Касым КАИМОВ: «Токол»
Чала бышкан коондун сызыгындай тилкеленген, ээн боз адырдын этегиндеги чыбыр жолдо ээрчише бастырган эки жолоочу келатышты. Жолоочулардын аттары такалуу болсо да, ташыркаган сыяктуу бүжүрөшөт, «чү-чүлөп» камчы чабылганда гана лекилдеп басып, бир аздан кийин кайра илкишет; жолоочулар өздөрү да жазгы күндүн табына каалгышат; башы оогон жакка багыт алган дубаналарча эки жагын карашпай, тунжурашып ат жалын тиктешет.
Бешинчи күн дегенде алар туулуп өскөн жеринин четине келишти. Өз жеринин касиети кандай! Чаалыккан аттар топуракты жыттаганда кубаттанып таноолорун бырпыратып, туягы менен жер чапчып, суулугун чайнап, арышын кере башташты. Урушкансып үңкүйүп келаткан жолоочулар аман-эсен жеттик дегенсип, бири-бирин кубанычтуу тиктешип, тоонун өрөөнүнүн салкын желине төштөрүн тосушту… Жол азабын унутушуп, талыкшыган денелери сергип, камчыны үйрө кармашып, аттарынын тизгинин кагышып, ыкчамдай бастырышты. Булар Анжиян, Аксы тараптан келатышкан Токобай менен анын жигити Шертай.
Акыркы бир күндүк жол жолоочулар үчүн чай кайнамдык гана убакыттай туюлду. Эки суунун чатындагы тумшуктан имериле бергенде чоң сазда конуп отурушкан жыйырма чакты үй жана жайнап жаткан калың мал көрүндү. Бул – Токобайдын айлы эле. Саздын орто чениндеги катар отурган жети өргөө ушу Токобайдын жети аялынын өргөөлөрү. Анын тегерегиндегилер – балдарынын, агайын-туугандарынын жана коңшу-колоңдорунун үйлөрү.
Айылдын бери четиндеги шоңшойгон боз төбөл үй Шертайдыкы. Бир нече айдан бери сапарда жүрүшкөн немелер айылды көргөндө энесин издеп тапкан жаш баладай кубанышты. Ошондо да өңүмбү же түшүмбү дегенсип, ушу кубанычка көзү жетпей, айыл өлүм-житимден, жоо чабуудан аман бекен деп, алагды болгон Токобай жайылып жаткан малды, чурулдашып ойноп жүрүшкөн балдарды көрүп көңүлү тынчыды.
Айылдан көңүлү бир ыңтай болгон Токобай эми аялдарын сынамакчы болуп жети өргөөгө көз чаптырды. Байбиченин чоң өргөөсүнүн эшигинин алдында байланышкан аттар турат. Үйдөн суюк түтүн созолонот. «Берекелүү байбичем» – деди Токобай күбүрөп. Экинчи үйү үстүндө аңтарасынан жайылган терилерге майышкансып, үнсүз-жансыз мемирейт. Токобай байбичесин жакшы көрүүчү, экинчи аялын тиричиликтен башын көтөрбөстүгү жана сараңдыгы үчүн жактыруучу эмес.
Андан башка төрт үйдү бири-биринен айрый албады. Акырында анын беймазалуу курч көздөрү жети үйдүн эң четиндеги жумурткадай ак өргөөгө барып такалды.
Бул токол аялы Айымкандын үйү эле. Токолдун өргөөсү чөбү тепселе элек көк жашаңда отурат, сыягы көрөркөз Айымкан чалынын келерин билип, журт жаңырткан окшойт. Сапардан кайткан тоо кыргызы үчүн жаш аял, жаңы конуштай жан сергитер эмне бар? Бирок Токоңо бүгүн жаныңдай ысык көргөн токолунун үйүнө түшүү кайда?! Шарият жана адат боюнча сапардан кайткан киши адегенде байбиченин үйүнө түшүүгө жана биринчи түндү ошондо өткөрүүгө тийиш. Андан кийинки түндөрү аялдарынын жаш жагына карап, күндө биринин үйүнө түнөп кете бермек.
Ошентип, токолуна жетинчи түнү гана жетмек.
Айылын, бала-чакасын сагынган адамдын кумары үч гана күндүк. Үч күндөн кийин чери жазылып, эски адатына түшөт. Төртүнчү аялына жеткенде аны менен күн сайын учурашып жүргөнсүп, суз жолугушат. А, аялдарычы! Аялдарынын көргөн-күнү такыр башкача.
Күйөөсүнүн анык тамашасын биринчи жана экинчи аялы көрөт. «Күрүчтүн шарапаты менен күрмөк суу ичет» дегендей үчүнчү аялы алгачкы экөөнүн шарына эле мас болот. Андан кийинки аялдары эрим бар деп корстон болгон менен анын рахатын көрүшпөйт. Ошентип, улуу күндөштөрүнө ызырынып, күйөөгө жарыбай жүрүп өмүрлөрү өтөт. Ал эми күйөө шариятка жана элдин салтына кул болсо да, өз ичинде кичи аялын жакшы көрөт (шарият боюнча баарын бирдей көрүп, баарына бирдей түнөө керек).
Байбиченин үйүнө байбиче үчүн эмес, кудай үчүн жана бала-чакасы үчүн барат. Байбичеден боюн ала качып, уулдарын жана кыздарын эркелетип, сүйүп, эрмектеп, эптеп таң атырат. Күйөөсүнүн бул кордугун байбиче билбейт бекен?
«Токолуңа жете албай, көзүң акыйып жатабы» деп ого бетер мазесин кетирет. Ошентип, байкуш эркекке көп катынынын бири да ыраазы болбойт… Бирок эркекти жеме жеңе албайт. Ичинен күңк-мыңк эткени болбосо, байбичеден башка катындарынын бири да ага каяша айта алышпайт. Каяша айтты дегенче азапка түшкөнү: башы жарылат, бети айрылат, анысы аз келгенсип бүткүл элге шерменде болот. Ошол алын сезген байкуштар ичтеринен туталанып тим болушат. Ошондуктан эркектер көп катын алууну өнөкөт көрүшүп, буга аялдардын өздөрү да кайыл экен дешип, кылымдар бою көөдөк кыялга азгырылып келишкен.
Жалгыз үйлүү, жалгыз катындуу Шертайдын көңүлү жайында, паанайы ачык; а түгүл кожоюнунун беймазалуу оюн түшүнүп, аны өз ичинен табалап, көп аялдуу болуп калбагандыгы үчүн кудайга тобо кылууда.
Мына алар айылга кирип келишти.
— Атам келатат! – дешип ар бир үйдөн мойтоңдогон кичинекей балдар жүгүрүп чыгышты. Жабалактап үрүп чыгышкан иттер да келаткандар ээлери экендигин таанышканда куйруктарын булгалактатышып, аттуулардын аягына-буягына бир чуркашып так секиришет, шыйпалакташат.
Айылдын кишилеринии баары үйдүн сыртында. Байбиче да, бети-башын сүртүнүп, жоолугун оңдоп салынып, күлүңдөп эшиктин алдында турат. Башка аялдары байбичеге таба болбойлу дегенсип, сыртка чыгышпай, өз үйлөрүнүн жабыгынан, эшиктин четинен шыкаалашат. Ар кимиси «байымдын көзү менин үйүмө түшөр бекен» – деп үмүттөнүшөт. Токобай алардын үйлөрүн мурда эле байкаган. Азыр түз эле байбиченин өргөөсүн көздөй бастырып баратат. Астыртан токолунун үйү тарапты телмире тиктейт. Жөн билги токол эшиктин жылчыгынан башын чыгарса, эч болбосо, көз ымдашып учурашып өтсөм деп самайт. Ооба, анын оюн токол түшүнүп, кары күйөөсүнүн далбасына ичи жылыгансыйт. Бирок анын үйүнө токтолбой өтө бергенде жүрөгү туз куйгандай ачышып, керегеге жөлөнүп, көз жашын төгүп-төгүп алды. Токобайдын токолго жалдырай караган көздөрүн байкаган аялдары туталанышып, «көзүңө ак түш» деп, өз ичтеринен каргашты…
Шертайдын аялы Толгонай да баласын көтөрүп, эшигинин алдында турду. Шертай үйүнүн жанынан өтүп баратса да, кожоюнунан мурун бала-чакасы менен учурашам деп, адепсиздик кылбоо үчүн, аялына башын ийкеп, күлүп коюп, колупдагы түйүнчөктү ыргытып кетти. Бул – азырынча ушуну менен кубанып тургула – деген базарлыгы эле…
Байбиченин эшигинин алдында турган жигиттер Токобайды ат үстүнөн көтөрүп түшүштү. Алыстан келгендиги үчүн Шертайды да сыйлашып, атын алуучулар табылды. Токобай адегенде айыл аксакалдары менен учурашып, жанына келген балдарын, кыздарын жана неберелерин өөп-жыттап, акырында байбичесине кол берди. Байбичеден башка бир да аял аны менен кол алышып учурашкан жок жана учурашууга да акылары жок эле.
Жолоочулар менен аксакалдар үйгө жайланышкандан кийин гана келиндеринин батынбагандары атасын туурдуктан шыкаалап көрүшүп, батынгандары үйгө кирип жүгүнүшүп, казан асышып, от жагышып, тиричилик менен жүгүрүп жүрүштү. Токобайдын байбичесинен башка аялдары атасынан бир ууч момпосуйду алып кайтышкан балдарынын жанында кесерип отуруп калышты. Алар эрден да, базарлыктан да кагылышканына ызаланышат, кайгырышат, кичүүлөрү өзүнөн улуу күндөшүн өлсө деп тилешет. А улуулары болсо өзүнөн кичүүсүнүн өлүмүн тилешет. Ошентип, аялдарынын ичинде бири-бирине жакшылык санагандары жок.
Токобай уул-кыздары менен көрүшүп, үйгө келген аксакалдарга Анжиян, Аксы тараптагы жаңылыктар жөнүндө айтып отурду. Кожоюну чай ичилип бүтүп, дасторкон жыйылгандан кийин гана Шертайга үйүнө барууга уруксат берди…
* * *
Токолуна ынтызар болгон Токобай эрксизден байбичесинин ыктыярында калса да, өз үйүнө келип, өлөң төшөгүн басканга каниеттенип, тынч уктады. Бирок аялдарынын баары түнү менен төшөктө тынч алып жатышкан жок.
Байбиче бир түнгө мейман болуп келген күйөөсүн колдон чыгаргысы келбейт, эч болбосо, дагы эки-үч түнөсө деп үмүттөнөт: «Менде эчкинин жашындай өмүрүм калды. Өлөр алдында чалым мени менен эле болбойбу? Күндөштөрүм менин курагыма жеткенче күйөөмдүн үзүрүн далай-далай көрүшөр». Бирок бул: үмүтүнөн эч нерсе чыкпасын билип, кыңырылат, кысталат, таттуу уйкуга чөмүлгөн чалын ойготуп кыса кучактагысы келет, бир нерселер жөнүндө маектешип, эч болбосо, ушул жарыбаган бир түндү күлпөттүү өткөрүүнү каалайт. Бирок жолдо атка урунган эрин аяйт. Аябаган күндө да, кежир чал кемпирдин ыркы менен болоруна ишенбейт.
Калган аялдар таң ата бир жакка аттануучудай түнү менен кирлерин жуушуп, шейшептерин жаңыртышып, чачтарын жууп-тарашып, бир түндүк кадырлуу күйөөнүн көңүлүн ийиктирүү үчүн далбасалашат. Баарынын ою жана аракети ушул. Кийимдин жарашыгы, жүрүш-туруштун шааниси гана эмес, ошол көзгө дары мейманды күтүү жагынан да биринен-бири ашып түшүп, ага биротоло жагынмак болушат.
Бул түнү токол сабыры суз болуп, уктай албай чыкса да, тиричиликке убараланган жок. Алдыда бир жума бар. Бир жуманын ичинде канча күн, канча окуя бар. Балким эртең же бүрсүгүнү эле күйөөсүн солто, сарбагыш же саяктын манаптары чакырып кетишер. Эл чабышып, доо бүтпөй, туш-тараптын баары уу-чууга толуп турган убакта Токобайга окшогон таасирлүү кишилерди дайыма бүтүмгө чакырышып турат.
Ал анчалык бай эмес, манап да эмес, өзүнүн кайра тартпас кайраттуулугу, эптүүлүгү, сөзмөрлүгү менен элге таанылган. Эл аны Токобай шумбаш дешип аташат. Балким, аш-той чыгып калар. Андай болсо, Токобай сыяктуу кишилер эл алдында, аш-тойдун үстүндө болушат. Той-тамаша, жыйын турганда катынынын армандуу калышына Токобайдын кабыргасы кайышмак беле? Ушуну ойлогон токол күйөөсүнүн качан колго тиерине көзү жетпейт. Ошокдуктан аны күтүүгө камынбайт, бирок жаш неменин санаасы санга бөлүнөт, чуулдашкан топ күндөштүн үстүнө келгенине арман кылат.
— Токолдун күнү курусун! – дейт үшкүрүп.
Токол деген эмне?
Токол уй менен эчкинин тукумунан жана аял жынысынан чыгат. Мүйүзү жок эчки менен уйду кыргыздар токол деп аташат. Токол айбандын да, аялдын да кеми. Чынында да мүйүздүү эчки менен мүйүзсүз эчки, мүйүздүү уй менен мүйүзсүз уй сүзүшө алабы? Ошонун сыңарындай байбичеге караганда кичүү аял мүйүзсүз, башкача айтканда, аны менен айкашууга жарагы жок, жалтак. Байбиченин жарактуулугу: уулу аялдуу болуп, кызын күйөөгө берип, эл алып, журт алып, очор-бачар болуп калганы, анын жөлөнөр чынары, карманар бутагы бар.
А кичүү аял балким байбиченин кичи кызы менен теңдир. Ага арка болор баласы бешикте, медер болор күйөөсү байбичеден коркпосо да, балдарынан, кыздарынан, келиндеринен жалтанат, элден уялат. Ошондуктан токол байкуш көз каранды жана жалтак. Эгерде төркүн-төшү мыкты болбосо же атасы болбосо, анык караманча күң-токол.
Айымкан Токобайдын эшигине келгенине беш жыл болот, ал он тогузга чыкты. Өзүнүн тагдыры жөнүндө ойлоно баштаганына бир гана жыл болду. Алгач өзүнөн улуу күндөштөрүнүн жемесине, какшыгына көз жашы менен жооп кайтарып жүрдү. Анын алсыздыгын байкаган күндөштөрү ого бетер эсирип баратышты.
Ошондо жаш аялын жакшы көргөн Токобайдын боору ачып, аны өзү коргоп, сактап, көңүлүн жубатып жүрдү. Бир жакка кеткенде кары жигиттерине «отун суудан, союштан кем кылба, эл көчкөндө талаада калтырба» деп дайындап коёт. Аны билген байбичелер Токобай алыска кеткенде баягы жигитти чакырып алып, «токолдун үйүнө баспа» деп зекишет. Эгер ал тил албаса, башка жигиттерге сабатып, күйөөсү келгенде анын капкайдагы «кылмыштарын» чукуп, ырбатып, ага жаман көрсөтүп, айыпка жыктырып же айылдан кубалатат, Ошентип, беш жылдын ичинде токолго жардам берер жигиттин баары ага экинчи жолобос болуп чыга беришет.
Айымкан али да болсо акылдуулугу менен жансактоодо. Жигиттерден ажырагандан кийин байбичелердин балдарын өз колуна ала баштады. Байбиченин улуу баласы Осмон кыркта, андан кийин үч уул, кызы бар. Бешинчиси Субан он тогузда. Айымкан эң мурун Осмонду бала деп үйүнө чакырып, козу союп мейман кылып, жанынын бардыгынча сыйлап, көңүлүн алды. Осмон эстүү кичи апасын жакшы көрүп, аны энесинин каарынан далай коргоду. Бирок өз эне деген кыйын да. Акырында алардын чатагын билсе да билмексен болуп, көрсө да көрмөксөн боло баштады. Анын үстүнө өзү да үч аялдуу болгондуктан, токолдун зарын тыңшагысы келбей калды. Осмондон кийинки үч бала Айымкандын колуна түшпөдү. Бирок Субан Айымканды апа деп, үстүнө үйрүлүп түшүп, аны тилдеп жаткан күндөштөрүнүн кимисин болсо да, үйдөн жетелеп чыгуучу. Эл көчөрдө Субан атасынын жана өзүнүн жигиттерин кууп келип, биринчи болуп кичүү апасынын үйүн көчүрүүчү.
— Субанды өзүңүз койдурбасаңыз… Айтканын аткарбасак бизди курутат. Кырып салат – дешип жигиттер да байбиченин алдында жазадан кутулушуп кетүүчү.
Субан үйлөнүп балалуу болду.
Беш жылдын ичинде Айымкандын согончогу канаган жок. Бул ага кайгы, күндөштөрүнө кубаныч болду. Балага зарылдыгы жок Токобай Айымканды баштагыдай эле артык көрүп жүрдү. Байбичелер да тымып калышкан жок. Субандын аялынын жаштыгынан пайдаланып, аны Айымканга таарынтып, экөөнүн ортосунан от чыгарып барып, Субанды да токолдон алыстата баштады.
— Эми кимди карманам? Ортончу аялдын балдарына жармашамбы? Баары бир аларды да бузуп коюшат ко. – Айымкандын айласы түгөнөт, келечеги мунарыктанат. – Же менин төркүнүм белдүү болсочу.
Айымкандын төркүнү орто-чарба киши. Эгерде Айымкан чыгам десе, анын башын ачуу үчүн атасынын малы түгүл, башындагы чачы жетпейт. Экинчиден Токобайдай кишиден кызын чыгарып алуучу ата кыргызда туула элек. Ушуну ойлонгон токол түндү кайгы менен өткөрдү.
* * *
Экинчи түнү Токобай Жаңылкандын үйүндө болду. Экинчи аялы күйөөм көрсүн дегенсип соккон таарларын, ар түрлүү түстөгү оюм-чийим менен жасалган шырдак, ала кийиздерди, тон жана ичик боло турган көрпөлөрүн керегеге илип же көрүнөө жерге бош таштап койтой. Өзү колунан келишинче жуунуп, тазаланса да, түйшүктөн чор болгон колдорунун катуусу жумшарган жок, денесинен ашаткынын жыты келет.
— Алтыныма үч шырдамал, үч ала кийиз, эки килем камдадым, үйү даяр. Эми шөкүлөсү жетишпейт. Ала келген жоксуңбу? – Жаңылкан төшөккө жатар менен күйөөсүнө тиричиликтин жайын баяндай баштады; – Байбичеңе кылкарадан чапан алып, мени унутканың эмнең?
— Болду, жабырабачы! – деди күйөөсү.
Ошол бойдон Токобайдан сөз чыкканча Жаңылкандын тили күрмөөгө келген жок…
Үчүнчү түндү оорулуу аялынын үйүндө өткөздү. Алын билген аялы күйөөсүн жакшылап күтүп, ага балдарын жакшы көрсөтүп, энчини көбүрөк алып берүү үчүн далбастаганы болбосо, күйөөгө кумарлыгы жок эле. Токобай да анын үйүнө шарыятты бузбоо үчүн гана конду.
Сымбатынан ажырай элек төртүнчү аялына оң карап жатты. Сасык ооз деп атаган, бешинчи аялынын койнунда тетири карап уктады.
Ошентип Токобайдын көп аялдуу өмүрү өз изи боюнча суз жана көңүлсүз өтүп жатты.
Өмүрүнүн суусунуна өзү да, аялдары да канган жок. Анын көңүлүнө шок болгон жалгыз гана Айымкан. Айымкандан да жаш жана сулуу кызга үйлөнүп, өмүрүн жаңырткысы жана жашарткысы келет. Бирок карып баратат. Алтымыштын ортосуна барып калган кишиге жети аялдын өзү да аздык кылар эмес. Ошондой болсо да Токобай катындарына көңүлү салкындап калышын өзүнүн карылыгынан эмес, катындарынын начарлыгынан көрөт.
— Бардыгы Айымкандай, эч болбосо Айшадай болсо! – деп ойлойт Токобай.
Айша анын алтынчы аялы, быйыл жыйырма үчтө, төрт баланын энеси. Төркүнү чоң жерден, өзү сулуу десе сулуу, жоруктуу десе жоруктуу. Айшанын бир гана кемчилиги – чалдын көңүлүндөгүнү таба албайт.
А Айымкан болсо, чалынын кийим-кечесин жаңыртып, көйнөк-ыштанын эскиртпей которуп, өзүн жаш баладан бетер дагырага отургузуп, кириндирип турат. Анысы быякта турсун… Сакалын тарап, мурутун сылап, мойнунан жыттап эркелеткеничи! Кээде Айымкан оюнкарактыгы менен кыжырына тийгенде да, ал ачуусун таратып, арсалактатып күлдүрүп жиберет. Ошону үчүнбү, айтор, башка күндөштөргө караганда Айша менен Айымкандын күнүчүлүгү күчтүү.
Алтынчы күндү Токобай көңүлү менен тоссо да, түндү ачуулу өткөрдү. Айшанын жоруктуулугунан шектенген чал келгенде эле балдарын өөп-жыттап тизесине отургузуп, эркелетип жатып, үйдүн ичине көз салды. Бардыгы калыбында сыяктанат. Бирок Айша жаткан капшыттын түбүндөгү чийдин кол батар жери бүктөлүп сынып калган. Кимдир бирөө түнкүсүн аялынын койнуна келип, капшыттан кол салган окшойт. Токобайдын узун каштары кирпинин найзасынан бетер үрпөйүп, жаак эттери тырышып, көздөрү тикирее түштү. Айша күйөөсүнүн ачуусу эмнеге келгендигин байкап, кыпкызыл болуп жер карады. Кыларга айла канча?
«Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу». Төркүнүнө качайын десе, өзү түгүл, атасын, агайын-тууганына кошуп шерменде кылат. Шарыят боюнча күйөөсүнө карасанаган аялды эч ким коргоого акысы жок. Мына Айша азыр кылмыштуу, анын азабы да, ажалы да ушул гана чалдын колунда.
Тамак желип бүтүп, балдары уктаганча Токобаң бир ооз сөз сүйлөгөн жок. Аялынын оокаты арам дегенсип, табакка колун да салбады. Жан алгычтан бетер кезергенден кезерет. Балдар тегиз уйкуга кетип, айылдын чырагы бүт өчкөн кезде ал аялына карап:
— Жүгөндү алып бер, – деди.
Атын кармап минип, мени төркүнүмдү көздөй алдына салып айдап, шорумду курутпагай эле деп Айшанын жүрөгү оозуна тыгылды. Ошондо да ичинен келме айтып, кудайдан жардам тилеп, жүгөндү, анан камчыны алып берди.
— Бери бас!
Токобай желбегей жамынган чепкенин таштап, күрмөсүнүн жеңин карысына чейин түрүп, калтыраган аялынын жанына келип, анын башына жүгөндү катты. Аял жылкы болбосо да, ооздукту кемирип, чалдын колунда тыбырай албай жана дабыш чыгара албай, көк камчыга жанчыла баштады.
Ачуусуна чыдабай, албууттанып, аялдын жаагын өйдө-ылдый булкканда анын тиштери канап, уурттары жарылып оозунан кан кетти. Бирок Токобай колу талып, камчысы сынып бүткөнчө аны сабоону токтоткон жок. Акырында кубаты кеткен Токобай шалдайып барып отуруп калганда, иреңи көгөрүп, диртилдеген аялы жыгылып түштү. Таң атканча күйөөсү бутун тартууга, аялы башын көтөрүүгө чамасы келген жок.
Таң атар менен Токобай чепкенин желбегей жамынып, эшикке чыкты. Ал айылдын үстү жагындагы дөбөгө чыгып, эки жагына көз жүгүртүп, ойлуу жана кайгылуу кейип менен шалдайып жамбаштап жатты. Ана чыгыштан аппак таң сөгүлдү. Мына эми жадыраган жарык нурлуу күн чыгат. Бирок Токобайдын өмүрүнө бул нур тийбейт, анын көрөр күнү капкачан батып, ичер суусу эбак түгөнгөндөй, турмуш суз жана үрөйлүү.
Бүгүн Токобайдын аялдарынын баарынан Айымкан мурда туруп, түндүгүн тартты. Балким ал күйөөсүнүн келер күнүндө кадыр түн тоскон чыгар. Токобай башын көтөрдү:
— Менин жалгыз гана сүйгөн жарым сенсиң!
Бул убакта Айымкан да дөбөдө үйгөн ташка окшоп, сороюп жалгыз отурган чалын таанып, андан эмне үчүндүр чочугандай жалт-жалт карап, үйүнө кире качты. Бир аздан кийин башка аялдары турушту. Жалгыз гана Айшанын түндүгү тартылган жок…
Айшанын тамашасы дароо эле үйдөн-үйгө таралып отуруп, күн чыга айылга бүт жайылды. Токобайдын ачуусунан чочуп, анын жанына эч ким басып барууга даабады.
Күндүн нуру жер бетине жайылганда айылга кирип келген жалгыз атчан Токобайды алыстан таанып, атынан түшүп, дөбөгө атын жетелеп жөө чыкты.
Токобай да өзүн ушунчалык урматтаган таякесине ичи жылып, ордунан туруп утурлай басканда, ал эмне үчүндүр буркурап ыйлап көрүштү. Ал Токобайдын таякеси Тоймат болучу. Тоймат бала-чакалуу орто чарба адам. Токобай аны ак көңүлдүгү жана адал кызматы үчүн жакшы көрүүчү. Жүз көрүшкөндө эле таякесинин боздоп ыйлашынан улам Токобай бу байкуштун күйүтү же ич күптүсү бар го деп болжоду.
Аңгыча меймандын келгенин байкаган байбиче аларды чоң үйгө чакыртты. Үйгө жай алып отургандан кийин Токобай мейманын сөзгө алды.
— Ийи: таяке, айлың аман-эсенби?
— Баягы түгөнгөн тажеңең өлгөн. Башкабыз аман-эсен.
Тойматтын көз жашынын кургабай коюушу Токобайдын кыжырын кайнатты.
— Эр киши катыны өлгөнгө да кайгырабы?! Ыйыңды токтот, таяке! – Ал Шертайга бурулду. — Менин катындарымдын баарын жыйып келчи… Бачым…
Аялын эстеген сайын Тойматтын көз жашынын төгүлүшүнө жалаң Токобай эмес отургандардын баары «байкушка катындын зары өткөн экен» деп күлүштү. Бир маалда элечек кийген алты аял кирип келишип, байбиченин капшытына жаш жагына карай катарлаша отурушту. Алардын арасында көзү көнөктөй шишип, уурттары жарылган Айша жана толгон айдай толукшуп, сулуулугу жана акылы менен бир айылдын оозун каратып, Токобайды алты аялга оң каратпаган Айымкан да бар. Бирок ал азыр байбиченин үйүндө баарынан кичүү, баарынан бечара болуп, кишини тике карай албай, бүрүшүп улага тарапта отурат:
— Ыйлаганың эле катын болсо, – Токобай башы маң болуп отурган Тойматка карады, – Мына менин жети катынымдын ичинен тандаганыңды ал!
Чалдын бул адатта болуп көрбөгөн жоругуна Тоймат, жети аял жана отургандардын баары таң калышты. Анын чындап же таякесин соороту үчүн тамашалап жатканын түшүнүшө албады. А Токобай болсо, чын пейили менен айтты. Жакшы көргөн таякесинин көз жашын тыйып, өзү каалабаган аялдарынын бирөөнөн оңой гана кутулмак. Бул мурда элде болбогон адат. Ошонусу жакшы деп ойлойт Токобай, менин эрдигим артымда айтылып калсын.
Тоймат бетин далдаларга жер таппай, уялып, кысылып, өзүнөн-өзү кара терге түшкөн. Өмүрү аялсыз өтсө да, жооп кайтарар эмес.
— Эмесе кезек силердики! – Токобай эми аялдарына бурулду. – Айткыла! Таякеме кимиңер барам десеңер жолуңар ачык!
Аялдары ким озунар экен дегенсишип астыртан бири-бирин карашты. Эч кимиси чалын таштай албоочудай. Эми баары «сенден ылайыктуубуз жок» дегенсишип Айшага карашат. Токобай өзү да «Айшага теңтушун таптым» деп болжоду.
— Мен барам!
Токобайдын жүрөгү болк эте түштү.
Бул сүйлөгөн Айымкан болучу.
Жоболоңдуу жорукту баштаганына арманда болсо да, иш маарадан өткөндөн соң аргасы канча!
— Жарайсың! – деди Токобай кара күчкө. – Кана жигиттер, токолду үй-сүйү менен көчүрүп, таякеме кошуп бергиле…
Аялдары күчтүү күндөшүнөн айрылганына, ал эми Тоймат болсо, сулуу жана үй-мүлктүү аялга беш тыйын чыгарбай ээ болгонуна сүйүндү. Анча-мынча кишинин колунан келбес зор жумушту бүтүрүп, таякесинин сообуна калганына курсант көрүнүү үчүн Токобай да күлүмсүрөмүш болот. Бирок анысы бир сындырым нанга алданган жетим баланын кубанычындай сезилет…
Айымкандын өргөөсүн үч төөгө жүктөп, өзүнө жетелетти. Тоймат көчтүн артынан түштү. Мына сүйгөн жарынын такырайган журтунда боз чаңгыл күл жана чала күйгөн чычаладан башка эч нерсе калган жок. Токобайдын жүрөгүндөгү бүлбүлдөгөн алсыз жалын да күлгө айланып, өзү тиги журтта калган чычалага окшоп чала күйүп кала берди.



