Ж.Саалай: “Орто жолдо бир жоголуп табылдым”

Назарыңыздарга адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Ризван ИСМАИЛОВАнын Кыргыз эл акыны Жедигер Саалайдын “Кут” аттуу китеби тууралуу макаласын сунуштайбыз.

Сайттан

______________________

Акын. Тагдыр. Поэзия.

Акын коомдон өзү жашаган коомчулуктан ой, идея, тема алат. Аны жүрөгүнөн алып өтүп, ырга айлантат. Ырдын сапаты менен салмагы жарыкка чыкканда гана окурмандардын таразасына коюлуп, баасын алат. Жыйнактагы ырлардын дээрлик бардыгы кандай шартта жазылды, эмне түрткү берди кыскасы, калемгердин ошондогу абалынан, жан-дүйнөсүнөн аздыр-көптүр кабар берип турат. Чындыкты, өзү көргөн окуя, факты же көрүнүштү жазган менен ойдон чыгарып, ойкутуп-кайкытып иллюзия менен жазгандын айырмасы байкалбай койбойт. Адабияттын тарыхына сереп салганда өзү жөнүндөгү чындыкты жазгандар саналуу. Анын себептери белгилүү. Улуттук адабиятта көптөгөн акын-жазуучулардын жеке чындыгы, сыры, түйүндүү акыйкаты өздөрү менен кошо кетти… Орус адабиятында бул өңүттөгү абал башкачараак, оң-тескерисин, жакшы-жаманын, көргөн-билгенин, болгонун болгондой жазышат, эскеришет. 

Жедигер Саалай (Жетиген) кыргыз элине белгилүү акындардын бири. Анын ар кайсы жылдары жарык көргөн “Жөрөлгө”, ”Башат”, “Аргасыздык ырлары”, “Аттануу”, “Аламан”, “Арыбагын, Күн!”, “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!”, ”Манас дух” деп аталган бир канча ыр жыйнактары менен окурман журтуна жакшы тааныш. Акындын поэтикасынын башкы мотивин мекенчилдик, эл-журтка болгон чоң сүйүү, чынчылдык, кайратмандык, жаратмандык менен улуттук духтун өлбөс-өчпөстүгүн даңазалоо түзөт. 

Кыргыз эл акыны Жедигер Саалайдын “Кут” аттуу китебин колума алып, ырларынын ички монологуна сүңгүп киргенге аргасыз болдум. Тематикасы ар түрдүү болгону менен ушул жыйнагында акындын жеке тагдыры, жеке жашоосу, жеке сыры соңку жылдарындагы “үй-бүлөлүк төңкөрүшү” ачык айтылыптыр. Ачык дегенибиз, себептери, жубайлардын күнөөлүүсү ким, кимиси көбүрөөк ката кетиргени сыр бойдон калганы менен жеке тагдырын өз оозу менен айтканы, ушак-айыңга сууп сепкендей таасир калтырат. Адамдын башына мүшкүл иш түшкөндө, айрыкча аял-эркектин оту күйүшпөй калганда, чогуу жашаганга таптакыр болбой калган учурдун жүйөлүү себебин экөөнөн башка эч ким анын ак-карасын анык билбейт.

Буйругу экен Кудайдын көрдүм дегем,
Балдар үчүн баарына көндүм дегем.
…Ажырашам… – дегенде, – алтымышта…
Өкүм болуп угулган: “Өлгүн!” деген.
            Экинчи өмүр (“Кут” 37-бет)

 

Өөп да, чаап да көрдүм эркекче,
Оо, Кудайым, урушту түк көрсөтпө!
Кантсем дагы калбады түк адатың,
Жакшынакай туруп эле “селт” этме…
          Ойрон түн (68-бет)

Элде накыл сөз бар эмеспи. “Чымчыктын да уясы бузулбасын…” деген, анын сыңарындай акын ошондогу абалын, ички муң-зарын, кайгы-касиретин, жан дүйнөсүн өрттөгөн жалындын алоосу канчалык экени айтпаса белгилүү. Жаш кезде ажырашса, күчкө толуп турганда куракта эки айрылыш жолго кетишсе түшүнсө болот, өмүрдүн түштөн кийинки мезгилинде карылык эшик кагып турганда үй-бүлөнүн ыдырашы кимди болбосун куйкалабай койбойт. Эл-журт, бала-чака, небере-чебере, куда-сөөктөн намыстанып, өрттөнүп кеткидей абалды: “ Өкүм болуп угулган: “Өлгүн!” деп, ачык, таамай айтат.

Кайран кырк жыл! Кыялыңан тажабай,
Балдарым деп, жашап келдим баладай.
Өгөй болгон өз жарыма кош айтып,
Өз үйүмдөн кеттим артым карабай…
          Кайран кырк жыл! (15-16-беттер)

Ажырашуу кимдин болбосун турмушундагы оор кайгы. Аны сырттагылар, тууган-уругу, жакын санаалаштары деле ажырашкандарчалык сезбейт-туйбайт, жүрөгүнүн аортасынан өткөрбөйт, көңүл айтышат, сооротушат, акыл кошушат, бирок ошол “шок” абалдын терисине ороно алышпайт. Ушак-айыңдын чын-төгүнүнүн табышмагы да так ушунда.

“Үй-бүлөмдү элден калбай багайын” –
деп мен дагы үрөп келдим жан-алым.
Редактор, сот, илим жактап, ректор,
Акын болуп көп эле ишке жарадым.

Акын ичиндеги күйгөн от-жалындын, ачуунун, кайгынын караңгы түндөрүн көз алдынан өткөрүп отуруп, жаңыдан үйлөнгөн кездин бактылуу көз ирмемдерин, кубаныч-шатыкка толгон күндөрүн элестетип, эмне себептен үй-бүлөгө жик түшүргөн, коломтого суу бүрккөн, бирин-бири көргүсү-уккусу келбеген абалдын себептерин так билбей баш катырат. 

Билбейм, качан мен эмнеден жаңылдым,
Билбейм, кайдан мен эмнеге кабылдым?
Орто жаштан ооп калган кезимде
Орто жолдо бир жоголуп табылдым.

Тагдырсыз ыр болбойт. Же ырдын тагдыры анын саптарынан билинет. Демек, акын менен анын ыры өзөктөш, тамырлаш, эгерде ал чын жүрөктөн суурулуп чыккан ыр боло алса… Демек, ыр тагдырсыз жазылбайт. Акын тагдырын ырында кошо ырдайт. Акындын жеке турмушу анын ырларында өз оозу менен айтылса же ырдалса, ойдон чыгарылбаган, жасалмасыз, ал – нукура ыр.

Акындар жөнүндө эл ичинде азил-чыны аралаш кептер көп айтылат. “Кой аксагы менен миң…” дегендей, акындардын деңгээли, талантынын кудурети, жеке тагдыры, жеке дасмиясы алардын личносттук категориясынан кабар берет. Акындар өздөрү жөнүндөгү чындыкты элден укса же чычалайт же макул табат. Ж.Саалайдын “Токсон сегиз” же “жүз бир” деген ырын өзүн-өзү актоо же сооротуу деп кабылдаганга болбойт. Мүмкүн тагдырында опурталдуу бурулуш болбогондо, ушул ыры жазылат беле же жокпу?…

 Талканы бар байын жакшы көрүшүп,
Таланты бар, талкансызын сөгүшүп.
Тамаша-чын “токсон тогуз” же “жүз бир” деп,
Акындарды коёт экен бөлүшүп… 

Акын-жазуучулар эле эмес, биздин өлкөдө чыгармачыл кишилердин (сүрөтчү, бедизчи, музыкант ж.б.) материалдык абалы мактанарлык эмес. Акыл-эстин же чыгармачылыктын арзыбаган кирешеси менен жан баккандардын эмне себептен колу жукалыгы айтпаса белгилүү. Эгемендүүлүккө ээ болгон отуз жылдан ашык мезгилде материалдык жыргалчылыкты биринчи планга коюп, үй-жай, кымбат маркадагы унаа, кызмат, даража кыскасы, ким эмнени кааласа, эмнени максат кылса, ошого жетишкени менен интеллектуалдык байлыктан көпчүлүк куржалак калганыбызды жашыра албайбыз.

Балдарымдын энекесин бош койдум,
Тагдыр экен жалгыз калып соксойдум.
Бир аялды кыла албаган бактылуу,
“токсон сегиз” же “жүз эки” окшоймун.

 

***

Тагдыр керек деген кезде акынга,
Тайкы тагдыр тилешкенсийт азыр да.
Бакыт-таалай жарашпастай талантка
Дешет: “Акын качан болсо жакыр да!” ( 33-34-беттер)

Акындык тагдырдын тагыраак айтканда, дареметин бааланбай калганынын толгон-токой себептеринин ичинен чала-сабат, акын сөрөй, ыр жазчумун деп “ыр станогунан” тынымсыз пыр чуубурткандардын көбөйүшү, жамак менен ырды ажырата албай калган сабатсыздыктын, акын деген атактын артынан жарышка түшкөндөрдүн кесепетинен болуп жүрбөсүн?.. Акындын жан дүйнө кубаты алоолонуп турса, чагылгандай чартылдап, пендезатка от уурдаган Промотейдей жанып турса, аны уккан-окугандардын духу кантип жалындабай койсун? 

Кыргыз адабиятында көзүнүн тирүүсүндө акындыктын ооматынан көрө азабын тарткан аянычтуу тагдыр күтүп, ыр дүйнөсүн уурдатып же жоготуп, бир “жарк” деп жанып, “жалп” этип өчкөн сейрек жылдыздуу акындар өткөн. Алардын бири Курбанбай Калдыбаев (1938-1984) 46 жашында “ачуу” менен түбөлүк коштошуп, жаңы жашоо жолун кайрадан таап, оргуштаган талантын таптап турган мезгилинде жол кырсыгына кабылып, ажал табат… Анын иниси “Муктарга” деген ырындагы мына бул саптар:

Көз ачып көргөн Зульфиям,
Көңүлүм улап койгон жок.
Арзыган уулум Ак-Назым,
Алымды сурап койгон жок. 

 

***

Даанышман болуп башында,
Дарс айтып турсам жашымда.
Агаин-тууган жүрчү эле,
Айланчыктап кашымда

 

***

Ак сүт ичсем элде жок
Алтыным агып селде жок?!…
Алты жыл тепсем оромпой,
“Ай!” – деп койгон пенде жок. (3.01.1984) 

[Курбанбай Калдыбаев “Сапар түйшүгү” Бишкек-2005. 146-147-беттер]

Кезегинде интеллектуалдык тереңдиги, билиминин күчтүүлүгү жана акындык таланты менен тез таанылган маркум К.Калдыбаевдин алты жыл ачуунун артынан түшүп, үй-бүлөсүнөн, дос-жарынан, жакындарынан ажырап, жан дүйнө табылгасынан (ырларынан) кол жууп, ара жолдо калышы тагдырдын жазмышыбы же өзүнүн байкуш (нашкүр) пендечилигиби? Тагдырдын жазмышынан эч ким качып кутула алган эмес…

Акындын атагы таш жарып турганда анын итине да салам бергендердин бирин да башына иш түшүп, көзү караңгылап, айласын таппай, мөгдөп-мукурап турганда жанынан таппайсың… Көрмөксөн-билмексен, укмаксан болуп, каерден күн жаркырап чыгып турса ошерге чуркайт. Бул алмуздактан келаткан пендечилик.

Биздин каарманыбыз таланттуу, позитивдүү акын Жедигер Саалай тагдырынын көтүлбөгөн оор сыноосун, жазмышын эрктүүлүк менен жеңип, нукура акындык дилинен чыккан аруу, ак дилдүү ыр саптарына өзүн да, өзгөнү да ийиктирип, “жамандыкты амандык жеңет” деген аксиоманын чындыгын айгинеледи. Өмүр көчүндө жолуктурган кийинки аялы “Гүлзатка” арнаган ырындагы мына бул саптар, акындын жеке жашоосуна кут, бакыт алып келгенин шардана минтип айтат:

Кара жаным кыюуга кол салалбай,
Калсам не деп андан көрө жаралбай.
Кайыл болуп бул дүйнөнүн баарына
Басып калгам жинди болгон адамдай.

Биз жолуктук тар жол, тайгак кечүүдө,
Сен да мендей жан дүйнөң бир эзүүдө.

 

***

Ким бирөөгө мен да керек экеним,
Билгиздиң сен өлүүгө эрте экенин.

Ырды жаза албай калгандан эмес, ыр жазганга мажбурлаган тагдырдын таштактуу жолунан өзүн жоготпой, турмуштун ар кыл сыноосуна сынбай, элге берер дасмиясын кубултуп-курчутуп, айткан-дегени орундуу, сөз берметтерин ой казысына кынап, ЫРга сыйынган, ырга ышкылуу, ырдан тагдыр күткөн калемгер бар болсун дейли…

Акындын “Кутунда” “Ак-Муз кыш этюддары” деген ырлары бар. Балалыктын көкүрөккө уюп калган өчпөс элестерин сөз жандуу адамдар өмүр бою өздөрү менен кошо алып жүрүшөт. Ошол сезим көкүрөккө куюлуп, куттай уюп калган үчүн бала бойдон калат. Ошол сезимдин таасиринен өмүр бою руханий азык алаары да анык. Бала кездин назик, туптунук элесин, сагыныч менен кусалыкка боор батырган балалыкты эстебеген жан барбы? Ырга айланып кеткен элестер кийин деле сезимге тынчтык бербей, калемгердин ой-туйгуларын дүрбөтүп, эзелки туулган жердин, киндик кан тамган үйдүн, айылы Ак-Муздун аяздуу, сыйкырлуу панорамасы, ак карлуу, көк муздуу Ат-Башынын катаал кышы, сүрдүү кар-музу капылет адашып борборго келип алыптыр…. Ыр саптары ары элестүү, ары таасирдүүлүгү менен окурманын оңой өзүнө тартат. Этюддардын көркөм-эстетикалык маңызы ырахат тартуулайт, элеси көз алдыңызга тартылат.

Аппак бубак кийип көчө, бак-дарак,
Аппак чапан Бишкек бүгүн жамынып.
Ат-Башыда курган азыр салтанат,
Ак-Муз кышы шаарга келди жаңылып.

 

***

Жааган кардан кээде эшик ачылбай
Күрткү басып үтүрөйгөн үйлөрдү.

 

***

Итче жулкуп, колтугуңа кол салчу
Бороон күчүн балдар элек сезбеген. 

 

*** 

Бороон – күчүк, түртүп-түртүп асылып,
Ойноор эле биз мектепке жеткиче.
Көчө жатчу калың карга басылып,
“Алтын күрөк” – шамал күрөп кеткиче. (“Кут” 42-бет) 

Акындын бул ырындагы “аппак чапан, шаарга келди жаңылып, үтүрөйгөн үйлөрдү, итче жулкуп, колтугуңа кол салчу, бороон -күчүк, сен седептей карда жаткан чачылып, сен аязда кызгалдактай ачылып ж.б.” салыштыруулары ырдын идеялык- көркөмдүк деңгээлин жогорулатып, маңыз-маанисин тереңдеткен. Көркөм тилдин поэтикалык каражаттары канчалык (мисалы: бороон-чапкындын боздогон, ышкырып, албууттанган кезин оюн-күлкүгө тойбогон, көк муштум балалыктын кенебестиги…) реалдуулук, турмуш чындыгы менен айкалышса, ошончолук ырдын даамы тамшандырат.

Эсимде, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин мындай сөзү: “Адам дүйнөгө бир гана келет. Андыктан, ал анда узак калууну самайт. Бул табыйгый нерсе. Бирок өмүр кандайча өтөт; жашаган жылдары ичинде эч нерсе жок, бош идиштерге окшоп каңгырап кала береби же кол мөөрү, акыл азыктары менен толтурулуп, тарых текчелерине алынып калабы? Кеп ушунда…” [ “Ала-Тоо” журналы, 1991-ж] деп айтканы, эсиме көп келет. Улуу акын муну өз турмушунан, өз өнөрканасынан алып айтып жатат. Анын поэзиядагы өмүрү чыныгы акындарга тиешелүү эң башкы нерсени акын деген наамдын наристедей аруулугу, акактай тазалыгы, баладай чынчылдыгы үчүн күрөштүн бүтпөстүгүн айтып жатат. 

Акындын “Үй-бүлө” деген (85-97-беттер) термеси окулганда шыр окулат, тили жатык, муундар ширелишкен, ак менен каранын айкалышы бирдей, маани менен маңыз кынтыксыз ырдалгандай туюлат. Термеге мүнөздүү ыргак, ритм, рифма, интоннация жакшы сакталган. Кыскасы, ырдын техникасында айып жок. Кептин баары мурунку айтылган ойлор, ой курамдар, ой тизмектердин кайра кайталанганында, айтыла берип кулакка жат болуп бүткөн ойлордун курандысы-уландысы чубалжыйт да, жаңыча боёктор, жаңы өң-түстөр, жаңыча ой-бүтүмдөр, ой-түйүндөргө жана жаңы идеяга жардылыгында, чуркактыгында… Жаңы образдар жөнүндө сөз жок. Дидактикалык мүнөздөгү термеге термелип отуруп, илип алар эч нерсеси жок кургак акыл-насаатка карк болосуз… Сөзүбүз куру болбосун үчүн ырдан өзүнөн айрым саптарды бери тарталы.

Ырыскы-кешик түнөгөн,
Ырымдын башы бүлөдөн,
Теңирим өзү сүрөгөн,
Термемдин башы бүлөдөн

 

***

“Жакшы болсо баласы –
Ата-эненин канаты.
Жаман болсо баласы –
Ата-эненин жараты” 

Деген сөз бар кыргызда.
Мунун баарын биз көрүп,
Жатпайбызбы турмушта.

 

***

Тилегеним, оо жаштар,
Жакшы кызга үйлөнүп,
Жакшы эрге тийгиле!
бардык нерсе ушинтип
Үй -бүлөдөн башталат.
Эмгекке да уул-кызы
Үй-бүлөдө такшалат.
Ынтымагы бар үйдү
Ата-эне бир башкарат.

Улуттук адабиятта терме ырларын классикага айландырган, терменин башынан аягына чейин чыйралган кенеп жиптей ак-карасын, жакшы -жаманын терип ырдоо жагынан алдына ат салдырбаган дидактикалык мүнөздөгү атактуу термелер бар. Элдик термелерден тартып, Токтогул менен Барпынын, Алымкул менен Калыктын, Райкан менен Байдылданын классикалык термелери үй-бүлө, коом, адамдын жүрүм-туруму, адеп-ахлагы жана мүнөзүнүн ак менен карасын терип, экөөнү ашташтырып өргөндөй, жамандын эмнеге жаман экенин, жакшынын эмнеси жакшы экенин таамай, элестүү, таасирдүү, кылычтай курч саптар айтып бергени менен ушул кезге чейин жашап келет.

Ал эми Ж.Саалайдын термеси кечээги, бүгүнкү үй-бүлөнүн абалын, мазмунун, коомдогу орду менен маанисин реалдуу ачып бере алган эмес, көндүм термелерден таасиринен чыга албай калган. Канткен менен доор алмашты, коом өзгөрдү, формациялардын кагылышы адам пендесин кыйла эле калчады, экчеди, сындырды, чыйралтты, отко салды, чокко салды дегендей… Өткөн совет доору, эгемендүүлүк жылдары, базар экономикасы, жапайы капитализм, өткөөл мезгилде үй-бүлө өзгөрдү, үй-бүлөнүн мүнөзү, адеп-ахлагы, вазыйпасы өзгөрдү, үй-бүлө баалуулуктары жоголуп баратат, ата менен уулдун, эне менен кыздын, бир туугандардын мамилеси мурункудай эмес. Ата-бабанын салт-санаасын, каада-салттарын чангандар чыкты, тангандар бар. Эл аралык интеграция, ааламдаштыруу процесси, пендени чынжырга байлагансыган смартфондун жаңы-жаңы моделдерди бүтүндөй жашообузду кекиртектен кармап турат.

Биз акындан үй-бүлөнүн чыныгы статусу жөнүндө, бүгүнкү күндөгү үй-бүлө баалуулуктары, салт-санаасы кандай, азыркы абалына болгон көз карашын, мамилесин, ой-бүтүмдөрүн көргүбүз-уккубуз келет. Ал эле эмес, үй-бүлөнүн кадыры, баа-наркын өзүнүн жоон териси менен сезгени кошумча, жаңыча ойлорду жаратат деп ойлогонбуз.

Акындын аталган жыйнагында “Арноо ырлары” арбын. Арноонун эң бир мыкты иштелген формасы орус, дүйнөлүк адабиятында арбын учурайт, тилекке каршы, бизде мактап-жактап, кургак даңктап-даңазалаганды жакшы көрөбүз. Бул бир эле биздин Жедигер акыныбызга эмес, дээрлик көпчүлүккө тиешелүү ой. Ыр арналган кишинин образын, интеллектисин, ички жан дүйнөсүн, инсандык сапатынын артыкчылыгы, кадыресе кемчилиги, пендечилиги айтылбайт. Жеке мамилеси, жамандык -жакшылыкта карым- катнашы болсо, китептин каарманы болуп калат. Мындай ырлардан көпчүлүк акындар кол үзбөй келатышат.

Ал эми дүйнөлүк классикадан которгон котормолору жөнүндө өзүнчө сөз кылса болот. Чоң акындардан чоң ойлорду, мурун-соң акыл-эске келбеген жаңы табылга, жаңыча чабыттар, жаңы алкактар менен бийиктиктерди күтүү окурман журтунун изги тилеги экен.

Ризван ИСМАИЛОВА,
филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.