Максуда ОРМОНОВА: “Тып… тып–тып…”
– Ак… акж–ж…
– Акакжан Асылбек кызы.
– Кандай, кандай? Атыңыз?
– Акакжан.
– Чечине бериңиз, Акак-жан…
– Мм…мм…а…
Ээгим титирейт. Кантип… дарыгер деп эле жат кишинин маңдайында дырдай болуп тура каламбы…
– Менин убактымды албаңыз.
Кагаздарына үңүлүп жатып, көз айнегинин өйдө жагынан карап койду, толуктугунан, семиздигинен дегеним туура болот го, катуу кышылдап, анан да кысылган демине кыска жөтөлүп коюп отурган дарыгер, Равиль Айдарович.
– Эмне кылсам, олдо кудай, ай!..
– Көйнөгүңүздү!.. Көйнөгүңүздү чечиңиз!
Дарыгер галстугун бир аз бошотуп, эми бүт дитин мага бурду. Убакыттын канаты сынды бейм… көзүмдү жумуп, беш күндүк окуянын баш-аламан сүрөтүн оң-тескерисинен өткөрүп, баарын, баарын эстеп жаттым.
– Бедеге ичи көпкөн уйдай болуп өлдүң го. Ме, жездеңдин эле тапичкесин кийчи, башкасы батпайт тиги дамбырадай болгон бутуңа.
Үлпөт эжем, кабатырланып тургандыгын каректеринин түбүнө жашырып, гүптөй шишиген мени, тез жардам менен ушул жерге алып келген…
– Мен кете берейин эми. Сүйлөштүм, өздөрү чалат.
– А…
Адатымча бозурая түштүм окшойт.
– Ой, бул жерде селейип эч ким турбайт.
Эжемди кетпей туруңуз деп айта албадым. Эки медайымдын коштоосунда үчүнчү кабатка көтөрүлдүк. Төрөтканада жаркыраган тазалык. Жылмайып жылуу тосуп, мен эмес ушул ак халатчандар төрөй тургандай, лыпылдап чуркашканына ыраазы болдум. Жаным сыздап турса да, көңүлүм көтөрүлүп, күткөн наристеме, – Жүрөгүңдү жүрөгүм угуп турат, жүрөгүңө жүрөгүм болсун кубат, – деп ичимен кайталадым. Ортолуктагы терезе түбүнө коюлган түртмө керебетте, башы сол тарапка кыйшайып жаш келин жатыптыр. Жүрөгүм шуу деп, тилимдеги ыргак да ыргып кетти. Шыгыраган майда шишелерин сакчылардай тизип, болочок энелерден кан алып жатыптыр, тармал чач медайым.
– Сизде мындан алдын да бойдон алдыруу болгон беле?..
– Ооба…
– Канча жолу алдыргансыз?..
– Бул менин тогузунчу алдыруум…
Омурткамдын катуу сыздап жибергенине карабай, укканыма уугуп, билегин байлатып жаткан кара тору, тастайган чөкүр бет аялга карадым. Тиги бурчтагы кызыл көйнөкчөн келин болсо бир үнү тынбай онтоп турат.
– Бул жерде дагы канча болосуң, Валя?
Кан тапшырып, эми эле жылганымда жаркылдаган жаш кыз шуулдай кирип, кан алып жаткан медайымды чочута кучактады. Анан эле, кимисинин каери тийди билбейм, тиги шишелер салынган кутуча кулап кетпедиби. Төгүлө түшкөн канды сүлгү менен сүртүп үлгүрүштү. Жанымды жеген оорууга тиштенип, эми кайра кан тапшырабыз го деп кейидим. Тиги тыпылдак кайда?.. Тармал чач медайым кебелбей айрым шишелерди куюштуруп койгонуна таң калдым.
– Белим, ай! Белим!.. Сөөктөрүм сөгүлүп баратат… мм… Баарына чыдайын, баарына чыдайын…
Толгоо мени тегерегимдегилерден жалгыздатып, азапка бетме-бет алып жөнөдү. Кана, кана бирөө жардам бере алса!.. Чыда!.. Чыда!.. Өлүп эле калбасаң… акыркы ирет да чыда!..
– Ойгонуңуз. Көзүңүздү ачыңыз, апакеси…
Ичегидей чубалган ийри-буйру түтүк ичинде баратып: – Мен киммин?.. Мен адам элем го. Мен адам эмес белем, – дейм. Өзүңдү тааныбай, өзүңдү таппай калган учурлар да болот тура.
– Кандайсыз, Акакжан?
– Казак бейм…
– Кыргыз экен…
– Көздөрүн ачып баштады. Жакшы.
Сүйлөшкөнчө булар менден узап кетишти.
– Ух-х!..
Түпсүз караңгылыктан чыгып кеттим… Көпөлөктөй пырылдаган көгүш нур айланат да айланат. Ушуну токтотуу учурдагы зарыл ишим боло калды. Бул жарык акырындап, тездиги жайланып, жайланып, жайланып калганда: –Ток-то-ду,– дедим, дубал бооруна илинген асма чырак менен тиктешип.
– Балам… Менин балам кайда?..
Кирпик кагаар алым жок.
– Ай!.. Ай толгон тура… Мен уул төрөгөм…
Кызытылган тандырдын табында, мени сабырдуу тиктеп турган Толгонайга ыйламсырай түштүм… азабымды кошо тартышкан го. Бошогон курсагым коюлган музга тоңуп калыптыр. Башымды араң буруп, күңүрт ортолукта, баягы келиндин ордунда жатканымды билдим.
– Балам! Мага баламды бергилечи!..
Менин кыңылдаган алсыз үнүмдү үстүмдөгү шейшеп жутуп алгандай болду.
Кызыл көйнөкчөн Света экөөбүз бир бөлмөдөбүз. Ал мага караганда бир топ эле тетик. Бөбөктөрүбүздү туура саат тогузда алып келишти. Мүйүз көкүрөк балпайган Людмила Петровна мен козголгончо жаныма келип калды.
– Баатырыңызды кармаңыз.
Тыкыя чөргөлгөн менин балам. Дал өзү. Кою кара чачы тумакчасынан чыгып, мурду барбайып уктап жатат.Тырнактай учактар топусуна, “Молния Маквин” болсо жалаягына бир жарашыптыр. Уулумдун бетине бетими тийгизип, бейиш жытынан тоё жыттап алдым.
– Атаңа окшош болупсуң, балам…
Нур үстүнө нур жааган бактылуу бөлмөдө бакытка балкыган энелер элек. Людмила Петровнага кыйылып жатып уулумду карматтым. Бөбөктөр кетээри менен мээрим мелмилдеген бөлмөбүздү чуулдаган кажы-кужу кеп каптады.
– Үчүнчү бөлмөдөн бирөө баласын таштап качып кетиптир.
– Акмак турбайбы…
– Эч ким ойлобойт. Кырмызы көйнөк бүтүк көз менен ашканада бирге тамактанбадык беле…
– Маябы?.. Ии, тастаңдап жүргөн, жеңил төрөдүм деп…
– Кыйраткан экен…
– Эми, баласы эмне болот? – дедим, мен.
– Дени сак, бир жакшы уул экен, балдар үйүнө өткөрүлөт…
Көзүн чакчайта ачып, мына ушундай дегенсиди кепти кызытып жаткан көп сүйлөөк Оля.
– Мүмкүн энесин табышат, – дейт тигине дагы бирөө.
– Кайдан тапмак эле, кайнаган элдин ичине сиңип кетти да. Шаар чоң, – деп койду, чачтары уйпаланган Ксения, эки колуна кармаган бөлүчкөнүн бирөөн жула тиштеп.
– Эми эмне болот?…
Наристенин ырыскысы бар экен, мындайлар балдарын эмне гана кылып жатышпайт. Кимге кайрылсам, балама кошуп багып алсамбы. Кайсы улуттан болсо да мейли, төрөлгөн бала аман-эсен чоңоюш керек. Жүрөгүм алеп-желеп, сыртка жөнөгөм.
– Акакжан Асылбек кызы башкы дарыгерге барыңыз.
Айтып келген медайым кайда бараарымды колу менен көрсөтүп койду.
Степан Аркадьевич жардамчысы менен экен.
– Кан жыйынтыгыңыз жакшы эмес, Акакжан Асылбек кызы…Төрт жылдыз экен, дарыланууңуз зарыл.
Дартыңызды өзүңүз билесиз да дегендей, кайдагы бир төрт жылдыздуу оорууну таңуулап турганы эмнеси…
– Кандай төрт жылдыз? Эмне болгон төрт жылдыз?..
Орус тилин жакшы түшүнбөгөнүм аз келгенсип, суроону да туура эмес бергендей болдум.
– Каныңызда сифилис дарты бар. Кантип төрөдүңүз айраңмын…
– Сифилис?.. Кудай сактасын, андай болушу мүмкүн эмес!
– Кыздарга айтыңыз, жогортон орун даярдалсын, – деп жардамчысына карады, башкы дарыгер.
Кайнак суу башыман ылдый куюлуп, уккандарыма куйкаланып кеттим.
– Кабатырланбаңыз, дарыланууга болот…
Эңгиреп бөлмөгө кирсем, Света буюмдарын салыштырып жатыптыр. Мындагылар укса эмне дейт. Баласын таштап качып кеткен Маянын окуясы жолдо кала турган болду.
– Мени менен жүрүңүздөр.
Ары-бери чуркап жүргөн ак халатчандын бирөөсү бизге киргенде, шериктеримдин баары карап калышты.
– Силер кайда баратасыңар?
Мен суроо узаткан Ксенияга эле эмес мындагы аялдардын баарына күнөөлүүдөй карадым.
– Биз жогоруда болобуз, – деди Света.
Демек, жалгыз эмесмин…
– Сенин да кан жыйынтыгың начар бекен?..
– Канымдан кайдагы сифилис дарты табылыптыр, – дедим, Светага да актанып.
– Мына сага… куду мендей го…
Биз тиктеше калдык.
– Мүмкүн биздин кан алмашып кеткен, – дедим шашып.
– Токточу ойлонойун…
– Ойлонбой эле, Света! Кечээ, кан алынган шишелер кулап кетпеди беле…
– Каерде, кайсы шишелер?
– Баягы жаш кыз кирип, кан алып жаткан медайымды кучактагандачы…
– Мен аны көрбөдүм…
Кандай неме бул өзү деп жаным кашайып кетти. Бизди жогоруга алып чыкчу ак халатчанга да түшүндүрө баштадым.
– Ал кандай кыз эле? – деп сурады, кудай жалгап.
– Узун бойлуу арык кыз, чоң төгөрөк сөйкө тагынган болчу.
Бул медайым менин безилдегенимди ушунчалык кайдыгер укту дейсиң, жарылып кете жаздадым. Баарынан да муунткан анын жообу болду.
– Бизде андай кыз иштебейт…
Чайпала баскан Клавдия аттуу жумушкер аял да кошулуп тогузунчу кабатка көтөрүлдүк. Ээн жаткан бул бош кабаттын четки, эки кишилик бөлмөсүнө кирдик. Көптөн бери эч ким кирбегендей, туш тарабы чаң эле.
– Бул жерде канча болобуз?
– Келип айтышат.
– Балдарыбызды бул жакка алып келет да, ээ?
– Башкы дарыгер эмне деп чечсе ошондой болот. Тамакты мен алып келип берем.
Канткен менен ачка калбайсыңар дегени го. Чыгып баратып Клавдия эжекебиздин чайпалган куйругу үстөлдүн кырына катуу тийди.
– Өтө көп суроо берип жатасынар, кыздар!
Осол болгонун байкатпаска зааркана сүйлөп, анысы аз келгенсип эшикти сыртынан кулпулап кетпедиби.
– Бул эмне кылганы?..
Биз чаң тозуган керебетте шылкыйып отуруп калдык. Күн батып баратса да бизге Клавдия эжебизден башка эч ким келген жок. Тамакка кайдагы табит. Эси дартым баламда. Ал кантти?..
– Бул төрөтканада жолдошумдун досу иштейт. Келбей өлсөмчү…
Света өкүнүч менен күңк этти.
– Мындай болоорун билбедиң да, Света…
– Ошо кан тапшырган жерде бир балээ болгон го. Өлүп-тирилип жаткан маалым эле, көрбөсөм көрбөгөндүрмүн.
– Беркилер кайда болду десең? Бирөө жарым менин көргөнүмдү тастыктап бергенде…
– Сен да кызык экенсиң… көргөнүңдү дароо айтпадыңбы?..
Света балышка бети менен түшүп ыйлай баштады. Аны коштоп мен… оюмду толук түшүндүрө албай жатканыма буулуп токтобой буркурадым.
– Макул, ыйлаба курбум, болду ыйлаба. Менин жолдошум териштирип жүргөндүр. Сага да жардам беребиз, – деп, эми ал мени сооротту.
– Менин жолдошум алыста, менимче ал уулунун төрөлгөнүн уккан да жок.
Ушул сөздөр тимеле муунумду бошотту.
– Кеч кирди, эч нерсе кыла албайбыз. Күтүш керек…
– Эмнени, эмнени күтөбүз, Света?..
– Таңдын атышын… таңды күтөбүз…
Оор түн болду. Биз такыр уктай албадык. Суйлөшпөй да койдук. Кимибиз ыйлабайлы сооротушпай да калдык. Балам ыйлап жаткандай. Бир менин балам ыйлап жаткандай. Төрөлгөндөгү ыңаалаган коңур үнү, – Мени кайда таштадың, апа! Мени жаныңдай сүйчү эмес белең! Же, мен сен күткөндөй бала эмес бекенмин, апаке! Мен сени издеп жатам, мени колуңа ал! Көкүрөгүңө бас! Мага кел!–деп жаңырат.
– Кан тапшырууга даярдангыла.
– Кан тапшырабыз.
– Кыздар, кан тапшырабыз.
Таң атып атпай, үч күн катары менен кан тапшырдык. Адам деген ушунча да тез өзгөрөбү, ылдыйда жаркырап жүрчү Клавдия эже, кабагы карышып желинбеген ботколордун ордуна бышырылган күрүч менен жумуртка таштап кетти. Сыртта күн жаркырап тийип турган менен, бул жер абдан муздак эле…
– Акакжан Асылбек кызы, сүйлөшүүгө!
Үчүнчү таңда гана эшигибизди ачып коюшту.
– Кайда барайын? Телефон кайда, айтып коюңуз…
Жан алекетте келатканымды карап турган кыз мыңк этпейт. Жанына жетип бардым.
– Чакырганыңызга рахмат. Тел…
– Четки баскычты басып сүйлөй бериңиз.
Бул кыз так гана сүйлөшүүчү жерде туруптур. Өткөн-кеткенге аңдала бербеген шапалактай торчого мурдум такалып туруп калдым.
– Акакжан кандайсың!
Үлпөт эжем экен… Бири-бирибизди укпай гый-чый боло түштүк. Көл-шал болуп ыйлап, эмнени гана айтпадым дейсиң.
– Эриң экөөң Россиялап келбей өлгүлө!
– А…
Муштумдай таш башыма как эле дей түштү.
– Эч ким карабай жатса ажап эле болуптур! Кайсы гөрдөн жугузуп жүрөсүң ошол атың өчкүр оорууну! Эриң келсин соо койбойм, күйдүргүлөр!
– Ме… мен!..
– Доктурлар менен сүйлөшөм дагы! Эчкидей ме-елебей чачтарыңды жыйна! Э, ж-желмогуздай болгон!
– Ой…ай…
Өчүп калган торчонун жанында туруп калдым. Эжемди да жүдөттүм…
– Сиз да ишенген турбайсызбы…
Биздин бөлмөнүн жанында, Света жолдошунун досу менен сүйлөшүп туруптур.
– Кыздар! Кандайсыңар, кыздар! – дейт бирөө.
Света мага укканын айтып берип жаткан.
– Биздин каныбыз башка лабораторияда текшерилет тура. Кайра-кайра таң атпай кан тапшырганыбыздын себеби ушул экен.
– Кыздар, ыйлай бербегиле…
Бизге баш багып баягы чөкүр бет аял турат.
– Мындайда ыйлаштын кереги жок. Болоор иш болгондон кийин башыңарды оорутуп эмне кыласыңар, айыксак болот…
Бул да ушул жакта турбайбы.
– Бизден эле эмес, балдарыбыздан да кан алыныптыр, – деди Света.
Кулагым чуу деп заматта эч нерсе угулбай калды.
– Кантип?..
– Алардын таманынан же башынан алынат дейт. Балдарды башка жакка алып кетет окшойт.
– Кандай балээге туш болдук, Света!
– Ыйлабай уксаң боло, мени! Каныбыз текшерилип жатпайбы!..
– Тиги акмактын эле кесепети болду! Уятсыз! Тогуз баланын башын жеген чочко! Ушунун эле каны кошулуп кетти! Тиги, тиги тармал баарын билип тура-ат! Жарыбагыр!
Өз тилинде эмнени айтса да айтып жатат да дегендей, мени эси ооп угуп турду, Света. Бүгүн болсо, ушинтип, Равиль Айдаровичке бирден текшериле баштадык. Анын корс буйругун аткарып, оңго десе оңго, солго десе солго бурулуп, чачымдын арасынан бери көрсөттүм. Жок жерден кордолуп жатканыма тимеле калчылдайм. Дарыгер үн катпай калды…
– Тып… тып-тып….
Таштай каткан көкүрөгүмдөн зыркырап сүтүм агып кетти. Башымдагы жоолугумду таш төшөлмөгө жайылган сүтүмдүн үстүнө таштадым.
– Балам… баламдын курсагы ачты…
Менин эзилип ыйлаганым дарыгерге керекпи?..
– Светлана Кудрявцева!
Света сырттан киргенде сүттү сиңирген жоолугумду жерден алып чыгып кеттим.
– Мени эч ким укпай жатпайбы… Мени түшүнүшпөйт го… Чындыкты далилдей албай кала беремби?..
Аркы бурчтан эки кызды ээрчитип, мен жаңы келгенде кабыл алган дарыгер аял көрүндү. Эжем сүйлөшөм деген ушудур… Кана атын эстесем.
– Саламатсызбы…
Аларды ээрчий бастым.
– Эжеке… эжеке…
Укса да карабаганы эмнеси.
– Эжеке!..
– Кандай эже! Эжени тапкан ай, ушулар! – деп, кагып салды.
– Менин эжем чалдыбы? Эжем сизге чалдыбы?
Саксаңдап алдыларына жетип бардым.
– Билбейм мен эч кандай эжеңди!
Алар асма арабага түшүп кетишти.
– Эжем чалам деген болчу да… Сүйлөшөм деген болчу… Мен ооруулуу эмесмин! Мен оорубайм! Мен деген сопсоо энемин!..
Менин чаңырыгым тоңуп жаткан муздак дубалдын бетине чаап, ойгонбос уйкусунан ойготту го. Света бир колу менен белин кармап бир колу менен мени жерден тургузду.
– Эми мунун жыйынтыгы качан чыгат, качан?!
– Билбейм, билбейм, – деди, кубарган Света.
Бул түндө шеригим уктады, байкушум. Эмнегедир кан алууга да, текшерүугө да эч ким келбеди, башка жакка которушпаса эле… Саат ондор чамасында Светаны алып кетишти.
– Мени унутпа, Света…
Мен ага үмүттүү карадым.
– Кайда баратканымды билбейм, Акакжан…
Башын жерге салып, коштошпой басып кеткенинен, менден жардам күтпө дегенин даана түшүндүм. Буга деле менин соо экендигим күмөн болгон тура…
Бөлмөдө эми өзүм жалгыз калдым.
– Кудай ай, кандай күн болду!.. Балам кайда?.. Бул жакка чоң үмүт менен келбедим беле.
– Акакжан, мени менен жүрүңүз.
– Мен даярмын!..
– Буюмдарыңыз калбасын.
Медайымдын артынан бастым. Ушул тоңдурмадан чыгып кетсем, баламды тапчудаймын. Кимдир бирөө менин артыман келатты. Биз асма арабанын жанына жеткенде, артыман келген жаныма тура калды.
– Саламатта бол, сиңдим. Сен көп ыйладың, эми антпе… Мен да айыгам…
Чөкүр бет аялды канчалык жек көрүп турсам да, анын ушул турушу зээнимди кейитти.
– Сиз билесиз да… менин балам кайда экенин?..
Мени алып бараткан кыздан жооп болбоду. Дубалдан бетер эмне мынча катып калышкан. Жердин түбүнө түшүп бараткандайбыз… Үчүнчү кабатка келгенде токтоп калдык. Асма арабанын эшиги буулуккандай акырын ачылды. Түшөбүз го дегем, Людмила Петровна… колунда бөбөк… Жүрөгүм жарылып кете жаздады.
– Менин балам! – деп жибердим.
– Кармаңыз… Мен өзүм карадым, балаңызды…
– Рахмат сизге!
Людмила Петровна калып калды.
– Балам!.. Балам!.. Балам менин!..
Мени укту бейм, алмадай жүзү шапая түшкөн балам чукуранып алды. Асма арабадан кантип чыктык, эми кайда баратабыз билбейм. Апакай тиштери жаркыраган дагы бир ак халатчан алдыман тосуп бөбөгүмдү алды.
– Кана баатыр, жаңы көйнөк кийеличи. Ух-х сенин түйүлгөн муштумдарың. Апакеңди, мекениңди, элиңди коргогон жигит болгун. Эки көзүм баламда. Тыпылдап терим, жашым да… сүтүм да агып турду… Жүзү жаркыраган бул аял барпырата чөргөлгөн менин баламды көтөрүп жөнөдү.
– Сиз кайда барасыз?.. Баламды, баламды өзүмө бериңиз…
Биз экөөбүз каалгага кептеле түшүп ары чыктык. Сыртта… Ала Тоодой болуп Үлпөт эжем күтүп туруптур. Колунда гүлдесте…



