чоң ата жаны кейип.

Бир жолу үңкүрдүн дубалына буйволдун чопо сүрөтүн тартып жаткан чимкиригин тарта албаган бир балакайды көрдүм. Аны кежигеге чапсам уулум болушуп жатпайбы: «Аны жайына койсоңчу, буйвол тирүү сыяктуу, жакшы тартылыптыр!» дейт. Билесиңби, бул өтө эле аша чапкандык! Качан эл ушундай тантырак иштерди жасашчу эле? Кылаарга ишиң жок болсо, жок дегенде ташты жонуп пайдалуу иш кылбайбы, дубалга буйволду тартпай! Мындай келесоолуктун кимге кереги бар?

Янечкова байбиче эриндерин кымтып унчукпай калды.

— Буйвол эле болсо гана… – деп кобуранды ал бир аздан кийин.

— Эмне дейсиң?

— Эч нерсе эмес, – деди байбиче кымырынып. Айткандан да уяласың… Билесиңби, – деди ал, акыры батынып, бүгүн эртең менен… үңкүрдөн… мамонттун азусунун сыныгын таптым…. Жылаңач аялдын кейпин оюп жасашыптыр. Көкүрөгү, анан калган жактары… – түшүндүңбү, баардык жери ачык?

— Койчу, – чал чочуп кетти. – Аны ким жасаптыр?

Янечкова ийинин куушурду:

— Ким билет! Кыязы, жаштардын бири болсо керек. Ал ыплас немени отко салып жибердим, бирок көкүрөгү… тимеле шумдук!

— Тьфу! Атаңдын көрү-ай, бара турган жерибиз калбай калды го, – карыя Янечек онтолоп жиберди. Бул бузукулук! Билесиңби, ушунун баары сөөктөн болбогон нерселерди оюп жасап жатышканынан болуп жатат! Мындай уятсыздык биздин оюбузга да кирмек эмес, анткени катуу таштан андай нерселерди жасай албайсың… Мына, алардын ойлоп табуулары кайда алып баратат! Булар тозокко барып түшкүчө жаңы нерселерди ойлоп табышканын коюшпайт!

Жок, болбойт, – деп пайгамбарлык илхам менен бакырды байыркы карыя Янечек, – бул шермендечилик көпкө созулбайт!

1931

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.