Сайттын жаңы капитаны

 

Акын, жазуучу, котормочу жана журналист Махабат САИДРАХМАНОВА бүгүндөн баштап “Кыргыз маданият борбору” сайтынын жаңы башкаруучусу, б.а. капитаны болуп эсептелет. Сайттын ишин толук алып баруу: багытын аныктоо, материалдарды жарыялоо, авторлор жана окурмандар менен иштешүү, сайттын атынан ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп алып баруу ж.б. эми анын колунда.

Махабатты тааныгандар ага жеке өзүнө жана да мурдагыдай эле kmborboru@gmail.com электрондук почтанын дарегине кат жазып, кайрылып турсаңар болот.

Сайтты мурда иштетип келгендер (Марат Токоев менен Рахат Аманова) андан такыр эле алыстап кетпей, сайттын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн кол кабыш кылып турганга даяр экенибизди билдиребиз.

Махабатка бул түйшүктүү ишти моюндаганга макул болгону үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалап кетели! Сайт азыркыдан да кызыктуу жана пайдалуу болуп, окурмандары улам өсүп, көбөйүп турарына ишенебиз.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.