Антон ЧЕХОВ: “6-палата”

I

Оорукананын короосунда уйгак, чалкан жана жапайы кара куурай өскөн чылгый токой менен курчалган чакан чарбалык имарат бар. Чатырын дат басып, мордун жарымы кулап, кире беришеги тепкичтери чирип, чөп басып, дубалынын шыбагы эзилип түшүп олтуруп анын изи гана калган. Бетмаңдайында оорукана, а арт жагында мык менен кагылган тактайчалар менен тосулган кашаа бөлүп турган ээн талаа. Учтарын өйдө каратып урулган мыктар, өңү өчүп бозоргон кашаа жана чарбалык имараттын өзүнүн каргышка калгансып үтүрөйгөн кебетеси биздеги оорукана менен түрмөлөрдүн имараттарына гана мүнөздүү, өзөчө таасир берип, маанай чөгөрө турган көрүнүшкө ээ болчу.

Чалканга чактырып алуудан коркпосоңор, анда келгиле, чарбалык имаратка баруучу кууш жол менен барып, ичинде эмне болуп жатканын көрөлү. Биринчи эшикти ачып, коридорго киребиз. Бул жерде дубалдын түбүндө жана мештин жанында ооруканадан чыккан таштандылар тоодой болуп үйүлүп жатат. Ар кай жеринен чаң басып, кирдеген кебездери бултуюп чыгып калган төшөктөр, эски жыртык халаттар, дамбалдар, жол-жол көк сызыктуу көйнөктөр, керектен чыккан, эскирип, жыртылган бут кийимдер, – ушул үйүлүп, бырышып, аралашып, чирип жаткан акыр-чикирлерден дайыма мурундун каңылжаарын жарып муунтуп турган жаман жыт чыгып турат.

Мына ошол таштандылардын үстүндө качан да болсо оозунан түтөгөн мүштөгү түшпөгөн, бир кездеги кызыл тасмаларынын өңү оңуп, саргая баштаган аскер кийимчен отставкадагы солдат, кароолчу Никита жатат. Анын түнөрүңкү, жабыккан жүзү түктүйүп, ылдый көздөй салбыраган каштары жана учу кызарган мурду ага талаа дөбөтүнүн кейпин берип, кыска бойлуу, тарамыштары көрүнгөн арык, бирок чымыр денеси, барскандай чоң муштумдары анын кебетесине бир топ сүр берип турчу.

Ал жөнөкөй, арамзалыгы жок, өз милдетин так аткарган жана дүйнөдө баарынан да тартипти сүйгөн, ошондуктан тартипти бузгандарды сабап туруу керек экенине терең ишенген, жүргөн турганын анча аңдабаган, акылы чолок маңыроо адамдардын катарына кирчү. Ал эч ойлонбостон бетке, көкүрөккө, далыга колуна тийген нерселер менен ургандан кайра тартчу эмес, ансыз бул жерде тартип болбойт деп ишенчү.

Андан ары, сиз кире бериш бөлмөдөн өтүп, бүт имаратты ээлеген чоң, кенен бөлмөгө киресиз. Дубалдары киргилт тарткан көгүш боёк менен сырдалган. Ыш басып тооктун кепеси сыяктуу сапсары болуп турган шыбы, бул жердеги мештин кышында жакшы күйбөй түтөп, ис жыттанып сасып турганынан кабар берет. 

Ички бетине орнотулган темир торлор терезелерди түрү суук кылып көргөзөт. Полу бозоруп, чаңдан көрүнбөй калган. Бөлмө кычкыл капуста, чырактын билигинен чыккан ыш, чычкан жана аммиак жыттанып, биринчи мүнөттө бул сасык жыт малканага кирип бараткандай таасир калтырат. Бөлмөдө буттары полго бекитилген керебеттер турат. Керебеттерде оорукананын жол-жол көк халатын, эски модалуу кепка кийишкен адамдар отурушат. Булар – жиндилер. 

Бул жерде алар бешөө. Алардын бири гана жогорку даражалуу адамдардан, а калгандары баары майда-барат кызматтагы коомдун ылдыйкы катмарынан чыккан немелер болчу. Эшиктен киргенде эң биринчи керебетте узун бойлуу, арыкчырай келген, муруту жалтыраган адам, жаңы эле ыйлап басылган немедей көздөрүн жашылдантып, алаканы менен жаагын таянган боюнча кыймылдабай бир чекитти тиктеп олтурат. Ал күндүр-түндүр кайгыга батып, башын чайкап, үшкүрүнүп, ачуу жылмайып олтурганы олтурган; бул адам сөзгө сейрек катышат жана адатта суроолорго жооп бербейт. Берген ашты эмне жеп жатканы менен иши жоктой, ойлонбой жеп ичет. Күрсүлдөп жөтөлүп, арыктап, жаактары кызарып турганына караганда, ал кургак учук оорусуна чалдыккан сыяктуу. 

Анын ары жагында кичинекей, жаны жай албаган, өтө кыймылдуу, чокчо сакал, негрдикиндей кара, тармал чачтуу чал жатат. Күндүз ал палатада терезеден терезеге чейин ары-бери басып же керебетинде буттарын түрктөр сыяктуу мандаш токунуп отуруп алып, тынчы жок букачардай бышкырып, кыңылдап ырдап, каткырып-күлүп олтурганын көрөсүң. Түнкүсүн Кудайга сыйынуу үчүн турганда да, баладай шайыр, жандуу мүнөзү калбайт, муштуму менен көкүрөгүн кагып, эшикти сөөмөйү менен чукулайт. Бул мындан жыйырма жыл илгери баш кийим тиккен ишканасы күйүп кеткенден кийин ушинтип жинди болуп калган еврей Моисейка.

№6 палатанын бардык тургундарынын ичинен ага гана палатадан, ал тургай оорукананын короосунан көчөгө чыгууга уруксат берилген. Ал мындай артыкчылыкка көптөн бери ээ, кыязы, ооруканада көп жылдар бою жатканы, тынч, эч бир жанга зыяны жок, тамашакөй мүнөзү, анын көчөдө балдар менен иттердин курчоосунда жүргөнү көнүмүш болуп калганы, бул шаардык келесоо маскарапоздун ушул сыймыкка жетишине себеп болсо керек.

Халатчан, күлкүлүү кепкачан, кээде бут кийимчен, кээде жылаңаяк, атүгүл кээ бир күндөрү ыштаны жок көчөгө чыгып, дарбазалардын алдына, отургучтардын жанына токтоп, кайыр сурайт. Бир жерде ага квас, экинчисинде – нан, үчүнчүсүндө тыйын беришет, ошондуктан ал көбүнчө курсагы тойуп, байып кайтат. Анын алып келгендеринин баарын Никита шыпырып алат. Солдат муну орой, чын жүрөгү менен жасайт, чөнтөгүн оодарып жатып, еврейди мындан кийин эч качан көчөгө чыгарбай турганын жана ал үчүн көчөдөгү тартипти бузуу дүйнөдөгү эң жаманы экенине күбө катары Кудайды чакырат.

Моисейка бирөөгө кызмат кылганды жакшы көрөт. Жолдошторуна суу алып келип берет, уктап жатып ачылып калгандардын үстүн жаап, ар бирине көчөдөн тыйын таап келип, жаңы калпак тигип берем деп убада кылат; сол жактагы бир ыптасы шал болгон кошунасын кашыктап тамактандырат. Муну ал боорукерчилик же кандайдыр бир адамгерчиликтүү ой менен эмес, оң жагындагы кошунасы Громовду туурап, жана анын айканына баш ийип жасайт.

Отуз үчтөр чамасындагы ак сөөк адам, мурдагы сот аткаруучу жана провинциялык катчы Иван Дмитрич Громов куугунтук маниясынан жабыркайт. Ал же төшөгүндө бүрүшүп жатат, же көнүгүү жасап жаткансып бурчтан бурчка басып жүрөт, өтө сейрек отурат. Ал кандайдыр бир бүдөмүк, белгисиз бир коркунучтуу нерселерди күтүп, дайыма толкунданып, тынсызданып, чыңалып турат. Кире бериштеги кичине шыбырт же короодогу кыйкырык анын кулагын түрүп тыңшай башташы үчүн жетиштүү себеп: Алар анын артынан ээрчип келе жатышкан жокпу? Бирөөлөр аны издеп жүрүшкөн жокпу? Ошол учурда анын жүзүнөн өтө тынчсызданууну жана жийиркенүүнү көрсөң болот. Мага анын узакка созулган коркуу сезими менен күрөшүп кыйналган жан дүйнөсүн күзгүдөгүдөй чагылдырып, дайыма кубарып, бактысыз көрүнгөн кең, бийик жаактуу жүзү жагат.

Анын жүзү кызык жана оорулуу сыяктуу, бирок терең жана чын ыкласы менен азап чегүүлөрдөн улам жүзүнө түшкөн назик бырыштар анын жүзүн акылдуу жана маданиятуу көргөзүп, көздөрүнөн жылуу жарык чачырап турат. Мага анын өзү жагат, сылык, элпек жана Никитадан башкалардын баары менен мамиле түзүүдө өзгөчө назик. Кимдир бирөө топчусун же кашыгын түшүрүп алса, ал ошол замат төшөгүнөн секирип туруп, аны алып бере салат. Ар күнү эртең менен ал жолдошторун кутман таңы менен куттуктайт, жатарда – бейпил түн каалайт.

Тынымсыз чыңалган абалынан тышкары, анын жиндилиги төмөнкү нерселерден көрүнөт. Кээде кечинде халатына оронуп алып, бүткүл бою титиреп, тиштерин кычыратып, бурчтан бурчка, керебеттин ортосунда тез-тез баса баштайт. Дене табы катуу көтөрүлүп, безгек болгон сыяктуу калчылдайт. Күтүлбөгөн жерден токтоп, жолдошторун карап калганына караганда, өтө маанилүү бир нерсени айткысы келгени билинип турат, бирок алар аны укпай, түшүнбөй турганын түшүнүп, чыдабай башын чайкап алат да, кайрадан басып кетет. Бирок көп өтпөй эле бардык ойлорунан сүйлөйм деген каалоо үстөмдүк кылып, өзүнө эркиндик берип, кызууланып сүйлөй баштайт. 

Анын сүйлөгөнү дайынсыз, делөөрүп жаткан сымал, тез жана дайыма эле түшүнүктүү эмес, бирок, экинчи жагынан, сөзүндө да, үнүндө да өтө жакшы бир нерсе угулуп турат. Ал сүйлөп жатканда жинди экенин билесиң. Анын жиндидей сүйлөгөн сөзүдөрүн кагаз бетине түшүрүп жеткирүү кыйын. Ал адамдын эки жуздүүлүгү жөнүндө, чындыкты тебелеген зордук-зомбулук жөнүндө, акыры жер жүзүндө боло турган керемет жашоо жөнүндө, ага зордукчулардын акылсыздыгын жана ырайымсыздыгын мүнөт сайын эстетип турган терезенин торлору жөнүндө айтат. Бул эски, бирок ырдалып бүтө элек ырлардын баш аламан, ыңгайсыз аралашмасы болуп чыгат.

 

II

Мындан он эки-он беш жылдай илгери шаарда, чоң көчөдө атка минер Громов деген кадыр-барктуу, бакубат адам өз үйүндө жашачу. Анын эки уулу боло турган: Сергей жана Иван. Төртүнчү курстун студенти кезинде Сергей кургак учуктун тез өнүгүүчү түрү менен ооруп, каза болгон жана бул өлүм күтүлбөгөн жерден Громовдордун үй-бүлөсүнө түшкөн бактысыздыктын бүтүндөй сериясынын башталышы болуп калды. Сергейди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөндөн кийин бир жумадан кийин карып калган атасы жасалма документ жасаган жана уурдаган деген айып менен соттолуп, көп узабай түрмөнүн ооруканасында ич келтеден каза болду. Үй жана бардык кыймылдуу мүлк аукциондо сатылып, Иван Дмитрич жана анын апасы эч кандай каражатсыз калган. Мурда атасынын көзү тирүүсүндө Иван Дмитрич Санкт-Петербургда жашап, университетте окуп жүргөндө үйүнөн айына алтымыштан жетимиш сомго чейин акча алып турчу жана муктаждык деген эмне экенин ойлочу да эмес, бирок азыр жашоосун кескин түрдө өзгөртүүгө туура келди. Ал эртеден кечке чейин болбогон тыйын үчүн сабак берип, кат алышуу менен алек болсо дагы жарым-жартылай ачка жүрчү, анткени тапкан акчасынын дээрлик баардыгына апасына тамак-аш камдап жөнөтчү. 

Иван Дмитрич мындай жашоого чыдай албады; ал маанайы чөгүп, жүдөп кетти, акыры университетти таштап, үйүнө кайтты. Анан, бул жердеги шаарчада, тааныштары аркылуу райондук мектепке мугалимдик кесипке орношуп, бирок кесиптештери менен тил табыша албай, окуучуларга жакпай тез эле ал иштен баш тартты. Апасы каза болду. Алты ай бою жегени нан, ичкени суу болду, иш таппай бош жүрүп, акыры сот аткаруучу кызматына кирген. Ал бул кызматты ооруп калганына байланыштуу кызматынан алынганга чейин иштеди. 

Ал эч качан, атүгүл жаш студенттик жылдарында да дени сак адамдай элес калтырган эмес. Дайыма кубарып, арык эле, тез-тез суук тийчү, тамакты аз жеп, начар уктачу. Бир стакан шарап анын башын айлантып, дайынын таппай далдырап калар эле. Дайыма элге аралашкысы келчү, бирок өзүнүн кыйкымчыл мүнөзүнөн, шектүүлүгүнөн эч ким менен жакындашчу эмес, достору да жок болчу. Ал ар дайым шаардыктар жөнүндө жек көрүү менен айтып, алардын одонолугу, сабатсыздыгы жана айбан мал сыяктуу жашоосу жийиркентерин көп кайталачу.  

Ал өзүнүн тенор үнү менен бакылдап, кыжырдануусун же кубануу жана таң калуусун билдирип, бирок дайыма чын жүрөгүнөн сүйлөчү. Аны менен эмне тууралуу сүйлөшсөң да, ал бардыгын бир нерсеге алып барып такачу: “шаарда жашоо супсак жана кызыксыз, коомдун алдына койгон бийик максаттары жок, шаардыктар маанисиз шаан-шөкөттөргө толо жашоосун ар түрдүү зомбулук, одоно бузукулук жана эки жүздүүлүк менен өткөзөт; шылуундар тоё жеп, жакшы кийинишет, а чынчылдар алардан калган күкүмдү термелеп жеп эптеп оокат кылышат; бизге мектептер, ак ниеттүү багытты карманышкан жергиликтүү гезиттер, театр, коомдук уюмдар жана интеллектуалдык күчтөрдүн биримдиги керек; коом ойгонуп өзүнүн абалынан үрөйү учушу зарыл”. 

Ал адамдарга карата чыгарган өкүмдөрүндө өтө эле коюу түстөрдү колдончу, эч кандай көлөкөлөрдү, башка түстөрдү таанычу эмес, бардыгын ак жана кара, адамзатты чынчыл, арамза деп бөлчү; анда ортозаар деген түшүнүк таптакыр болгон жок. Ар дайым аялдар жана сүйүү жөнүндө берилип, шыктануу жана ырахат менен айтар эле, бирок ал өзү эч качан сүйүп көргөн жан эмес. 

Шаарда ой-пикиринин өзгөчөлүгүнө, кыйкымчыл мүнөзүнө карабастан, аны жакшы көрүшчү, көзү жокто эркелетип Ваня деп коюшчу. Анын тубаса назиктиги, элпектиги, адептүүлүгү, адеп-ахлактык тазалыгы жана анын эскирген чапаны, оорулуу көрүнүшү, үй-бүлөсүндөгү бактысыздыктары ага болгон жакшы, жылуу жана кайгылуу сезимдерге дем берчү; анын үстүнө, ал билимдүү жана көп окугандыктан, шаардыктардын пикири боюнча ал билбегени жок, басып жүргөн маалымдама сөздүк сыяктуу болчу. Ал көп окучу. Кээде клубда отуруп алып, сакал-муруту баскан эриндерин бүлкүлдөтүп, журналдарды, китептерди барактап жатканын көрүшчү; ошол учурда анын жайма-жай окубаганын, чайнаганга араң үлгүрүп жутуп жатканын жүзүнөн байкалып турчу. Окуу анын ооруга айланган адаттарынын бири деп ойлош керек, анткени ал колуна тийгендин баарын, атүгүл былтыркы гезиттерди, календарларды да бирдей ач көздүк менен окуй турган. Ал үйүндө дайыма жатып алып окучу.

 

III

Иван Дмитрич бир жолу күздүн таңында кемселинин жакасын өйдө көтөрүп, шалпылдата ылай кечип, аллеяларды, короолорду аралап, кайсы бир соодагердин жаза кагазындагы өкүмдү аткаруу үчүн бара жаткан. Анын маанайы күндө эртең менен боло жүргөндөй эле басмырт болчу. Аллеялардын биринде ал кишенделип келе жаткан эки туткунду жана алар менен бирге куралчан төрт күзөтчүнү жолуктурду. Мурда деле Иван Дмитрич туткундар менен тез-тез жолугуп, ар бир жолугушууда анын аларга деген боорукердик сезимдери ойгонуп өзүнчө эле ыңгайсыздана берчү, ал эми бул жолугушуу ага  кандайдыр бир өзгөчө, кызыктай таасир калтырды. Эмнегедир ага күтүүсүздөн аны да ушинтип кишендеп, ылай жолдор менен түрмөгө алып кетиши мүмкүн деген ой келе калды. Соодагерге жолугуп, үйүнө кайтып келе жатканда ал почтанын жанынан өзү жакшы тааныган милициянын кызматкерине жолугуп, учурашып, аны менен көчөдө бир нече кадам бирге басып өткөн, эмнегедир бул ага шектүү көрүнгөн. Үйүндө да ага колуна кишен салынган туткундар жана мылтык кармаган солдаттар оюнан кетпей, түшүнүксүз психикалык тынчсыздануу анын китеп окуусуна жана көңүл бир жерге топтоого тоскоол болгон. 

Кечинде үйүндө от жаккан жок, түнү менен уктабай, кишен салып, айдап барышып түрмөгө камап салышы мүмкүн деп ойлой берди. Ал өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экендигине, келечекте эч качан адам өлтүрбөсүнө, бирөөнүн мүлкүн өртөбөсүнө, ууру кылбай турганына кепилдик бере алмак; бирок кокусунан, эрксизден кылмыш жасап алуу кыйынбы, же болбосо жалаа жабууларга кабылуу, алтургай соттун жаңылыштыктары болбойт деп ким айталат?  Элдин кылымдардан бери топтогон тажрыйбасы бекеринен жокчулук менен түрмө эртең эле башка түшпөйт деп эч ким кепилдик бере албасын эскертип жаткан жок да. 

Ал эми азыркы соттук териштирүүлөрдө сот адилеттигинин бузулушу өтө эле көп кезигет жана бул жерде эч кандай айла-амалдын деле кереги жок. Башка бирөөнүн азап-тозогуна кызматтык, иштиктүү мамиледе болгон адамдар, мисалы, соттор, милиция кызматкерлери, дарыгерлер, убакыттын өтүшү менен кардарларына формалдуу мамиле жасоо көнүмүш адатка айланат, канчалык каалап турса да бул адаттан чыгуу алар үчүн өтө оор; бул жагынан алар чарбасындагы малын союп, бирок алардын төгүлгөн канын байкабаган фермерлерден айырмасы жок. Жеке адамга формалдуу, жансыз мамиле кылып, күнөөсүз адамды мамлекеттик бардык укуктардан ажыратып, оор жумушка кесип жаткан сотторго бир гана нерсе керек: убакыт. Кээ бир формалдуулуктарды сактоого гана убакыт калат, алар үчүн сотторго айлык төлөнөт, анан – баары бүтөт. Андан соң кыйын болсоң адилеттикти жана коргоону темир жолдон эки жүз чакырым алыстыкта ​​жайгашкан ушул кичинекей, кир шаардан издеп таап көр! 

Ал эми ар кандай зордук-зомбулуктар коом тарабынан акылга сыярлык жана максатка ылайыктуу зарылчылык катары кабыл алынып, ар бир жасалган ырайымдуулук, мисалы, актоо, нааразылык, кекчил сезимдердин бүтүндөй жарылуусуна себеп болуп турганда, адилеттүүлүк жөнүндө ойлоо күлкүлүү эмеспи? 

Эртең менен Иван Дмитрич төшөктөн турганда эле чекесинен муздак тер чыгып,  коркуп турду, эми ал аны ар бир мүнөттө кармап кетиши мүмкүн экенине бекем ишенип алды. «Кечээги оор ойлор аны мынчалык көпкө калтырбай жатканына караганда, анда кандайдыр бир чындык бар окшойт» деп ойлоду ал. Чынында эле ал ойлор эч кандай себепсиз эле башына келе калышкан жок да. Милиционер терезенин жанынан акырын басып өттү: бул да бекеринен эмес. Тигил жерде эки адам үйдүн жанына токтоп, унчукпай калышты. Эмне үчүн алар унчугушпайт? 

Иван Дмитрич үчүн азаптуу күндөр жана түндөр башталды. Терезенин жанынан өтүп, короого киргендердин баары аны аңдып жүрүшкөн тыңчыларга, детективдерге окшойт. Күндө түшкө маал милиция кызматкери көчө бойлоп кош ат чегилген араба менен өтчү; ал өзүнүн шаар четиндеги үй-жайынан полициянын штабын көздөй барар эле, бирок ал өткөн сайын Иван Дмитричке арабасын өтө катуу айдап шашып бара жаткандай, жүзүндө кандайдыр бир өзгөчө сыр бардай сезилип: ал шаарда абдан маанилүү кылмышкер пайда болгонун жарыялоого шашып жатканы анык деп ойлочу. 

Иван Дмитрич ар бир коңгуроонун үнү чыгып, дарбазаны бирөөлөр каккылаган сайын бүткөн бою титиреп, үйүнө кокустан тааныбаган кишилер келип калса алардан шек санап кыйнала баштачу болду; полиция жана жандармдар менен жолукканда, жылмайып, кайдыгер немедей ышкырып өтчү. Камалууну күтүп, түнү бою уктабады, бирок катуу коңурук тартып, уктап жаткандай түр көрсөтчү, анткени ошондой кылса кожойке аны уктап жатат деп ойломок; Эгерде, ал уктай албай жатса, анда ал кылмыш кылып алып, абийири кыйнап жатканын билдирип койбойбу – а бул кандай чоң далил! 

Фактылар жана туура логика аны бул коркуулардын баары куру сөз жана психопатия экенине, маселеге кененирээк көз караш менен карасаң камоодо жана түрмөдө,  түпкүлүгүндө коркунучтуу эч нерсе жок экенине – абийир тынч болсо баары жайында болоруна ынандырды; бирок ал канчалык терең жана логикалуу ойлонгон сайын, жан дүйнөсүндөгү тынчсыздануу ошончолук күчтүү жана азаптуу болуп калды. Бул бир тың адам чытырман токойдон өзүнө жер тилкесин тазалап алгысы келген сыяктуу окуя болчу; балтасын канчалык шилтебесин токойдун суюлганы билинбей, калың токой ошол боюнча кала берген. Акыр аягы, пайдасыз экенин түшүнүп, ой жүгүртүүдөн такыр баш тартты жана өзүн үмүтсүздүк менен коркуунун кучагына салып берди. 

Ал обочолонуп, адамдардан кача баштады. Кызмат ага чейин эле жийиркеничтүү болсо, эми ал үчүн чыдагыс азапка айланды. Ал кимдир бирөөлөр аны алдап, чөнтөгүнө акча сала коюшуп, анан кармап кетишет же өзү байкабай иш кагаздарынан ката кетирип, өкмөткө чоң зыян келтирип алышы мүмкүн деп ойлоп сактана баштады. Кызыгы, анын ою эч качан азыркыдай ийкемдүү жана тапкыч болгон эмес, ал күн сайын өзүнүн эркиндигине жана коопсуздугуна коркунуч жараткан миңдеген олуттуу себептерди ойлоп тапчу. Бирок, экинчи жагынан, тышкы дүйнөгө, атап айтканда, китептерге болгон кызыгуусу бир топ алсырап, эс тутумун абдан өзгөртө баштаган. 

Жазында кар эриген кезде, көрүстөндүн жанындагы сайдан зордук-зомбулук менен өлтүрүлүп чирий баштаган эки өлүктү – кемпир менен баланын сөөгүн табышкан. Шаарда ошол өлүктөр менен белгисиз киши өлтүргүчтөр жөнүндө дуулдаган сөздөр жүрүп жатты. Иван Дмитрич аны өлтүрдү деп ойлошпосун деп, көчөдө ары-бери жылмая басып, тааныштарына жолукканда өңү бир кубарып, бир кызарып, алсыздарды өлтүргөндөн жаман кылмыш жок деп ишендире баштады. Бирок минтип жалган айтып жүргөндөн тажап кетти, бир аз ой жүгүрткөндөн кийин, эң жакшысы кожоюндун жер төлөсүнө жашына туруу деп чечти. Ал жер төлөдө бир күн, бир түн, анан дагы бир күн отурду, катуу суук болуп үшүгөндө караңгы киргиче чыдап, ууру кишидей жашырынып, тымызын өз бөлмөсүнө жол тартты. Таң атканга чейин шыбырт эткен дабышты тыңшап бөлмөнүн ортосунда кыймылдабай турду. 

Таң эрте, күн чыга электе үй ээсине меш жасаган усталар келишти. Иван Дмитрич алардын ашканадагы мешти оңдогону келишкенин жакшы билчү, бирок ага алар усталардын кейпин кийип алышкан полиция кызматкерлериндей көрүндү. Ал үрөйү учуп, акырын батирден чыкты да, жылаң баш жана кемселин кийбей көчөгө чуркап чыкты. Артынан иттердин арсылдап үргөнүн, бир жерде дыйкандын кыйкырып жатканын эшитти, кулагы тынбай чуулдап жатты. Иван Дмитричке анын артынан бүткүл дүйнөнүн кара күчтөрү топтолуп алып, сая түшүп кууп келе жатышкандай сезилди. 

Аны кармап, үйгө алып келип, үй ээсин дарыгерге жөнөтүштү. Биз кийинчерээк сөз кыла турган доктор Андрей Ефимич башына муздак сууга чыланган чүпрөк басып, лавр-алча тамчыларын жазып берип, башын капалуу чайкады да, үй ээсине мындан ары келбей турганын, анткени адамдардын жинди болуп кетүүсүнө тоскоол болбоо керектигин айтып чыгып кетти. 

Жашоого жана үйдө дарыланууга шарты жок болгондуктан, Иван Дмитрич көп өтпөй ооруканага жөнөтүлүп, ал жерде венерикалык оорулуулар үчүн палатага жаткырылды. Түнкүсүн уктабай, оорулуулардын тынчын ала бергендиктен, көп өтпөй Андрей Ефимичтин буйругу менен №6 палатага которулду. Бир жылдан кийин шаардыктар Иван Дмитричти таптакыр унутушуп, анын үй ээси бастырманын астындагы чанага таштаган китептерин балдар талап кетишти.

 

IV

Иван Дмитричтин сол жагындагы кошунасы, мен жогоруда айткандай, еврей Моисейка, ал эми оң жактагы кошунасы шишип кеткенсип семирген, дээрлик тоголок, маңыроо чалыш адам. Кыймылсыз жатып алып тамак жегенден башка иш кылбаган бул адам эчак эле ойлонуу, сезүү жөндөмүн жоготкон. Андан дайыма кандайдыр бир ачуу, тумчуктуруучу жыт чыгып турчу. Анын артынан тазалап жүргөн Никита муштумун аябастан, аны күчүнүн бардыгынча катуу сабачу; бул жерде коркунучтуу нерсе аны сабашканында эмес, – ага көнүп алса болот, – кептин баары бул акылсыз жаныбар ур-токмокко үнү менен да, кыймылы менен да, көз карашы менен да жооп бербей, оор челек сыяктуу бир аз гана солкулдап турганында болчу. 

№6 палатанын бешинчи жана акыркы жашоочусу – бир кезде почта бөлүмүндө сорттоочу болуп иштеген кызматкер, кичинекей, арык, сары чачтуу, боорукер, бирок жүзүнөн бир аз куулугу көрүнүп турган адам эле. Акылдуу, токтоо, ачык жана шайыр караган көздөрүнө караганда, анын акылы ордунда эле сыяктуу, бирок ичинде жашырып жүргөн абдан маанилүү, жагымдуу сыры бардай сезилет. Анын жаздыгынын, төшөгүнүн астында эч кимге көрсөтпөй катып жүргөн бир нерсеси бар, аларды тартып алып кетишет же уурдап кетеби деп коркконунан эмес, уялганынан катып жүргөндөй. Кээде терезеге барат да, жолдошторуна артын салып, көкүрөгүнө бир нерсени илип, башын ылдый кылып карап калат; ушул маалда ага жакындасаңыз, ал уялып, көкүрөгүнөн бир нерсени жулуп алат. Бирок анын сыры көпкө деле сакталбайт. 

— Мени куттуктап койсоңуз болот, – дейт ал Иван Дмитричке, — мени экинчи даражадагы жылдыздуу Станиславка көргөзүштү. Экинчи даражадагы жылдыздуу чет өлкөлүктөргө гана берилет, бирок эмнегедир алар мага өзгөчө артыкчылык беришти, – дейт ал жылмайып, ийинин куушуруп. — Моюнга алыш керек, мен муну эч күткөн эмесмин! 

— Мен мындай нерселерди түшүнбөйм, – дейт Иван Дмитрич капаланып.

— Бирок эртеби-кечпи эмнеге жетишээримди билесиңби? – деп улантат мурунку сорттоочу, көздөрүн куулук менен кымыңдатып. – Мен сөзсүз Швециянын «Алтын казык» жылдызын алам. Бул орденди тагынып жүрүү өтө сыймыктуу. Ак крест жана кара тасма. Бул абдан кооз. 

Башка эч бир жерде мындай бир калыпта өткөн тажатма жашоо болбосо керек. Эртең менен: шал менен семиз кишиден башка оорулуулар кире бериштеги чоң ваннада жуунушуп, халаттарынын этектери менен аарчынышат; андан кийин алар Никита башкы корпустан алып келген калай кружкалар менен чай ичишет. Ар бир адамга бир кружкадан берилет. Түшкө маал капуста шорпо, ботко жешет, кечинде түшкү тамактан калган ботко менен тамактанышат. Калган убактарда жатып, уктап, терезени карап, бурчтан бурчка басып жүрүшөт. Күн сайын ушундай. Алтургай мурдагы сорттоочу да баягы эле ордендери тууралуу айта берет.

№6 палатада жаңы адамдар сейрек кездешет. Дарыгерлер көптөн бери жаңы жиндилерди кабыл албай калышкан, ал эми бул дүйнөдө жиндиканаларга баргысы келгендер аз. Чач тарач Семен Лазарич эки айда бир жолу келип турат. Ал жиндилердин чачын кантип алат, Никита буга кантип жардам берет жана мас болуп жылмайып кирген чачтарачты көрүшкөндө бейтаптар кандай абалда болушат, биз ал тууралуу сөз кылбайбыз. Чач тарачтан башка эч ким чарбалык имаратка кирбейт. Бейтаптарга күн сайын Никитаны гана көрүп туруу буюрган. Бирок, жакында оорукананын имаратында бир кызыктай ушак тарады. Дарыгер №6-чы палатага келе баштады деген кеп чыкты.

 

V

Кызык ушак!

Доктор Андрей Ефимич Рагин өзгөчө бир сонун адам. Элдин айткандарына караганда, ал жаш кезинде абдан динчил болгон жана өзүн руханий карьерага даярданган. 1863-жылы гимназиянын курсун аяктагандан кийин теологиялык академияга тапшырууну көздөптүр, бирок атасы медицина илимдеринин доктору жана хирург, ага каршы чыгып, эгер ал дин кызматына барса, аны уулум деп эсептебей турганын чечкиндүү түрдө билдирген экен. Мунун канчалык чын экенин билбейм, бирок Андрей Ефимыч өзү эч качан медицинага, дегеле атайын илимдерге деген ышкысын сезбегенин бир нече жолу мойнуна алган. Кандай болбосун, ал медициналык курсту аяктагандан кийин, дин кызматына барган эмес. Ал такыбалыктан, азыркыдай эле медициналык карьерасынын башталышында да эле алыс болуп, дин кызматкерине эч окшошчу эмес.

Анын дыйканга окшогон, одоно, келбети, сурданган бетиндеги көгөрүп чыгып турган кан тамырлары, кишиге тике караган кичинекей көздөрү, кызыл муруну, кою өскөн сакал-муруту, тасырайта таралган чачы, далдайган чымыр денеси, жана өзүн кармай албаган чукул мүнөзү, аны чоң жолдогу өз күчүнө ишенип, дегирсип турган мейманкананын ээсине окшотуп турат. Узун бойлуу, кең далылуу; шадылуу чоң колу менен бир муштаса жаның жанатта болчудай. 

Бирок ал кадамын этият таштап, шыбырт чыгарбай жай басат; тар коридордо жолугуп калсаңыз ал дайыма биринчи болуп токтоп, жол берет, сен күткөндөй бас менен күркүрөбөй, ичке, жумшак тенор үнү менен: «Кечиресиз!» дегенин айт. Анын мойнунда кичинекей шишиги бар, ал катуу крахмалдуу жакаларды кийүүгө тоскоол болот, ошондуктан ал дайыма жумшак зыгыр буласынан тигилген же чыт көйнөк кийип жүрөт. Негизинен дарыгерлердей кийинбейт. Ал бир эле кийимин он жылдай сүйрөп жүрө берет, көбүнчө жөөттөрдүн дүкөнүнөн сатып алган жаңы кийимдери деле мурда кийип жүргөн кийимдери сыяктуу ушаланып, бырышып, эскидей көрүнөт; бир эле кемсели менен ал оорулууларды кабыл алат, тамактанат жана конокко барат; бирок бул анын сараңдыгынан эмес, анын сырткы көрүнүшүнө толук көңүл бөлүп, маани бербегендигинен. 

Андрей Ефимич бул кызматка кирүү үчүн ушул шаарга келгенде «Кайрымдуулук мекемеси» абдан оор абалда болчу. Палатада, коридордо, оорукананын короосунда сасык жыттан дем алуу кыйын эле. Ооруканада эмгектенгендер, медайымдар жана алардын балдары оорулуулар менен палаталарда чогуу жатышчу. Алар таракандардан, канталалардан жана чычкандардан жашоо жок деп нааразы болушкан. Бүтүндөй ооруканада эки гана скальпель бар болчу, бир дагы термометр жок, а картошка ванналарда сакталчу. Кароолчу, чарба башчысы жана фельдшер оорулууларды тоноп турушкан, ал эми эски дарыгер, Андрей Ефимичтен мурунку башчы жөнүндө, оорукананын спиртин тымызын сатып, өзүнө медайымдардан жана оорулуу аялдардан бүтүндөй гарем түзүп алганын айтышты. 

Шаардыктар бул баш аламандыктарды жакшы билишкен, жада калса аларды көбүртүп-жабыртып айтып да жүрүшчү, бирок аларга сабырдуулук менен мамиле кылышкан; кээ бирлери муну ооруканага майда кызматкерлер менен дыйкандар гана бара тургандыгы менен акташа турган: алар нааразы болбой коюшса деле болот, анткени алар ооруканага караганда үйлөрүндө алда канча начар жашашат; аларды эмне илбээсиндин эти менен багыш керек беле! Башкалары шаар, земствонун жардамысыз жакшы оорукананы кармай албайт деп айтышты; Кудайга шүгүр, жаман болсо да ооруканабыз бар. Ал эми жаңы земство шаардын өз ооруканасы болгондугуна байланыштуу, шаарда да, жакын жерде да ооруканаларды ачкан эмес. 

Оорукананы бир сыйра карап чыккандан кийин Андрей Ефимыч бул мекеме адеп-ахлаксыз жана тургундардын ден-соолугуна өтө зыяндуу деген жыйынтыкка келген. Анын пикиринде, эң туура чечим – оорулууларды үйлөрүнө чыгарып, оорукананы жабуу эле. Бирок бул үчүн өзүнүн гана эрки жетишсиз, жабууга аракеттенүү азырынча пайдасыз деп ойлоду; физикалык жана жан-дүйнөдөгү ыплас нерселердин бир жерден кубаласа, башка жерге өтө качмай адаты бар; ошондуктан ал өзү бузулуп жок болушун гана күтүш керек. Анын үстүнө, эл ооруканага келип, анда чыдап жатышса, демек, бул аларга керек; бул адатка айланган жалган көз караштар жана күнүмдүк ыплас, жийиркеничтүү нерселер, кара топурактагы кык убакыттын өтүшү менен баалуу жер семирткичке айланып кеткен сыяктуу эле, келечекте бир берекелүү иштерге айланышы мүмкүн. Жер бетинде анын түпкү булагында жаман нерсе болбогон, бир дагы жакшы нерсе жок. 

Кызматка киришүү менен Андрей Ефимич мындагы баш аламандыктарга өтө деле көңүл бурган жок, медайымдарынан палаталарда түнөбөшүн суранып, шаймандарды сактоого дагы эки шкаф коюуну өтүндү; кароолчу, чарба кожойкеси, фельдшер жана хирург өз ордуларында калышты. 

Андрей Ефимыч акылды жана чынчылдыкты абдан жакшы көрөт, бирок анын айланасында акылдуу жана чынчыл жашоону уюштуруу үчүн анын мүнөзү жана өз укугуна ишеними жок болчу. Ал буйрук бергенди, тыюу салганды жана талап кылганды жакшы билбейт эле. Эч качан үнүмдү катуу чыгарбайм, башкаруучулук маанайды колдонбойм деп ант бергендей сезилет. Ал үчүн «бер» же «алып кел» деп буйрук берүү кыйын эле; ал ачка болгондо ашпозчуга: ” Чай ичип алсам жакшы болор эле…”, же: “Түшкү тамакты ичип алсамбы” деп кайрылчу. Кароолчуга уурулукту токтот деп айтуу, же аны кууп чыккыла, бул керексиз мителик кызматты таптакыр жоюп салуу керек деген маселе көтөрүүгө эрки жетпейт эле. Андрей Ефимичти алдап, же ага кошомат кылышканда, же атайылап жаман, туура эмес мыйзам долбооруна кол коюуну сунуш кылышканда, ысык сууга салган рак сыяктуу кызарып, өзүн күнөөлүү сезчү, бирок баары бир ага кол коюп берер эле; Бейтаптар курсактарынын тойбой жатышканына же медайымдардын оройлуктарына даттанышканда, ал уялып, күнөөлүүдөй кобурачу: 

— Макул, макул, кийин чечем… Түшүнбөстүк болуп жаткандыр…

Адегенде Андрей Ефимич абдан катуу иштеди. Ал оорулууларды күнүгө эртең мененден түшкү тамакка чейин кабыл алып, операция жасап, жада калса акушердик практикага да барчу. Айымдар ал жөнүндө, анын оорулууларды кунт коюп, өзгөчө балдарды жана аялдардын ооруларын кыйын аныктарын айтышчу. Бирок, убакыттын өтүшү менен, бул иштин монотондуулугу жана ачык-айкын эле пайдасыздыгы, аны тажатты. Бүгүн отуз бейтапты кабыл аласың, эртең карасаң отуз беши келет, бүрсүгүнү алар кырк болот, ошентип күндөн күнгө, жылдан жылга улана берет, бирок шаарда өлүм азайбайт, бейтаптар келишкенин токтотпойт. Эртеден түшкү тамакка чейин келген кырк оорулууга олуттуу жардам көрсөтүүгө физикалык мүмкүнчүлүк жок, демек бир алдамчылык сөзсүз болот. 

Отчеттук жылы он эки миң оорулуу кабыл алынган, башкача айтканда, он эки миң адам жөн эле алданган. Оор оорулууларды палаталарга жаткырып, илимдин эрежеси менен мамиле кылуу такыр мүмкүн эмес, анткени эреже бар, бирок илим жок; Эгерде сиз философияны таштап, башка дарыгерлердей болуп эрежелерди таптак сактагыңыз келсе, анда биринчи кезекте кир толгон палата эмес, тазалык жана желдетип туруу, ачып кеткен капустадан жасалган шорпо эмес, даамдуу пайдалуу тамактар, уурулар эмес, жакшы жардамчылар керек. А эгер өлүм ар бир адамдын жашоосунун нормалдуу  жана мыйзамдуу аягы болсо, анда эмне үчүн адамдардын өлүмүн токтотуу керек? 

Кайсы бир соодагер же чиновник ашыкча беш-он жыл жашаганда эмне? Эгерде биз медицинанын максатын дары-дармектер аркылуу адамдардын азаптарын жеңилдетүү деп билсек, анда эрксизден суроо туулат: а эмне үчүн аларды жеңилдетүү керек? Биринчиден, азап-кайгы адамды кемчиликсиздикке, өсүп-өнүгүүгө жетелейт дешет, экинчиден, эгер адамзат чындап эле таблетка жана тамчылар менен азапты жеңилдетүүнү үйрөнсө, анда ал ушул убакка чейин бардык кыйынчылыктардан коргоп, ал тургай бакыт тартуулап келген динден жана философиядан таптакыр баш тартмак. 

Өлөрүнүн алдында Пушкин катуу азапты башынан өткөргөн, бечара Гейне бир нече жыл шал болуп төшөктө жаткан; анда эмне үчүн кайдагы бир Андрей Ефимичке же Матрена Саввишнага ооруганга болбосун, алардын анысыз да маанисиз бош жашоосу, азап- тозокту баштарынан өткөзүшпөсө, таптакыр эле кунарсыз болуп, амебанын жашоосуна окшошуп калмак. Андрей Ефимич мына ушундай ойлорго батып, колун шилтеди да, ооруканага күнүгө келбей калды.

 

VI

Анын жашоосу ушинтип уланып келет. Көбүнчө эртең менен саат сегизде туруп, кийинип, чай ичет. Анан кабинетине кирип окуп отурат же ооруканага барат. Оорукананын тар, караңгы коридорунда, амбулаториялык оорулуулар кабыл алууну күтүп отурушкан болот. Алардын жанынан өтүктөрүнүн такалары кирпич полду тыкылдаткан эркектер менен медайымдар, халатчан арык бейтаптар ары-бери басышып, жандарынан маркумдарды, кир, жуула элек идиш-аяктарды алып өтүшөт, балдар ыйлап, каалгалар ачылган сайын шамал согуп турат. Андрей Ефимич мындай абал безгек, кургак учук, дегеле бардык бейтаптар үчүн оор экенин билет, бирок билгенде эмне кыла алат эле? 

Кабыл алуу залында аны фельдшерге караганда сенаторго көбүрөөк окшош, чачы кыркылган, таза жуунган, толмоч бети, жумшак жүрүм-туруму бар, жаңы, кенен бешмантчан, кичинекей, семиз киши Сергей Сергеевич тосуп алат. Шаарда ал эбегейсиз көп практикага ээ, ак галстук тагынып, өзүн такыр практикасы жок Андрей Ефимичке караганда билимдүүмүн деп эсептейт. Кабыл алуу бөлмөсүндө бурчта, чоң икона, оор иконка лампасы, анын жанында ак жапкычтуу шам койгуч коюлган айнектелген шкаф турат; дубалдарында епископтордун портреттери, Святогорск монастырынын көрүнүшү жана кургак көк гүлдөрдөн жасалган гүлчамбар илинген. 

Сергей Сергеевич динчил жана сулуулукту сүйөт. Сүрөттөрдү ошол берген; жекшемби күндөрү күтүү залында, бейтаптардын бири, анын буйругу боюнча, Иисустун урматына арналган дубаны үн чыгарып окуйт, ал эми окуудан кийин Сергей Сергеевич өзү жыпар жыттуу зат түтөткүчтү алып, бардык бөлмөлөрдү кыдырып аластап чыгат. Оорулуулар көп, бирок убакыт аз, ошондуктан маселе бир гана кыска сурамжылоо жана кастор майы сыяктуу кандайдыр бир дарыларды берүү менен чектелет. Андрей Ефимич жаагын таянып, ойго батып отуруп, автоматтык түрдө суроо берет. Анда-санда Сергей Сергеевич да, колун ушалап, сөзгө аралашат: «Биз Мээримдүү Теңирге аз сыйынабыз жана андан аз тиленебиз. Ооба! Ошондуктан ооруйбуз жана муктаждыкка кабылабыз,— дейт ал. 

Кабыл алуу учурунда Андрей Ефимыч эч кандай операция жасабайт; ал бул адатын эчак эле таштап койгон, кандын көрүнүшү ага жагымсыз таасир тийгизет. Баланын тамагын кароо үчүн оозун ачыш керек болуп, бала кыйкырып, кичинекей колдору менен өзүн коргоп ыйлай баштаганда, кулагындагы ызы-чуудан башы айланып, көздөрүнөн жаш чыгып кетет. Дарыны жазып бергечге шашып, энесине баланы тезирээк алып кет деп колун шилтейт. Кабыл алып жатып ал бейтаптардын уялчаактыгынан жана алардын келесоолугунан, кереметтүү Сергей Сергеевичтин жакындыгынан, дубалдардагы портреттерден жана жыйырма жылдан ашык убакыттан бери дайыма сурап келген өзүнүн суроолорунан бат эле тажап кетет. Анан беш-алты бейтапты кабыл алат да, кетип калат. Калгандарын фельдшер кабыл алат. Кудайга шүгүр, жеке практикамды эбак эле токтотком, эми мага эч ким тоскоол болбойт деген жагымдуу ой менен Андрей Ефимич үйгө келгенден кийин дароо эле кабинетиндеги столго отуруп, окуй баштайт. 

Ал ар дайым зор ырахат менен, көп окуйт. Айлыгынын жарымы китеп сатып алууга жумшалат, ал эми батириндеги алты бөлмөнүн үчөө китеп менен эски журналдарга жык толгон. Баарынан да тарых жана философия боюнча эмгектерди жакшы көрөт; медицина боюнча бир гана «Докторду» алат, аны дайыма аягынан баштап окуй баштайт. Ар бир жолу окуу бир нече саат бою үзгүлтүксүз уланып, аны чарчатпайт. Ал бир кездеги Иван Дмитрич окугандай тез эмес, бирок акырындык менен шашпай окуйт, өзүнө жаккан же түшүнбөгөн жерлерге көп токтойт. Китептин жанында дайыма арак куюлган графин турат, ал эми маринаддалган бадыраң же чыланган алма табаксыз эле чүпүрөк тасмалдын үстүндө жатат. Жарым саат сайын китептен көзүн албай, өзүнө бир стакан арак куюп ичип, анан карабай туруп бадыраңды сыйпалап таап, чекесинен тиштеп жейт.                                                                        

Саат үчтөрдө этияттык менен ашкананын эшигин көздөй басып барат да, жөтөлүп, мындай дейт: – Дарюшка, мен тамактанып алсам болот эле…                                                                 Бир топ эле даамсыз жасалган кечки тамактан кийин Андрей Ефимич, колдорун көкүрөгүнө алып бөлмөлөрүн аралап, ойлонуп басып жүрөт. Саат төрттү, анан бешти чабат, дагы эле басып, ойлонот. Маал-маалы менен ашкананын эшиги кычырап, андан Дарюшканын уйкусу келген кызыл жүзү көрүнөт.

— Андрей Ефимич, сыра ичкенге убакыт боло элекпи? – деп тынчсызданып сурайт ал. 

— Жок, али эрте… – деп жооп берет. — Коё турайын … бир аз коё турайын…

Кечке маал почта башчысы Михаил Аверянич келет, ал бүткүл шаардагы Андрей Ефимичти өз чөйрөсү менен жадатпай турган жалгыз адам. Михаил Аверянич бир кезде абдан бай помещик болгон жана атчан аскерде кызмат өтөгөн, бирок банкрот болуп, муктаждыктан айынан карыганда почтага кирген. Ал шайыр, ден-соолугу мыкты. Жарашыктуу муруту, адептүү жүрүм-туруму жана катуу жагымдуу үнү бар. Боорукер жана сезимтал, бирок ачуусу тез келет. Кокустан почтага келгендердин бири ага каршы сүйлөп, анын пикирине макул болбой же жөн эле ар нерселерди айта баштаганда, Михаил Аверяничтин жүзү кызгылт тартып, бүт денеси титиреп, күркүрөгөн үн менен: «Үнүңдү жап!» деп кыйкырганга чейин барат… Ошондуктан почта бөлүмү көптөн бери эле «киргенге коркунучтуу» деген жаман атакты алган. 

Михаил Аверянич Андрей Ефимычты билими, жан-дилинин асылдуулугу учун урматтайт жана жакшы көрөт, айта кетчү нерсе, ал башка карапайым адамдарга кол алдындагыларга мамиле кылгандай эле теңсинбей мамиле кылат.

— Мына, мен дагы келип калдым! – дейт  Андрей Ефимичтин бөлмөсүнө кирип келип, – Салам, кымбаттуум ! Мен сени тажаттым окшойт, ээ? 

— Тескерисинче, мен абдан кубанычтамын – деп жооп берет дарыгер. — Сизди көргөнүмө дайыма кубанычтамын.

Достор кабинеттеги диванга олтурушуп, бир азга унчукпай тамеки чегишет.

— Дарюшка, сыраны алып келсең кандай болор экен! – дейт Андрей Ефимыч.

Биринчи бөтөлкө унчукпай ичилет: дарыгер ойго батып, Михаил Аверянич шайыр, жандуу көз карашы менен, айта турган бир нерсеси бар адамдай олтурат. Сөздү ар дайым дарыгер баштайт.

— Кандай өкүнүчтүү, – дейт ал жай жана акырын, башын чайкап, маектешинин көзүнө карабай (ал эч качан сүйлөшүп жаткан адамдын көздөрүнө карабайт), — кандай гана өкүнүчтүү, урматтуу Михаил Аверянич, биздин шаарда акылдуу жана кызыктуу маек кураганды билген эч ким жок. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Интеллигенция деле адепсиздиктен өйдө көтөрүлбөйт; анын өнүгүү деңгээли, мен сиздерди ишендиремин, төмөнкү класстын деңгээлинен жогору эмес. 

— Эң туура. Мен бул оюңузга кошулам. 

— Сиз өзүңүз билесиз, – деп атайылап сөзүнө маани берип, жай, токтоп-токтоп улантат дарыгер, – бул дүйнөдө адамдын акыл-эсинин эң жогорку рухий көрүнүштөрүнөн башкасынын баары маанисиз жана кызыксыз. Акыл айбан менен адамдын ортосуна кескин чек коюп, анын теңирге гана тиешелүүлугүн кыйытып, ал тургай кандайдыр бир деңгээлде аны бизде жок өлбөстүккө алмаштырат. Ушунун негизинде акыл-эс ырахаттын жалгыз булагы десек болот. Айланабыздагы акылды көрбөйбүз жана укпайбыз, демек, ырахаттан куру калганыбыз ошол. Ырас, бизде китептер бар, бирок бул жандуу баарлашуу менен такыр бирдей эмес. Эгер сиз мага анча деле ийгиликтүү эмес салыштырууга уруксат берсеңиз, анда китептер – бул ноталар, ал эми баарлашуу – бул ырдоо дээр элем. 

— Эң туура. Бир азга тынчтык өкүм сүрөт. Дарюшка ашканадан чыгып, эч нерсеге түшүнбөгөн кейип менен, алаканын бетине такап, эшиктин алдында тыңшап туруп калат. 

— Эх! – Михаил Аверянич үшкүрөт. — Азыркылардан акыл чыгабы! 

Анан ал Россияда мурда кандай көңүлдүу, кызыктуу жана толук кандуу жашоо болгондугун, Россиянын акылдуу интеллигенциясы ар-намыс, достук деген түшүнүктөрдү канчалык бийик койгонун айта баштайт. Ал кезде акчаны карызга эсептешпей беришкен жана муктаж болгон досуна жардам кылып кол сунбоо уят деп эсептелген. Кандай гана жүрүштөр, окуялар, кагылышуулар, кандай гана жолдоштор, кандай гана аялдар болгон жок! 

Ал эми Кавказчы – кандай кереметтүү жер! Батальондун бир командиринин аялы, офицердин кийимин кийип алып, кечинде жалгыз тоого кетип калуучу экен. Анын чоочун айылдардын биринде бир ханзаада менен ысык мамилеси болгон деп айтып жүрүшчү. 

— Асман ээси, апакебай… – дейт Дарюшка үшкүрүп. 

— Алар кандай ичишчү эле! Алардын жегендеричи! Алар эч нерседен тартынбаган либералдар эле! 

Андрей Ефимич тыңшап олтургансыган менен, эч нерсе укпайт; ал сырасын ичип бир нерсе жөнүндө ойлонуп отура берет. 

— Мен көбүнчө акылдуу адамдарга жолугууну жана алар менен баарлашууну кыялданам, – дейт ал күтүүсүздөн Михаил Аверяничтин сөзүн бөлүп. Атам мага эң сонун билим бергени менен, алтымышынчы жылдардагы идеялардын таасири менен мени дарыгер кылган. Ошондо мен ага баш ийбегенимде, азыр мен акыл эмгегинин так борборунда жүрмөкмүн. Балким кайсы бир факультеттин мүчөсү болмокмун. Албетте, акыл да түбөлүктүү эмес, убактылуу, бирок менин ага эмне үчүн тартылып турарымды жакшы билесиң. Жашоо – бул азабы арбын тузак. Ойчул адам эр жетип, жетилген аң-сезимге жеткенде өзүн эрксизден чыга албай турган капканга түшкөндөй сезет. Чынында эле, анын эркинен тышкары, бул жашоого келишине кээ бир кокустуктар себеп болгон …А эмне үчүн? Ал өзүнүн жашоосунун маанисин жана максатын билгиси келет, бул ага айтылбайт, же айтылса да абсурддар айтылат; ал тыкылдатат – бирок эч ким эшик ачпайт; ага өлүм да эркине каршы келет. Ошентип, жалпы бактысыздыкка байланган адамдар чогулганда, абактагыдай эле өздөрүн жеңил сезишет, ошондой эле жашоодо да талдоого жана жалпылоого жакын адамдар чогулуп, эркин, жаңычыл идеялар менен алмашып убакыт өткөргөндө тузакты байкабай каласың. Бул жагынан алганда, акыл-эс алмаштыргыс ырахат берет десем жаңылышпайм. 

— Эң туура, калетсиз сөз. 

Андрей Ефимыч маектешинин көзүн карабай, акырын улам тынып акылдуу адамдар жана алар менен болгон баарлашуулары тууралуу сөзүн улантат, Михаил Аверянич болсо аны кунт коюп угуп, макул болот:

— Туура. 

— Жандын өлбөстүгүнө ишенбейсиңби? – деп сурайт почта башчысы күтүүсүздөн.

— Жок, урматтуу Михаил Аверянич, мен ишенбейм, ишенүүгө негиз да жок.

— Мойнума алсам, менде кээде күмөн ой жаралат. Бирок, менде эч качан өлбөчүдөй сезим бар. Мен өзүмчө ойлоном, алжыган чал, өлө турган убак келди! А жан дүйнөмдө бир добуш шыбырайт: ишенбе, өлбөйсүң! ..Саат ондон бир аз өткөндө Михаил Аверянич кетүүгө камынат. Кире бериште кемселин кийип жатып үшкүрүп мындай дейт:

— Тагдыр бизди кандай туңгуюкка айдап келди! Эң жаман жери ушул жерде өлүүгө туура келет. Эх!.. 

— Туптуура сөз.

 

VII

Андрей Ефимич досун узаткандан кийин үстөлүнө отуруп, кайрадан окуй баштайт. Кечтин, анан түндүн жымжырттыгын эч кандай үн бузбай, убакыт китеп үстүндөгү доктур менен бирге токтоп, тоңуп бара жаткансыйт, дүйнөдө бул китеп менен жашыл калпакчан чырактан башка эч нерсе жоктой. Дарыгердин орой, одоно жүзү аз-аздан адамдын акыл-эсинин чабытынын алдында башын ийип, суктануудан улам жаркырап, алган ырахатынан элжиреп, нурданып, жылмаюга толуп чыгат. Оо, эмне үчүн адамга өлбөстүктү берген эмес? – деп ойлойт ал. – Эгерде мунун баары топуракка кирип акыры жер кыртышы менен кошо муздап, анан күндүн айланасында жер менен миллиондогон жылдар бою маанисиз жана максатсыз айланып жүрүүгө тийиш болгон соң, мээ борборлорун, анын бырыштарын, көрүүнүн, сүйлөөнүн жыргалчылыктарыңдын, даанышмандыгыңдын баарын жаратып, анан шылдыңдагансып кайрадан ылайга  айлантуунун эмне кереги бар эле? Зат алмашуу! Бирок бул өлбөстүктүн жалганчы орун басары менен өзүңүздү сооротуу кандай коркоктук! Табиятта болуп жаткан аң-сезимсиз процесстер адамдын келесоолугунан да төмөн, анткени келесоолукта дагы эле болсо аң-сезим жана эрк бар, процесстерде андай нерселер таптакыр жок. Кадыр-баркына караганда өлүмдөн көбүрөөк корккон коркок гана денеси өлгөндөн кийин жаны чөптө, ташта, бакада жашайт деп өзүн соорото алат… Өзүнүн өлбөстүгүн зат алмашуудан көрүү, кымбат скрипка сынып, жараксыз болуп калган соң, анын кутусун кызыктуу келечек күтүп жатканын алдын ала айткан көзү ачыктык сыяктуу эле болбогон нерсе. Саат кага баштаганда Андрей Ефимич отургучка жөлөнүп, бир аз ойлонуу үчүн көзүн жумат. Ал эми күтпөгөн жерден китептен окуган жакшы ойлордун таасири менен өткөнүнө, азыркы учуруна көз чаптырат. Өткөн күндөрдө жакшылыктуу деле эч нерсе жок, аны эстебей эле койгону жакшы. А азыр мурдагыдан айырмасы билинбейт. 

Ал билет, анын ойлору күндүн айланасында муздак топурак менен бирге аралашып айланып жүргөн учурда, доктурдун батиринин жанындагы чоң имаратта ооруга жана физикалык ыпыластыкка чалдыккан адамдар кыйналып жатышат; балким, кимдир бирөө ойгонуп, бүргө менен кармашып жаткандыр, бирөө катуу таңылган бинтке чыдабай онтосо, башка оорулуулар медсестралар менен карта ойноп, арак ичип жатышкандыр. Отчёттук жылда он эки миң адам алданган; бүт оорукананын иши, жыйырма жыл мурункудай эле, уурулук, чыр-чатак, ушак, тууганчылык, одоно көз боёчулук менен жүргүзүлөт, ал эми оорукана дагы эле адеп-ахлаксыз мекеме жана тургундардын ден-соолугуна өтө зыяндуу. 

№6 палатада Никита темир тор артындагы оорулууларды сабаарын жана Моисейка күнүгө шаар кыдырып, садака чогултарын ал жакшы билчү. Экинчи жагынан, акыркы жыйырма беш жылдын ичинде медицинада жомоктогудай өзгөрүү болгонун жакшы түшүнөт. Университетте окуп жүргөндө ага медицина жакында алхимия менен метафизиканын тагдырына дуушар боло тургандай сезилчү, бирок азыр түнкүсүн окуп жатканда медицина аны таң калтырып, жада калса ырахатка бөлөчү болду. Чынында эле, кандай күтүүсүздөн болгон укмуштуудай революция! Антисептиктердин жардамы менен улуу Пирогов спецификалык жактан да мүмкүн эмес деп эсептеген операциялар жасалат. Жөнөкөй земстволук дарыгерлер тизе муундарын резекциялоону жасашат, буга окшогон жүз учурдан бир гана өлүм бар, ал эми таш оорусу майда-барат деп эсептелгендиктен, ал жөнүндө жазбай да калышты. Сифилисти түп тамырынан бери айыктырышат. Ал эми тукум куучулук теориясы, гипноз, Пастер менен Кохтун ачылыштары, статистика менен гигиеначы, ал эми биздин орус земство медицинасычы? Психиатрия, оорулардын азыркы классификациясы, ооруну аныктоо жана дарылоо ыкмалары, – бул баштагыга салыштырганда, бүткүлдөй Эльбурс болуп саналат. Эми жиндилердин башына муздак суу куюшпайт, тынчтандыруучу көйнөк кийгизишбейт, ал тургай гезиттерде жазышкандай аларга оюн-шоок, тамашаларды көргөзүшөт. Андрей Ефимич азыркы көз караштар жана табит менен караганда №6 палата сыяктуу жийиркеничтүү нерсе, темир жолдон эки жүз чакырым алыстыкта, шаар башчысы жана бардык эл башында жүрүшкөн майда кызматкерлери жарым-жартылай сабаттуу болгон шаарда гана болушу мүмкүн экенин билет. 

Алар дарыгерге оозуна эриген коргошун куюп койсо да эч кандай сынсыз ишенишкен ыйык дин кызматчына ишенишкендей ишенишет; башка жерде коомчулук жана гезиттер бул кичинекей Бастилияны эчак эле тыткылап жок кылып салышмак. Бирок андан эмне өзгөрүп кетти? – деп сурайт өзүнөн Андрей Ефимич көзүн ачып. Мунун эмнеси бар экен? Антисептик да, Кох менен Пастер да, иштин маңызын такыр өзгөрткөн жок. Оору менен өлүм мурдагыдай эле. Жиндилер үчүн оюн-шооктор, спектаклдер уюштурулат, бирок аларды дагы деле сыртка чыгарышпайт. Мунун баары куру сөз жана эң жакшы Вена клиникасы менен менин ооруканамдын ортосунда эч кандай айырма жок. 

Бирок кайгы жана көрө албастыкка окшош сезим анын кайдыгерлигине тоскоол болот. Бул чарчоодон болсо керек. Башы оордоп китепти көздөй кыйшая баштагандыктан эки колу менен жаагын таянып алып ойлонуп калат: “Мен зыяндуу ишке кызмат кылып, өзүм алдаган адамдардан айлык алам; мен алдамчымын. Бирок мен өзүм жалгыз эч ким эмесмин, мен болгону зарыл болгон коомдук жамандыктын бир бөлүкчөсүмүн: райондук аткаминерлердин баары мен сыяктуу эле зыяндуу, бекер айлык алып жатышат… 

Демек, менин абийирсиздигиме мен эмес, мезгил күнөөлүү. .. Эгерде мен эки жүз жылдан кийин төрөлсөм, башкача болмокмун”. Саат үч болуп калганда жарыкты өчүрүп, уктоочу бөлмөсүнө кирет. Бирок анын уйкусу келбейт.

 

VIII

Мындан эки жыл мурда земство берешендик кылып, земствонун ооруканасы ачылганга чейин шаардык оорукананын медициналык персоналын чыңдоо максатында жыл сайын үч жүз сом жөлөк пул берип турууну чечкен жана Андрей Ефимичке жардам көрсөтүү үчүн шаардык аймактык дарыгер Евгений Федорич Хоботов чакырылган. Бул дагы эле өтө жаш – отузга да чыга элек, – жазы жаактуу, көздөрү жүлжүк, узун бойлуу, кара чачтуу жигит болчу; сыягы анын ата-бабалары чет элдиктерден болсо керек. Ал шаарга чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок, кичинекей чемоданы жана ашпозчум деп атаган өңү серт жаш келин менен келди. Аялдын эмчектеги баласы бар экен. Евгений Федорич маңдайында кыры бар шапке, кончу узун өтүк, а кышында кой терисинен тигилген чолок тон кийип жүрчү. Ал фельдшер Сергей Сергей жана казыначы менен ынак дос болуп кетти, эмнегедир башка чиновниктерди ак сөөктөр деп атап, алардан качып турчу. Анын батиринде болгону – “1881-жылдагы Вена клиникасынын эң жаңы рецепттери” – деген бир гана китеби бар эле. Оорулууларга барганда дайыма бул китепти өзү менен кошо ала жүрөт. Ал кечинде клубда бильярд ойночу, бирок картаны жактырчу эмес. Сүйлөшкөндө: убара, уксус кошулган мантифолия, сизге көлөкө алып келет ж.б сыяктуу кооз сөздөрдү колдонуунун чебери эле.

Евгений Федорич ооруканада жумасына эки жолу келип, палаталарды кыдырып, бейтаптарды кабыл алат. Антисептиктердин жана кан соргон банкалардын таптакыр жоктугу аны бир топ кыжалат кылды, бирок ал аларды алдырууну талап кылуу менен Андрей Ефимичти таарынтып алуудан коркуп, унчуга алган жок. Ал кесиптеши Андрей Ефимичти алчы-таасын жеген карган шылуун деп эсептейт, анын акчасы көп деп шектенип, ага тымызын көз артып турат. Анын ордун ал кубануу менен ээлемек.

 

IX

Бир күнү жаздын кечинде, марттын аягында, жердеги кар эрип бүтүп, оорукананын бакчасында кара чыйырчыктар сайрап калган маалда, дарыгер почта башчы досун дарбазага чейин узатканы чыкты. Дал ушул учурда еврей Моисейка шаардан кайыр сурап жүрүп, кайтып короого кирип келе жаткан. Ал жылаң баш, жылаңаяк бутуна көлөш кийип алыптыр, колунда садакаларын салган кичинекей баштыгы бар. Титиреп үшүп алган:

— Мага бир тыйын берип койчу! – деди ал, дарыгерге карап жылмайып.

Эч качан баш тартууну билбеген Андрей Ефимич ага бир тыйын сунду.

“Кандай жаман деп ойлоду ал, анын эти жок кызыл балтырлары менен жылаңаяк буттарына көз жүгүртүп. – көлөчү да суу экен”.

Боору ооруган ошол эле убакта жийиркенген сыяктуу сезимдер менен ал еврейдин артынан анын таз башына, балтырына көз чаптырып, кошумча имаратка кирди. Дарыгер киргенде Никита үйүлгөн таштандыдан ыргып туруп, какайып туруп калды.

— Салам, Никита, – деди Андрей Ефимич жумшак үнү менен. —  Бул жөөткө өтүк берип койсоң кандай болот, антпесе суук тийгизип алчудай.

— Макул, урматтуум. Мен аны чарба башчысына билдирем.

— Сен менин атымдан сура. Мени суранды деп айт.

Коридордо палатанын эшиги ачык экен. Иван Дмитрич бир чыканагына таянып керебетте жаткан, бейтааныш адамдын үнүн угуп тынчсыздана башын көтөрүп, капысынан дарыгерди тааныды. Ачуусу келип бүткөн бою титиреп, ордунан ыргып турду да, кызарган, ачуулуу жүзү менен, көздөрүн чакчайтып, бөлмөнүн ортосуна чуркап чыкты.

— Дарыгер келди! – деп кыйкырып, каткырды ал. — Акыры келди! Мырзалар, куттуктайбыз, дарыгер бизди өз катышуусу менен сыйлады! Каргыш тийген жылан! – Ал чаңырып, палатада мурда эч болуп көрбөгөндөй жинденип, жер тепкилеп жиберди. — Бул жыланды өлтүргүлө! Жок, өлтүрүү аздык кылат! Ажатканага чөктүрүп жибериш керек!

Муну уккан Андрей Ефимич коридордон палатага баш багып, акырын сурады:

— Кечиресиз, эмне кылган күнөөм үчүн?

— Эмне кылганың күнөөң үчүнбү? – деп кыйкырды Иван Дмитрич ага коркунучтуу көз караш менен жакындап келип. –  Эмне күнөөм бар дейсиңби? Ууру! – деди жийиркенип, түкүргүсү келгендей эриндерин камдап. – Көз боёмочу! Желдет!

— Тынчтаныңыз, — деди Андрей Ефимич кечирим сурагандай жылмайып. – Сизди ишендирип кетейин, мен эч качан эч нерсе уурдаган эмесмин, сиз өтө эле аша чаап жаткандайсыз. Көрүп турам, сиз мага ачууланып жатасыз. Тынчтаныңыз, мен сизден суранам, эгер мүмкүн болсо, шашпай, жай түшүндүрүп бериңизчи: эмнеге ачууланып жатасыз?

— Эмнеге мени бул жерде кармайсыңар?

— Анткени сиз ооруп жатасыз. 

— Ооба, ооруп жатам. Бирок ондогон, жүздөгөн жиндилер ээн-эркин басып жүрүшөт, анткени силер сабатсыздыгыңардан аларды соо адамдардан ажырата албайсыңар. Эмне үчүн мен жана бул байкуштар бул жерде күнөөкөрдөй болуп отурушубуз керек? Сиз, фельдшер, кароолчу жана баардык бейтапканаңыз бул жерде жатышкан ар бирибизден моралдык жактан өлчөөсүз төмөнсүңөр, эмне үчүн биз отурабыз, силер отурбайсыңар? Логика кайда?

— Бул жерде моралдык мамиленин, логиканын эч кандай тиешеси жок. Мунун баары учурдан көз каранды. Камалгандар отурушат, камалбагандар ары-бери басып жүрүшөт, болду. Мен дарыгер болсом, сиз психикалык оорулуу экениңизде адеп-ахлак да, логика да жок, бул болгону кокустук.

— Мен бул болбогон сөздү түшүнбөйм… Иван Дмитрич келесоодой кобуранып, керебетине барып отурду.

Никита дарыгердин көзүнчө тинтүүдөн уялган Моисейка керебетине нандын кесимдерин, кагаздарды, сөөктөрдү жайып алып, дагы эле титиреп үшүп, ивритче мукам үнү менен ырдап жаткансып бир нерсени тез-тез кобурап жатты. Дүкөн ачам деп кыялданып жатса керек.

— Мени коё бер, – деди Иван Дмитрич, үнү титиреп.

— Мен андай кыла албайм.

— Эмне үчүн? Неге?

— Анткени бул менин колумда эмес. Өзүң ойлоп көрчү, мен сени коё бергенимден сага эмне пайда? Бар кете бер. Баары бир шаардыктар же милиция кармап, кайра алып келишет. 

— Ооба, ооба, чын… – деди Иван Дмитрич чекесинен ушалап. — Бул өтө жаман! Бирок мен эмне кылышым керек? Эмне?

Андрей Ефимичке Иван Дмитричтин үнү, анын жаш, акылдуу жүзү жакты. Ал жигитти эркелетип, тынчыткысы келди. Анын жанына керебетке отурду да, ойлонуп туруп:

— Эмне кылам дейсизби? Сиздин абалыңыздагы эң жакшы нерсе, бул жерден качуу. Тилекке каршы, бул пайдасыз. Сиз камаласыз. Коом өзүн кылмышкерлерден, психикалык жактан оорулуулардан жана жалпысынан ыңгайсыз адамдардан коргой алса, анда ал жеңилгис болот. Сизге бир гана нерсе калды: сиздин бул жерде болушуңуз керек деген ой менен макул болуп, шартка көнүү. 

— Анын кимге кереги бар?

— Түрмөлөр, жиндиканалар болгондон кийин аларда бирөө отурушу керек. Сиз болбосоңуз –  мен, мен болбосом – дагы бирөө. Күтө тургула, качандыр бир убактарда, алыскы келечекте түрмөлөр менен жиндиканалар өз жашоосун токтотот, терезелерде темир тор, халаттар болбойт. Албетте, мындай учур эртеби-кечпи келет.

Иван Дмитрич мыскылдуу жылмайды.

— Тамаша кыласыз да, – деди ал көзүн жүлжүйтүп. 

— Сиз жана сиздин жардамчыңыз Никита сыяктуу мырзалардын келечекке эч кандай тиешеси жок, бирок ишениңиз, урматтуу мырзам, жакшы күндөр сөзсүз келет! 

Туура эмес сүйлөп жатат деп шылдыңдап күлө бергиле, бирок жаңы жашоонун таңы жаркырап, чындык жеңет, –  биздин көчөдө да майрам болот! Мен ага жетпейм, өлөм, бирок бирөөнүн чөбөрөлөрү аны көрүшөт. Мен аларды чын жүрөгүм менен куттуктайм жана кубанам, алар үчүн кубанам! Алга! Кудай колдосун, достор!  

Көздөрү жайнаган Иван Дмитрич ордунан туруп, терезеге колун сунуп, толкундануу менен сөзүн улантты:

— Ушул темир торлор жоголсун деп мен силерге батамды берем! Жашасын чындык! Мен кубанычтамын! 

— Мен кубанууга эч кандай негиз таппай жатам, – деди Андрей Ефимич, ага Иван Дмитричтин кыймылы театрда ойноп жаткансып көрүндү, ошол эле учурда абдан жакты.

— Түрмөлөр, жиндиканалар болбойт, сен айткан чындык жеңет, бирок эч нерсенин маңызы өзгөрбөйт, табияттын мыйзамдары ошол бойдон калат. Адамдар азыркыдай эле ооруп, карып, өлүшөт. Таңдын атышы жашооңду канчалык жарык кылбасын, акыры табытыңа мык кагылып, чуңкурга ыргытылатасың.

— А өлбөстүкчү?

— Ээ, коюңузчу!

— Сиз ишенбесеңиз, мен ишенем. Достоевскийдеби же Вольтердеби кимдир бирөө айтат, эгер Кудай жок болсо, аны адамдар ойлоп табышмак деп. Ал эми өлбөстүк жок болсо, аны эртеби-кечпи адамзаттын улуу акылы ойлоп табат деп терең ишенем. 

— Жакшы айттыңыз, – деди Андрей Ефимич, ырахаттана жылмайып. — Ишенгениңиз жакшы. Мындай ишеним менен адам төрт дубалга камалып жатса да, түбөлүк бактылуу жашай алат. Сиз бир жерден билим алдыңыз беле? 

— Ооба, мен университетте болчумун, бирок бүтө элекмин.

— Сиз ойлонгон, ойчул адамсыз. Кандай жагдайда болбосун, өзүңүздөн сооронуч таба аласыз. Жашоону түшүнүүгө умтулган эркин жана терең ой жүгүртүү жана дүйнөнүн келесоо убаракерчилигин толук жек көрүү – бул адам эч качан билбеген эки пайда. А сиз темир тордун артында жашасаңыз да, аларга ээ боло аласыз. Диоген челектин ичинде жашаган, бирок ал жер жүзүндөгү бардык падышалардан бактылуу болгон.

— Диогениң келесоо экен, – деди Иван Дмитрич капаланып. — Сиз мага Диоген жөнүндө жана кандайдыр бир түшүнүү жөнүндө эмнени айтып жатасыз? – деп капысынан ачуусу келип ордунан ыргып турду. — Мен жашоону сүйөм, ага кумарланам! Менде куугунтук маниясы, тынымсыз азаптуу коркуу бар, бирок жашоого суусаган учурларым болот, анан акылымды жоготуп алуудан корком. Мен жашагым келет, аябай жашагым келет!

Ал толкунданып палатанын аркы башына басып өтүп, үнүн акырын чыгарып мындай деди:  

— Кыялдана баштасам мага арбактар  сыяктуу бир нерселер келе башташат. Кандайдыр бир адамдар келишип, алардын үндөрүн, кайсы бир музыканы угам, мен бир токойдо, бир деңиз жээгинде басып жүргөнсүйм жана ушунчалык бир нерсе менен убараланып, аракеттенүүнү каалайм … Айтчыңызчы, эмне жаңылык бар? – деп сурады Иван Дмитрич. — Деги эмне болуп жатат?

— Шаар жөнүндө билгиңиз келеби же жалпысынанбы? 

— Мейли, алгач шаар тууралуу айтып бериңиз, анан жалпысынан.

— Анда мындай. Шаарда адам тажагыдай, кызыктуу эч нерсе жок… Сүйлөшөргө киши жок, сүйлөсөң уга турган адамды да таппайсың. Жаңы адамдар жок. Айтмакчы, жакында эле жаш врач Хоботов келди. 

— Ал мен бул жерге келе электе эле келген. Эмне, ал дагы уятысыз, орой адамдардын бири бекен? 

— Ооба, маданиятсыз адам. Кызык, билесизби… Байкасам, биздин борборлордо психикалык жактан өсүү токтобогон сыяктуу, кыймыл болуп жатат, демек ал жерде чыныгы адамдар болуш керек эле да, бирок эмнегедир ал жактан бизге ушундай адамдарды жөнөтүп жиберишет. Көргүң да келбейт. Бактысыз шаар! 

— Ооба, чынында эле бактысыз шаар! – деп үшкүрдү Иван Дмитрич, анан адатынча каткырып алды. – А жалпысынан кандай? Гезит журналдарда эмнени жазып жатышат?

Палатада караңгы боло баштады. Дарыгер ордунан туруп алып, чет өлкөлөрдөгү жана Россиядагы гезит-журналдарда кандай багыттагы ой-пикирлерди чагылдырган макалалар чыгып жаткандыгы тууралуу айтып бере баштады. Иван Дмитревич кунт кою менен угуп, улам суроо берип жаткан, бирок капилеттен эле, бир нерсе оюна түшкөндөй башын мыжыга кармап, дарыгерге далысын салып төшөгүнө ары карап жатып алды.

— Сизге эмне болду? – деди эч нерсе түшүнбөгөн Андрей Ефимыч.

— Эми сиз менден бир ооз сөз да укпайсыз! – деп орой жооп узатты Иван Дмитрич. — Мени өз жайыма коюңуз!

— Эмне үчүн?

— Мен сизге айтып жатпаймынбы: кетип калыңыз! Менде эмне ишиңиз бар?

Андрей Ефимыч ийинин куушуруп, үшкүрүнүп алып чыгып кетти. Ал сыртка чыгып бара жатып кобурады:

— Никита, бул жерди тазалап койсо жаман болбос эле… Аябай жаман жыттанып кетиптир!

— Айтканыңыз аткарылат, улуу урматтуум!

“Кандай жагымдуу жигит! – деп ойлоду Андрей Ефимыч, үйүнө кетип бара жатып. — Бул жерде жашагандан бери, сүйлөшүүгө татыктуу биринчи адам ушул жигит болду окшойт. Ал туура ой жүгүртүп, керектүү нерселерге кызыгат экен”.

Жатарда китеп окуп жатып, Андрей Ефимычтын оюнан Иван Дмитрич кетпей койду, а эртең менен кечээ күнү акылдуу жана кызыктуу жигит менен таанышканын эстеп, биринчи эле ыңгайлуу учурдан пайдаланып, ага дагы бир жолу барууну чечти.

 

X

Иван Дмитрич кечээгидей эле башын кармап, буттарын бүгүп алып бүрүшүп жаткан. Анын жүзү дарыгерге көрүнгөн жок.

— Саламатсызбы, досум, – деди Андрей Ефимыч. — Сиз ойгоосузбу?

— Биринчиден, мен сиздин досуңуз эмесмин, – деп жооп берди Иван Дмитрич жаздыктан башын көтөрбөй, — а экинчиден, сиз бекер эле убара болбоңуз, мени бир ооз сөз айтканга да мажбурлай албайсыз.

— Кызык… – деп кобурады Андрей Ефимыч оңтойсузданып. — Кечээ биз жакшы сүйлөшүп жатып эле, бир нерсеге таарынгансып ары карап жатып алдыңыз… Мүмкүн мен бир нерсени туура эмес айттым же болбосо, сиздин пикириңизге дал келбеген сөз айтып алдым окшойт…

— Муну кара, мен эле болсом ишенип калат экемин! – деди Иван Дмитрич, башын көтөрүп дарыгерге шектүү жылмайып; анын көздөрү кызарып турган. — Тыңчылыгызды башка жерге барып жасап, башкаларды кыйнаңыз, а бул жерде сиздин кылар ишиңиз жок. Мен сиздин эмнеге келгениңизди кечээ эле билгем.

— Кызык фантазия экен! – деп жылмайды дарыгер. — Демек, сиз мени тыңчы деп ойлоп жаткан турбайсызбы?

— Ооба, мен ошентип ойлоп жатам… Тыңчысызбы же бул жерге мени текшерүү үчүн жаткырган доктурсузбу, бул мага баары бир.

— Ах, кечирип коюңуз… сиз чынында эле апенди чалыш окшойсуз!

Доктур керебеттин жанындагы олтургучка олтуруп, жактырбагандай башын чайкады.

— Макул, сиздики туура деп коёлу, – деди ал. —  Макул, мен сөзүңүздөн кармап, сизди полицияга  өткөзүп бердим дейли. Сизди кармап барып камашат, анан соттошот. Бирок түрмөдө бул жердегиден жаман болот деп ойлойсузбу? Мейли сизди кесип, сүргүнгө айдап жиберишсин, ал жакта эмне бул жиндиканада жаткандан да жаман дейсизби? Менин оюмча мындан жаман болбойт… Анда эмнеден коркуп жатасыз?

Бул сөздөр Иван Дмитричке таасирин тийгизди көрүнөт. Ал башын көтөрүп, олтура кетти.

Саат бешке жакындап Андрей Ефимыч адатта бөлмөсүндө ары-бери басып, Дарьюшка андан сыра ичүүгө убакыт болдубу деп сураган учур болчу. Сыртта күн мемиреп, ачык болчу.

— Мен тамактангандан кийин бир аз сейилдеп келейин деп чыккам, анан кайрыла кетейинчи дедим, – деди дарыгер. — Жаз келип калды.

— Азыр кайсы ай? Мартпы? – деп сурдады Иван Дмитрич.

— Ооба, марттын аягы болуп калды.

— Көчөлөрдө ылайбы?

— Жок, анча деле ылай жок. Бакчада жалгыз аяк жолдор кургак.

— Ушул кезде араба менен шаардын сыртына чыгып келсең кандай жакшы болор эле – деди жаңы эле ойгонгонсуп, кызарган көздөрүн ушалады Иван Дмитрич – анан үйгө, жылуу, ыңгайлуу бөлмөгө кирип алып, жакшы дарыгерге көрүнүп, баш ооруңду дарылатсаң… Канчадан бери адамча жашай элекмин. А бул жерде кандай жаман? Адам чыдагыс абал!

Кечээги делебесин козгогон аңгемелешүүнүн таасиринен улам, ал чарчагансып, сүйлөшүүгө көңүлү чаппай турду. Колдорунун манжаларын майда титирек басып, жүзүнөн башы катуу ооруп жатканы байкалат.

— Жылуу, ыңгайлуу бөлмө менен бул палатанын эч айырмасы жок, – деди Андрей Ефимыч. — Адамдын бейкуттугу жана ишеними ага сырттан келбейт, ал анын өзүндө.

— Кандайча?

— Карапайым адам жакшы менен жаманды башкалардан көрөт, а акылман адам аны өзүнөн издейт.

— Мындай философияңызды жылуу, жемиш багы жыттанган Грецияга барып айтыңыз, а бул жерде ал климатка туура келбейт. Диоген тууралуу ким менен сүйлөшүп жаттым эле? Сиз мененби?

— Ооба, кечээ күнү мени менен сүйлөшкөнсүз.

— Диоген жылуу бөлмөгө муктаж эмес болчу; ал жакта ансыз деле ысык. Челектен чыкпай апельсин менен оливкиңди жеп жата бер. Эгерде ал Россияда жашаганда декабрды айтпай эле коёлу, май айында эле үйүнө кире качмак. Суукта тоңуп калмак болуш керек.

— Жок, андай эмес. Башка оорулар сыяктуу эле суукка да көнсө болот. Марк Аврелийдин мындай деп айтканы бар: “Оору – бул ооруу тууралуу илээшкек ой: бул ойду өзгөртүүгө аракет кылыңыз, аны четке кагыңыз, даттанууну токтотуңуз, ошондо оору жок болот.” Бул акыйкат сөз. Даанышман, же жөн эле ойлонгон, ойчул адам азап чегүүнү жек көрүүсү менен өзгөчөлөнөт; ал ар дайым кубанып жүрөт жана эч нерсеге таң калбайт.

—  Демек, мен акмакмын, анткени мен азап чегем, нааразы болом, адамдын эки жүздүүлүгүнө таң калам. 

— Сиздин бул айтканыңыз бекер сөз. Эгер сиз жакшыраак ойлонуп көрсөңүз, анда бизди тынчсыздандырган тышкы нерселердин канчалык маанисиз экенин түшүнөсүз. Жашоону түшүнүүгө умтулуу керек, ошондон чыныгы ырахатты табасыз. 

— Түшүнүу… – деди Иван Дмитрич көздөрүн жүлжүйтүп. — Тышкы, ички… Кечиресиз, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бир гана билгеним, –  деди ордунан туруп, доктурду жактырбагандай карап, — Кудай мени жылуу кандан, нервден жаратканын жакшы билем, ооба! Ал эми ар бир органикалык тирүү клетка, эгерде ал жашоого жөндөмдүү болсо, ар кандай дүүлүктүрүүчү нерселерге жооп бериши керек. Ошондуктан мен жооп кылам! Мен ооруга онтоо жана көз жаш менен жооп берем, жамандыкка ачуулануу менен, жийиркеничтүү нерселерге жийиркенүү менен жооп кылам. Менимче, дал ушунун өзү жашоо деп аталат.  Организм өнүгүүсү канчалык төмөнкү деңгээлде болсо, ал ошончолук сезимталдыгы чабал болуп, дүүлүктүргүчтөргө ошончолук алсыз жооп берет, ал эми канчалык өнүгүүсү жогору болсо, чындыкты ошончолук күчтүү кабыл алат. Ушуну кантип билбей калдыңыз? Доктур болсоңуз да, ушундай майда-чүйдө нерселерди билбейсизби!

Азапты чегүүнү жек көрүп, дайыма ыраазы болуп, эч нерсеге таң калбай жүрүү үчүн мына мындай абалга жетүү керек, –  деп Иван Дмитрич май басып шишип кеткен семиз дыйканды көрсөттү, – же азап-тозокко бышып, анын кыйынчылыктарына чыдап, ага болгон сезимталдыкты биротоло жоготуу, башкача айтканда жашоону токтотуу керек. Кечиресиз, мен даанышман же философ эмесмин, — деп сөзүн улантты Иван Дмитрич кызуу кандуулук менен, — мен бул нерселерге түшүнбөйм. Демек, бул тууралуу талкуулай албайм.

— Тескерисинче, сиз абдан жакшы ой жүгүртөт экенсиз.

— Сиз айтып жаткан стоиктер эң сонун адамдар болгон, бирок алардын окуусу эки миң жыл мурда сенектикке кабылып, бир кадам да алдыга жылбай, кыймылсыз калган, анткени алардын окуусу практикалык жана турмуштук маанилүүлүгүн жоготкон. Алар өмүрлөрүн жаттап окуу жана ар кандай окуулардан тийип-качып даам татуу менен өткөрүшкөн азчылык үчүн гана ийгиликтүү болгон, көпчүлүгү аны түшүнүшкөн да эмес. Байлыкка, жашоонун жыргалчылыгына кайдыгерликти, азап менен өлүмдү жек көрүүчүлүккө үгүттөгөн окуу басымдуу көпчүлүккө таптакыр түшүнүксүз болгон, анткени көпчүлүк жашоодо байлыкты да, жыргалчылыкты да эч качан билген эмес; ал эми азапты жек көрүү алар үчүн жашоонун өзүн жек көрүү дегенди билдирген, анткени бүт адам баласынын жашоосунун маңызы ачарчылык, суук, таарыныч, жоготуу жана Гамлеттик өлүмдөн коркуу сезимдеринен турат. Бүткүл жашоо ушул сезимдерде: андан качсаң болот, жек көрсөң болот, бирок аны тоотпой коюга болбойт. Ооба, дагы бир жолу кайталайм, стоиктердин окуусунун эч качан келечеги болгон эмес, бирок, өзүңүздөр көрүп тургандай, кылымдын башынан бүгүнкү күнгө чейин күрөш, ооруга сезимталдык, кыжырданууга жооп берүү жөндөмү өнүгүп келе жатат…

Иван Дмитрич капысынан ой учугун  жоготуп, токтоп, кыжалаттанып, чекесин ушалап койду.

“Мен маанилүү бир нерсени айтайын дегем, бирок адашып калдым” деди ал. –  Эмнени айтып жаттым эле? Ооба! Эстедим: стоиктердин бири жакынын кулчулуктан кун төлөп куткарып алыш үчүн өзүн кулчулукка саткан. Көрдүңүзбү, бул стоиктердин да терс окуяларга салкын мамиле кылбаганын айгинелейт, анткени жакыны үчүн өзүн  курмандыкка чалуу сыяктуу чоң ишке баруу үчүн кайдыгердикти билбеген, боорукер жан керек. Билгендеримдин баарын бул түрмөдө унутуп калдым, болбосо дагы көп нерсени эстеп айтып бермекмин. Баса, Христосту эле алалычы. Машаяк чындыкка ыйлап, жылмайып, кайгырып, ачууланып, жада калса кусалыкка батуу менен жооп берген; ал азапка жылмаюу менен барган эмес, өлүмдү жек көргөн жок, бирок Гефсиман багында сыйынып, бул ачуу уу куюлган чөйчөктүн жанынан өтүп кетишин тилеген.

Иван Дмитрич кайрадан каткырып алып, отуруп калды.

— Мейли, адамдын бейкуттугу жана ырахаты сыртта эмес, анын өзүндө болсун дейли. Азапты жерийли, эч нерсеге таң калбайлык дейли. Бирок сиз муну эмненин негизинде айтып жатасыз? Сиз акылмансызбы? Философсузбу?

— Жок, мен философ эмесмин, бирок аны ар ким айта жүрүшү керек, анткени бул акылга сыярлык иш. 

— Жок, айтыңызчы, эмне үчүн өзүңүздү агартуучулук, азапты жек көрүү ж.б.у.с . нерселерде билерман катары сезесиз. Качандыр бир кездерде азап тарттыңыз беле? Сизде азап жөнүндө кандайдыр бир түшүнүк барбы? Кечиресиз, сиз бала кезиңизде таяк жедиңиз беле? 

— Жок, ата-энем бирөөгө кол көтөргөндөрдү жек көрүшчү.

— А атам мени мыкаачылык менен сабачу. Атам геморрою бар, мурду узун, моюну саргайган кызматкер адам эле. Бирок сиз жөнүндө сүйлөшөлү. Өмүр бою сизге эч ким кол тийгизген эмес, сизди эч ким коркуткан эмес, сизди эч ким урган эмес; сизде  буканыкындай ден-соолук бар. Атаңыздын канатынын астында чоңоюп, анын эсебинен окуп, анан дароо эле майлуу кызматты ээлеп алгансыз. Жыйырма жылдан ашык сиз иштегенге укугуңуз жана шартыңыз болсо дагы, куурай башын сындырбай өзүңүз каалагандай жылуу, жарык, бекер батирде жашадыңыз, бардык ишиңизди кызматчы аткарып турду. Табиятыңыз боюнча сиз жалкоо, борпоң адамсыз, ошондуктан сиз өз жашооңузду эч нерсе капа кылбай тургандай кылып түзүүгө аракет кылгансыз. Сиз өзүңүздүн ишиңизди фельдшерге жана башка акмактарга тапшырдыңыз да, өзүңүз жылуу-жумшак отуруп, акча чогултуп, китеп окуп, ар кандай бийик сандырактар ойлор менен асманда калкып, (Иван Дмитрич доктурдун кызыл мурдуна карады) ичимдик ичип жыргап отурдуңуз. Бир сөз менен айтканда, сиз жашоону көргөн жоксуз, аны толук билбейсиз, чыныгы жашоо менен теориялык жактан гана таанышсыз. Сиз азапты жек көрөсүз жана эч нерсеге таң калбайсыз, себеби: убаракерчилик, жашоого болгон сырткы жана ички жек көрүү, азап менен өлүм, агартуу, чыныгы жыргалчылык – мунун баары орус жалкоосуна эң ылайыктуу философия. Мисалы, сиз күйөөсү аялын сабаганын көрүп турасыз. А эмне үчүн ага кийлигишмек элеңиз? Ура берсин, баары бир, экөө тең эртеби-кечпи өлөт; анан калса, сабаган адам, сабалган адамга эмес, өзүнө жаман кылат. Ичүү – акылсыздык жана адепсиздик, бирок ичкен да өлөт, ичпеген да – өлөт. Бир аял тиштери ооруп келди… Ооруса эмне экен? Оору бул оору тууралуу илешчээк ой, анын үстүнө бул дүйнөдө оорубай жашай албайсың, баарыбыз өлөбүз, ошондуктан, мени убара кылып, ойлонуума, арак ичкениме жолтоо болбой кете бериңиз… Жаш жигит кеңеш сурап келди, кантип жашаш керек, эмне иш жасасам туура болот; жооп берерден мурун, башка киши ойлонмок, а сиздин жообуңуз даяр: өзүңдү, турмушту түшүнүүгө жана чыныгы ырахат алууга умтул. Деги, бул фантастикалык “чыныгы ырахат” деген эмне? Жооп жок, албетте. Бул жерде бизди темир тордун артында чиригиче кармашат, кыйнашат, бирок бул эң сонун жана акылга сыярлык нерсе, анткени бул палата менен жылуу, жайлуу кеңсенин айырмасы жок. Ыңгайлуу философия: кыла турган ишиңиз жок, абийириңиз таза, өзүңүздү даанышмандай сезесиз… Жок, мырза, бул философия эмес, кенен ой жүгүртүү эмес, ачык маанай эмес, бул жалкоолук, алдамчылык, барып турган келесоолук.. Ооба! 

Иван Дмитрич кайрадан ачуулана кетти: Сиз азапты, ооруну жек көрөсүз, бирок сөөмөйүңүздү эшикке кыпчытып аласаңыз үнүңүздүн жетишинче бакырбаганыңызды көрөт элем!

— Балким кыйкырмак эмесмин, – деди, Андрей Ефимич жумшак жылмайып.  

—  Ооба, албетте! Сиз капыстан шал оорусуна кабылсаңыз, же айталы, кайсы бир намыссыз акмак, кызматтык даражасынан пайдаланып, сизди эл алдында кемсинтсе жана анын жазасыз өтүп кетерин билсеңиз, – ошондо балким башкаларды түшүнүүгө жана чыныгы ырахатка үгүтөө кандай болорун билмексиз.

— Бул оригиналдуу, – деди Андрей Ефимич, ырахаттана жылмайып, колун ушалап. — Сиздин жалпылоого болгон жөндөмүңүз мени абдан таң калтырды жана сиз жаңы эле мага берген мүнөздөмө жөн эле укмуш. Моюнга алышым керек, сиз менен сүйлөшүү мага чоң ырахат тартуулады. Мен сизди уктум, эми сиз да мени угуңуз…

 

XI

Бул сүйлөшүү дагы бир саатка жакын созулуп, Андрей Ефимичке терең таасир калтырды окшойт. Ал бул жерге күн сайын келе баштады. Бул жакка ал эртең менен жана кечки тамактан кийин барчу, көбүнчө кеч кирип келе жаткан маалда аны Иван Дмитрич менен сүйлөшүп олтурганын көрүшчү. Адегенде Иван Дмитрич андан уялып, андан шектенип, жактырбаганын ачык билдирген, кийин ага көнүп, катаал мамилесин шылдың аралашкан иронияга алмаштырган.

Көп өтпөй бүт ооруканага «Доктор Андрей Ефимич №6 палатага келе баштады» деген ушак тарады. Анын эмне үчүн ал жакка барганын, эмне үчүн бир нече саат ал жерде отурганын, эмне тууралуу сүйлөшкөнүн жана эмне үчүн рецепт жазбагандыгын эч ким – фельдшер да, Никита да, медайымдар да түшүнө алышкан жок… Анын кылыгы кызыктай көрүндү. Михаил Аверянич аны көп учурда үйдөн таппай калчу болду, буга чейин эч качан мындай болгон эмес, а Дарюшка капа болуп жүрдү, анткени дарыгер сыраны убагына ичпей, кээде кечки тамакка да кечигип келчү болгон.

Бир жолу, июнь айынын аягында доктор Хоботов Андрей Ефимичке кандайдыр бир иш боюнча келген эле; аны үйүнөн таппай, ооруканага издеп жөнөдү; ал жерден ага карыя доктур жиндиге кеткенин айтышты. Кошумча имаратка кирип, кире бериште токтогон Хоботов төмөндөгү сөздөрдү укту: 

— Биз эч качан тил табыша албайбыз, сиз мени өз ишенимиңизге киргизе албайсыз, – деди Иван Дмитрич кызууланып. – Чыныгы жашоо менен такыр тааныш эмессиз, эч качан кыйналган эмессиз, болгону аракеч ичкилик чыкчу жерди айланчыктаган сыяктуу, башкалардын азабынын тегерегинде айланып келгенсиз, а мен туулган күнүмдөн бүгүнкү күнгө чейин тынымсыз кыйналып келем. Ошондуктан мен ачык эле айтам: мен өзүмдү сизден жогору жана бардык жагынан компетенттүү деп эсептейм. Мага акыл үйрөтө турган сиз эмессиз. 

— Мен сизди өзүмдүн ишенимиме киргизип алайын деген оюм жок, –  деди Андрей Ефимич акырын, аны түшүнгүсү келбегенине өкүнгөндөй. — Кеп анда эмес, досум. Сиз азап тарттыңыз, а мен тартпаптырмын. Азаптар менен кубанычтар келип кете беришет; Аларды Кудай алсын, аны мындай таштайлы. Ал эми сиз экөөбүз ой жүгүртөбүз; биз бири бирибизден ойлонууга жана ой жүгүртүүгө жөндөмдүү адамдарды көрөбүз, бул биздин көз караштарыбыз канчалык ар түрдүү болсо да, бизди бириктирет. Билсеңиз, досум, мен  жалпы акылсыздыктан, келесоолуктан, дөдөйлүктөн кандай гана чарчадым, а сиз менен сүйлөшүү  мага ар дайым кубаныч тартуулайт! Сиз акылдуу адамсыз, мен сиз менен баарлашуудан ырахат алам.

Хоботов эшикти бир аз ачып, палатага көз жүгүрттү; Төшөктүн үстүндө Иван Дмитрич менен доктур Андрей Ефимич жанаша отурушкан. Доктур болсо кыймылсыз, башын шылкыйтып, жүзү кызарып, айласы кеткен адамдай, муңайым эле, жинди калтырап, туталанып халатын кайра-кайра түзөп оронуп жатты. Хоботов ийинин куушуруп, жылмайып, Никитаны карады. Никита ийнин куушуруп койду.

Эртеси Хоботов кайрадан фельдшер менен бирге чарбалык имаратка келди. Экөө кире бериште туруп, тыңшап калышты.

— Биздин абышка таптакыр алжып калса керек! – деди Хоботов имараттан чыгып бара жатып. 

— Кудайым, биздей күнөөкөрлөрүңө ырайым кыл! – деди Сергей Сергей үшкүрүнүп, жаркыраган таза өтүгүн булгап албаш үчүн көлчүктөрдөн кылдаттык менен айланып өтүп бара жатып. — Чынын айтсам, урматтуу Евгений Федорич, мен муну көптөн бери күтүп жүргөм!

 

XII

Ошондон кийин Андрей Ефимич анын айланасында болуп жаткан кандайдыр бир сырдуу нерселерди  байкай баштады. Дыйкандар, медсестралар, оорулуулар жолугушкан сайын, ага кызыккандай, башкача көз караш менен карашып, анан шыбырашып калышат. Оорукананын бакчасында жолукан сайын жакшы көрүп, башынан сылап эркелетип өтүп жүргөн кароолчунун кызы Маша, эмнегедир ал жылмайып жакындай баштаганда эле андан качып калды. Почта начальниги Михаил Аверяныч аны угуп олтуруп, баштагыдай: «Туура» деп кубаттагандын ордуна, өзүн оңтойсуз сезип: «Ооба, ооба, ооба…» деп кобурап, аны ойлуу жана аягансып карайт. Эмнегедир ал досуна арак-сырасын ташта деп кеңеш берип, бирок сыпайы адам катары аны түз айта албай кыйытып, бирде аябай жакшы киши— батальондун командири тууралуу, бирде дагы бир жакшы адам – полктун дин кызматчысы жөнүндө, алардын ичип жүрүшүп ооруп калышканын, анан аракты ташташып, толугу менен айыгып кетишкенин айтты. Андрей Ефимичтин кесиптеши Хоботов да эки-үч жолу келип кетти; ал дагы алкоголдук ичимдиктерден баш тартууга кеңеш берип, эч кандай себепсиз эле бромдуу калий ичүүнү сунуштады.

Август айында Андрей Ефимыч шаардын башчысынан абдан маанилүү маселе боюнча келип кетүүсүн суранган кат алды. Кеңешке белгиленген убакытта келип, Андрей Ефимич ал жерден аскер командирин, кеңештин мүчөсү, райондук мектептин штабынын башчысын, Хоботовду жана чымыр денелүү, ак чачтуу чоочун мырзаны жолуктурду, аны дарыгер деп тааныштырышты. Бул айтууга кыйын, поляктардыкындай аты-жөнү бар дарыгер шаардан отуз верст алыстыкта, жылкы фермасында жашачу, азыр ал шаардан өтүп бара жатып кайрылган экен.

— Сиздин ишиңизге байланыштуу арыз түштү, мырза, – деп кайрылды бардыгы учурашып, үстөлгө олтургандан кийин Андрей Ефимичке кеңештин мүчөсү. — Евгений Федорич башкы корпус тар болуп жаткандыктан дарыкананы чарбалык имараттардын бирине которуу керек дейт. Бул, албетте, көйгөй эмес, аны которууга болот, бирок негизги маселе, ал жерди оңдоо керек.

— Ооба, ремонтсуз иштей албайбыз, – деди Андрей Ефимич бир аз ойлонуп туруп. Мисалы, чарбалык имараттын бир бурчун дарыкана үчүн ылайыкташтырууга, кеминде беш жүз сом талап кылынат. Чыгаша өтө эле көп.

Алар бир топко чейин унчукпай калышты.

Мен мындан он жыл мурун билдиргем, – деп улантты Андрей Ефимич үнүн акырын чыгарып, — бул оорукананы азыркы абалы менен кармап туруу өтө эле кымбатка турат, аны оңдоого шаардын каражаты жетишсиз. Оорукана кыркынчы жылдары курулган, бирок ал учурда шарт башка болчу, каражат да жетишсиз эле. Шаар керексиз имараттарга, ашыкча кызматтарга өтө көп акча жумшайт. Бул акчага башка шарттарда эки үлгүлүү оорукананы кармап турууга болот деп ойлойм.

—  Анда эмесе башка тартипти орнотууну баштайлы! – деди кеңештин мүчөсү шайдоот.

— Мен буга чейин сунуш кылгам: медициналык пунктту Земствонун карамагына өткөрүп берүү керек.

— Ооба, акчаны Земствого бергиле, алар уурдап, жеп кетишсин, – деп күлүп койду сары доктур.

— Ошондой эле болуп жүрбөйбү – деп макул болду кеңештин мүчөсү, ал да күлүп койду.

Андрей Ефимич ак чачтуу доктурду тайсалдай карап, мындай деди:

— Таза иштеш керек.

Алар кайрадан унчукпай калышты. Аңгыча чай алып келишти. Аскер командири эмнегедир абдан оңтойсузданып, үстөлдөн эңкейип Андрей Ефимичтин колуна колун тийгизип, ага мындай деп кайрылды:

— Сиз бизди таптакыр унутуп калдыңыз. Бирок, сиз кечилсиз да: карта ойнобойсуз, аялдарды жактырбайсыз. Биздей туугандарыңдан тажасаң керек.

Олтургандардын баары бул шаарда татыктуу адамдын жашоосу кызыксыз экенин айта башташты. 

Андрей Ефимич эч кимди карабай, жай, шашпай, шаардыктар өздөрүнүн кубат күчүн, жүрөгүн, акылын картага, ушак-айыңга жумшап жатышканын чоң өкүнүч менен сүйлөп жатты. Театр да, музыка да жок, клубдагы акыркы бий кечесинде жыйырмадай айым жана эки эле мырза болду. Жаштар бийлебейт, дайыма буфеттин айланасында топтошуп жүрүшөт же карта ойношот. Алар убакытты кызыктуу маектешүүлөр, китептерди окуу менен өткөзүүнү билишпейт дагы, каалашпайт дагы. Акыл эмгеги адамга тартуулаган ырахаттан пайдаланууну каалашпайт. А чынында, бир гана акыл эмгеги кызыктуу жана кереметтүү, а калгандары майда-барат маанисиз нерселер.

Хоботов кесиптешин кунт коюп угуп олтурган, капысынан ал суроо узатты:

— Андрей Ефимич, бүгүн кайсы күн?

Жооп алгандан кийин, ал ак чачтуу дарыгер экөө тең өздөрүнүн жөндөмсүздүгүн сезген экзамен алуучулардын үнү менен Андрей Ефимичтен бүгүн кайсы ай, бир жылда канча күн бар жана №6 палатада укмуштуудай олуя жашаганы чынбы деп сурай башташты…

Акыркы суроого жооп берип жатып Андрей Ефимич кызарып, мындай деди:

— Ооба, ал оорулуу, бирок кызыктуу жигит.

Андан башка суроолор берилген жок.

Залдан чыгып кемселдерин кийип жатышканда аскер адамы колун анын ийнине коюп мындай деди:

— Карыдык көрүнөт, эс алууга убакыт келди!

Ал кеңештен чыкканда Андрей Ефимич бул анын акыл-эс жөндөмүн текшерүү үчүн дайындалган комиссия экенин түшүндү. Ал өзүнө берилген суроолорду эстеп, кызарып, эмнегедир өмүрүндө биринчи жолу медицинага жаны ачыды.

«Кудайым ай, – деп ойлоду ал, доктурлардын аны кантип текшергенин эстеп, — алар жакында эле психиатриядан сабак алышып, экзаменден өтүп келишпеди беле, мынча сабатсыздык кайдан келип чыкты? Алардын психиатрия жөнүндө караманча түшүнүктөрү жок!”

Анан өмүрүндө биринчи жолу таарынганын, ачууланганын сезди.

Ошол эле куну кечинде ага Михаил Аверяныч келди. Почта башчысы саламдашпай жанына келип, эки колунан кармап, толкунданган үн менен:

— Кымбаттуу, досум, менин сага деген ниетимдин агына ишенгениңди жана мени өзүңдүн досуң деп эсептей турганыңды далилде… Досум!  Андрей Ефимичтин сүйлөтпөй толкунданып сөзүн улады: — Мен сени билимиң үчүн, жан дүйнөңдүн асылдыгы үчүн жакшы көрөм. Мени ук кымбаттуум. Илимдин эрежелери дарыгерлерди сенден чындыкты жашырууга милдеттендирет, бирок мен аскерий адам катары чындыкты кесе айтам: сен оорулуусуң! Кечиресиз, кымбаттум, бирок бул чындык, муну тегеректегилердин баары көптөн бери байкап келишет. Азыр эле мага доктор Евгений Федорич ден-соолук үчүн эс алып, көңүл ачуу керектигин айтты. Эң туура! Эң сонун! Бул күндөрү мен эс алып, башка жактын абасы менен дем алганы чыгам. Менин досум экениңди далилде, чогуу кетели! Кеттик, илгеркини эске салалык. 

Андрей Ефимич бир саамга ойлонгондон кийин: 

— Менин ден-соолугум жакшы, – деди. — Мен бара албайм. Керек десең мен сага достугумду башка жол менен далилдеп берейин. 

Эч максатсыз, китепсиз, Дарюшкасыз, ал берген сырасыз белгисиз бир жактарга баруу, жыйырма жылдан бери калыптанып калган турмуш тартибин кескин бузуу, – мындай идея ага адегенде жапайы жана кур кыял сыяктуу көрүнгөн. Бирок ал шаардык кеңеште болгон маекти, шаардык кеңештен кайтып келгендеги оор маанайын эстеди, чындап эле акылсыз адамдар аны жинди деп ойлогон шаардан бир азга кетип калууну ойлоп жылмайып койду.

— Сиз каякка барайын дедиңиз эле?

— Москвага, Санкт-Петербургга, Варшавага… Мен Варшавада жашоомдун эң бактылуу беш жылын өткөрдүм. Кандай керемет шаар! Кеттик, досум!

 

XIII

Бир жумадан кийин Андрей Ефимичке эс алууну, башкача айтканда, отставкага кетүүнү сунуш кылышты, ал буга анчейин деле кайгырган жок, ал эми бир жумадан кийин Михаил Аверянич экөө почта арабасына отурушуп, эң жакынкы темир жол станциясын көздөй  бара жатышты. Асман көпкөк болуп, салкын, чайыттай ачык күндөр болчу. Эки күндө станцияга чейин эки жүз чакырым жол басып, жолдо эки түнөштү. Почта бекеттеринде начар жуулган чөйчөктөр менен чай беришкенде же арабага аттарды кечиктирип чегишкенде, Михаил Аверянич бүт денеси калтырап, кызарып-татаргыча жинденип,  кыйкырчу: «Сүйлөбө! Айтышпа!” Ал эми арабага олтурганда, ал жаагы тынбай, Кавказ жана Польша Королдугун кыдырып жүргөндөгү башынан өткөзгөн окуяларын айта баштачу. Канчалаган укмуштуу окуялар, кандай гана жолугушуулар болбоду! Ал бакылдап сүйлөп, ошол эле учурда ушунчалык көздөрүн таң калгандай бакырайтып ачып алгандыктан, аны калп айтып жатат деп ойлоого болот эле. Анын үстүнө ал сүйлөп жатканда Андрей Ефимичтин жүзүнө дем алып, так гана кулагына күлчү. Бул дарыгерди жагымсыз абалга калтырып, анын ой жүгүртүүсүнө жана көңүл топтоосуна тоскоол болчу.

Алар акчаларын үнөмдөшүп, үчүнчү класстагы, тамеки чекпегендер отурган вагонго белет алышты. Жүргүнчүлөрдүн жарымы жакшы адамдар экен. Михаил Аверяныч бардыгы менен тез эле таанышып, олтургучтан олтургучка жылып, бакылдап жүрдү: “Мындай бузулган жолдор менен жүрүүгө болбойт. Айланаңдын баары алдамчылык! Атчан жол жүргөнгө жетеби: бир күндө жүз миль басып өтсөң да, өзүңүздү  ден-соолгуң чың жана сергек сезесиң. Ал эми бизде эгиндин түшүмү начар болгону, Пинск саздарын кургатып жибергендиктен болуп жатат. Жалпысынан тополоңдор коркунучтуу”.  Ал ушу сыяктуу тажатма кептери менен ээ-жаа бербей, бакылдап сүйлөп, башкаларга сөз берген жок. Катуу күлкүлөр, ар кандай ишараттар коштолгон бул түгөнгүс жол Андрей Ефимичти чарчатып жиберди. “Экөөбүздүн кимибиз жиндибиз? — деп ойлоду ал кыжырданып. Жүргүнчүлөрдүн тынчын албай тынч келе жаткан менби же өзүн бул жердегилердин баарынан акылдуу, кызыктуураакмын деп ойлоп, баарын тажаткан бул эгоистби?”

Москвада Михаил Аверяныч погонсуз аскер кемсел, аскер шапкеси жана капталында кызыл тасмасы бар шым менен жүрдү. Көчөдө жоокерлер ага урмат кылышып, баш кийимине колун тийгизип саламдашып өтүп жатышты. Эми Андрей Ефимичке ал бир кездеги өзүндөгү болгон нерселердин ичинен бардык жакшысын ысырап кылып, жаман жагын гана сактап жүргөн адамдай көрүндү. Ал таптакыр кереги жок болсо да, өзүнө кызмат кылдырганды жакшы көрчү. Ширеңке анын жанындагы колун сунса жеткидей жердеги үстөлдө жатса дагы, ал аны көрмөксөн болуп, кызматчыны жумшап алдырчу; кызматчы кыздын көзүнчө ич кийимчен жүргөндөн тартынчу эмес; кызматчыларга, а түгүл абышкаларга да сен деп кайрылып, – аларга ачууланганда, аларды акмак, келесоо деп тилдечү. Анын минтип мырзасынганы Андрей Ефимичке жийиркеничтүү көрүнө баштады…

Баарыдан мурда Михаил Аверянич жолдошун Иверскийдеги чиркөөгө алып барды. Көзүнө жаш алып, жалындуу дуба кылып, сыйынган соң терең үшкүрдү:

— Ишенбесең да, сыйынгандан кийин жан-дүйнөң тынчыраак болот. Сыйынып ал, ардактуум.

Андрей Ефимич уялып, иконага таазим этти, ал эми Михаил Аверянич эриндерин кыбыратып, башын ары-бери кыймылдатып, шыбырап дуба кылып жатып, кайрадан көзүнөн жаш тегеренип кетти. Андан кийин Кремлге барышып, падыша-замбирек менен падыша коңгуроосун карашып, ал тургай аларга манжаларын тийгизип көрүштү, Москва дарыясынын көрүнүшүнө суктанышты, Куткаруучунун чиркөөсүнө жана Румянцевдин музейине барышты.

Алар Тестовдо тамактанышты. Михаил Аверяныч муруттарын сылап, менюну көпкө карап турду да, ресторандарда өзүн үйүндөй сезүүгө көнүп калган гурмандын үнүн менен мындай деди:

— Кана, периштем, көрөлүчү, бүгүн бизге кандай тамак тартуулайсың!

 

XIV

Дарыгер шаар аралап басты, турду, ар нерселерди көрдү, ичти, жеди, бирок барган сайын аны бир нерсе кыйнай баштады: ал Михаил Аверяничтен тажай баштаган эле. Досунан алыстап, качкысы келди; бирок досу аны жанынан бир кадам да узатпай, колдон келишинче көңүлүн ачууну өзүнүн милдети деп эсептеп алган болчу. Карай турган кызыктуу нерсе жок калганда, ал ар кандай окуяларды биринен сала бирин айтып, дарыгердин көңүлүн көтөрүп жатам деп ойлочу. Андрей Ефимич эки күн чыдады, бирок үчүнчү күнү досуна ооруп жатканын шылтоолоп, эртеден кечке үйдө калгысы келгенин билдирди. Андай болсо мен да эч жакка чыкпайм. Чынында, эс алуу керек, антпесе буттар да чарчады, – деди досу. 

Андрей Ефимич диванга тескери карап жатып алып, Франция Германияны эртеби-кечпи сөзсүз жеңери тууралуу, Москвада алдамчылар көп экенин жана жылкынын сырткы келбетине карап анын артыкчылыгын баалоого болбостугу жөнүндө досунун айткандарын араң чыдап угуп жатты. Дарыгердин кулактары чуулдап, жүрөгү лакылдап тез-тез сого баштады, бирок сыпайгерчилигинен, ал досунан анын жанынан кетишин же унчукпай коюусун суранууга батынбады. Бактыга жараша, Михаил Аверяныч бөлмөдө отургандан тажап, кечки тамактан кийин сейилдөөгө чыгып кетти.

Жалгыз калган Андрей Ефимич кадимкидей эс ала түштү. Диванда кыймылсыз жатып, бөлмөдө жалгыз экениңизди түшүнүү кандай жагымдуу! Жалгыздыксыз чыныгы бакыт мүмкүн эмес! Жалгыздыктын эмне экенин билишпеген периштелердин арасынан бузулду деген бир периште сыягы, жалгыздыкты каалагандыктан Кудайга чыккынчылык кылса керек. Андрей Ефимич акыркы күндөрдө эмнени көрүп, эмнени укканын эстегиси келди, бирок Михаил Аверянич оюнан чыкпай койду.

“Ал мени досум деп эсептеп, айкөлдүгүнөн мен үчүн атайын эмгек өргүүсүн алып, мени менен бул жакта жүрөт да”, – деп ойлоду дарыгер. “Бирок анын достук камкордугунан жаман эч нерсе жок көрүнөт. Анткени, ал боорукер, кең пейил, шайыр болгону менен тажатма окшойт. Аябагандай тажатма экен. Дайыма акылдуу, жакшы сөздөрдү гана айткан адамдар болот, бирок алардын келесоо экендигин сезип турасың”.

Кийинки күндөрү Андрей Ефимич ооруга шылтоолоп, бөлмөдөн чыккан жок. Ал досу сүйлөй баштаганда диванда тескери карап, зеригип жатчу, а досу жокто эс алып калар эле. Ал анын сунушуна макул болгон өзүнө да, күн сайын бабыры арбып бара жаткан досуна да жини келчү; ал өзүнүн оюн башка, олуттуу, бийик нерселерге бура албады. “Иван Дмитрич айткан чындык мага эми жетти көрүнөт”, — деп ойлоду ал өзүнүн майдачылдыгына ачууланып. – Бирок, бул болбогон кеп… Үйгө барганда, баары ордуна келет…” Санкт-Петербургда деле эч нерсе өзгөргөн жок: ал күнү бою бөлмөдөн чыкпай, диванга жатып алып, сыра ичүү үчүн гана туруп жатты. Михаил Аверяныч эми аны Варшавага барууга шаштыра баштады.

— Кымбаттум, менин ал жакта эмнем бар? – деди жалынган үн менен Андрей Ефимич. — Өзүңүз бара бериңиз, мени үйүмө кете берейин! Мен сизден суранам!

— Эч качан андай болбойт! – деп нааразы болду Михаил Аверяныч. — Бул укмуштуу шаар. Мен жашоомдун эң бактылуу беш жылын ошол жерде өткөргөм.

Андрей Ефимичтин ага каршы болууга батына албай, моюнунан байланган иттей болуп аны менен Варшавага барууга мажбур болду. Бул жерде ал бөлмөдөн чыкпай, өзүнө, досуна жана орусча түшүнүүдөн өжөрдүк менен баш тартышкан кызматчыларга жинденип диванда жатты, ал эми Михаил Аверяныч адаттагыдай эле ден-соолугу чың, күчтүү, шайыр болчу, ал шаарды кыдырып эртеден кечке чейин эски досторун издеп жүрдү. Бир нече жолу түнөгөнү да келген жок. Бир жолу ошондой белгисиз жерде өткөргөн түндөн кийин, ал таңга маал катуу толкунданып, кызарып, чачтары таралбай саксайган боюнча кайтып келди. Ал көпкө чейин бурчтан бурчка, ичинен бирдемелерди күбүрөп басып жүрдү да, анан токтой калып үн катты: 

— Баарынан мурда намысты сактап калыш керек!

Дагы бир аз басып, башын кармап, кайгылуу үн менен:

— Ооба, эң биринчи намысты сактап калуу керек! Бул Вавилонго баруу оюма келген учурду каргыш алсын! Досум, – ал доктурга кайрылды, — Мени жек көрүңүз! Сөгүңүз! Мен утулуп калдым!, Мага беш жүз сом берип туруңуз! 

Андрей Ефимич беш жүз сомду санап, унчукпай досуна берди. Ал дагы эле уялып, өзүнө келе албай кызарып турган, өзүнчө кобуранып, эч кимге керексиз ант берип алды да, кепкасын кийип, сыртка чыгып кетти. Эки сааттан кийин кайтып келип, жумшак олтургучка кулап түштү да, катуу үшкүрүп мындай деди:

— Намыс сакталды! Кеттик досум! Мен бул каргыш тийген шаарда бир мүнөт да калгым келбейт. Алдамчылар! Австриялык тыңчылар!

Достор шаарына кайтып келишкенде, ноябрь айы эле, көчөлөрдө калың кар жаткан. Андрей Ефимичтин ордун доктур Хоботов ээлеген; ал дагы эле эски ижарасында жашап, Андрей Ефимичтин келип, оорукананын бөлмөсүн бошотуп беришин күтүп жаткан. Ал ашпозчу деп атаган өңү серт аял эбак эле эски имараттын бир бөлмөсүндө жашай баштаптыр. Шаарда оорукананын айланасында жаңы ушактары тарады. Көрсө, кароолчу менен өңү серт аял уруша кетиптир, анан кароолчу анын алдына чөгөлөп, сойлоп кечирим сураган имиш. Андрей Ефимич келген биринчи күнү эле ижарага үй издеди.

— Досум, – деди почта башчысы, — мени кечирип коюңуз: сиздин карамагыңызда эмне оокатыңыз бар?

Андрей Ефимич унчукпай чөнтөгүнөн акчасын алып  санап чыкты да:

— Сексен алты сом.

— Мен бул жөнүндө сурап жаткан жокмун, – деди Михаил Аверянич уялыңкы, дарыгерди түшүнбөй. – Мен жалпы жонунан эмне мүлкүңүз бар деп сурап жатам?

— Мен сага айтып жатпаймынбы: сексен алты сом… Башка эч нерсем жок.

Михаил Аверяныч дарыгерди чынчыл жана асыл адам деп эсептегени менен, анын эң аз дегенде жыйырма миң сомдук каражаты бар деп шектенчү. Эми Андрей Ефимичтин кайырчыдан айырмасы жок экенин, жашоого эч нерсеси жок экенин билип, эмнегедир капысынан көзүнө жаш алып, досун кучактап алды.

 

XV

Андрей Ефимич кенже кызматкерлердин катмарына кирген аял Белованын үч терезелүү үйүндө жашай баштаган. Бул үйдө ашкананы эсепке албаганда үч гана бөлмө бар болчу. Алардын ичинен терезеси көчөгө карай турган экөөндө дарыгер, үчүнчүсүндө жана ашканада Дарюшка жана кожойке аял үч баласы менен өзү турчу. Кээде үй ээсине түнөгөнү мас ойношу келип, түнү менен бакырып өкүрүп, балдар менен, Дарьяга тынчтык бербей, алардын үрөйүн учура турган. Ал ашканага олтуруп алып арак талап кыла баштаганда бөлмөнүн ичи тарый түшчү, догдур боору ооруп ыйлап жаткан балдарды өзүнүн жанына алып келип полго жаткырчу, бул ага чоң ырахат тартуулар эле.

Ал мурдагыдай эле саат сегизде туруп, чай ичкенден кийин эски китептерин, журналдарын окууга отурчу. Жаңысын сатып алууга анын акчасы жок эле. Китептер эски болгондуктанбы, же чөйрө өзгөргөндүктөнбү, айтор, окуу аны баштагыдай өзүнө терең тарталбай, чарчаганын сезчү. Убакытты текке кетирбөө үчүн китептеринин деталдуу каталогун түзүп, алардын мукабаларынын беттерине белгилерди чаптай баштаган, бул түйшүктүү иш ага окуудан да кызыктуураак көрүнөр эле. Бир кылка, түйшүктүү эмгек анын ойлорунан алаксытып, убакыт бат эле өтүп кетчү. Ал тургай ашканада Дарюшка менен картошка аарчып же кара күрүч тазалоо да ага кызыктуу көрүнчү. Ишемби жана жекшемби күндөрү чиркөөгө барчу. Дубалдын жанында көзүн жумуп алып, чиркөө ырларын угуп, атасы жөнүндө, апасы жөнүндө, университет жөнүндө, дин жөнүндө ойлончу; ошол учурда жан дүйнөсү ырахат алып, жыргалга батып турар эле, чиркөөдөн чыгып үйүнө кетип бара жатканда, сыйынуунун ушунчалык тез аяктаганына өкүнчү.

Ал эки жолу ооруканага Иван Дмитрич менен сүйлөшүү үчүн барды. Бирок эки жолу тең Иван Дмитрич адаттан тыш толкунданып, жинденип чыкса болобу; ал эчак эле куру сөздөн тажагандыктан, аны өз жайына коюну суранды жана каргыш тийген бардык кара ниет адамдардан көргөзүшкөн азаптары үчүн бир гана сыйлык күтөрүн  – алардан жалгыз адам олтурчу камера сурай турганын айткан. Алар ага муну да ыраа көрүшпөйбү? Андрей Ефимич аны менен эки жолу тең коштошуп, бейпил түн тилегенде, ал кызараңдап:

— Сени каргыш алсын! – деген эле.

Андрей Ефимич үчүнчү жолу барышы керекпи же жокпу, азыр аны билбей калды. Ал баргысы келчү.

Мурда түштөн кийин тамактанган соң, Андрей Ефимич бөлмөдөн-бөлмөгө басып, ойлонуп жүрө берчү, азыр кечки тамактан кечки чайга чейин, эч нерсеге татыбаган майда-чүйдө ойлордон арыла албай, диванга ары карап жата берчү болгон. Жыйырма жылдан ашык иштегенине карабай пенсия да, жок дегенде жылына бир жолу берилчү жөлөк пул да чектеп беришпегенине ызаланып капа болчу. Ырас, ал кызматын так аткарган жок, бирок бардык кызматкерлер абийирсизби, ак ниет болобу, айырмаланбай пенсия алышат. Заманбап адилеттүүлүктүн маңызы ушундай: наамдар, ордендер жана пенсиялар моралдык сапаттарга жана жөндөмдүүлүктөргө эмес, жалпысынан, кандай гана болбосун, кызматта болгону үчүн ыйгарылат. Эмне үчүн бул эреженин жалгыз гана ага тиешеси жок болушу керек? Анын такыр эле акчасы жок эле. Дүкөндүн жанынан өткөндөн, үй ээсин карагандан уялчу болду. Ал сыра үчүн отуз эки сом карыз. Кожойке Белова айымга да карызы бар. Дарюшка акырындан эски көйнөктөрдү, китептерди сата баштады, ал үй ээсине доктур жакында көп акча алат деп калп айтчу болгон.

Ал саякаттап жүрүп жыйып алган миң сомун коротуп койгонуна өзүнө жини келди. Ошол миң сомдун азыр кандай пайдасы тиет эле! Эл аны тынч калтырбагына да нааразы болчу. Хоботов оорулуу кесиптешине анда-санда келип турууну өзүнүн милдети деп эсептеп алган. Андрей Ефимичке ал бардык жагынан жийиркеничтүү көрүндү: анын курсагы токтугун чагылдырган майланышкан жүзү, кемсинтип чыккан үнү, «кесиптеш» деген сөзү, бийик өтүгү; эң жийиркеничтүүсү, ал Андрей Ефимичке жакшы мамиле кылууну өзүнүн милдети деп эсептеп, аны чындап эле дарылап жатам деп ойлогону болду. Ар бир жолу келгенде ал бир бөтөлкө бромдуу калийди жана ышкын таблеткаларын ала келчү.

Ал эми Михаил Аверянич да досуна жолугуп, анын көңүлүн көтөрүп турууну өзүнүн милдети деп ойлочу. Андрей Ефимичтин жанына келген сайын ыңгайсызданып, калп күлүп, бүгүн анын кебетеси жакшы экенин, абалы жакшырып баратканын ишендире баштачу, ушундан улам ал досунун абалын үмүтсүз деп эсептейт деген жыйынтыкка келүүгө болот эле. Ал Варшавада алган карызын алигиче бере албай жүргөн, ошондуктан катуу уялып, өзүн ыңгайсыз сезип, чыңалган абалда жүрчү, ошол себептүү катуураак күлүп, күлкүлүү окуяларды айтып берип, өзүн алаксытууга аракеттенчү. Анын анекдоттору жана аңгемелери дегеле түгөнбөстөй көрүнүп, Андрей Ефимичтин өзү үчүн да, азаптуу боло баштаган.

Ал келип сүйлөй баштаганда Андрей Ефимич диванга ары карап жатып алып, анын аңгемелерин тиштерин кычыратып, араң чыдап укчу болгон; анын жан дүйнөсүндө катмар-катмар кебээрдей болгон бир нерсе туруп, досу ар бир жолу келип кеткенден кийин ал уламдан-улам калыңдап, өйдө көтөрүлүп кекиртегине кептеле баштаганын сезчү.

Мындай майда сезимдерди кубалоо үчүн ал өзү да, Хоботов да, Михаил Аверяныч да эртеби-кечпи, табиятта эч кандай из калтырбай өлөбүз деп ойлогонго ашыкчу. Миллион жылдан кийин космосто кандайдыр бир рух жер шарынын жанынан учуп өтөт деп элестетсек, анда ал чопону жана жылаңач таштарды гана көрөт. Баары – маданият да, адеп-ахлактык мыйзам да – жок болот, ал тургай алардын ордуна уйгак да өспөйт. Андай болгон соң, дүкөнгө карызы, эптеп-септеп адам сыягы бар орой, маданиятсыз Хоботов, Михаил Аверянычтын адам чыдагыс тажатма достугу эмнеге татымак эле? Мунун баары жалган жана куру сөздөр.

Бирок ага мындай ой жүгүртүүлөр жардам бере албай калган эле. Ал миллион жылдан кийинки жер шарын элестетери менен жылаңач асканын артынан бийик өтүкчөн Хоботов пайда болуп же калп каткырган Михаил Аверьяныч чыга келчү, алтургай анын уялгансып чыккан шыбыры угулгансып кетчү: “Ал эми Варшавадан алган карызды, досум, жакынкы күндөрдө берем… Сөзсүз берем”.

 

XVI

Бир күнү кечки тамактан кийин Андрей Ефимич диванда жаткан кезде Михаил Аверянич кирип келди. Ошол эле учурда Хоботов да бромдуу калийи менен пайда болгон. Андрей Ефимич ордунан турду да, эки колун диванга жөлөп олтура кетти.

— Бүгүн, кымбаттуум, – деп баштады Михаил Аверяныч, — өңүңүз кечээкиге караганда бир топ жакшыраак. Ооба, сиз азаматсыз! Кудайга шүгүр, азаматсыз!

— Убакыт келди, айыгууга убакыт келди, кесиптеш, – деди Хоботов оозун чоң ачып эстеп. Менимче, сиз өзүңүз да жата берип тажадыңыз окшойт.

— Биз жакшы болуп кетебиз! – деди көңүлдүү, Михаил Аверянич. Биз дагы жүз жыл жашайбыз! Дал ушундай!

— Жүз болбосо дагы, дагы жыйырма жыл ашыкча болбойт, – деп сооротту Хоботов. — Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, кесиптеш, көңүлүңдү чөгөрбө… Залакасы тийбесин.

–Биз өзүбүздү дагы көрсөтөбүз! Михаил Аверяныч күлүп, досунун тизесин таптап койду.– Биз өзүбүздү дагы көрсөтөбүз! Келерки жайда Кудай буюрса, Кавказга барып, ал жактын баарын ат менен айланып өтөбүз – гоп! гоп! гоп! А биз Кавказдан кайтып келип, балким  той өткөзөбүз. Михаил Аверянич кытмырлана көз кысып койду. – Сизди үйлөнтөбүз, жан досум… үйлөнтөбүз… 

Андрей Ефимич капысынан кекиртегине тоголоктошкон бир нерсенин тыгылып келе жатканын сезди; жүрөгү дүкүлдөп катуу согуп чыкты.

— Адепсиздик! – деди ал ордунан тез туруп, терезеге жөнөдү. — Адепсиз сөздөрдү айтып жатканыңыздарды түшүнбөй жатасыздарбы? 

Ал сөзүн акырын, сылыктык менен айтайын деген, бирок эркине каршы капысынан муштумдарын түйүп, башынан бийик көтөрдү.

— Мени жайыма койгула! – деп кыйкырды ал өзүнө таандык эмес үн менен кызарып–татарып. — Чыгып кеткиле! Экөөң тең, экөөң тең жоголгула!

Михаил Аверяныч менен Хоботов орундарынан туруп, аны адегенде аң-таң калып, анан чочулай карап калышты.

— Экөөң тең чыккыла! – деп кыйкырды Андрей Ефимич. — Акылсыз адамдар! Акылсыз адамдар! Мага достугуңдун да, сенин дарыңдын да кереги жок, келесоолор! Адепсиздер! Шерменделер! 

Хоботов менен Михаил Аверянич бири-бирин аң-таң боло карап, артка чегинип, кире беришке чыгышты. Андрей Ефимич бромдуу калийдин шишесин алып, алардын артынан ыргытып жиберди: шише босогого тийип быркырап сынып кетти.

— Чыгып кеткиле! – деп кыйкырып, ыйламсыраган үн менен кире беришке чуркап чыкты. — Силерди каргыш алсын!

Меймандар кеткенден кийин Андрей Ефимич безгек болгон немедей калтырап, диванга жатып алып көпкө чейин кайталай берди:

— Акылсыз адамдар! Айбандар!

Ал тынчыгандан кийин, ага эң биринчи эле байкуш Михаил Аверянич азыр абдан уялып, жүрөгү ооруп жатса керек, алибетте, жаман иш болду деген ой келди.

Буга чейин мындай нерсе эч качан болгон эмес. Акыл менен сыпайгерчилик кайда? Кайда, нерселерди, өзүңдү түшүнүү жана философиялык кайдыгер мамиле?

Дарыгер уялганынан жана өзүнө ыза болгонунан түнү бою уктай албай жатып, эртең менен саат ондо почтага барып, почта башчысынан кечирим сурады.

— Өткөн өттү, кеткен кетти, аны ойлобой эле коёлу, – деди Михаил Аверяныч, жайдарлана анын колун жылуу кысып. — Ким эскини эстесе, анын көзү кашайсын. 

— Любавкин! – деп капысынан ушунчалык катуу кыйкыргандыктан, почточулар менен почтого келген кардарлардын баары аны карап калышты. — Олтургуч алып кел. А сен күтө тур! – деп бакырды ал темир тордун арасынан өзүнө заказдык кат сунуп жаткан аялга. 

— Менин бош эмес экенимди көрбөй жатасыңбы? Өткөндү эстебейли, – деди ал Андрей Ефимичке назик кайрылып. Отуруңуз, мен сизден кичи пейилдик менен суранам, досум.

Ал бир мүнөтчө тизесин сылап унчукпай олтурду да, анан мындай деди:

— Сизге таарынуу оюма да келген эмес. Оору бир тууганың эмес, түшүнөм. Сиздин талмаңыз бизди аябай коркутту, кечээ доктур экөөбүз сиз жөнүндө көпкө сүйлөштүк.  Досум, эмне үчүн ооруңду олуттуу кабыл алгың келбейт? Ушунуңуз туурабы? Дос катары, жашырбай ачыгын айканым үчүн кечиресиз, – деп шыбырады Михаил Аверяныч, — сиз эң жагымсыз чөйрөдө жашайсыз: тар, кир бөлмө, кам көргөн киши жок, дарыланганга акча табылбайт… Кымбаттуу досум, дарыгер экөөбүз чын жүрөктөн суранабыз, биздин кеңешке кулак салыңыз: ооруканага жатыңыз! Ден-соолукка пайдалуу тамак-аш, кам көрүү жана дарылоого бардык шарттар бар. Евгений Федорич, адеп-ахлаксыз, орой адам болсо да, өз ишин жакшы билет, ага толук ишенсе болот. Сизди жакшылап карайм деп мага сөз берди.

Андрей Ефимичке почто башчысынын ага чын ыкласы менен боор ооруганы, анын капысынан жүзүндө пайда болгон жылтылдаган көз жашы катуу таасир берди.

— Урматуум, бул сөзгө түк ишенбе! – деп шыбырады ал колун жүрөгүнө коюп. — Аларга ишенбе! Мунун баары жалган! Мен сопсоомун. Жалгыз оорум – жыйырма жылдын ичинде бүт шаардан бир гана акылдуу адамды таптым, ал да жинди болуп чыкты. Эч кандай оорум жок, мен жөн гана сормо айлампага түшүп калдым. Эми мага баары бир, мен баарына даярмын. 

— Ооруканага жатыңыз, досум.

— Эми мага үңкүр болсо да баары бир.

— Мага сөз бериңиз, досум, сиз Евгений Федоричке бардык жагынан баш ийип, анын айтканын аткарасыз.

— Мейли, мен сизге сөз берейин. Бирок дагы бир жолу кайталайм, кымбаттуум, мен сормо айлампага кирип кеттим. Азыр бардыгы, жада калса менин досторумдун чын ыкласы менен берген жардамы да мени бир эле нерсеге – өлүмүмө жакындатат. Мен өлүп баратам жана аны моюга алуу үчүн менде акыл да, кайрат да жетиштүү.

— Кымбаттуум, сиз айыгып кетесиз.

— Жооткоткондо эмне? – деди Андрей Ефимич жактырбай. — Айрым гана адамдар өмүрүнүн аягында азыркы менин абалымды башынан өткөрбөйт. Эгер бөйрөгүң оорулуу, жүрөгүң чоңоюп кетиптир дешсе, дарылана баштайсың, же сен жиндисиң же кылмышкер экенсиң дешсе, бир сөз менен айтканда, капыстан сага көңүл бура башташса, анда сиз кайра чыга албай турган катаал айлампага кирдим деп билиңиз. Чыгам деп аракет кыла баштасаңыз, ого бетер чалынып чөгө баштайсыз. Ошондуктан багынып бериңиз, анткени эч кандай аракет сизди сактап кала албайт. Мага ушундай сезилет.

Ал ортодо темир торлордун ары жагында эл толуп чыкты. Андрей Ефимич тоскоол болбоюн деп ордунан туруп коштошо баштады. Михаил Аверянич дагы бир жолу андан убадасын алып, сырткы эшикке чейин узатып койду.

Ошол эле күнү кечке жуук Андрей Ефимичке күтүүсүздөн чолок тон, бийик өтүк кийген Хоботов келип, кечээ эч нерсе болбогондой үн менен мындай деди: 

— Мен сизге иш менен келдим, кесиптеш. Мени менен барып кеңеш берүүнү каалайсызбы?

Андрей Ефимич Хоботов аны сейилдетип көңүлүн ачкысы келгендир, же чындап эле ага акча таап алганга мүмкүнчүлүк бергени жаткандыр деп ойлоп, кийинип, аны менен көчөгө чыкты. Ал кечээки күнөөсүнөн арылып, элдешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна сүйүнүп, жүрөгүндө кечээги болгон нерсе тууралуу ооз ачпай, аны аяп жаткансыган Хоботовго ичинен ыраазы болду. Бул маданиятсыз адамдан мындай сыпайычылыкты күтүү кыйын эле.

— Бейтабыңыз кайда? – деп сурады Андрей Ефимич.

— Ооруканада жатат. Мен сизге көптөн бери көрсөткүм келип жүрөт… Кызыктуу окуя.

Оорукананын короосуна кирип, башкы корпусту айланып өтүп, жиндилер жаткан канатка келишти. Мунун баарын эмнегедир унчукпай жасашты. Алар имаратка киргенде, Никита адатынча ордунан ыргып туруп, какайып калды.

— Бул жерде бирөөнүн өпкө оорусу өтүшүп кетиптир, – деди Хоботов Андрей Ефимич менен палатага киргенде. — Сиз бул жерде күтө туруңуз, мен азыр. Стетоскоп алып келе калайын.

Анан ал кетип калды.

 

XVII

Күн уясына олтуруп, иңир кирип калган. Иван Дмитрич керебетте жаздык менен жүзүн жаап алып жатыптыр;  шал адам кыймылсыз, үн чыгарбай эриндерин бүлкүлдөтүп ыйлап отурду. Семиз киши менен мурдагы сорттоочу уктап жатышыптыр. Палатада тынч эле.

Андрей Ефимич бош керебетке олтуруп Иван Дмитричти күтө баштады. Арадан жарым сааттан ашык убакыт өткөндө, Хоботовдун ордуна, кимдир бирөөнүн халатын, ич кийимин жана бут кийимин кучактап, Никита палатага кирди.

— Кийиниңиз, урматтуум, – деди ал акырын дарыгерге кайрылып. — Мына сиздин керебетиңиз, бул жакка келиңиз, – деп кошумчалады ал бош, сыягы, жакында алып келип койгон керебетти көрсөтүп. — Эч нерсе эмес, кудай буйруса айыгып кетесиз.

Андрей Ефимич баарын түшүндү. Ал унчукпастан, Никита көрсөткөн керебетке барып  отурду; Никитанын күтүп турганын көрүп, жылаңачтанып чечинди. Ал андан уялып жатты. Анан оорукананын кийимин кийди; шымы чолоюп кыска, көйнөгү узун экен, а халат ышталган балык жыттанып турду.

— Кудай буюрса, сакайып кетесиз, – деп кайталады Никита.

Ал Андрей Ефимичтин кийимин кучактап алып, сыртка чыгып кетти да, эшикти жаап койду.

“Баардык жерде бирдей…” – деп ойлоду Андрей Ефимич халатынын этек-жеңин  кымтыланып, жаңы кийим менен ал өзүн камактагы адамдай сезди. “Бул маанилүү эмес… фрак болобу, атайын формалуу кийимби, же бул халат болобу баары бир, бул  маанилүү эмес …”

Бирок саатычы? Капталдагы чөнтөктөгүндөгү дептеричи? Тамекисичи? Никита анын кийимин кайда алып кетти? Эми, балким, өлгөнгө чейин шым, чыптама жана өтүк кийбей өтөр. Мунун баары эмнегедир таң калыштуу жана алгачкы учурларда түшүнүксүз эле. Андрей Ефимич азыр да кенже кызматкер Белованын үйү менен № 6 палатанын ортосунда эч кандай айырма жок экенине, бул дүйнөдө бардыгы куру сөз жана куру убаракерчилик экенине ишеними бек болчу, бирок ошол эле учурда анын колдору калтырап, буттары муздап жаткан, ал көп өтпөй Иван Дмитрич ойгонуп, аны оорукананын кийими менен көрөрүн ойлогондо кирерге жер таппай айласы куруй түштү. Ордунан тура калып, ары-бери басып, кайра отурду.

Ал жарым саат, бир сааттан кийин эле тажай баштады; Чын эле бул адамдар сыяктуу ушул жерде бир күн, бир жума, жада калса жылдап жашаса болобу? Мына, отурду, ары-бери басып, кайра отурду; макул, барып, терезеден сыртка караса болот экен, кайра бурчтан бурчка басып кете алат. Андан арычы? Эстелик сыяктуу, бир жерде, кыймылдабай отуруп алып ойлонобу? Жок, мындай болушу мүмкүн эмес.

Андрей Ефимич керебетке келип жатты, бирок дароо ордунан туруп, чекесинен аккан муздак терди жеңи менен аарчыды, жүзү ышталган балык жыттанып жатканын сезди. Ал кайрадан туруп баса баштады.

— Бул кандайдыр бир түшүнбөстүк…  – деди ал алакандарын эки жакка жайып. Мен түшүндүрүшүм керек, бул жерде түшүнбөстүк бар …

Ушул убакта Иван Дмитрич ойгонду. Ал ордунан өйдө болуп, жаагын таянып олтурду. Түкүрдү. Анан ал дарыгерге кайдыгер көз жүгүрттү, кыязы, адегенде эч нерсеге түшүнгөн жок окшойт; бирок бат эле уйкусу ачылып, аны мыскылдай баштады.

— Аа, сизди дагы бул жерге тыгыштыбы! – деди ал бир көзүн жумуп, каргылданып уйкусу толук ачыла элек үнү менен. — Абдан кубанычтамын. Сиз элдин канын ичип келгенсиз, эми алар да сиздин каныңызды ичет. Эң сонун!

— Бул кандайдыр бир түшүнбөстүк… – деди Андрей Ефимич Иван Дмитричтин сөзүнөн чочулап; ал ийинин куушуруп кайталады: Бул түшүнбөстүк…

Иван Дмитрич кайрадан түкүрдү да, жатып алды. 

— Түбүң түшкөн жашоо! – деп күбүрөндү ал. — Бул жашоонун баарыдан да ачуу кордугу, өмүрүңдүн көргөн азабың, тарткан шоруң үчүн сый-урмат көрүү же болбосо операдагыдай чоң салтанат менен эмес, өлүм менен бүткөнү;  өлгөн соң адамды колу-бутунан көргө сүйрөп кирип көмүп салышат. Болду! Мейли, эч нерсе эмес… Бирок тиги дүйнөдө бизге да майрам болот… Тиги дүйнөдөн мен бул жерге кайтып келип, бул сойлоочулардын жүрөгүнүн үшүн алам. Мен булардын чачтарын агартам.

Аңгыча Моисейка шаардан кайтып келип, дарыгерди көрүп, ага колун сунду.

— Мага бир тыйын берчи!

 

XVIII

Андрей Ефимич терезеге келип, талааны карады. Караңгы кирип бара жаткан, оң жактан муздак, кочкул кызыл ай чыгып келе жатты. Оорукананын тосмосунан анча алыс эмес, жүз метрден ашпаган жерде таш дубал менен курчалган бийик ак үй турган. Бул түрмө болчу.

“Мына бул айныгыс чындыктын өзү!” – деп ойлоп алып, Андрей Ефимич чочуп кетти.

Ай дагы, түрмө дагы, тосмодогу мыктар дагы, алыскы сөөк заводдон жылтылдап көрүнгөн оттун жарыгы да коркунучтуу эле. Арт жактан үшкүрүк угулду. Андрей Ефимич артына бурулуп, көкүрөгүндө жаркыраган жылдыздар жана медалдарын тагынып, ага жылмайып, кытмырлана көз кысып турган адамды көрдү. Ага ал адам да коркунучтуу көрүндү.

Андрей Ефимич айда да, түрмөдө да өзгөчө эч нерсе жок экенине, алтургай акыл-эси соо адамдар орден тагынарын жана баары акыры топуракка айланып, жок болоруна өзүн ишендирип жатты, бирок күтүүсүздөн үмүтү үзүлүп, темир торду эки колу менен кармап, бардык күчү менен тарткылай баштады. Бекем тор козголгон жок.

Анан капылеттен келген коркунучтан коргоо издегендей Иван Дмитричтин керебетине барып отурду.

— Көңүлүм чөктү, досум, – деп андан жардам күткөндөй, чекесинен аккан муздак терин аарчыды. — Жан дүйнөм жабыркап жатат.

— Сиз эми философия менен алектениңиз, – деди Иван Дмитрич шылдыңдап.

— Кудайым ай, Кудайым ай… Ооба, ооба… Сиз бир жолу Россияда философия жок, бирок баары, чоңунан кичинесине чейин өздөрүн философ сезишет деп айтканыңыз бар. Кантсе да алардын философиясынын эч кимге зыян жок, – деди Андрей Ефимич ыйламсырап, өзүнө аё сезимин козгогусу келип жаткансыган үн менен. — Досум, бул эмне деген какшык аралашкан күлкү? Турмуштун ызгаар-суугунда калган кичинекей адам кантип философ болбой койсун? Акылдуу, билимдүү, намыскөй, эркиндикти сүйгөн инсандын, Кудай жолунда, ыплас, келесоо шаарга дарыгер болуп баруудан бөлөк аргасы болбоду, өмүр бою банка, сүлүк, горчица! Алдамчылык, тайкысыздык, адепсиздик! Кудайым-ай!

— Болбогон сөздү айтып жатасыз. Дарыгер болгондон жийиркенсеңиз министр болуп албайт белеңиз. 

— Эч жерге жарабайбыз, эч жерге. Биз алсызбыз, кымбаттуум… Мен кайдыгер элем, жайдары, акыл-эстүү ой жүгүртчүмүн, анан жашоо мага бир эле катуу соккусун урганда, жүрөгүм сыздап, айламды таба албай калдым… жылдызым жерге түштү… Биз алсызбыз, биз бир шордуубуз… Сиз дагы, досум. Акылдуусуз, асылсыз, энеңиздин сүтү менен жакшы нерселерди сиңирип алдыңыз, бирок жашоого баш бакканда эле эле чарчадыңыз, чыдай алган жоксуз ооруп калдыңыз… Алсызсыз, алсызсыз! 

Кеч киргенде Андрей Ефимичти коркуу менен таарынычтан башка дагы бир нерсе, кыйнап жатты. Акыры ал сыра менен тамеки чегүүнү эңсеп жатканын түшүндү.

— Мен бул жерде калбайм, досум – деди ал. Мен барып аларга айтайын … Мен кала албайм … Мен кала албайм …

Андрей Ефимич барып эшикти ачты, бирок ошол замат Никита ордунан ыргып туруп, анын жолун тороп калды.

— Кайда баратасыз? Сиз андай кыла албайсыз, кыла албайсыз! – деди ал. — Уктачу убак болду!

— Бирок мен бир мүнөткө, короону аралап басып келем! Андрей Ефимич шашкалактай түштү.

— Болбойт, буйрук ошондой. Сиз өзүңүз деле билесиз да.

Никита эшикти тарс жаап, ага жөлөнүп алды.

— Бирок мен бул жерден чыксам, анын зыяны кимге? – деп сурады Андрей Ефимич ийинин куушуруп. — Түшүнбөй жатам! Никита, мен чыгышым керек! – деди ал калтыраган үн менен. — Мага сыртка чыгыш керек! 

— Тополоң чыгарбаңыз, бул жакшы эмес! – деди Никита акыл айтып.

— Бул эмне деген кордук! – деп капысынан кыйкырып Иван Дмитрич ордунан ыргып турду. Анын бизди бул жерден чыгарбай коюга кандай укугу бар? Алар бизди бул жерде кантип кармайт алат? Мыйзам эч кимди сотсуз эркинен ажыратууга мүмкүн эмес экенин ачык-айкын айтып турбайбы! Бул зордук-зомбулук! Өзүм билемдик! 

— Албетте, өзүм билемдик! – деди Андрей Ефимич Иван Дмитричтин кыйкырыгынан кайраттанып. — Мен чыгышым керек. Анын мени чыгарбай коюшка акысы жок! Коё бериңиз, мен сизге айтып жатам! 

— Угуп жатасыңбы, келесоо, акмак? – деп кыйкырды Иван Дмитрич муштуму менен эшикти каккылап. “Эшикти ач, болбосо мен эшикти талкалайм!” Жан алгыч! 

— Ач! – деп кыйкырды Андрей Ефимич бүткөн бою титиреп. — Мен талап кылам!

— Сүйлөй бергиле! – Никита эшиктин сыртынан жооп берди. — Кыйкырып алгыла!

— Жок дегенде барып Евгений Федоричти бул жакка чакырып келиңиз! Айт, мен анын келүүсүн суранып жатканымды… бир мүнөткө келип кетсин! 

— Эртең өздөрү келишет. 

— Алар бизди эч качан чыгарышпайт! – Иван Дмитрич кайрадан сөзгө аралашты. — Бул жерде бизди чиритип жок кылышат! Оо, Кудайым, чын эле тиги дүйнөдө тозок жок, бул шылуундар жазасын албай кутулуп кетишеби? Адилеттик кайда? Ач, жексур, тумчугуп баратам! – деп каргылдана  кыйкырып, бүткүл денеси менен каалганы түртө баштады. – Башымды жарып салам! Мыкаачылар! 

Никита эшикти тез ачып, эки колдоп түртүп, тизеси менен Андрей Ефимичти ичке тээп жиберди, анан колун шилтеп, бетке муштады. Андрей Ефимичке чоң туздуу толкун анын башынан ылдый каптап, керебетти карай агызып кеткендей сезилди; чындыгында оозу туз даамдана түшкөн: сыягы тиштери канап кетсе керек. Ал сүзүп бараткансып, колдорун булгалап бара жатып, бирөөнүн керебетин кармап калды, ошол маалда Никита анын аркасынан дагы эки жолу урганын сезди.

Иван Дмитрич катуу кыйкырып жиберди. Никита аны да сабап жатса керек.

Анан баары унчукпай калды. Айдын алсыз, муздак нуру темир торлордун арасынан өтүп, полдо тор сымал көлөкө жатты. Коркунучтуу болчу. Андрей Ефимич демин ичине алып, дагы бир жолу таяк жегенден коркуп күтүп жатты. Кимдир бирөө ороктун мизин көкүрөгүнө, ичине матыра тыгып, бир нече жолу айланткандай болду. Ооруга чыдабай жаздыкты тиштеп, тиштерин кычыратып жатып, капысынан башына ушул баш аламандыктын арасынан коркунучтуу, адам чыдагыс жылт эткен ой келе калды, бул азапты айдын жарыгында кара көлөкөдөй көрүнгөн ушул адамдар күн сайын, жылдар бою, башынан өткөрүп келе жатышса керек… Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери муну билбей, билгиси да келбей жүргөн экен да? Ал билчү эмес, оору жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок болчу, демек анын күнөөсү жок, бирок Никитадай өжөр, орой абийири аны төбөсүнөн бутунун манжаларына чейин муздатып жиберди. Ал ордунан ыргып турду, болгон күчү менен кыйкырып, мүмкүн болушунча тез чуркап барып Никитаны, кароолчу менен фельдшер Хоботовду, анан өзүн өлтүргүсү келди, бирок көөдөнүнөн бир да үн чыкпай, буттары баш ийбей койду; Энтигип, көкүрөгүндөгү халатын, көйнөгүн айрып, эс-учун жоготуп керебетке жыгылды.

 

XIX

Эртеси эртең менен башы ооруп, кулагы чуулдап, бүт денеси жанчылып калгандай сезилди. Кечээки алсыздыгын эстегенден уялган жок. Кечээ эле коркок, айдан да корккон, өзүнөн мурда шек санабаган сезимдерин, ойлорун чын дилинен айтып жаткан. Мисалы, майда адамдын нааразычылыгы жөнүндө философиялык ойлор. Бирок азыр ага баары бир эле. Тамак ичкен жок, кыймылсыз, унчукпай жатты. «Мага баары бир, – деп ойлоду ал ага суроо берип жатышканда. — Мен жооп бербейм… Мага баары бир».

Кечки тамактан кийин Михаил Аверянич келип, бир салым чай менен бир фунт мармелад алып келди. Дарюшка да келип, керебеттин жанында бир сааттай аны капалуу тиктеп, олтуруп кетти. Андан кийин дарыгер Хоботов келди. Ал бир бөтөлкө бромдуу калий алып келип, Никитага палатаны бир нерсе менен түтөтүп чыгууну буйруду.

Кечке жуук Андрей Ефимич мээсине кан куюлуп каза болду. Адегенде ал катуу чыйрыгып, кускусу келди; бир жийиркеничтүү нерсе бүт денесине, атүгүл манжаларынын учуна чейин кирип, ашказандан башына чейин тарап, көздөрү менен кулактарына толуп чыккансыды. Көздөрү тунарып чыкты. Андрей Ефимич ага акыр заман келгенин түшүнүп, Иван Дмитрич, Михаил Аверянич жана миллиондогон адамдар өлбөстүккө ишенишкенин эстеди. Балким ал чын болуп калсачы? Бирок ал өлбөстүктү каалаган жок, ал жөнүндө бир саамга гана ойлоду. Анын жанынан кечээ эле китептен окуган, өзгөчө сулуу жана көрктүү бир үйүр бугу чуркап өттү; тордун арасынан аял ага заказдуу кат кармаган колун сунду… Михаил Аверяныч бирдемелерди айткансыды. Анан баары жок болуп, Андрей Ефимич биротоло, түбөлүктүү жымжырттыка сүңгүп кирип жок болду.

Эркектер келип, аны буту-колунан кармап көтөрүп, чиркөөгө алып барышты. Ал жерде таң аткыча көзүн ачылган боюнча айдын нуру тийип турган үстөлдүн үстүндө жатты. Эртең менен Сергей Сергеевич келип, чокунуп алды да, мурдагы башчысынын көзүн жумду.

Бир күндөн кийин Андрей Ефимичтин сөөгү жерге берилди. Жаназада Михаил Аверяныч менен Дарюшка гана болду.

1892

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.