Хусеин КАРАСАЕВ: “Тил, маданият жөнүндө”

УРМАТТУУ РЕДАКТОР!

Тилибиздин да, маданиятыбыздын да төл башы болгон «Эркин Тоо» кезитинин чыгаруучулар тобуна кирүүгө маа насип болгон эле. Ошондо маа кезиттии имласы менен стили жүктөлгөн эле. Андан бери ошол ардактуу да, татаал да милдетти аткаруу менен иришип келе жатам.

1972-жылы 10-февралда «Советтик Кыргызстандын» редакциясында басма кызматкерлери үчүн кеңешме еткерүлгөн. Ага мени баяндамачы кылып дайындаган эле. Анда көлемдүү баяндама жасагамын. Ал баяндамамдын тезиси менин колумда. Ошондо тил маселесинен айтылган пикирлер азыр да күчүн жоё элек. Мүмкүн болсо, ошол макаламды кезитке жарыяласаңыз экен.

Саламым менен проф. Х. КАРАСАЕВ.

Коом турмушунда адам баласынын эң зарыл, өтө керектүү куралы тил. Ошондуктан ал курал абдан ийкемдүү, өтө курч, угуучуларга да, окуучуларга да түшүнүктүү болуу керек, Улуу Ленин так сүйлөөнү, жөнөкөй түшүндүрүүнү баяндамачылардан, макала жазуучулардан катуу талап кылган. Элге түшүнүксүз терминдер ди колдонгон, калайык-калкка сиңе элек сүйлөмдөрдү колдонгон адамдарды катуу жемелеген. «Орустун тилин бузуп атабыз. Башка элден келген сөздөрдү жөнү жок колдонобуз. Аларды туура колдонбой атабыз. «Недочеты» же «недостатки», же «пробелы» деген сөздөр турганда, «дефекты» деп айтуунун кандай жөнү бар» деп абдан кынжылган. Владимир Ильичтин бул айтканы – Советтер Союзундагы улуттардын адабий тилинин өсүшүнө кеңири жана туура жол шилтеп отурат. Көсөмүбүздүн ушул пикирин эске алып, кыргыз тилинин өнүгүшүндөгү бир нече маселе жөнүндө пикир алышуу зарыл го дейбиз.

БИРИНЧИ – стиль маселеси

Тилдин өнүгүшүндө эң бир кылдаттык менен мамиле кыла турган, аны коомдун мүчөлөрүнө түшүнүктүү кылып өөрчүтүү үчүн кескин чара колдоно турган маселе – тилдин стили болуп саналат. Кыргыздын акылман макалында «тил – ойдун булагы» дейт. Ал булак таза болушу керек. Аны ылайлоо жарабайт. Мына ушул ойдун булагы биздин басма сөздөрүбүздө, оозеки сүйлөгөнүбүздө таза, ылайланбай агып атабы? деген суроого келгенде, тилекке каршы, бир ылайланып атат!, – деп жооп берүүгө аргасыз болуп атабыз. Сөздөн көрө бөзгө келели.

Кыргыз тили – бир топ ийкемдүү, курч, элестүү тил. Тилдин байлыгы жалгыз гана анын сөзүнүн көптүгү менен бааланбайт. Анын элестүүлүгү, ийкемдүүлүгү менен да бааланат. Кыргыздын тилинде «Манас» сыяктуу улуу жомок түзүлгөн. Мындай тилди «кедей тил» деп күңкүлдөгөн адамдын өзүнүн ою чукул, түшүнүгү тар адам, Ыраматылык Саякбай Каралаев «Манас» эпосун кара менен жорголотуп сүйлөгөндө – жанынан кеткиң келчү эмес. Саякбай окубаган, «стиль» деген эмне экендиги менен иши да жок киши болчу. Бирок ал киши нукура элдин жасаган тили менен сүйлөгөн. Ошондуктан анын сүйлөмдөрү жатык, сыдыргыга салгандай текши чыкчу. Ар бир окуяга карата элестүү сөздөрдү колдоно турган. Сөзгө абдан бай адам болчу. Албетте, кеңири кездемеден – кең-мол кийим бычууга болот эмеспи. Жазуучу, журналист, окумуштуу – сөзгө канчалык бай болсо, анын сүйлөгөнү да, жазганы да ошончолук уккулуктуу болору – өзүнөн-өзү белгилүү. Бирок, ошол сөз байлыгын туура колдонуу үчүн, ал сөздөрдүн сүйлөмгө айланып, берметтей тизилиши үчүн бир топ кылдаттык керек. «Балта менен жыгач жылмалагандын да ыгы болот. Ал куралды кармай билиш керек, туура чапкандын ыгын билиш керек», дейт улуу жазуучу Максим Горький. Албетте, куралды колдоно албаган киши – ошол жонуп отурган жыгачын да иштен чыгарып, бузуп салат. Тил дагы коом турмушунда чоң курал. Ал куралды дат бастырбай, тазалап, сүртүп туруш керек. Эмесе, каймана салыштырууларды токтотуп, басма сөздөрүбүздөгү тилибиздин стилине, сүйлөмдөрүнүн түзүлүшүнө келели. Далилди ошол басма сөздөрүбүздүн өзүнөн, баяндамачыларыбыздын, дикторлорубуздун сүйлөгөн тилинен келтирели:

«Азыр 300гө жакын өндүрүштүн алдыңкылары, мугалимдер, врачтар, айыл чарба адистери жана башка адамдар…»

Андай эмес, «Азыр өндүрүштүн 300гө жакын адамдары…» «өндүрүш» 300 эмес, адам – 300. Ошон үчүн «300»дү өндүрүштөн кийин коюш керек болчу. Пикир так болуш үчүн – ар бир сөз өз ордунда болушу керек.

Дагы бир мисал келтирели:

«Республикалык мааниси бар өнөр жай ишканаларында миңдеген ар түрдүү улуттун өкүлдөрү ар намыстуулук менен эмгектенип,…». Андай эмес, «Республикалык мааниси бар өнөр жайларында ар түрдүү улуттун миңдеген өкүлдөрү…» Жогорку сүйлөмдө – улутту миңге көбөйтүп жиберген.

26-январь кечки саат 7 ден өткөндө диктор: «Чолпон-Атада ар бир бешинчи кой эгиз тууду» дейт. Эмне үчүн «бешинчи» эле кой эгиз тууйт. Балким ал беш койдун «биринчиси» эгиз туугандыр. Андан көрө: «Ар бир беш койдун бири эгиз тууду» десе, туура болмок. Күндөлүк эле сүйлөп жүргөн сөздөрүбүздөн бир-эки мисал алалычы:

«Көз айнек» деген эки сөздүн орундарын алмаштырып, «айнек көз» десек, «уйдун бышкан эти» дегенди, «бышкан уйдун эти» десек, сүйлөмдүн мааниси бузулуп же маани так болбой калып атат го. Биз мында сөздөрдүн орундарын гана алмаштырып салганбыз. Ал тургай сүйлөм ичиндеги сөздүн уланды мүчөсү түшүп калса да сүйлөмдүн мааниси эки учтуу болуп калат. Мисалы, «Бөрү жеген кой же кой жеген бөрү» десек, «бөрү» жырткыч болгондуктан гана туура түшүнөбүз. Ал эми, «кой жеген кочкор же кочкор жеген кой» десек, эмнени эмне жеп койгонун түшүнүү такыр мүмкүн эмес. Сөздүн уланды мүчөсү -ны өз ордунда турганда гана сүйлөм так болот. «Койду жеген кочкор» десек – гана бир маани берет. Ошондуктан ар бир сүйлөгөн сөзүбүзгө өзүбүз көзөмөл болушубуз керек, бирөөнүн сынаганы менен иш стиль оңоло калбайт.

Албетте, оозеки тилдин сүйлөмдөрү бир топ чубалыңкы болот. Бир эле сүйлөмдүн тутумунда бир топ сүйлөм болот. Алар бир-бирине багынып турат. Мындай татаал сүйлөмдөрдүн ичиндеги сүйлөмдөр өз орундарында болсо түшүнүктүү да, кооз да болот. Ал эми андай татаал сүйлөмдүн ичиндеги сүйлөмдөр өз орундарында турбай, баш аламан турса, пикир күңүрт, ал тургай түшүнүксүз да болуп калат.

Мен сиздерге сүйлөмдүн закондору, эрежелери жазылган, татаал сүйлөмдүн түзүлүш жолдорун баяндаган СИНТАКСИС китебинен бир-эки мисал келтирейин.

«Ошентсе да, ээрчишүү боюнча жалпы алганда тил илиминде алгачтан бери айтылып келе жаткандай ээрчий турган сөздөрдүн ээрчите турган сөзгө карата грамматикалык форманы кабыл ала тургандыгы жөнүндөгү түшүндүрмөнүн кыргыз тилине да тиешеси бар».

Бул сыяктуу түшүнүксүз, стили начар сүйлөмдөр окуу куралдарынан да бир топ жолугат. Ушул сүйлөмдө бир гана үтүр бар. Советтер Союзунун Коммунисттер партиясынын тарых китебин түзө баштаганда, Киров: «Окуу куралынын тили таразага тарткандай так болушу керек» деп айткан. Ооба, окуу куралдарынын тили так болуу керек. Жаштар ошол китептерден стилди үйрөнөт.

Ал эми газета бетине басылып чыккан кээ бир сүйлөмдү түшүнүү такыр эле мүмкүн эмес.

Мисалы:

Колониалдык режимди ,ардык формаларында жана көрүнүштөрүндө толук, биротала, дароо жана сөзсүз жок кылуу проблемасы тарыхый өнүгүүнүн бүткүл жүрүшү менен күн тартибине коюлган, колониалдык бардык өлкөлөргө жана элдерге көз каранды эместикти берүү жөнүндөгү маселе Бириккен Улуттардын Уюмунун Генеральный Ассамблеясынын пленардык заседаниелеринин күн тартибине коюлган азыркы кездеги этапта азия менен африка элдеринин тилектештигинин уюмунун аткаруу комитети төмөнкүдей максат менен компанияны жайылтуу чакырыгы менен африкалык-азиялык тилектештиктин бардык улуттук комитеттерине, бул эки улуу континенттин бардык элдерине кайрылууну зарыл деп эсептейт», «С. К».

Ушул – бир гана сүйлөм. Арасында үч гана үтүр бар. Маани дегендин дайыны жок. Курулай гана сөздөрдүн тизмеги болуп калган. Мындай сүйлөмдөрдү газета, журнал беттеринен көп учуратабыз. Мындай сүйлөмдөрдү ким түшүнөт жана кимге кереги бар? Эмне үчүн буларды бир нече сүйлөмгө бөлүп, түшүнүктүү кылып бербейбиз? Эмне үчүн маанисин гана кыргыз тили менен түшүндүрбөйбүз! Бул, албетте, чечүүнү талап кыла турган чоң маселе.

Владимир Ильич Ленин окуган китептердин, макалалардын, токтомдордун четине «Маркс жөнөкөй тилде сүйлөгөн эле», «ылайыгы жок сөз», «укмуштуу жана натуура терминология» деп көп жазган. Дайыма так, жөнөкөй, түшүнүктүү тилде жазууну, сүй- лөөнү үгүтчүлердөн, баяндамачылардан катуу талап кылган.

Чернышевский – «Эмнени так, ачык, даана элестетсем, ошону так да айта аласың, ачык так айтылбаган сөз – ачык, так элестетпегендиктин белгиси» деген. Албетте, даана түшүнгөн нерсени даана, ачык жазуу оңоюраак го. Ошондуктан ар бир которула турган нерсени эң алды менен жакшылап түшүнүп алып, андан кийин которууга, же жазууга киришүү керек. Ошону менен катар, жазылган текстти жакшылап карап, өз ордунда турбаган сөздү же киринди сүйлөмдү өз ордуна коюу керек. Мына ушулардын бардыгы биз айтпасак да белгилүү. Бирок, эригебиз. Күндөлүк чыгып аткан газеталарыбыз, журналдарыбыз – турмушубуздун күзгүсү. Ал күзгүлөр турмушту ачык, так көрсөтүшү керек. Ал эми туура көрсөтүүнүн бардыгы тең тилге байланышкан.

Тилди байытуу үчүн эл адабиятын көп окуш керек. «Окугандан – токуган жакшы», дейт элибиздин акылман макалында. Башкача айтканда – «курулай гана окуй берүү эмес, ошол окугандарды көңүлгө токуп алган – артык» дейт. Күндө сүйлөп жүргөн сөздөрүбүздү улам байыта беришибиз керек. 

Адам өз улутунун сөздөрүн көп эле билет, бирок, ошол билгандерин колдоно албайт. Мына ошол колдонуп жүргөн сөздөрдү АКТИВ сөздөр дейбиз. Билип туруп колдонбогон сөздөрдү ПАССИВ создөр дейт. Ошол пассив сөздөрдү актив сөздөргө айлантуукерек. Ошондо гана оюбузду кыйналбай, кысталбай жаза да алабыз, сүйлөй да алабыз. Бул айтылган насыят өңдүү пикирлерди жаш жазуучуларыбыз, жаш журналисттерибиз оң түшүнөер деп ойлойбуз. Ушуну сүйлөп отурган адам деле АКТИВ сөзгө анча бай эмес. Элдин нечен кылымдан бери түзгөн өлчөмсүз сөз байлыгын толук билүү мүмкүн да эмес. 

ЭКИНЧИ – котормо маселеси

Газета-журналдарда котормо негизги ролду ойнойт. Айрыкча газета бетинен көпчүлүгүн котормо текст ээлейт. Ошондуктан жооптуулуктун бардыгы котормочулардын мойнунда. Кыргыздын расмий тилинин стилин түзүп аткандар котормочулар. Буларга коюла турган талап да, кине да чоң. Расмий тилдин так, түшүнүктүү болушу – ушулардын колунда. Эмесе бул котормочулук ишине кандай адамдар тартылышы керек, ошого бир аз токтоло кетели.

Котормочу жолдоштор кыргыз тилинин грамматикасын (фонетика, морфология, синтаксис) абдан жакшы өздештүргөн адамдар болушу зарыл. Ар бир адамдын стили болот. Кээ бир адамдын стили тубаса эле начар болот. Ал оңойлук менен да оңдолбойт. Мындай адамдарды котормо ишине жолотпоо керек.

Котормочу адамдын тили бай болуу карек. Сөз запасы болуу керек. Айрыкча ошол билген сөздөрүн сүйлөгөндө колдоно билиш керек. Кыргыз болгондон кийин кыргыздын сөздөрүнүн көбүн эле билет, бирок, колдонуу жагына келгенде – начардык кылган адамдар көп учурайт. Ошон үчүн котормочу болом деген жолдош эл адабиятын, элдин макал-лакаптарын жыйнаш керек. Аны күндө карап, колдоно билүүгө дагдыланышы керек. Сөз байлыгы аз адамдардын котормосу супсак, мааниси тайкы болот.

Котормочу адам орус тилин жакшы билиши керек. Мен мында так сүйлөөнү айтып аткан жерим жок. Орусча тексттин маанисин так которууну айтайын деп атам. Так которуу деген сөзмө-сөз эмес, маанисин, идеясын так бере билүү. Ленин, Чернышевский, Горький сөзмө-сөз которгонду жек көрүшкөн. Көп учурларда сөзмө-сөз которгондо мааниси бузулуп калган же курулай эле сөздүн тизмеги болуп калган учурлар көп болот. Андайлар биздин котормочуларыбызда көп жолугат. Мисалга келели.

Эң алды менен тилчилердин котормосунан бир мисал келтирейин.

«…Иностранные слова употребляем без надобности. Употребляем их неправильно. К чему говорит, «дефекты», когда можно сказать «недочеты», или «недостатки», или «проблемы?» (Ленин, 30-том, 374-бет).

Грамматика китебине киргизилген котормосу:

«Чет сөздөрдү максатсыз пайдаланып жатабыз. Аларды туура эмес пайдаланып жатабыз. «Кемчиликти» же жетишпеген жерди айтууга мүмкүндүк болгондон кийин эмне кереги бар?»

Лениндин пикиринен эч нерсе калган эмес. Тексттин маанисин такыр түшүнбөй которуу деген – ушул болот!

Дагы бир грамматикада: «Биригүүдөн мурда жана биригүү үчүн эң оболу чечкиндүү түрдө жана ачык-айкын ажырап чыгуу айкын» (Ленин) деп койгон.

Бул кандай котормого жатат жана кантип түшүнүүгө болот? Бул жерде мен атайы тилчилердин котормосунан келтирдим. Ан үчүн тилчи жолдоштор таарынбасын. «Тыш! экинчиден дөбөт кааласа күчүк боло алат». (Горький). Бул сүйлөм да тилчинин грамматикасында. Мындайларды чукуй берсек бир топ болот.

Эми котормочулукту кесип кылган журналист жолдоштордун котормосунан мисалдар келтирели.

Орусчасы: «Начнем же все заново, и пусть обе стороны помнят, любезность – не признак слабости, а искренность всегда требует доказательств».

Кыргызчасы: «Бардыгын кайрадан баштайлы, эки тарап тең сүйкүмдүүлүк – бул начарлыктын белгиси эмес экендигин, ал эми чын ыкластуулук дайыма далилдерди талап кыларын эстеринен чыгарышпасын».

Котормодо сүйлөмдүн ширеси, так мааниси жоголуп калган. Курулай гана сөздөрдүн тизмеги болуп калган,

Мааниси мындай: «Теги бардыгын жаңыдан баштайлычы, сылыктык чабалдыктын белгиси эмес, аны эки тарап тең эстеринен чыгарбасын. Ниеттин актыгына далилдер керек».

Бул текстте котормочу кыйнала турган оор пикир деле жок. Жөнөкөй гана сүйлөмдөр. Бирок чоң маселе жөнүндө сөз болуп атат. Эки чоң мамлекеттин жетекчилеринин сөзү. Анчейин гана пикир айткан кичине кишинин макаласындагы сөз эмес. Мындай мамлекет башчыларынын сөздөрүн калайык-калкка так берүү керек го.

Дагы бир оңой эле сүйлөмдүн тескери котормосунан мисал келтирели:

Орусчасы: «Выходить, что свинью лишили своего свинского удовольствия».

Кыргызчасы: «Чочкону өзүнүн чочколуң мүнөзүнөн ажыратып ташташкан болот».

Мааниси: «чочкону өзүнүн чочколук жыргалынан ажыратып таштаган» болуп атпайбы деген мааниде го. Чочколор топ-тобу менен жүрөт, бирге жуушайт. Буларды бир бирден бөлүп койгондо, жыргалынан ажырап калган болуу керек. Чочкону мүнөзүнөн ажыратуу мүмкүн эмес. «Сөөк менен бүткөн мүнөз – баш менен кошо жатат» деген макал бар эмеспи. Ар бир сүйлөмдүн маанисин толук түшүнүп алып, анын маанисин так берүү керек го. Мына ушулардын баары шашып которгондуктун, сөздүктү карабагандыктын, суроодон эриккендиктин натыйжасы.

Көркөм сөз котормочуларынын котормолору жөнүндө да бир-эки ооз сөз айта кетели.

Көркөм адабият элестүү сүйлөмдөр менен түзүлөт. Анда метафора жана метонимиялар көп колдонулат. Бирок, бир элде көркөм элес катары колдонулган нерсе – башка бир элде көрксүз элес болору табигый иш. Кыргызда «кой көз, бото көз» эң бир жакшы элес. Оруста – көркөм эмес, тескерисинче элес берет. «Бараний глаз, верблюжий глаз» – «акмак, тосток көз» маанисинде болуп калат. Мындайларды да эске алуу керек. Бир элдеги салыштыруу экинчи бир элдин салыштыруусу менен туура келе бербейт.

Көркөм адабияттын котормосунда болсун, расмий тилдин котормосунда болсун, макалдар, учкул сөздөр өтө эле жыш кезигет. Булар сүйлөмгө көрк, мааниге күч берет. Владимир Ильич Ленин буларды көп колдонгон. Томдорунун эң акыркы жыйнагында алардын тизмесин да берген.

Макалдар, идиомалар (учкул сөздер) коом пикиринин уюткулуу, түйүндүү жери. Ал түйүндөр өтө эле сырдуу болот. Бир эле макалдан бир доордогу чоң окуянын сырын чечүүгө болот. «Казак кайың сааганда, кырысар кирген» деген макалдын маанисин эки жыл издегенмин. Көрсө XVII кылымда жунгарлардын чабуулу болуп, кыргыздар сүрүлүп олтуруп, Гисарга чейин кире качып, казактар сүрүлбөй кайыңдын суусун ичип оокат кылган экен. Ал мезгилди казактар, «ак табан чубурунду» деп атайт.

«Бирдин айындай чоюлган» деген идиоманы азыркы жаштардын көбү түшүнбөстүр. Бирок колдонушат, эмнеден пайда болгонун билишпейт. Анын маанисин билүү үчүн кыргыздын мал багуучулук кезиндеги турмушун, бирдин айы кайсыл мезгилге туура келет, эмне үчүн ал ай чоюлуп келген, иликтеш керек. Азыр деле «бирдин айындай чоюлбай, батыраак эле сүйлөчү» дей беребиз.

Жогоруда келтирилген эки сүйлөмдү орусчага сөзмө-сөз которуу да мүмкүн эмес. Маанисин так түшүндүрүү үчүн же чечмелөө керек же өзүндөй идиома табыш керек.

Ал эми орус тилинен кыргыз тилине которулган көркөм адабияттагы, учкул сөздөрдүн кыргызча котормолору өтө эле күлкүлүү болуп калгандарын айта берсек бооруңар катат. Бул жөнүндө мен бир кездерде көп эле жазганмын, көп да баяндама кылганмын. Алар басма беттерине да чыккан.

Кээ бир идиоманы ушунчалык … которгондо деле ошол болуп калат. Мисалы орузча «биздин мурутубуз бар» деген идиоманы «бизге деле сакал-мурут чыккан» деп которсо, маани деле бузулбай сакталып калат. Ал эми «пускать козла в огород» деген сүйлөмдү – «эчкини короого коё берүү» десе, кыргыз эч нерсе түшүнүп жарыбас. Анын ордуна тиешелүү кыргызча идиома коюш керек.

Тургеновдун «Аталар жана балдар» деген чыгармасынын котормосунда «А та – тертый калач» деген идиоманы «Ал сүрүлгөн нан» деп койгон. Мындан эмнени түшүнүүгө болот?! Андан көрө: «далайды көргөн көк чоку же алчы-таасын жеген куу» деп койсо, түшүнүктүү болмок.

Ушуга байланыштуу бир өзүмдүн байкоомду айта кетким келет. Өмүр бою кыргыздын сөздөрүн жыйнап, алардын маанилерин ачуу менен алпурушуп келе жатам. Азыркы тукумга, жалпы эле көпчүлүккө түшүнүксүз сөздөрдүн маанилерин, алардын кайдан келгендигин иликтей турган мезгил эчак эле жеткен. Айрыкча: «күкүктүн баласындай багуу», «жилиги үзүлүү», «ант ичкендей кубаруу», «жан салуу», «жибин тартып көрүү», «өткөнгө салабат», «көз ачык өтүү», «кайталагандан келме бузулбайт», «мурдуна суу жетүү», «алмустактан берки», «калибелемде жазганды көрөбүз», «төрт тарабы кыбыла», «соода сакал сыйпаганча», «куйрукту сыртка салуу», «доңуз копкур», «үмүтсүз шайтан», «топурагын бир жерден чымчып алгандай», «кара бет болуу», «чекеге чертип туруп», «ит менен мышыктай», «ай! дээр ажо жок», «алапайымды таппай калдым» сыяктуу толуп жаткан учкул сөздөр бар. Булардын өтмө мааниси азыркы жаштарга түшүнүктүү болгон менен, кайдан келгени, эмне үчүн мындай учкул сөздөр чыкты түпкү тегин ачыш керек. Ушуну менен алек да болудамын.

8-февраль, 1972-жыл.
«Фрунзе шамы», 1989-жыл, апрель.

Аттокур ЖАПАНОВдун фейсбук баракчасынан алынды.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.