Кобо АБЭ: “Колдор”
(аңгеме)
Ошол түнү шаарда уңулдаган бороон согуп турду. Алыстан күңгүрөп согуп келип, телеграф мамыларына, дарактарга, дубалдарга урунганда, маймылдын чыйылдаганы, аялдын айкырыгы, бөбөктүн ыңаалап ыйлаганы, бейтаптын онтогонуна окшогон доош чыгарып, жамгыр тийбеген кууш жылчыктардан чуулдап жатканы шаар калкынын жакыр турмушунан жар салып жаткансыйт.
Көчөдө бараткан бир жан жок, түнкү электр чырактарынын үстү ун себелеп койгонсуп кыбаңдап жааган кардан улам бопбоз, а мен адатымча соксоюп жападан жалгыз, аалам мага космостук боштуктагы туманга чулганып калгансып бүдөмүк көрүнөт. Тогуз жолдун тоомундагы мен турган аянтчага бороондон калкалай турган эчтеке коюлган эмес, андыктан ысык-суукту жакшы тарткан менин денем андан бетер муздак тартып, мага кыбаңдап жааган кар дароо музга айланып, муз кристаллдары денемде жаркырап жатты.
Бир маалда бозоргон мейкиндикте бир караандын эрбеңдеп басып келатканы элес-булас көрүнүп кеткенсиди. Мага жакындай келгенде, анын адам экенин билинди. Ал мага дагы жакыныраак басып келди, мен турган пайдубалдын түбүнө келип, мени ылдыйдан абдан үңүлүп тиктеди. Толугунан келген кодойгон киши экен, ит терисинен жака салынган пахталуу пальточон, жүзүн моюн орогучка көрсөтпөй чулгап алыптыр. Алаңдаган көзүнөн анын бир нерседен чочулап, кабатырланып жатканы байкалат.
Мен турган пайдубалга жашынып турган киши тияк-биягын уурданып карады, качан анын басып келген изи жааган кардан улам билинбей калганда, бутун таканчыктай коюп, пайдубалдын үстүнө чыгып келатты. Уңулдаган шамал катуу согуп баштаганда, шамал учуруп кете тургансып башын ташка бекем ката калат. Бир нече жолу колдору жылмышып, буттары тайгаланып, башы таш бетинен ала-салып кетти, бирок ага карабай чымырканган денесине катылган күчтүү эрктин арты менен таш бетинде тырмышып олтуруп, акыры пайдубалдын үстүнө чыгып келди. Колдорун бири-бирине сүргүлөп аарчынганда чаңырык үнүнө окшогон ачуу үндөр чыгып жатты дейсиң, тим эле кар кишинин кыйкырганы, жез тырмактын айкырган үнү да буга тең келе алгыдай эмес, колдору чор тартып кабарып кеткен. Андан соң киши менин денемди дүркүрөтө чочутуп жиберер бир нерсени баштыгынан алып чыкса болобу.
Мүрүсүнө асынган баштыгынан темир кескен араасын сууруп чыгып, бир колу менен менин таман тушумдан араалоого ыңгайлуу жерин сыйпалап издеп баштады. Ошондо гана бул кишинин ким экенин жазбай тааныдым. Дал ошонун өзү. Колдорунун кыймылынан ошол экенин сезип калдым. Бул Колдор менин түрүмдү өзгөртүп, азыркы тагдырды мага ушул Колдор тартуулаган эмес беле. Мен үчүн бул киши Колдордон салаңдап чыгып турган денедей эле кадыры бар эле.
Колдор ишин баштады, сол колу менин бир бутумду бекем кармап, оң колу муундан өгөөлөп баштады. Андан соң темир кескен араа менен бутумду араалап кирди. Менин дене-боюмда араалоодон чыккан үн толкундары таралып, мен карайлап кыйкыра баштадым. Бирок менин кыйкырыгым кар кишинин өкүрүгүндөй катуу, жез тырмактын айкырыгындай ачуу боло албады, кол сунса жеткидей жерге дейре таралып барып, кумга сиңгендей житип кетип жатты.
Демек, Колдор канча убакыт иштей тургандыгы тууралуу айтсак, менин бутумду бир миллиметр терең араалаш үчүн темир кескен арааны беш жолу ары-бери кыймылга келтириш керек, үч ирет ары-бери кыймыл үчүн бир секунд убакыт кетет, менин бутумдун жоондугу төрт сантиметр алты миллиметрди түзөт, ошондо бир бутумду араалап кесишке ашыгы менен эки мүнөт убакыт кетет, иш арасында биртке дем алуу убактысын кошуп эсептегенде, эки бутумду араалап кесиш үчүн жалпысынан беш мүнөттөй убакыт талап кылынат. Менин бутумду араалап кесип жаткан кездеги убакыттан пайдаланып, силерге өзүм тууралуу, Колдор ким экендигин болушунча божурап берейин.
Өтмүш жашоомдо мен кат ташыган кептер, Колдор ал кезде катардагы жоокер эле, андан сырткары көгүчкөндөргө көз салып турчу. Азыр мен Тынчтык Көгүчкөнү аталыштагы колодон жасалган килейген айкелмин, ал эми Колдор менин бутумду араалап кесип жаткан кербези.
Согушта кат ташыган кептер кезимде көйкөлгөн сулуу, адамдай акылдуу жан элем, бир бутумда кат салган кутуча байланып, экинчи бутумда согуштагы каармандыгым үчүн алюминийден жасалган Баатыр ордени жаркырайт. Бирок мен буга өзгөчө маани деле берген эмесмин. Мен болгону туптунук көк асманга суктанып, тылдагы жолдошторум менен бирге кат жеткирип баратканда канат күүлөп сызганыма маашырланып, бирде тез, бирде жай аккан мезгил менен жарышып жүрө бердим. Өзүм менен өзүм алпурушуп күн өткөргөн карапайым жан элем. Азыр эми өзүм тууралуу кенен сөз кылсам жарашат, ал кезде өзүмдүн ким экениме деле саресеп салып көрбөптүрмүн.
Бир күнү каргашалуу согуш да бүттү, көгүчкөндөр кептерканада кала бердик, бизден кабар алган эч ким жок. Жем бергени бизди ар күнү ышкырып чакырып, кептеркананын астына күндө жаңылап саман төшөп, чөйчөктөгү сууну күндө алмаштырып турчу адам жылан жалмап кеткенсип жоголор замат кептеркананын куту кете баштады. Ошондон тарта мен жем-сууну өзүм тапканды үйрөндүм, өзүмө жан шерик таптым, куту учкан жашоом бир аз калыбына келе түшкөнсүдү. Баягы туптунук көк асманга суктанып, тылдагы жолдошторум менен бирге кат жеткирип баратканда канат күүлөп сызганыма маашырланып, бирде тез, бирде жай аккан мезгил менен жарышып жүргөн жашоомо кайра кайтып келгенсидим.
Адам колу тийбей калгандан кийинки кептеркананын абалы тууралуу айта турган болсом, кептеркана күндөн-күнгө урай баштады, жапайы маймылдардын утурумдук баш калкалаган жайына айланып, тентек балдар тосмосун сындырып, бир кезде тылда кызмат кылган кептер жолдошторумдун саны уламдан-улам азая берди. Албетте, арасында жем издеп башка жактарга учуп кетишип, ал жактан өзүнө ыңгайлуу жай таап алгандары да болду, бирок кандай болгон күндө да алардын саны барган сайын эмнегедир азая берди.
Бир жолу, көптөгөн айлар өткөн соң көгүчкөндөрдү караган жоокер капыстан кайрадан пайда болду. Ошол күндөн тарта ал менин тагдырымды чечкен Колдорго айланды. Колдор баягы эле аскер кийимчен, бирок далыда погону, белинде кайыш куру байкалбайт, аскер кийими бырышып эскире түшүптүр. Башында баягы чыкыйып кийген фуражкасы жок, чачтары мурдагыдай майлап таралбаган, өскүлөң чачы кирдеп кетиптир. Колдор мени майин-жумшак, ошол эле учурда кандайдыр бир сырды ичине катып тургансып тиктеди… Күтүлбөгөн кездешүүдөн башым тумандап, Колдордун далысына кандайча учуп барып конгонумду билбейм, анын далысына конор замат эски кусалыгым жан-дүйнөмдү өрдөп кеткенсиди. Колдор мени акырын артымдан кармады. Андан соң эмне кылары эсиме кылт этти: кутуга салып, мени бир жактарга алып жөнөр эле. Колдор мени кутуга салып, азыр да кайдадыр кетип баратты.
Барган жерим көчмө театр болуп чыкты. Ал жерде мени цилиндр формасындагы кутучадан коё беришет, кутучадан учуп чыгам да, каалаган жагымда каңгып учуп, кайрадан кептерканага кайрылып келем. Ал жерде мени элден мурун Колдор күтүп турган болот, аткарган кызматым үчүн Колдор мага төө буурчак берет. Өтө деле жаман жумуш эмес, эптеп иштеп турса болчудай. Ошондон бери бул жумуш менин ар күнкү сабагыма айланды. Колдор менин артым менен ушинтип нан таап жеп жүрдү, өзүмө байкалбаганы менен менде мындан жаңы адаттар калыптанды.
Бирок бул бакытым да мен ойлогондой көпкө созулган жок. Бир жолу жазында көчмө театрдын иши токтоп калды. Чакчайып тийген күнгө күнөөстөп олтурганымда, маңдайымда бир чоочун эркек пайда болду. Мен учуп кетмекчи болгонумда, өзүн аярлай кармаган чоочун алдыга бир кадам гана таштады да, жанатан бери мүрүсүндө илинип турган баштыгын колуна жаздап, мени көз кыйыгынан утур уурдана тиктеп кагазга калем менен бирдемелерди чиймелеп баштады. Анчалык деле коркунучту сезбеген жаным чакчайып тийген күнгө үргүлөп тура бердим. Бир маалда Колдор келди да, чоочун менен саламдашты. Чоочун эркектин элпек кыймылына байкоо салып турган Колдор үн катты:
– Сонун тартат экенсиң! Кандай сулуу көгүчкөн. Бул көгүчкөн – менин сыймыгым. Согуштагы каармандыгы үчүн Баатыр ордени менен сыйланган.
Чоочун эркек ишин тык токтотуп, андан сурады:
– Демек, согушта кат ташып иштеген экен да, туурабы?
– Ооба, кийин көчмө театрда көгүчкөнүм экөөбүз фокус көрсөтүп нан таап жүрдүк, кара басып көчмө театр кокустан өрттөнүп кетпедиби, иттики десе…
– Ха-ха-хаа… Кебетесин карасаң, ары сүйкүмдүү, ары күлкүлүү, – чоочун эркек жылмайып жооп берди.
– Кийин бул тарткан сүрөткө карап мунун айкелин жасайсыңбы? – деп Колдор сурады.
Экөө бир топко дейре унчукпай калышты. Чоочун эркек ишин улантып, Колдор анын элпек кыймылын байкап олтурду.
– Кыймылдабай, тынч олтур, – деди бир маалда чоочун эркек.
– Жаны болгон соң, кыймылдайт да, – деди Колдор.
– Ай, досум, – деди чоочун эркек мага карап. – Бул менин жумушум, суранам, былк этпей туруп берчи бир аз.
– Бул айтканың бекер. Ал түшүнмөк беле.
– Андай болсо… – деди чоочун эркек ишин токтото салып, анан үнүн бир аз өктөм чыгарып сурады: – Муну мага сатпайсыңбы?
Колдор көздөрүн ирмеп-ирмеп алып, акыры бир жыйынтыкка келгендей кыска үн катты:
– Мейли. Канча бересиң?
Андан соң экөө бир топко дейре күбүр-күбүр бирдемени талкуулап жатышты. Экөө бирде каштарын үрпөйтүп, бирде сөөмөйү менен айлана жана сызыктарды абада чийип көрсөтүп, баштарын чайкап көпкө соодалашты. Акыры чоочун эркек Колдор менен алакан алышты, Колдор ыраазымын дегенсип башын ийкеп тим болду – мен сатылган баанын бычылганы белгилүү болду.
Колдор мени кармады. Эч кандай жумуш жасабасам деле, чөнтөгүнөн бир кочуш төө буурчак алып чыгып, алдыма себелеп жатып мага майин-жумшак үн катты:
– Мэ, акыркы ирет өз колумдан жеп ал, курганым.
– Аяп жатасыңбы? – артында турган чоочун эркек сурады.
– Жок, андай деле эмес, – деди Колдор үнү каргылданып.
Адаттагыдай эле мени кутуга салып, бир жакка алып жөнөштү. Бирок барган жерим мен ойлогон көчмө театр эмес, башка жай болуп чыкты. Ичи көрдөй караңгы, ачуу дары жыттанган кенен үйгө алып киришти. Мени чалкамдан жаткырып, көкүрөк тушумдагы жүндөрүмдү аткый жулуп алышып, курч скальпель менен ичимди тирүүлөй жарышты. Андан соң ичеги-кардымды тирүүлөй сууруп алышты. Теримди этимден этияттык менен кеспей бүтүн шылып, этимди казанга салып, кызарта кууруп туруп, жыргап жеп алышты. Теримди зымдан жасалган скелетке чебердик менен каптап, көгүчкөндүн кебин жасашты.
Андан соң мени кайрадан кутуга салышты да, баягы чоочун эркектин өнөрканасына жеткирип беришти. Ал мени чакан секичеге кондуруп, канатымды түздөп, башымды өзү каалагандай кылып бурду. Мына ушинтип мен мурунку болмушумдан башка болмушка көчтүм. Чоочун эркек мени утур тиктеп, колунда ийлеген чопону чаптап айкелдин макетин жасап кирди.
Сырттан караганда болуп жаткан иштер мага эч кызыгы жоктой туюлушу мүмкүн. Бирок бул чоң жанылыштык. Мени тирүүлөй союп салышканын айтпай эле коёюн, ар бир башта бир өлүм, айтайын дегеним башка: мен кандайдыр бир өзгөчө затка, идеяга айландым десе жарашат. Чоочун эркектин колу аркылуу мен материалдык болмуштан идеялык болмушка айландым. Демек бул процесстин ички маңызы менен сырткы көрүнүшүндө асман менен жердей айырма бар бекен? Аруу сезимдердин интегралдык баалуулуктары болгон жаным эми минтип ой маанисиндеги интегралдык баалуулукка айландым.
Бул трансформациялык процесс бир жолу жайында аягына чыкты. Ичимди тирүүлөй жарып алышып, теримден көгүчкөндүн кебин жасап жатышканда, шашылып жатышып антисептик каражаттан азыраак кошуп коюшкан экен, көгүчкөндүн кебине айланган мен сасып жыттанып, ичимди курт басып кеткенде, очокко ыргытып, өрттөп жиберишти. Анткен менен чоочун эркектин колу аркылуу мен көгүчкөндүн айкелине айландым. Кокустан өткөн иштердин терең маанисин аңдагандай болдум.
Азыр мен Тынчтык Көгүчкөнү аталыштагы айкелмин. Так аныкталган маанини туюнтуп турам, башкача айтканда, өзүм аркылуу ушул ойдун маанисин ачып бере алам, бирок өкүнгөнүм – такыр өз алдымча боло албай койгонум. Кыскасы, азыр мени колдогон адамдардын аракети астында гана жашай алам. Мени тогуз жолдун тоомуна орнотушканы да ошондон улам. Бул тогуз жолдун тоомундагы аянтчада саясий динамикалык процесс тамырда жүгүргөн кандай кызып турар эле.
Кайрадан кеп төркүнүнө кайтып келели. Колдор менин экинчи бутумду да араалап бүттү окшойт. Буга чейин эмне иштер болгонун божурап бербесем, Колдордун бул жайда эмнеден улам пайда болушу күтүүсүз жана түшүнүксүз болмок. Колдор мени арзыбаган акчага сатып жибергенине кийин өтө өкүнгөнүн жон терим менен сездим. Ошол окуядан кийин Колдор ар күнү мен орнотулган тогуз жолдун тоомуна келип, менден көз албай тиктеп, тамеки тартканча оозунан көк түтүндү бурулдатып көпкө мелтиреп тура берер эле. Анын аянычтуу жүзүн көрүп, бечара мени саткан акчага жалчып деле кетпегенин түшүндүм. Колдор жашоодон биротоло четке сүрүлүп калгандай. Мени арзыбаган акчага сатып жибергенине өзүн өтө чоң кылмышкер сезип, ичинен эзиле кайгырып, жанын коёрго жер таппай калыптыр. Бул кылыгын ичинде сыр катары батырып жүрүшкө эч эле кайраты жетпей кыйналат. Алдынан чыккандын баарына менин тагдырым тууралуу төкпөй-чачпай божурап, андан бирөө сурабаса деле, бул айкелди бир күнү өз колум менен жок кылып тынам дей берчү экен.
Бир күнү Колдордун чыркыраган үнү тынчтыкты каалабаган күчтөргө жетет… Анысын бир аз туруп айтып берейин. Колдор менин эки бутумду тең араалап бүттү.
Баарын бир четтен божурап баштайын. Мен кулап баштаганда, Колдор мени жөлөй кармап, жипке чырмай салып, жерге акырын абайлап түшүргөндө, калың карга батып кетип, көрүнбөй калдым. Колдор пайдубалга жипти байлай салып, аны менен ылдыйга тырмышып түшүп келди. Андан соң мени кардын астынан сууруп алды да, жонуна артып, катуу шамалдан ылдый эңкейген барабар уңулдап соккон бороон-чапкынга аралашып кирип кеткен барабар бул жайдан көздөн кайым жок болду. Артынан кар кишинин кыйкырганы, жез тырмактын айкырганына окшош үндөр угулуп кала берди.
Эки көчөнү аралай өтүп, согуш маалында бомба жарылган үйдүн жертөлөсүнө келгенде, ал жактан беш-алты киши утурлай чыкты. Бирөөсү Колдордун жонунда артылган мени кармады, экинчиси Колдорго конверт сунду да, жарайсың азаматым дегенсип далысынан жылмая таптап койду. Андан соң алар Колдорго жакшы кал деп бир ооз сөз айтканга жарабай, таркап кетишти. Соксойгон Колдор аларды артынан тиктеген бойдон үн-сөзсүз кумсарып тиктеп кала берди. Кетип баратып бирөөсү кеп баштады:
– Баары ойдогудай болду. Көрдүңөрбү, келесоону да эбин таап пайдаланса болот. Бул келесоо акчага гана иштеген жери жок, мындай жол менен өзүн эзип-жеп жүргөн кайгыдан да кутулам деп ойлогон, а биз ага шарт түзүп бердик.
Анда экинчиси айтат:
– Бул жерде реалдуулук фантазияны пайдаланып кетти. Бул келесоо айкелди уурдап жок кылам деп жүргөнүн элдин баары билет. Бизге Кудай кыңыр ишти жашырыш үчүн ушундай келесоону туш кылганын карасаң.
Буларды өкмөттө иштеген карасантай күчтөр жалдаганы белгилүү болду. Менин айкелим аянтта турганы алардын түн уйкусун бузуп жүрүптүр. Мени жок кылам дешкенде, эки көзү төрт эле. Ошондо алар кууш реалдуулукка көздү жумуп, келесоо Колдорду бул ишке алдап көндүрүшөт. Бул иш ушуну менен эле бүтүп калса кана. Алдыда далай кызыктар бар.
Мени жашыруун заводго жүктөп барышып, кайрадан эритип, андан ары башка заводго алпарышып, ушундай эле металлга кошуп эритишип, мен металлдын чоң кесегине айландым. Менден ар түрдүү буюмдар жасала баштады, бир бөлүгүмдөн тапанчанын огу жасалды. Бар болмушумдун бир бөлүгү ошентип тапанчанын огуна айланды. Менден жаңы мазмун жана форма жаралды: тапанчанын огу аталган жаңы материя келип чыкты.
Тапанча огун ар кандай тагдырлар күтөт эмеспи, мен кайсы бир ишти жүзөгө ашырганы тапанчага салындым. Мен кандай ишти аткарышым алдын-ала белгилүү эле. Дүрмөт дарынын энергиясы аркылуу сыртка атып чыкканы тапанчага октолдум. Былк этпей мисирейген жүзүм узун кууш ийиндин оозун тиктеген бойдон. Кууш ийиндин оозунан чөнтөк түбүндө жаткан акыр-чикирлер көрүнөт. Тапанчага октолгон бойдон бир нече күн көчө кыдырып, кожоюнум экөөбүз ким бирөөнү аңдып, таба албай көпкө убара болдук. Бир жолу түнкүсүн тапанча чөнтөктөн шамдагайлык менен дароо сууруп алынганда, тапанчанын кууш ийининен түнкү шаардын үзүктөй бөлүгү көрүндү. Түнкү электр чырак жарыгынан эркек кишинин караанын көрдүм. Аттиң ай, аттиң дүйнө! Бул бечара баягы Колдор эле. Өкмөт тарабынан Тынчтык Көгүчкөнүн уурдап жок кылган каракчы аталган байкуш Колдор бир айдан ашуун жашырынып жата берип, уят-намысы курганды эзип-жеп, өңдөн азып жүдөй түшүптүр. Журт башкарган аткаминерлер муну алдап, айкелди өзүнө уурдатып, андан соң анын көзүн тазалап жок кылышка башкаларга буйрук беришкен тура. Азыр эми ал буйрукту мен аткарам!
Тапанчанын маашасы басылар замат, ичиндеги ок дары дүрт тутанып, андан бөлүнүп чыккан ашып-ташкан энергияга шыкакталган мен тапанчанын кууш ийини аркылуу чуулдаган бойдон сыртка атып чыктым. Маңдайда түптүз сызыктан башка учар жолум жок, мен ошондой жаратылгам. Чуулдап учкан бойдон барып, Колдордун денесине кадалганымда, кан чачырап кетти, андан ары Колдордун денесин көзөп өттүм да, жол боюнда өсүп турган дарак сөңгөгүнө барып кадалдым. Артымдан Колдордун өлөр алдында онтогону, денеси жерге күп кулаганы угулуп кала берди. Мендеги бир болмуштан экинчи болмушка көчүү процесси ушинтип биротоло аягына чыкты.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ