Юкио МИСИМА: “Ёробоси: Сокур жигит”
Жапондун салттык Но театралдык жанры боюнча жазылган
ПЬЕСА
Катышуучулар:
Тосинори, сокур жигит;
Сакурама Синако, арбитраждык соттун мүчөсү;
Кавасима мырза, Тосиноринин бакма атасы;
Кавасима айым, анын жубайы;
Такаясу, Тосиноринин өз атасы;
Такаясу айым, Тосиноринин өз апасы.
Окуя жайкы саратанда түш оогондон күн батканга дейре арбитраждык соттун имаратында болуп өтөт.
* * *
Көшөгө ачылат. Сценанын чок ортосундагы отургучта Синако олтурат. Анын сол тарабында эрди-катын жубайлар – Кавасима, оң тарабында эрди-катын жубайлар – Такаясу олтурушат.
Синако: (Кырктан ашкан көзгө сүйкүмдүү аял. Үстүнө жарашыктуу кимоно кийип алган.) Бул жерде ысыктан дем жетпейт. Желдеткич да коюлган эмес. (Тыным. Эмне кыларын билбей, күлүп жиберет) Ушундай шартта иштейбиз. Чынын айтканда, соттун казынасы мышык ыйлагыдай акыбалда. Сот деген эле атыбыз болбосо… (Баары жымжырт. Тыным.) Баштай берсеңер болот. Бирок урушуп-талашмай жок.
Кавасима мырза: Бул мындайча болду… биз такыр күтпөгөн иш. Качандыр бир кезде Тосиноринин ата-энесине жолугабыз деген үч уктасак да түшүбүзгө кирбеген… Он беш жыл… Андан бери он беш жыл өтүптүр…
Кавасима айым: (Жүз аарчысы менен көз жашын аарчып.) Эгер адашпасам, Тосинори быйыл жыйырмага келди.
Эрди-катын Такаясу экөө тең үн-сөзсүз. Кире беришти тиктеген бойдон жым.
Кавасима мырза: Ооба.
Кавасима айым: Баары күнү күнкүдөй эсимде. Жолдошум экөөбүз бала көрбөдүк, анан бала багып алсакпы деп чечтик. Мындайын билгенде, эч бир сурары жок томолой жетимди тандап, ошону асырап чоңойтуп, бактылуулардын катарына кошпойт белек.
Кавасима мырза: Бул согуштан кийинки жылдары күзгө маал болгон иш. Кечкисин ызгаар суук эле.
Синако: (Китепчени барактап жатып.) Тосинорини Уэно бекети жактагы өтмөктөн таап алганыңар чынбы?
Кавасима айым: Ооба, анын баары эсимде. Көчөдө калган сокур баланы көрдүк. Самсаалап жүдөп кийинип, тамтыгы чыккан постек үстүндө кайыр сурап олтуруптур. Жанында ага кайыр суратып коюп кожоюну турат. Баланы бир көргөндө эле, жылдызы өзүнө тартып туруп алды… Көзү көрбөгөнү менен, ыраңынан нур тамат. Андан чыккан аппак нур капкарангы өтмөк ичин жарытып турду. Турган турпаты ак сөөк тукуму сымал туюлат.
Кавасима мырза: Жанында турган кожоюнуна оозунан чыккан акчасын соодалашпай туруп бердим да, баланы биз алып кеттик. Үйдө аны жуунтуп, жапжаңы кийинтип, анан анын чындап эле элден бөтөнчө бала экенин туйдук. Курсагын тойгузуп, жылуу төшөккө бапестеп жаткырдык. Эртеси күндөн тартып анын көрүүсүн калыбына келтиришке болгон күчүбүздү жумшадык, бирок мындан эч майнап чыкпады. Абадан сокку урулуп эл карайлап калган маалдагы жардыруудан кареги соолуп калыптыр.
Такаясу айым: (Синакодон жалбарып суранып.) Курган баламды бизге тезинен көрсөткүлөчү.
Такаясу мырза: Алгач аларды шашпай угуп чыксак кантет?
Кавасима айым: Акыл-эсине толук кире элек беш жаштагы бала эмнени билмек, бул бир Кудайга гана маалым. Абадан сокку урулганда үйүбүз күйүп кетти деп айткандай болду. Ошондон кийин ата-энесинен ажырап, ар кимдин көзүн карап көчөдө калган окшойт. Баланы көрүп ушунчалык боорубуз ооруп кетти. Ал кезде замандын оорчулугу күч эле. Тосинорини алыбыздын жетишинче кастарлап багып, көзүн карап чоңойттук.
Синако: Андан бери он беш жыл өтүптүр… Тосинори силерге көнүп калгандыр?
Кавасима айым: Албетте…
Синако: Анын жүрүм-туруму кандай эле? Кызыктай адаттары жок беле?
Кавасима айым: Жок, бир аз эркелик гана жайы гана болбосо…
Кавасима мырза: Эмне жашырасың, айта бер болгонун. Чынын айтканда, мүнөзүндө түшүнүксүз бир бөтөнчөлүк бар. Өзүн тар тулуптун ичине кысылып калгандай сезет.
Такаясу айым: (Өзүн кармана албай.) Андай бала эмес болчу!
Кавасима мырза: Об-боо, сен билесиңби же менби? Силердин колуңарда беш жашка чейин гана болгон, ал кезде көзү көрөт болчу. Кийин сокурга айланганда, анда ушул мүнөз калыптанган шекил.
Такаясу айым: (Эмшеңдеп ыйлап.) Курган балам, ай! Курган балам!
Такаясу мырза: Мүнөзүндө кандай түшүнүксүз белгилер бар?
Кавасима мырза: Эми муну бир сөз менен айтып бериш кыйын. Кандай десем, мисалы… Анда эчтекеге толкунданып кетүү деген жок. Сенин ата-энең табылды деп айтсак, буга кыпындай маани берип койбоду. Бул жерге алып келатсак, эчтеке болбогонсуп кайдыгер гана ээрчип келди. А кээде болор-болбос майда нерсеге деле өзүнөн кетип алааматтай болуп кетмей жайы бар.
Такаясу айым: Тосинори күчүгүм андай эмес болчу. Эгер бизди көрсө…
Кавасима мырза: Анын көзү сокур дедим го.
Такаясу айым: Жок, ал биздин үнүбүздү угар замат буга жүрөгү ийип, мурунку мээрими кайра жанары бышык. Он беш жыл бою аны бир күн да ойлобой койгон учурум болбоду. Бул аралыкта баланын өзү силерде болгону менен, жаны биздин жүрөгүбүздө жашап келди… Аны өлдү деп ойлогон учурубуз да болду. Өлгөндүн зыйнатын кылып, ага эстелик орноттук. Бирок ошентсе да анын өлүмүнө эч ишене албай туруп алдык. Уэно бекети тараптагы селсаяктардын арасынан издедик… А Тосинори ал кезде силердин колго кеткен экен. Он беш жыл бою оюбуз эки анжы: бир туруп өлдү дейбиз, кайра туруп ага ишенбей кетебиз. Үстүн кызыл-тазыл гүл баскан бейитине барсак, ал бизге тирүүдөй сезилет. Бети-башы капкара кир селсаяктарды көргөндө, ал эбак каңгып жүрүп өлсө керек деген ой кетет. Үмүт менен кусалык сезимине батып жүрүп он беш жылдык өмүр өтүп кетти. Жашоонун жарык тарабы менен караңгы бети айылмаланбай калды. Караңгы тарабында турсаң, жары нуру саамайыңдан сылап өтөт. Жарык тарабына жылсаң, жашоо бүтүндөй караңгы түнгө сүңгүп кеткенсип туюлат. Асмандагы үзүктөй булут балама окшоп колун бизге серпип жаткансып туюлат. Кошуналардын баласы ыйласа, ал Тосиноринин ыйына окшоп угулат. Бакчабызда бажырайып гүлдөр ачылса, аны эмне кылышты билбей башыбыз катат: анын бейитине алпарып, эгип салсакпы же ал жашаган бөлмөдөгү кумурага салып койсокпу деген эки анжы ойлор келет… Анан… Бул убакта балам Кавасиманын колуна кеткенин билгенибизде, жүрөгүм тилинип кетти.
Кавасима мырза: “Кавасиманын колуна кетиптир” – дегениңер өтө эле ашыкча. Мыйзам боюнча бала эми бизге таандык.
Такаясу айым: Көзү сокур, пейили кызыктай баладан кантип кутулушту билбей айлаңар кетип жүрүптүр го.
Кавасима айым: Тообо кылдым! Оозуңа карап сүйлөсөң боло!
Кавасима мырза: (Жубайына айтат.) Тим койчу, оозуна келгенин оттой беришсин. Колдорунан эмне келмек эле. Ал деле буларга боор берип, ушулар менен бирге жашап кетишине көзүм жетпейт.
Такаясу мырза: Даана эргул экен го бул!
Кавасима мырза: Эргул болсом эмне экен. Ачыгын айтсам, бул баланын акыл-эси да жайында эмес. Силердеги сандырак сезимталдыкты урганым жок, анын жиндилигине ушул убакка дейре чыдап келдик. Кээде анын көөнү менен болбошко айла жок эле… Силер муну билбейсиңер. Кээде тажаганда аны өлтүрүп салсакпы деген да ойлор болду…
Такаясу айым: Баламды кууратып бүтүпсүңөр!
Кавасима мырза: Болгону анын сокур экени аны мындай апааттан, а бизди зор кылмыштан сактады. Силер муну кайдан түшүнмөк элеңер.
Такаясу айым: Бир жакшынакай уулумду акылынан айныган жиндиге чыгарасыңар.
Такаясу мырза: Андан кыйкым издеп бир жолу жер карама кылып бүтүшүптүр.
Кавасима айым: Силер кыйратып бакканыңарды да көрөм.
Такаясу айым: Силер кыйратып тарбиялап койдуңарбы не?!
Такаясу мырза: Аны ушул акыбалга силер түшүргөнсүңөр!
Кавасима айым: Убагында өз кара жаныңарды ойлоп каныңардан жаралган баланы силер таштап кетпедиңер беле.
Такаясу айым: Биз таштап кетиптирбизби? Таштап кеткенсиңер дейсиңби?
Синако: Болду, өзүңөрдү кармагыла. Ачууга алдырыштын кереги жок. Кандай болгон күндө да бул жерде тынчтык өкүмүн сүрүп, бардык жаңжал жарашуу менен аякташы зарыл. Менин колумда эки тараптын тең кызыкчылыгын көздөгөн калыстыктын тараза ташы турат. Менин көзүмө ачуунун жалыны акактан чыккан жарыктай гана туюлат… Буркан-шаркан түшүп көбүктөнгөн суу бетин хрусталдай ажайып катары кабылдоого тийишмин. Эмнеден улам экенин билбейм, ийрилген жиптей чаташып, тукабадай тытылып жатып калган иштер мага негедир бул жерде шайтан аралашып жаткансып туюлат. Пендечилик да, болор-болбос деле бизге чаташып, куруп калгансып көрүнүп, анын айынан чабышып жатып калмай жайыбыз бар. А чынында дүйнөдө баары жөнөкөй, баары өз жолунда. Башка ишебесе да, буга мен бөркүмдөй ишенем. Мен бири-бири менен кызыл-жаян кан болуп сүзүшүп жаткан эки буканын арасында жай гана аралашып жүргөн көгүчкөн сымал жанмын. Бир тарапка жан тартам деп, эмнеге ортодо мен эзилишим керек? Кызыл-жаян кан болуп кармашуу да пендечиликке гана таандык нерсе. Менде эки тараптын пикирин угуп жатканда ортолук пикирде турбаштан башка айласы жок… Даярсыздарбы? Сөз болуп жаткан адамды көз менен көрүшкө убакыт келип жетти. Азыр мен Тосинорини мында алып келем.
Синако чыгып кетет. Баары анын келишин күтүп калышат.
Синако: Тосинори, кел бери.
Синако Тосинорини колунан жетелеп кирип келет. Анын кийингени жакшы. Көзүндө кара көз айнек, колунда таяк.
Такаясу: (Экөө тең.) Тосинори берекем! (Аны кучактагысы келишет.)
Синако: Олтур бул жерге. (Тосинорини жанына олтургузат.) Сенин оң тарабындагы адамдар – сенин атаң жана энең.
Тосинори буга кыпындай да маани берип койбойт.
Такаясу айым: (Ыйлап кирет.) Чоң жигит болуп калган тура күчүгүм! Энеңди көрүп турасыңбы? Курганым ай, курган балам! Үн-сөздөн калыптырсың. Кармачы мени. Жүзүмдөн сылачы. Мени тааныдыңбы? Мен сени төрөгөн энеңмин.
Тосинорини колдон алгысы келет. Тосинори колун силкип таштап, боюн ала качат. Энеси ыйлаган бойдон аны айланчыктап туруп калат.
Такаясу мырза: Ыйлаба куру бекер. Бизди жамандай беришип, баланы бир жолу бузуп бүтүшүптүр. Сабыр кылалы. Сабыр түбү сары алтын, жүрөгү ийип кетер.
Кавасима айым: Эмне десеңер ошол. (Күйөөсүнө кайрылып.) Бул жагы кудум биз ойлогондой болду.
Кавасима мырза: Ии, ошондой окшойт.
Синако: Тосинори, эмне болду? Апаң эмнеге ыйлап жатат?
Тосинори: Билбейм. Ыйласа эмне кылайын? Мен көрүп-туюп тургансып сүйлөйсүңөр да.
Синако: Боздоп жатканын угуп жатпайсыңбы.
Тосинори: Кандай жагымдуу угулат. Көптөн бери мындай үндү уга элек болчумун.
Такаясу мырза: Тосинори! Сен билип турасың!
Тосинори: Эмнени билишим керек эле? Жөн эле адамдын ыйлаган үнү дедим. Бул – адамга гана таандык үн. Кыямат кайым кирип келгенде, адам тилден калат да, өксөп ыйлагандан башкага жарабай калат. Мен бул үндү мурда да уксам керек.
Такаясу айым: Сен акырындан эстейсиң, берекем. Мурда бул үндү далай уккансың.
Тосинори: Дагы тантып баштадыңар. Сүйлөй коём деп муну да бузуп жибердиңер. Адам үнү дагы жоголуп кетти… Бул жер жан чыдагыс ысык экен. Меш боюнда тургансып. Айланамда от жанып жаткансыйт. Туурабы, Сакурама айым?
Синако: (Жылмайып.) Ой, жок. Болгону азыр жай саратан эмеспи. Күйөө жигиттей чыкыйып костюм кийинген сен ысып кеттиң окшойт.
Тосинори: (Өзүн кармалап көрүп.) Бул деген галстук, а бул болсо көйнөк менен пиджак. Мага айткандарына караганда, мен кийимченмин, мага кийим кандай жарашарын айта албайм. А бул чөнтөк. Анда кутусунан чачылган шереңкенин талы, майда-барат, автобус билети, төнөгүч, утуш чыкпаган лоторея билети, өлгөн чымын, өчүргүч бар. Ыпыр-сыпыр салынган калтача десек жарашат. Үстүмдөгүнү адамга чак отурган костюм аталат. Аны кийген адам күндөлүк көр тиричилиги менен алпурушкан бир пенде экени маалым.
Такаясу айым: Омбу-домбу түшүнүктө эр жетиптир. Эмне деп жатканын уксаңарчы!
Тосинори: Бирок, Сакурама айым, мага костюм жарашып-жарашпаганы кызыктырбайт. Тар кийимдин ичинде тер баскан ич көйнөгүм денеме чапташып калганы гана сезилет. Мойнума кездемеден каргы байлап, элирмени басар көйнөк кийгизип салышкан. Ошондойбу? Мен жылаңач туткунмунбу?
Кавасима айым: Ооба, жылаңач туткун экенин анык. Мойнуңа жаканы күчтөп тагып, элирмесин басар көйнөк кийгизишкен.
Тосинори: Туура, апам дайым баарын түшүнүп турат.
Такаясу айым: Буга чыдай албайм. Мени бир ооз апам деп атай элексиң.
Тосинори: Эгер мага апа болгонду кааласаң, менин шартыма көнүшүң керек. Эмесе мындай, мен – жылаңач туткунмун, мойнума кездемеден каргы байланган.
Такаясу айым: Эмне деп келжиреп жатасың? Костюм жарашып эле турбайбы.
Тосинори: Көрдүңөрбү? Ал мага апа болушка такыр жарабайт. Ата, мен жылаңач туткун экеним аныкпы?
Кавасима мырза: Ооба, сен – жылаңач туткунсуң.
Тосинори: (Такаясу мырзага кайрылып.) Сизчи байкеси?
Такаясу мырза: (Бир топко дейре ойлонуп туруп.) Албетте, сен жылаңач туткунсуң.
Такаясу айым: (Ичинен күйүп-бышып турса да сыр бербей.) Сен жылаңач туткунсуң! Жылаңач туткун! Мунусу анык!
Тосинори: (Көзүнөн жаш чыкканча ыкшып күлөт.) Ха-ха-ха! Менин азыр эки ата-энем бар.
Кызыктай акыбалда көпкө үнсүздүк.
Синако: Эмесе мындай, ишти түздөн-түз талкууга өтөлү. Жубайлар Кавасимадан баштайлы.
Тосинори: Сакурама айым, эмнеге сүйлөп жатасыз? Сөз менен эмнеге сүйлөп жатасыз дейм? Ыйлаңыз, же болбосо унчукпай туруңуз. Сиздин үнүңүз мукам угулат. Аны бекерге коротпоңуз.
Синако: Бирок…
Тосинори: Сиз “бирок” деп айттыңыз. Мага антип актанбай эле коюңуз. Мени жылуу сөзгө жибип кетет деп ойлоп жатасызбы? Мунун мага туманча кадыры жок. Сокур жанга мындайлар таасир этпейт. Менин сокур экенимди билесиңер. Мен кол менен гана туюп-сезем. Ой-чуңкурду гана аныктай алам. Адам жүзү мен үчүн ой-чуңкуру бар түздүктөй эле туюлат.
Кавасима айым: (Адатынча жагалданып.) Туура. Адам жүзү ой-чуңкурлуу түздүк.
Тосинори: Менден сыртка нур чачырап турат. Байкадыңарбы?
Кавасима айым: Албетте.
Такаясу айым: Албетте байкадым.
Тосинори: Эң сонун. Адамга көз ушул жарыкты көрүшкө гана берилген. Бул жарыкты көрө албаган көздү оюп алып, ыргытып жиберсе жарашат.
Такаясу айым: (Күйөөсүнө шыбырайт.) Сокурдун тилегени эки көз демекчи, курганым көз тууралуу гана айтып калыптыр. Кандай аянычтуу.
Тосинори: (Ордунан булкунуп туруп.) Эмне деп келжиреп жатасыз? Токтотуңуз! (Баары оозун жаап олтуруп калат. Тосинори кайра олтурат.) …Азыр мени уккула. Силердин көзүңөр мен эмнеге буйрук берсем ошону көрүшкө гана жаралган. Мындайча айтканда, силердин көзүңөр милдеткердик гана формага ээ. Мен эмнени көрүштү кааласам, силер ошону гана көрүүгө тийишсиңер. Ошондо гана силердин көзүңөр мага көз болуп бере алат. Мисалы, мен асманда каалгып жүргөн килейген алтын пилди көргүм келсе, силер аны ойлонбостон көрүүгө тийишсиңер. Мына он эки кабат үйдүн чокусунан килейген роза гүлү салаңдап турат. Түн оокумда муздаткычты ачсам, ичинде ээр-токумчан канаттуу ат бүк түшүп жаткан болот. Арыда жыпар жыты аңкыган аралча жатат… Силер ушул ажайыптын баарын көрүшкө милдеттүүсүңөр. Муну көрө албасаңар, силердин сокурдан айырмаңар жокко эсе… Айтмакчы, менден нур чачырап жатканын көрүп жатасыңарбы?
Кавасима мырза: Көрүп жатам.
Такаясу мырза: Оо-уу, мен да көрдүм.
Тосинори: (Күйүт менен, бетин алаканы менен жаап.) Мен формага ээ эмесмин. Денени, адам жүзүн кол менен кармалап көргөнүмдө, анын ой-чуңкурун гана баамдай алам. Бул мага таандык форма эмес. Бул болгону айланамды курчаган ой-чуңкурлар.
Такаясу айым: Тосинори!
Тосинори: Мен формага ээ эмесмин. Мен – жарыкмын. Айнектей тунук денедеги жарык.
Кавасима мырза: Албетте, сен – жарыксың.
Тосинори: (Костюмун чечип жиберип.) Карагыла. Бул жарык – менин жаным.
Такаясу айым: Сенин жаныңбы?
Тосинори: Силерден айырмаланып, менин жаным дүйнөдө каалгып жүрөт. Карагыла, менден туш тарапка нур жаап жатат. Ал нур башканы куйкалап, менин жанымда жалбырттап күйүп турат. Жылаңач жашоо кандай азап. Башкадан өзгөчөлөнүп жылаңачмын. Сакурама айым, мен жылдыз болуп жанып кеткен жокмунбу?
Кавасима, Такаясу: (Баары бир ооздон.) Албетте, сен – жанып турган жылдыз.
Тосинори: Эң туура. Алыстан бүлбүлдөп жанган жылдыз. Мен тээ алыстан жанган жылдыз болсом, бул жерде кантип кенен жашай алмакмын? Себеби мен үчүн аалам эбак чачырап кеткен.
Такаясу айым: Эмне деп жатасың, кулунум?
Тосинори: Аалам мончоктой чачырап кеткен. Түшүндүңүзбү? Эгер сен арбак болбосоң, бул аалам эбак кайыпка айланган. Эгер аалам кайып болуп кетпесе (Такаясу айымды сөөмөйү менен көрсөтүп.), анда сен кайыпсың.
Такаясу айым: Ах! (Өзүн жоготуп күйөөсүнүн алдына кулап түшөт.) Бул бала соо эмес.
Такаясу мырза: Өзүңдү карма. Сен жок болсоң, калгандын көргөн күнү кантет.
Кавасима мырза: Мен силерге бул айнып калган деп айтпасам да бир жөн. Кээде бирок өтө орошон ойлорду айтат, айтканында жан бар. Менин колумда жүргөндөн бери экөөбүз ынак досторго айландык.
Кавасима айым: Мунун кандай экени силерге эми түшүнүктүү болду окшойт.
Тосинори: Тамеки бергилечи. Сүйлөй берип тамагым кургап калды.
Кавасима мырза: (Тосинориге келип, ага портсигарын сунат.) Танда.
Тосинори: Адатынча тамекинин мага да, сага да жага турганын түрлөп салып койгон экенсиң, кайраным. Караңыз, Сакурама айым, тамекинин түрүн кол менен бир кармап билем. (Тамекиден бирди алат.) Бул “Camel” окшойт?
Кавасима мырза: Ооба.
Тосинори: А бул – “Navy Kent”. Муну сен тарт. (Кавасима мырза ширеңке күйгүзөт.)
Такаясу мырза: (Жубайына.) Карасаң, акыл-эси ордуна эле окшойт. Бардар үй-бүлөнүн баласы сыяктуу. Тосинори, сага чет өлкөнүн тамекиси жагабы?
Тосинори: Ананчы.
Такаясу мырза: Кийинкиде сага тамеки ала келбесем.
Тосинори: Ыракмат. Мен тамеки тартып жатканда бир аз өпкөңөрдү басып тургула.
Кавасима мырза: Азыр сенин да буга кабыргаң кайышып турат.
Тосинори: Мен метродо өз алдынча жүрүп, майда-чүйдөгө дүкөнгө барып келе алам. Мен айланамды анын сырткы көрүнүшүнө карап баалабаймын. Көздүүлөр муну көз менен кабылдап баалап калганы кандай гана өкүнүчтүү. Дүйнөнү көз менен баалабай калганым мага бир эсептен чоң бакыт. Сокурлугум – байлыгым. Адамдар кээ бир нерсени өз көзү менен көргөндө, ушундан көрө сокур болуп жаралсамчы деп өкүнүшөт эмеспи. Гүлдөрдү сугарып, көк майсаны тегиздеп кыркышканына каршы деле эмесмин. А мен көрбөй туруп өтө жосунсуз иштерге барышым да мүмкүн. Кыямат кайымы келген жашоодо гүлдөрдүн бажырайып гүлдөп турушу не деген шумдук. Акыр заманы келген дүйнөдө жер бетинин көркүнө кам көрүштүн эмне кереги бар дейм да.
Кавасима айым: Албетте, бул өтө жаман.
Кавасима мырза: Биз жашаган ушундай опаасыз, жагымсыз дүйнө.
Тосинори: Опаасыз дүйнө экенин баары эле аңдай беришпейт. Тирүүлөй өлүктөн айырмасы жоктор.
Кавасима мырза: Эң туура айтасың, баарыбыз өлүктөн айырмабыз жок.
Кавасима айым: Мен да өлүктөн айырмасы жок жанмын.
Такаясу айым: Өлгөндү айтып эмне эле шүйкүмү бузук болуп жатасыңар?
Такаясу мырза: Шүк олтурчу, сен эчтекени түшүнбөйсүң.
Тосинори: Баарың коён жүрөк коркоксуңар! Кыбыраган куртсуңар!
Кавасима айым: Коркоктор!
Кавасима мырза: Кыбыраган курттар!
Такаясу айым: Баланы антип бузбагыла! Ата-эне деген баарына ыйык болот билсеңер.
Такаясу мырза: Тосинорини кайра кайтарып алам десең, баарына кайыл түрдө тынч олтур.
Такаясу айым: Жарайт, курт болсом деле мени бир ооз апа деп койсоң боло.
Тосинори: Апа… Курт…
Такаясу айым: Акыры ал мени апа деп айтты.
Такаясу мырза: “Курт” дегендей да болду.
Тосинори: Баарың жеткен шермендесиңер.
Баары дүрбөлөңгө түшөт.
Кавасима, Такаясу: (Баары бир ооздон.) Биз шермендебиз.
Кыскача тыным. Бөлмө ортосундагы чоң терезеден батып бараткан күндүн кызарган нуру шоолдойт. Тосинори ыракаттануу менен тамеки тартып жатат.
Синако: Буга менин да айыбым бардыр, силер менен бүгүн бир чечимге келе алган жокпуз. Мага белгилүү болгондой эрди-катын Кавасималар, эрди-катын Такаясулар да ата-энелик тажрыйбасы мол адамдар. Эки тарап тең буга кабыргаңар кайышып турганын байкаганда, менин да көзүмө жаш тегерене түштү. Азырынча бир тараптын пайдасына чечпей турганыбыз оң. Акыйкаттын тараза ташы эки тарапка тен ообой салаңдап турат. Эки тарап тең аркы бөлмөгө кирип турушуңарды суранам. Тосинори менен көзмө-көз жеке сүйлөшүп көрөйүн. Бул сунушка каршы эмессиздерби?
Эки тарап тең сунушка макулдугун билдирет.
— Анда сыртка чыгып туруңуздар.
— Жарайт.
Эки тарап тең чыгып кетишет. Кавасима айым кайрылып келип, Синакону сценанын ортосуна жетелеп келет.
Кавасима айым: Баланын кооптуу экендигин көрдүңүз да. Өтө кооптуу. Уусуна чактырып алгандан этият болуңуз.
Синако: Бул эмне дегениңиз?
Кавасима айым: (Майин жылмайып.) Эмне десем? …Бир нерсе дей албайм, өз башымдан өткөндү гана эскертип жатам.
Кавасима айым чыгып кетет. Синако терезе түпкө келет.
Тосинори: Алар кетиштиби?
Синако: Ооба.
Тосинори: (Кумсара жылмайып.) Хе-хе-хее… Аларды кууп чыктым окшойт.
Синако: Ата-эненин антип назарына калбай жүр, сага жан күйөр ошолор гана. Бир гана ошолор урматтайт сени.
Тосинори: Бакма ата-энем менин кулдарым, өзүмдүн ата-энем накта шерменделер десем жарашат.
Синако: Кой, андай дебе. Тообо кылдым де.
Тосинори: Менден аларга эмне керек өзү? Менде форма деген жок да.
Синако: Форма негизги мааниге ээ. Форма сага эмес, коомго таандык.
Тосинори: Менин формам Сизди да ойлондуруп жатабы?
Синако: Албетте, көзүм болгон соң, менде адам тууралуу чечим чыгарышка мындан башка жолум жок.
Тосинори: Бирок мен Сиздин формаңызды көрө албайм да. Бул акыйкатсыз болуп калат. Менин бакма апам Сиздин ажарлуу экениңизди айтты.
Синако: Бул эчтеке эмес, менин жашым деле азыр бир топко келип калган.
Тосинори: (Ордунан ыргып туруп.) Жаш деген эмне?! Жаш! Жаш – бул капкараңгы көргө сүйрөгөн жалгыз аяк жол. Кайдан келип, кайда баратканың көрүнбөйт. Аралык деген болбойт. Ордунда турасыңбы же жылып баратасыңбы – айырмасы жок. Бул жолдо көздүүлөр сокурга, тирүүлөр өлүккө айланат. Жолду таяк учу менен издеп баскан менден айырмасы жок сокур баары. Балдар, чалдар, жаштар – баары бир жерге тыгылып, куураган жалбыракта кыбыраган курттан айырмасы жок.
Синако: Сөздөрүңдөн кадимкидей чыйрала түштүм. Коомдо аялдар жашына карап бааланат.
Тосинори: Себеби көздүүлөр форманы гана көрөт.
Синако: (Терезени тиктеп.) Күндүн жомоктогудай кызарып батып баратканычы!
Тосинори: Күн батып баратабы?
Синако: Нурлары терезе бетинде бийлеп жатышат.
Тосинори: Терезе чыгышты карап салынат эмеспи. Азыркынын күнү чыгышка батып калганбы не?
Синако: Эмне? Жок, күн мурдагыдай эле батышка батат. Терезе астындагы сейил бактын дарбазасы батышты көздөй чыккан. Андан күн дарактар арасына батып баратканын байкоого болот. Терезе сейил бак тарапта жайгашып, асман дайыма ачык, күндүн батып баратканы ар дайым көрүнүп турат.
Тосинори: Мына ошондон улам күн чыгышка батып бараткан турбайбы. Сиз мага: “дарбаза батыш тарапта” – деп айттыңыз. Ошондо бул кунарсыз дарбазалар капкара көрдөй тозоктун чыгыш тарабында болуп калат, туурабы?. Оозун аңырдай ачкан дарбаза астындагы кенен аянтчага келген жаңы конокторду тосуп алганы капкара кум тегиз чачылган.
Синако: Айткандарың уккан адамдын денесин муздатып жиберет экен. Сейил бактагы кооздукту карачы! Тим эле кызыл-тазылга боёлуп жатып калды. Терезелерден батып бараткан күн нуру чагылат.
Тосинори: (Алгач ирет терезе тарапка бурулуп.) Мен да көрүп турам.
Синако: Эмне? Көрүп жатасыңбы?
Тосинори: Албетте, кызарган асманды көрүп турам.
Синако: Тосинори! Чын элеби? Бул жөнүндө мурда эмнеге айтпадың?
Тосинори: Мага кызарган асман гана көрүнөт.
Синако: О, Кудай!
Тосинори: Сиз муну батып бараткан күн деп ойлойсузбу? Бул туура эмес! Бул – Кыямат кайым. (Ордунан туруп, ага жакын келип, анын колдорун далысына коёт.) Уктуңузбу?! Бул күндүн батып баратканы эмес. (Синако андан чочуй боюн ала качып, ага тике карайт. Тосинори көрүүчүлөр тарапка карап монолог айтып кирет. Синако терезеге таянган бойдон аны тыңдап калат. Терезе артынан батып бараткан күндүн кызгылт ыраңы улам жалбырттап кирет. Бөлмө ичи кызылга боёлот.)
Акыр заманды көрүп турам. Согуштун акыркы жылы, мен беш жашымда көзүмдү куйкалап кеткен отту көрдүм. Ошондон бери Кыямат кайымдын жалбырттаган оту көз алдымдан кетпейт. Мен да муну Сиз сыңары баткан күндүн кызыл ыраңы деп ойлошко аракет кылдым. Бирок мындан эч майнап чыкпады. Бүткүл дүйнө отко чулганып калганын көрдүм. Асмандан жамгыр эмес, жалын жаап жаткандай. Үйлөр күйүп, терезелерден жалын жалмаңдайт. Баарын даана көрүп турам. Асмандан учкун чачырайт. Булуттар капкара түтүнгө сиңип, дайра бетин өрт каптады. Бийик имараттардын капкара сөлөкөтү гана калды… Дарактарды жалын жалмап баратат. Бүтүн дүйнө – тутанган жалын. Жалын уламдан-улам кеңейип баратат. Бирок буга аалам солк этип койбоду. Бир гана коңгуроодой жылаажын үндөн гана аалам бир маалда солк эте түштү. Элдер бир ооздон чогуу күңгүрөп дуба кылып жаткандай үн. Бул кандай үн экенин билесизби, Сакурама айым? Бул – ооздон чыккан сөз же созолонгон ыр эмес. Бул өлүм алдындагы адамдардын боздогон ыйы. Мен мындай жагымдуу үндү эч качан уккан эмесмин. Чын жүрөктөн чыккан кандай жагымдуу үн! Акыр заман келгенин сезгенде, адамдан башкача бир үн чыгат. Мунун баарын көрдүнүзбү? Сизге көрүнүш керек. Адамдар күйүп баратат. Ураган устун, кыйраган дубал асытында, түрмөлөрдө адамдар жалбырттап куу отундай күйүп жатат. Өлүктөр жерде жайнайт. Уяттан беттери кызарып, уятына өкүнгөнсүп карарып жатышат… Түркүн түстүү жылаңач өлүктөр… Дайра бети агып бараткан өлүктөргө толуп кеткен. Дайрадан андан башка эчтеке көрүнбөйт. Дайра аларды үстүнөн жамгыр ордуна жалын жааган деңиз көздөй агызып баратат. Айлана бүт жалын, жалын улам кеңейип баратат. Көрдүнүзбү, Сакурама айым? Көргөн жоксузбу? (Бөлмөнүн ортосуна чуркап чыгат.) Жалын! Төрт тарабың жалын. Алыстан жалын аска-зоо болуп көрүнөт. Аскадан жалын ажыдаардай тилин соймоңдотуп, баарын оп тартып жутуп келатат. Жалын менин башымды жалмап өттү. Айланамда жалын шайтандай бийлейт. Бир маалда жалын мага тике карады. Баары бүттү! Жалын менин эки көзүмдү жалмап кетти.
Тосинори көзүн алаканы менен жапкан бойдон кулайт. Синако аны тиктеген калыбында селейип турат да, анан ага жетип барып, тизелей олтуруп, аны кучактап өйдө кылышка аракет кылат. Күн толук батып, терезеден көрүнбөй калат.
Синако: Өзүңдү карма, Тосинори, өзүңдү кармачы!
Тосинори: (Акырын өзүнө келип.) Кыямат кайымды көрдүңүзбү, Сакурама айым?
Узакка созулган тыным.
Синако: (Ойлонуп туруп, анан айтат.) Жок, көргөнүм жок.
Тосинори: Алдап жатасыз. Мага айткыңыз келбей жатат.
Синако: (Майин гана.) Жок, көрбөдүм. Күндүн батышын гана көрдүм.
Тосинори: Мени алдап жатасыз.
Синако: Жок, андай эмес.
Тосинори: (Аны өзүнөн катуу түртүп жиберип.) Бул жерден жоголуңуз! Мындай аялзатын жек көрөм! Жалганчы экенсиз! Тез жоголуңуз мындан!
Синако: Кетпейм.
Тосинори: Кетип калыңыз дедим Сизди. Мага жакпай турасыз.
Синако: Жок, кетпейм.
Тосинори: Эмне дегенимди уктуңузбу дейм?! Сиз мага жакпай турасыз.
Синако: Уктум, бирок кетпейм.
Тосинори: Эмнеге?
Синако: …Себеби сен мага жагып баратасың.
Тыным.
Тосинори: Кыяматта менсиз турайын деп чечтиңизби?
Синако: Ооба, бул менин ишим.
Тосинори: Мен мунсуз жашай албайм. А Сиз муну түшүнүп турсаңыз да, менден тартып алгыңыз келеби?
Синако: Ооба.
Тосинори: Мен өлүп калсам, Сизге баары бирби?
Синако: (Жылмайып.) Сен өлдүң.
Тосинори: Мастан кемпир экенсиз! Анык мастан!
Синако: Бирок мен эч кайда кетпейм. Менин кетишимди кааласаң, акыр заманга жана от чачкан деңизге тиешеси жок башка нерсени сура.
Тосинори: Сиз кеткиңиз келип жатабы?
Синако: Жок, мен сени менен түбөлүккө бирге болгум келет.
Тосинори: Сизден бир нерсе сурасам болобу, Сакурама айым?
Синако: Ыя?
Тосинори: Колуңузду сунуңузчу мага.
Синако: (Колун сунат.) Мына минтип?
Тосинори: Колуңуз жумшак экен. Азапты көп тарткандайсыз.
Синако: Жок. Сага салыштырмалуу азап тартпадым деле.
Тосинори: (Каадалуу жылмайып) Анда Сизди малайдай жумшасам болобу?
Синако: Бир тууган эжемдей десеңчи.
Тосинори: Хе-хе-хее… Бир нерсе жегим келип жатат.
Синако: Эчтеке эмес. Кеч кирди.
Тосинори: Жегенге бирдеме барбы?
Синако: Кааласаң сатып келейин.
Тосинори: Өтө көп эмес, бир аз эле.
Синако: Жарайт. (Тосинорини колдон алып, стол четине отургузат. Бөлмө ичи караңгылыкка бөлөнөт.) Мени ушул жерде күтүп тур.
Тосинори: Макул.
Синако баягылар чыгып кеткен эшикти көздөй чыгып баратып жарыкты күйгүзөт. Бөлмө ичи жарый түшөт.
Синако: Күтө тур. Мен кайтып келем.
Тосинори: Ии, макул.
Синако жылмайган бойдон сыртка жөнөйт.
Тосинори: Сакурама айым…
Синако: Эмне?
Тосинори: Мени… эмнегедир элдин баары жакшы көрөт.
Синако жылмайган бойдон чыгып кетет. Жарый түшкөн бөлмө ичинде Тосинори жалгыз калат.
Көшөгө
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ



