Сенеканын Луцилийге жазган каттарынан – 5

Люций Анней Сенека (б.з.ч. 2 – биздин замандын 65-ж.) – римдик стоик философу, акын жана мамлекеттик ишмер.

1-3-каттары4-6-каттары7-9-каттары, 10-12-каттары

 

ОН ҮЧҮНЧҮ КАТ

Сенека Луцилийге салам айтат!

Луцилий, акылмандардын айтып кеткен асыл ойлорун үйрөнмөйүнчө, бактылуу гана эмес, жупуну жашоо өткөзүү болбосун сен түшүнөөрүңдү жакшы билем, анткени акылмандык жашоого бакыт алып келсе, анын уруктары жупуну жашоонун негизин түзөт эмеспи.  Ошентсе да, көрүп-билип турам деген нерсе да, дайыма анын үстүнөн ойлонуп, түшүнүүгө жана аң-сезимиңде бекемделип турууга муктаж. Ак дилге жеткенден да, аны сактап калыш оор. Жакшылык кылууга болгон дилгирлигиң, ак ниет мүнөзгө айланыш үчүн талбаган эмгек талап кылынат. Дегинкиси, көп сөздөрдү айтып, сени ынандыруунун кажети деле жок, сенин жетишкен ийгиликтериң мага айкын. Мага сенин жазгандарың кайдан чыгып жатканы да жакшы белгилүү: анын бир жеринде да жазалмалуулук да, ашыра көркөмдөө да жок. Ошентсе да өзүмдүн сезимдеримди билдире кетейин: сенден үмүтүм чоң, бирок толук ишене элекмин. Сенден да дал ошондой мамилени күтөм: сенде деле өзүңө оңой эле ишенип жана бат эле өзүңдү сынай салганга эч себеп жок. Өзүңдү ар тараптан карап изилде жана текшерип чык, эң алгач өзүң ийгиликке жетишкенге үлгүргөн: философиядабы же болбосо жашооңдобу ошолорду кара. 

Философия – элдин алдына чыгып көргөзө турган артистин жумушу эмес, философ өзүн сөзү менен эмес, иши менен философ. Ал эриккен кезде убакытты көңүлдүү өткөзүү үчүн арналган эмес, жок ал жан-дүйнөңдү таптап, сугарып, курчутат, жашооңду иретке салат, кыймыл-аракетиңди тескеп, эмнени жасап, эмнени жасабоо керек экенин көргөзөт, чоң толкундарда тизгинди колго алып багытыңды аныктайт. Ансыз жашоодо эрдик менен ишеним жок: анткени саат сайын ал гана кеңеш бере ала турган көп сандаган окуялар болуп турат. Балким кимдир бирөө айтаар: “Тагдырдырыңа жазганды көрө турган соң, философияңдан мага эмне пайда? Кудайдын буйругусуз эч нерсе болбосо, анын кереги эмне?  Кылган амалыбыз ар түрдүү абалдан көз каранды болсо, андан көрөр пайда кайсы? Боло турган нерсени болтурбай коё албайт эмессиңби, ал эми түшүнбөгөн нерсеге каршы каражат таба албайсың. Мен жасай турган нерселеримди же Кудайдын буйругусуз жасай албайм же тагдырым аны жасаганга жол бербейт.” 

Мейли, ушул айтылгандардын бирөө эле, же баардыгы туура болсун – баары бир философ бол! Тагдыр бузулбаган мыйзамы менен чырмап алса да, Кудай таала бардыгына өз бийлигин орнотсо да, күтүүсүз келген окуялар адамдын кылган ишин туш келди ыргытып, будуң чаң салса да – бизге философия калкан болуп берет. Ал бизге Кудайга өз эркибиз менен баш ийгенге күч берет, тагдырдын соккуларына каршылык кылууну үйрөтөт, ал кудайдын буюругуна баш ийип, турмуштун сыноолоруна чыдоого күч-кубат берет. Бирок, азыр биздин эркибизге баш ийген нерселер тууралуу талкуулоочу убакыт эмес, эгерде кудай кааласа, анын кудурети менен көп кырдуу тагдырдын жетегинде болобуз, же болбосо кокусунан, күтүлбөгөн нерселердин бийлигинде калабыз. 

Мен кайра өзүмдүн акыл-насыят менен кеңеш берүүлөрүмө кайтайын: жан-дүйнөңдүн сенек болуп катып калышына жол бербе. Анын жалындап күйүп алга карай умтулуусуна жетиш да, ошол учурду дайыма жан-дүйнөңдүн туруктуу абалы катары сактап калганга жетиш. Жаңылбасам, сен окуй баштагандан эле, бул катта эмне белек катылды экен деп карай баштадың болуш керек. Жакшылап аңтарсаң – сөзсүз табасың. Менин жоомарттыгыма таң калбай эле кой: ушул убакытка чейин башкалардан алып белек кылып жүрөм. Айтмакчы, эмне үчүн башкалардыкы болот? Бардык жакшы айтылгандар – ким айтса да меники. Эпикур айткан бул сөз деле ушундай: “Эгерде, жашооңдо жаратылыш менен камыр-жумур болуп жашасаң, эч качан кедей болбойсуң, а эгерде адамдардын кыялы менен болсоң такыр эле байыбайсың”. Жаратылыш көптү сурабайт, элдин каалоосу – чексиз көп. Мейли, сага бүт дүйнөдөгү байлардын байлыгын чогултуп берсин, мейли, ийгилик коштоп казынаң эсеп жеткиз байлыкка толсун, мейли, башыңдан ылдый алтын-күмүш куюлуп, кийгениң парча болуп турсун, канчалык жыргалчылыктар менен байлыкты берсин, мейли байлыгың жер бетин мрамор менен каптап чыкканга жетсин, мейли пайдаланып эле тим болбой тебелеп тепсей бер. Мейли, ага кошуп искусствонун түрлөрү, ажайып тартылган сүрөттөр менен статуялардын ээси бол – төгүлүп-чачылган байлык сени андан да көптү каалоого гана үйрөтөт. Табыгий каалоонун чеги бар, ал эми адамзаттын кыялынан чыккан каалоону токтото албайсың, анткени бардык жалган нерселердин чеги болбойт. Жол менен жүрсөң максатыңа жетесиң, а адашуунун чеги жок. Ошондуктан, күнүмдүк түйшүктөн алыс бол, эгерде эле, өлөрманданып бир нерсени билгиң келгенде каалооң табыгийби же өзүңдүн сокур каалооңбу, аныктагың келсе, ал бир жерге барып токтой алабы, байкап көр. Эгерде, бир топ жерге чейин баргандан кийин деле бара турган жериңдин дайыны билинбесе, анда сенин каалооң табыгий каалоо эмес экен дей бер. Аман бол.

 

ОН ТӨРТҮНЧҮ КАТ

Сенека Луцилийге салам айтат!

Илгертеден бери менин убагыма чейин сакталып келген бир салт бар эле, катты: “Эгер сен жакшы болсоң, бул жакшы, мен да жакшымын” деп башташчу. Бизге болсо “Эгер сен философия менен алектенсең, бул жакшы” деп айтуу туурараак болот. Себеби дал ушунда гана ден соолук бар, ансыз жан-дүйнөң оорулуу, дене канчалык күчтүү болсо да, жиндилердикиндей же жинденгендердикиндей сыяктуу эле болот. Ошондуктан, эң алды менен ошол чыныгы ден-соолукка, анан барып ага жетүү үчүн кымбатка турбаган экинчи нерселерге кам көр. Колдоруңду күчтүү, далыңды кең, булчуңдарыңды чыңаш үчүн тынбай машыгуу, Луцилий, бул акылсыздык жана билимдүү адамга ылайыксыз иш. 

Канчалык май топтоп, булчуңуңду өстүрсөң да, салмагың же күчүң менен семиз букага теңеле албайсың. Анын үстүнө, эттин жүгү өскөн сайын рухту эзип, кыймылсыз кылат. Ошондуктан, колуңдан келишинче денеңди ойлобой, жан-дүйнөгө көңүл бур. Денесине ашыкча кам көргөндөрдү көп жагымсыздыктар күтөт: биринчиден, чарчаткан көнүгүүлөр акылды алсыздандырып, көңүлүңдү топтоого жана татаал нерселер менен алектенүүгө жөндөмсүз кылат; экинчиден, мол тамак-аш аны мокотот. Шарап менен майдан башка менен иши жок арсыз кулдарды эстечи, эгер алар көл шал болуп тердеп, жоготкон суунун ордуна ич көңдөйүнө андан да көп суюктук куюп алышса, анда алар үчүн андан ашкан ийгиликтүү күн болбойт. Ичип-жеп, тердеп жашоо ашказаны ооругандарга гана мүнөздүү эмеспи! 

Бирок, жеңил жана кыска жасалчу көнүгүүлөр бар, алар денени көп чарчатпайт, көп убакытты албайт – биринчи кезекте мына ушуну эске алуу керек. Чурка, колуң менен оор жүк көтөр, денени өйдө-ылдый кыймылдат, ары-бери секир. Каалаган көнүгүүнү танда, дайыма көнүгүү жасоо аны адатка айлантып, жеңил кылат. Эмне кылба, денеден жан-дүйнөңө кайтып, аны күнү-түнү машыктыр, анткени аша чаап кетпеген эмгек аны азыктандырат. Мындай көнүгүүлөргө суук да, ысык да, ал тургай карылык да тоскоол болбойт. 

Бардык жакшылыктарыңдын ичинен карыган сайын жакшыра турган нерселеге кам көр. Мен сага дайыма тикчийип китеп окуп отур деп айтпайм: жан-дүйнөгө да эс алуу керек, бирок ал бошоңдоп кетпеши керек, болгону күч топтошу абзел. Носилкадагы сейилдөө денени чайкап, сабакка тоскоол болбойт: окууга, жаздырууга, баарлашууга жана башкаларды угууга болот; бирок жөө сейилдөө деле ошол эле нерсени жасоого мүмкүндүк берет. 

Үнүңдүн кандай чыкканына да көңүл бурбай койбо, бирок аны баскычтар жана ладдар боюнча көтөрүп жана түшүрүүгө тыюу салам. А балким, сен кантип сейилдөөнү үйрөнгүң келип жаткандыр; анда ачкачылыктын айынан мурда болуп көрбөгөндөй айла-амалдарга үйрөнгөндөрдү өзүңө жакындат. Бири сенин баскан-турганыңды акмаласа, экинчиси тамак жеп жатканыңда көзүн албай чайнаганыңды карап сугун артат, жана ар кимисинин уятсыздыгы сенин чыдамкайлыгың жана ишенчээктигиң канчалык мүмкүндүк берсе, ошончолук алыска барат. 

Анда эмне? Сөз кыйкырыктан, үндүн болушунча чыгышынан башталабы? Жок, биз үчүн акырындык менен, бара-бара кызып сүйлөө табигый нерсе, ошондуктан атүгүл урушканда да адегенде жай сүйлөшөт, анан гана кыйкыра башташат, жана эч ким дароо эле күбөлөрдү чакырбайт. Ошондуктан, жан-дүйнөңдүн умтулуусу сени канчалык ээлеп албасын, сөздү үн жана көкүрөк өзү сага айткандай, көбүрөөк же азыраак кумарлануу менен айт. Үнүңдү басаңдатып, жумшарткың келгенде, ал акырындык менен басаңдасын, бирок кескин түрдө түшпөсүн; ал аны башкара билген адамдай токтоо болсун жана орой сабатсыздардай катуу болбосун. Анткени мунун баарын биз үндүн өркүндөшү үчүн эмес, угуучулардын өсүшү үчүн кылабыз. 

Мен сенин моюндан чоң жүктү алдым, эми бул жакшылыгымдын үстүнө кошуп, сени грек белеги менен сыйлайын. Мына, мыкты насаат: “Акылсыздын жашоосу көңүлсүз жана коркунучтуу, анткени ал бардык ишин кийинкиге калтырат”. – Сен муну ким айтты деп сурарсың? Ал мурдагы сөздөрдү айткан эле адам. Сенин оюңча, кандай жашоону акылсыз деп аташат? Исион менен Бабанын жашоосу сыяктуу жашоонубу? Жок, андай эмес! Бул биздин өзүбүздүн – ач көздүк менен зыяндуу, өзүбүздүн турмушубузга керексиз нерселердин артынан сая түшүп, болгон нерселерге канагат кылбай, напсини тыйып, болгонго шүгүр кылып, эч кимге көз карандысыз жашоонун кандай ырахат туртууларын сезбеген жашообуз. 

Ошондуктан, Луцилий, сен канчалык көп нерселерди кууп бараткандыгыңды унутпа, жана канча адамдар сени алдыга өткөнүн көрүп, канча адам артта калганын ойлон. Эгерде сен кудайга жана өз жашооңо ыраазы болууну кааласаң, сен канчалаган адамдарды артта калтырганыңды ойлон. Бирок башкаларды эмне кыласың? Сен өзүңдөн өзүң ашып өттүң! Ошондуктан, өзүң үчүн чектөө коюп ал, аны ашып өтүүнү каалап турсаң дагы, ал тургай, ал чектен өтүүгө мүмкүнчүлүк болуп турса дагы ал чектен өтпө: жеткенге чейин таттуу үмүттөрдү, жеткен соң өкүнүчтү тартуулаган жыргалчылыктар чектин сыртында калсын.

Эгерде аларда кандайдыр бир туруктуулук болсо, балким алар кээде канааттануу алып келмектир; бирок алар болгону жалаң гана суусунуңду козгоп турат. Өзүнө тартып турган керемет көрүнүш күтүлбөгөн жерден өзгөрөт. Өзүм жетүүгө аракет кылуунун ордуна эмне үчүн мен тагдырдан келечектеги белгисиз шыбагамды талап кылышым керек? Эмненин артынан кубалашым керек? Мен адамдын убактылуу жашарын унутуп, байлык жыйнашым керекпи? Мен эмненин үсүнөнөн иштешим керек? Бүгүнкү күн – акыркы күн. Акыркысы болбосо да, акыркысына жакын. Саламат бол!

Которгон Абийрбек Абыкаев

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.