Кыргызча диний китептер: Айымдар үчүн жаңы тенденциябы же маркетинг амалыбы?

Китепке болгон суроо-талап мезгилге жараша өзгөрүп турат. Акыркы жылдарда мотивациялык жана финансы темасындагы китептер популярдуулукка ээ болсо, эми кыргыз тилдүү диний темадагы айымдарга арналган китептердин популярдуулугу өсүүдө. Бул көрүнүш 2021-жылдан тартып байкалып, 2023-жылы эң жогорку чекитине жеткенин китеп басып чыгаруучулар белгилешет. 

Мисалы, “Жакшы келиндер”, “Күйөөңүздүн ийгилиги сиздин колуңузда”, “Аялдык бакыт”, “Үй-бүлө жана төшөк сырлары”, “Адеби көркөм айым бол”, “Өзүн сыйлаган аял”, “Кыйшык кабырга назик жан”, “Салиха аял”, “Эң бактылуу аял”, “Жоолугум – менин таажым”, “Айымдарга багыт”, “Үлгүлүү эне”, “Өзүн тапкан аял”, “Берекелүү аял”, “Мусулман аял”, “Кандай жигитке турмушка чыгуу керек?”, “Мусулман аялзаты үчүн зарыл китеп”, “Бактылуу жар”, “Аял жана назиктик”, “Такыбалык”, “Идеалдуу эне болуу сырлары”, “Эки дүйнө бактылуу бол”, “Өзүн издеген аял”, “Аруу энелер”, “Сахаба аялдар” жана башка. Бул бир чети гана, дагы көпчүлүккө маалым болбогон дал ушундай багыттагы китептер четтен табылат. Бул түрдүү китептерди “Book house”, “Toktobo”, “Danek books”, “Kitep.kg.books”, “Fenomen” сыяктуу китеп дүкөндөрүнүн текчелеринен көрүүгө болот. “Шам”, “Оку”, “Жамгыр”, “Токтобо”, “Нур” басма үйлөрү басып чыгарат. Мындай китептердин популярдуулугу эмнеден улам пайда болду? Бул китептердин мазмуну, сапаты жана таасири кандай?

“Danek books” китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү Элла Зарылбекова буларга токтолду:

Кыздарга арналган китептер кыргыз аудиториясында эми гана башталды. Көп өлчөмдө сатылып жатат. 2021 – жылдан баштап, кыргызча китептер которулуп, басылууда. Бул китептер жалпы китептердин  50% түзөт десем болот. Бирок, көпчүлүк учурда дээрлик бардыгы бир ойду баяндап, тематикалык жактан окшош. Болгону, сырткы мукабасы, китептин аталышы башкача. А бирок, ичтери бирдей.

Китеп чыгаруу – чоң жоопкерчилик. Дал ушундай китептин авторлорун көпчүлүк учурда ошол тармактын чыныгы адиси катары көрбөйм. Бир гана эмес, бир нече автор каалаган китебин чыгара берет. Автордун ким экендигин, кандай билим алганын билип, тандап, талдап, анан гана жазган китептерин окуш керек. Бирок, тилекке каршы, талдай билгендер өтө аз. Сураштыра келгенде, Ислам университетин же медресени бүткөн болот. Менимче, бул чоң жоопкерчилик. Кыска убакытта билим алып, ал тармакта жетишээрлик билими жок туруп, китептерди чыгаруу менимче туура эмес. 

Тенденцияга айлануу себептери: Динге, жоолукка жаңы кирип, кызыгып жаткандар көп сурайт. Өлкөбүздүн 83% ислам динин туткандыктан, суроо-талап жогору. Экинчиден, буга чейин кыргыз тилинде басып чыгарылган диний, айымдарга арналган китептер дээрлик жок болчу. Ошол себептүү, жаңыдан гана чыгары менен аудитория кызыгып, сатып алып, окуп жатат.

Маркетинг. Диний айымдарга арналган китептердин сырткы көрүнүшү “товарный види” аябай башкача, сатууга ылайыкталган. Китептин сырты адамды өзүнө тартып турат, өңдөрү да бири-бирине дал келет. Мисалы, “Аял сен асылсың”, “Кыздын изи”. Бул китептердин атын угуп эле, кез келген айым ошол китепти сатып алгысы келет. Биздин китептер мурдагы СССР убагындагыдай эски стандарттар менен, алар заманга жараша жаңылануусу кажет. 

Диний китептер менен гана чектелбеш керек. Бир гана диний китептер менен чектелип калбастан, дүйнөлүк классика, кыргыз авторлорунун чыгармасын, поэзияны да аралаштырып окуш керек. Ар бир тармактан маалымат болуусу кажет.

Андан соң, китеп басып чыгаруу, аны көзөмөлдөө темасын улай, “Шам” басма үйүнүн жетекчиси Каныбек Сатыкулов менен байланышып, төмөнкү маалыматтарга ээ болдук.

Каныбек Сатымкулов: “2018-жылдан бери бул тармактамын. 

2021-жылдан баштап Халит Эртугрулдун китептерин уруксат алып, басып чыгара баштадык. 2022–2023-жылдары окурмандар биринин артынан бири агылып келе баштады. Айрыкча, 2023-жылы эң жетер чекитине жетти. Азыр деле сатып алуучулар абдан көп”. 

Жалгандан акча жасагандар. Бирок, акыркы учурларда кээ бир басма үйлөр көп сатылып жаткандыгы үчүн, таптакыр тиешеси жок китепти деле сырткы мукабасын аялдарга ылайыктап, сатып жатышкандар да бар. Ар бир басма үйүнүн деңгээли ар башка. Биз сапаттуу котормочулар менен иштейбиз. 

Көпчүлүк окурмандардын сынчыл, аналитикалык ой жүгүртүүсү төмөн. Көпчүлүк окурман жарнаманын, маркетингтин курмандыгы болуп калууда. Көп адам окуса эле, элден калбайын деп, чыккан китепти тандабай, ылгабай, колуна тийгенин тийгендей окуй берет. Ушул нерселерди пайдаланып, кээ бирлер мунун үстүнөн акча жасап жатат. 

Мамлекет тараптан эч кандай көзөмөл жок. Бир аталыштагы китеп үчүн 700 сом төлөйбүз. Китептин маанисин, сапатын эч ким көзөмөлдөбөйт. Диний китептер болсо, бир сыйра муфтияттын алдынан өтүп коёбуз. Азыр элдин баары эле, ар бир экинчи адам китеп чыгарып калды. Кайсыл китепти басып чыгаруу сунушун башка бирөө же китеп дүкөндөрү бербейт. Тенденцияга айланган, көп сатылган, көпчүлүк окурман каалаган китептерди алып, которобуз. 

Интернет желесинен, тагыраагы, инстаграм социалдык тармагынан кыскача сурамжылоо кылдым. Дал ушундай багыттагы китептерди окуп калган айымдардын мындай жоопторуна ээ болдум:

Издеген нерсемди таба албадым.

Ар бир адамдын өзүнүн жеке кызыкчылыгы, баалуулугу, көз карашы болот. Мен мындай тематикадагы китептерди эч эле окучу эмесмин. Анан бир нече жолу окуп, түпкү маанисин түшүнүүгө аракет кылдым. Бирок өзүм издеген жана каалаган эч нерсе таба алган жокмун, менин көз карашыма туура келбеген: “Эркекти сыйла, бала төрө, көзүнө караба, этегинди жаап жүр” деген сыяктуу учурларды окудум.

 

Жалпы окуган китептеримдин 30%ын дал ушундай китептер түзөт. 

Жагат, жашоого болгон бир тарбиясы бар, көп жаш кыздарды, аялдарды туура жолго барууга үгүттөйт. Туура эмес нерселерди тыят, ойлонтот, жакшы жүрүүгө жардам берет десем болот. Түшүнүктүү, жөнөкөй тил менен жазылган. Кабыл алууга да жеңил.

 

Эч эле окуганга кызыгуу болбоптур. 

Мен дин жолундамын, жоолукта экениме да көп эле болду. Бирок, эмнегедир буга чейин бир дагы ирет диний айымдарга арналган китепти окубапмын. Эмнеге экенин өзүм да билбейм. Кызыгуу сезими болбоптур. Менимче, ар бир адамдын кылган аракети өзүнөн, анын ишеним, түшүнүгүнөн көз каранды го деп ойлойм.

Кыргыз тилинде диний адабияттын көбөйүшү жакшы көрүнүш. Бул айымдардын диний жана маданий мурастарга кызыгуусун арттырат. Бирок сапаты төмөн, үстүртөн жазылган чыгармалардын арбын болушу китеп индустриясындагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калууда. Басма үйлөр жана авторлор бул жаатта жоопкерчиликти сезиши, окурмандар болсо тандоосуна сынчыл көз караш менен мамиле кылышы зарыл.

Сезим Муканбет кызы,
Кыргыз-Түрк “Манас” университети, журналистика бөлүмү, 4-курс

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.