Сенеканын Луцилийге жазган каттарынан – 4
1-3-каттары, 4-6-каттары, 7-9-каттары
ОНУНЧУ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Дал ошондой, мен дагы эле көз карашымды өзгөрткөн жокмун: топтошкон элге жолобо, аз киши болсо да, ал тургай жалгыз адамдын да жанына барба. Сени мен эч ким менен көргүм жок. Өзүңдү өзүңө ишенип берип, мен сени канчалык бийик баалап жатканымды өз көзүң менен көрүп ишен. Бир жолу Кратет, мен мурдагы катымда эскере кеткен Стильпондун окуучусу, сейилдеп жүргөн жаш уландан бул жерде жалгыз эмне кылып жүргөнүн сураган дешет. “Өзүм менен сүйлөшүп жүрөм” –деп жооп берет тиги. Анда Кратет мындай деген экен: “Мен сенден суранам, абайла, этият бол: сен сүйлөшкөн адам – жинди чалыш неме.” Адатта, биз кайгыга же бир коркунучка калган адамды жалгыз калтырбай жанында болобуз. Дегеле, бардык эле акыл-эси жокторду жалгыз калтырбаш керек: алар жалгыз калганда арам ойлору тынчын алып, өздөрүнө жана айланадагыларга кооптуу абал түзүшөт, оозго алгандан да уят ыплас иштерди жасашашат. Эл ичинде жүргөндө уят менен коркунуч ооздуктап турган нерселер байлоодон бошонуп, оройлугу, айбандык сапаттары алдыга чыгат. Жалгыздыктын бир артыкчылыгы бар: эч кимге сырың ачылбайт жана эч ким айыбыңды чукубайт; бирок, келесоого ал деле жардам бербейт, ал өзүнүн айыбын өзү жарыя кылып салат. Көрдүңбү, мен сага кандай ишенем, тагыраагы мен сен үчүн жооп бере алам (анткени “үмүт” бул боло турган же такыр эле жок нерсе): мен сага өзүңдөн башка жакшы жолдошту тапкан жокмун. Сенин чын дилиң менен айткан мааниси терең сөздөрүңдү кайрадан эстеп жатам. Анда мен өзүмдү куттуктап, мындай деп ойлогом: “ Бул жөн эле ооздон чыгып кеткен сөздөр эмес, анын сөздөрүндө терең маани жатат. Бул адам – көптүн бири эмес, ал өзүн сактап калууга умтулат турбайбы.” Так ушундай сүйлө, дал ошондой жаша. Эскертээрим: бирөөлөргө кул болуп калгандан сактана жүр. Мурдагы дубаларыңды кудайдын эркине кой, кайрадан дуба кылып тунук акыл-эс жана таза жан-дүйнө сура, андан кийин гана денеңдин соо болушун тиле. Эмне үчүн бул дубаны бат-бат кайталап турганга болбосун? Кудайдан коркпой эле суран: сен башкалардыкын сурабайсың. Бирок, адаттагыдай эле бул кат менен белегимди жибергим келет. Керектүү сөздөрдү мен Афинодордон таптым: “Билип кой, сен бардык суктануулардан, качан кудайдан жашырбай баары укса боло турган нерселерди суранганда гана эркин боло аласың”. Адамдар кандай гана келесоо десең! Кудайдан көккө жеткиче шыбырап уят нерселерди жалынып суранышат, бирөө кулагын түрүп тыңшап калса унчукпай калат, кудайга айткандарын адамдардан жашырышат. Карап көр, бул кеңеш сага да пайдасы тийгендей болсун: адамдар менен сага кудай карап тургандай мамиле кыл, кудай менен адамдар тыңшап тургансып сүйлөш. Аман бол.
ОН БИРИНЧИ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Мени менен сенин досуң, жөндөмдүү жаш жигит аңгемелешти: мага анын жан-дүйнөсү, акыл-эси, кандай ийгиликтерге жетишкендиги – аны менен сүйлөшө баштаганда эле билинди. Адам биринчи жолу жолукканда кандай таасир берсе, ал ошо боюнча өзгөрбөй кала берет: анткени ал капилеттен жолуккандыктан эч даярдыксыз сүйлөдү. Боюн токтотуп, айта турган оюн даана айтып жатса дагы, уяңдыгы жүзүнөн билинип, – эки бети албырып турду (жаш адамдын уялганы жакшы белги). Менин оюмча, бул нерсе ал бардык кемчиликтеринен арылып, акылмандуулукка жеткенде деле кала берет. Кандай гана акылмандуулук болбосун, денеңдегиби же жан – дүйнөңдөгүбү жаратылыш берген кемчиликтериңди жок кыла албайт: туулганда берген нерсени жеңилдетсе болор, бирок биротоло жеңиш мүмкүн эмес. Кээ бир мен кыйынмын деген адамдар көпчүлүктү көргөндө эле чарчап-чаалыккан же ысыкта калган немедей шалактап тер баса баштайт: кээ бирлери эл алдына сүйлөөгө туура келгенде тизелери титирейт, кээ биринин тиштери шакылдап, тилдери оозуна батпай, эриндери кургап же бири-бирине жабышып чыгат. Бул жерде эч кандай машыгуулар, окуулар жардам бере албайт, так ушул кемчилик аркылуу жаратылыш өзүнүн бекемдигин, туруктуулугун көргөзөт.
Менин билишимче, ушундай кемчиликтердин бири, ал тургай салабаттуу эле адамдарда да боло турган нерсе: капыс жерден беттин кызарып ысып чыгышы. Бул көпчүлүк учурларда жаш жигиттерде болот – алардын жүздөрү тез кызарат жана ысып чыгат, беттери да жукараак келет; бирок бул кемчиликтерден улгайган жана кары адамдар да кур эмес. Кээ бир адамдардын бети кызарганда сак болуш керек, дал ушул учурларда алар болгон уяттарын жоготушат.
Сулла бети кызарып каары кайнап чыкканда, бөтөнчө таш боор болчу. Помпеидей жүзү тез өзгөргөн жан жок эле, ал эл алдына чыкканда сөзсүз кызарып кетчү. Фабианды сенатка күбө катары алып келишкенде, анын жүзү бөтөнчө жаркырап кызарып чыкканы эсимде.
Мунун себеби – жан-дүйнөнүнүн алсыздыгынан эмес, ал адамдын тажырыйбасыздыгынан жана жаратылышынан кызарып кетүүгө жөндөмдүүлүгүнөн, чочутпаса да, жаңы нерсеге болгон дененин берген жообу. Бирөөлөрү оор басырыктуу. Башка бирөөлөрү кызуу кандуу болгондуктан андайлардын каны дароо эле бетине тээп чыгат. Кайталай кетейин, бул нерседен эч бир акылмандуулук куткара албайт: эгерде кемчиликтердин баарын жок кыла алса, адам жаратылышты башкарып алмак. Туулганда денебизге кошо берилген нерсе, жан-дүйнөбүздү канчалык узак жана талбай өстүрсөк дагы өзгөрүлбөй кала берет. Ошондуктан ага каршы туруп жок кылуу же тескерисинче, атайылап чакыруу мүмкүн эмес. Сахнадагы артист коркуу же капа болгон адамдын сезимдерин көрсөткүсү келгенде, анын бир аз гана белгилерин көрсөтө алат: башын жерден албай үңкүйөт, шыбырап сүйлөйт, дене-башын шалбыратат, бирок беттин кызарганын ойной албайт, анткени аны күч менен чакырыш өтө кыйын же мүмкүн эмес. Бул жерде акылмандуулуктун эч көмөгү тийбейт – мындай нерселер буйрукка баш ийишпейт. Бул кат да аягына чыгууга жакындап калды. Менден пайдалуу жана жан-дүйнөңө жан-азык болчу кеңешимди алып дайыма эстей жүр: “Жакшы адамдардан бирөөнү үлгү кылып ал да, аны көз алдыңда дайыма сактап, ал сени карап тургандай жаша, ал көрүп тургандай иш кыл” Бул нерсеге, менин Луцилийим, Эпикур үйрөтөт. Ал бизге сактоочуну жана жол баштарды берип, туура иш кылды. Көзүн албай карап турган күбө болсо, көп күнөөлөрдү жасамак эмеспиз. Андыктан, жан-дүйнөң ага теңелүүгө умтулуп, көңүлүңдүн эң тереңинде жашынган жаман нерселерди тазартууга себеп болгон кимдир бирөөнү таап алсын. Бирөөнүн аң-сезиминен орун алып, аны оң жолго сала алган адам бактылуу! Бирөөнүнүн жакшы жактарын үлгү кылып, өзүн өзгөртө алган адам бактылуу! Бирөөлөрдү сыйлай билген адам, өзү да сый-урматка ээ болот. Катонду, эгер ал аябай эле катаал десең, бир аз мүнөзү жумшак Лелияны танда. Жашаганы, сүйлөгөнү, кебетесинен жакшы адам экени көрүнүп турган жагымдуу адамды танда: ал ар дайым сактоочу же үлгү катары көз алдыңда болсун. Кайталап коёюн, бизге мүнөзүбүздү калыпка салыш үчүн, үлгү болорлук бирөө керек. Ийри сызыкты сызгыч менен гана оңдой алат эмеспизби. Аман бол.
ОН ЭКИНЧИ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Мен жаратылышыбыздан өзүбүздүн денебизди жакшы көрөрүбүзгө макулмун, аны сактап, ага камкордук кылып туруу керек экенин танбайм, бирок ага кул сыяктуу кызмат кылууну туура көрбөйм. Өз денесине кул болгондор – денесине өтө эле кам көрүп, бардык кыла турган ишин денесинин талаптарына баш ийдирген адамдар өтө эле көп нерселерден көз каранды болушат. Биз, жалаң гана денебиз үчүн жашап, ансыз жашообуз токтоп калчудай өмүр сүрбөшүбүз керек. Ага болгон ашыкча камкордук коркууларды, түйшүктөрдү жаратып, уятка калтырат. Ким денесин өтө кымбат бааласа, ал чындыкты ошончолук арзан баалайт. Ага камкордук кылууга тыю жок, бирок акыл-эс, кадыр-барк, берилгендик талап кылса, – аны отко ыргытуу керек. Ошентсе да, мүмкүн болушунча кырсыктардан гана эмес, коркунучтардан да, кантип сактанууну терең ойлонуп, коркуу сезимин чакырган нерселерди кууп салуунун жолдорун табышыбыз зарыл. Мен жаңылбасам андай коркунучтардын үч түрү бар: биз жакырчылыктан коркобуз, ооруп калуудан чочулайбыз, бизден күчтүүлөрдүн зордуктарынан качабыз. Ушулардын ичинен бизди көбүрөөк тынчсыздандырганы кубаттуу адамдын зордугу: анткени мындай кырсык катуу ызы-чуу, будуң чаң менен келет эмеспи. Мен атап кеткен табыгий ыңгайсыздыктардын ичинен – жакырчылык менен оорулар, – көзүңдүн да, кулагыңдын да тынчын албай акырындан жылып келишет, ал эми үчүнчүсүнүн жандоочулары арбын: алар кылычтарын жалаңдатып, чычаласын жаркыратып, чынжырларын шалдыратып, жырткыч айбандарын айдактап сага тукуруп келишет. Ушул жерден кишини керип, асып жазалоочу шаймандар жөнүндө, көчүктөн кирип ооздон чыккан казыктар, денени чар тарапка чачыратып чимирилген дөңгөлөктөр жөнүндө, жаңы эле эриген чайырга малып алып кийгизкен жаза көйнөктөр жөнүндө – кыскасы, адамзатты жазалоо үчүн чыгарылган эч аёну билбеген ыкмалар тууралуу эстечи. Ушунчалык көп кырдуу, ар түркүн шаймандар менен куралданган кырсыктан коркуп, чочулоо бардыгынан күчтүү экенине таң калбай эле койсо болот. Желдет канчалык ар түркүн шаймандар менен куралданса, ошончолук каалаганына тез жетет, анткени чыдамкай адамды да көп курал-жарактардын көрүнүшү эле апкаарытып коёт – ошентип, эркибизди астыда боло турган жазанын сүрү бийлеп алат. Калган кырсыктар деле оңой жоо эмес, – мен ачкачылык менен чаңкоону, көкүрөктөгү ириң менен ичеги-кардыңды тызылдап безгек болгон немедей титиреткен дартты айтып жатам, – бирок алар көзгө илинбейт, алыстан алсыз, көргөзкөн сүрү жок. А бул жерде кадимки чоң согуштагыдай, курал жарагыңдын түрдүүлүгү жана көптүгү менен жеңесиң. Ошондуктан бардыгынын көңүлүн оорутпай сак болууга аракет кылабыз. Кээ бир учурларда элден, кээ бирде эгерде мамлекетте тартип ушундай кабыл алынып, көп маселелер сенат аркылуу чечилсе, иши оңунда жүрүп, ити чөп жеп турган сенаторлордон, кээ бир кездерде элдин шоруна, элдин тагдырын чечүү колуна тапшырылган адамдардан коркуу керек. Алардын бардыгын өзүңө дос кылып алуу көп иш, – андыктан аларды душманыңа айлантып албоо эле жетиштүү. Ошондуктан акылман бийликтегилердин жинине тийбейт, – тескерисинче, деңиздеги кемечи бороондон сактанган сыяктуу алардын каарынан сактанат. Сен, Сицилияга келе жатканда кысык аркылуу өтпөдүңбү. Байкабаган кеме башчысы түштүк шамалынын таасири менен Сицилия деңизинде пайда болгон айлампалардын жараткан коркунучун эске алып, сол жээкке ыктагандын ордуна, Харибдадагы жанына жакындаган нерсенин баарын кутургандай күч менен ичине имере тартып жутууга даяр чоң айлампаны көздөй бурат. Ал эми дайыма өзүн сак алып жүргөн кеме башчысы, билгендерден бул жерде толкундун күчү кандайын, тиги жыйылган калың кара тумандан эмнени күтсө болорун сурамжылап алып, багытын кооптуулугу менен атагы жаман айлампадан алыс тарапка өзгөртөт. Акылман да дал ушундай кылат: коркунучтуу бийлик ээсинен алыс качат, болгондо да анын көзүнө чалдыкпоого аракет кылат. Коопсуздуктун кепилдиги, – көрүнөө эмес, тымызын аракеттенүү: эмнеден алыс болсок ошону айыптайт эмеспизби. Дагы бир нерсе, караңгы элден сактануунун жолдорун табуу керек. Бул жерде эң алгач, – ал каалаганды сен самап, сен каалаба: кайсы жерде эргегиш болсо, – ошол жерде уруш-талаш башталат. Экинчиден, бизде ниети бузуктар кызыгып, тартып ала турган эч нерсе болбош керек: сенин өлүмүңдөн алар чоң олжо таба албагыдай болсун. Эч ким адамды жөндөн-жөн эле өлтүрбөйт. Жылаңач адамды каракчы карап да койбойт, жакыр адамга топтошкон каракчылар ээлеген жол менен жүрүү коркунуч туудурбайт. Эски насааат кептерде үч нерседен сак болгула дейт: алар – көрө албастык, ичи тардык жана жек көрүү. Ага кандай жетиш үчүн акылмандуулук керек. Бул жерде ченемди сактоо өтө кыйын: ичи тардыктан коркуп жатып, жек көрүүнү пайда кылып алыштан коркуу керек, тебелендиде калганды каалабай жатып, бизди тебелеп кетсе боло берет деген шылтоону бербеш керек. Көпчүлүгү коркуш керек десе эле корко беришет. Ошондуктан бардык нерседе өлчөмү менен бололук: анткени, жек көрүүнү пайда кылуу, шек саноо сыяктуу эле зыяны көп. Акыры келип, философияга кайрылууга туура келет: бул жазмалар эң жакшы кишилер үчүн эле жазылган эмес, элдир-селдир акылы барларга да тиешелүү, бул кечилдердин оромолундай бардыгына жарай бере турган нерсе. Жана да эл алдына чыгып чечендик кылуу, ошондой эле элди толкундаткан нерселердин бардыгы душмандыкты жаратат, ал эми бул илим тынчтыктын илими, ал бирөөнүн ишине кийлигишпейт, аны эч ким жек көрбөйт, аны баалашат. Жамандык эч качан изги нерсени философиянын кадырын түшүргөнчөлүк жана окулбай кала турган абалга түшүрө албайт. Дегинкиси, философия менен жупуну эле, эч кимге жар салбай шугулданган туура. “Кантип?”—дээрсиң. – Сенин оюң боюнча, өзүнүн өкүмдөрү менен атуулдук согушту токтоткон Марк Катон философияда жөн адам болгон дейсиңби? Жаалданган эки кол башчынын аскерлеринин ортосуна арачы болгон, бирөөлөрү Цезарды, башкалары Помпейди ашата сөгүп жаткан учурда, экөөнө тең бирдей чабуул коюш оңой бекен? Бирок, ошол кезде акылмандын ортого түшкөнү туура болгонбу, ал талаштуу нерсе. – “Катон, сенин каалаганың эмне эле? Анткени, иш эркиндикте эмес эле да: ал эчак эле тумчуктурулуп жок болгон! Кептин баары, мамлекетти Цезарь бийлейби же Помпейби деген эле маселеде да, туурабы? Анда алардын уруш-талаштарына аралашып эмне кыласың? Сага эки тарап тең бирдей. Эки кол башчынын кимисин тандайсың, – маселе ошондо. Сен кимиси жеңсе дейсиң? Жеңишке мыктысы гана жетет: жеңген адам начар болушу мүмкүн эмес”. – Мен Катондун акыркы мезгилдерде жасаган ишин кубаттайм: бирок, ага чейин деле, акылман адам республиканы талоого катышууга боло турган жылдардан эмес болучу. Дүргүп алган эл аны колдон-буттан алып, каргап-шилеп форумдан чыгарып салышканда же болбосо сенаттан түз эле түрмөгө алып кетип жатканда Катон эмне кыла алат эле? Кийинчерээк көрбөдүкпү, акылманга жөнү жок эле болбогон нерселерге күч-кубатын корото бериштин зарылчылыгы жок экендигин, ал эми азырынча, мамлекеттик кызматтан четтетип салышканда, бийликтегилердин бирине да жаман айтышпай, өздөрүнүн билгендерин дагы тереңдетип, адамзаттын өнүгүүшү үчүн мыйзамдарды чыгарууга кетишкен стоиктерге көңүлүңдү бургум бар. Акылман каада-салттардан четтебей жана өзүнүн өзгөчө кыймыл-аракети менен элден бөлүнүп көрүнбөй жашайт. – “Анын эмнеси бар экен? Ушул эреже менен жашаса эле коопсуз болобу?” – Мен ага кепил боло албайм, жана да токтоо адам дайыма эле ден-соолугу чың болот деп айта албайм. Бирок, токтоолук ден-соолукка пайда алып келери шексиз. Кеме, кемелер токтоочу жайда чөккөн учурлар да болот; сенин оюңча ачык деңизде кандай болушу мүмкүн? Эгерде, тынч албаган, чечкүндүү адам коркунучтан сактана албаса, анда коркунуч ага канчалык жакын болду экен? Күнөөсүз адамдар деле өлөт, – ага талаш жок, – бирок күнөөлүүлөр көбүрөөк өлөт. Жоокердин чопкуту айрылса да, машыгып көнүп алган өнөрү кала берет. Акылман бардык нерсенин маани-маңызын аңдай билет. Биздин бийлик башында: эмне болсо ошо болсун дейт, бардыгын тагдырга коёт да, анан анын өкүмүнө баш ийбейт. – “Ал сени толкундандырса, чатак ишке кабылтат.” – Каракчы өлтүрүп жатса да, өлүм жазасына тарта албайт.
Сен колуңду ар дайым ала жүрчү белекке суна баштаганыңды түшүндүм. Бүгүн алтын менен эсептешем: алтын жөнүндө сөз болуп калгандан кийин, аны пайдалангандан көп кубаныч алууну үйрөнүп ал. “ Байлыктын ырахатын көп көргөн адам, байлыкка бардыгынан аз муктаж болот”. Сен бул кимдин сөзү деп жатсаң керек. Өзүмдүн ак ниет экенимди билдириш үчүн, башкаларды мактоону эреже кылып алгам. Бул сөздү Эпикурданбы же Метродордонбу же дагы бир башкалардын өнөрканасынан алгандырмын. Бирок, кимден алганымдын эмне айырмасы бар? Ал сөз бардыгына бирдей айтылган. Байлыкка муктаж адамдар аны жоготуп алгандан коркушат, ал эми бейпилчилигиңди бузган оокат кубаныч тартуулабайт. Эгерде, азга ыраазы болбосо, көбөйтөм деп жүрүп, аны пайдаланууну унутат: төлөм кагаздарын алат, базарларда түрткүлөшөт, календарды барактайт, – ошентип жүрүп кожоюндан иш башкаруучуга айланат. Аман бол.
Которгон Абийрбек Абыкаев