Шухрат ОРИФ (ОРИПОВ)

1981-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунда төрөлгөн. Өзбекстан Улуттук университетинин журналистика факультетинде бакалавр жана магистратура баскычтарын аяктаган. Өзбекстан Республикасы Президентинин алдындагы Мамлекеттик жана коомдук курулуш академиясында билим алган. Коомдук байланыштар жана эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына ээ.

Өзбекстан Жазуучулар союзу жана ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Көптөгөн эл аралык адабий жыйындардын катышуучусу. 2020-жылы “Мен асыл адам эмес, ашык жар элем”, 2022-жылы “Шам добушу” аттуу китептери жарык көргөн. “Шухрат” медалы жана “Достук” ордени менен сыйланган. Учурда “Бизнес өнүктүрүү банкынын” Башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштейт. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

 

Ырлары

*   *   *

Аяба, досум, мени
Маңдайда багым мына!
Күлкүмдөн табы учат,
Канымда жалын мына!

Көзүмдү таңып турмуш
дарынан басып өтөм.
Жүрөктү аяп турам,
Болбосо дагы өсөм.

Бак конгон карегиме,
Дале азоо минген атым.
Бул өмүр өмүр эмес,
Бул өмүр — жан сукбаты.

Чын өмүр келет бир күн,
Ал мага окшобойт эч.
Мен токтоп калган жерден,
Ал чарчап токтобойт эч.

Кучактап ирмемдерди,
Гүлдөдүм гүлдөр чакта.
Коркууну үйрөтүштү,
Айландым күлбөс жанга.

Сен менин дилимди көр,
Аяба, бирок, досум!..

 

*   *   *

Кокон базар — бу дүйнө,
Соодагер көп алгандан.
Күлүп тосот. Кетүүгө
Эч ким келбейт жардамга.

Көк бөрүдөй — бу дүйнө,
Бири-бирин тепкилейт.
Байгеси жок арзыган,
Өзү келип, кетти дейт.

Ышк мазары — бу дүйнө,
Мажнундардын кайгысы.
Кудай жолун түз тапкан,
Суфийлердин каргышы.

Өгөйлөбө, оо, дүйнө,
Мен да муңга эгизмин.
Ичи сызып, кетилген,
Сырты бүтүн дервишмин.

Жылдар суудай агылып,
Өз атымды унутам.
Мен кеткенде кыздарым,
Ыйлап карап турушар.

Кооз дүйнө, катыгүн,
Кимге жандын убалы?
Кыздарымдын акы үчүн,
Колуңду өөп турамын.

 

АРАПА КҮНДӨГҮ ОЙЛОР

Тилектер жаайт бул күнү,
Телефон тынбайт эрте-кеч.
Жүрөктө улуйт муң үнү,
Куттуктайт достор эстеген.

Шамалдай тозгон будуң-чаң
Максаттар — алган насибим.
Үмүттү жагып тушуна,
Өмүрүм берип а түгүл.

Жылдарбы тынчтык бербеген,
Арзууга барчу жол — күндөр!
Жанаша жашап өлүмгө,
Жарыгын чачкан бул күнү
Өтпөсөк экен өмүрдөн.

 

*   *   *

Мендей болуп зеригип,
Кең мейкин да арыды.
Жазда таштап кеткен кыз,
Күздө кел, көр багымды.

Аза күтүп сүйүүгө,
Желге учат бариктер.
Көккө атым жазышкан,
Турналарды кайрып кел.

Бизди эч ким тааныбайт,
Бу бекетте жан учса.
(Жашоо мага — жаман түш)
А сен кайда жүрөсүң,
Чачың жайып парустай.

А мен кимден не күттүм,
Асман тиктеп теректей.
Жанды сага сактапмын,
Жаным сага керектей.

Бариктердей дил үшүйт.
Күздөн мурун биз келип,
Көрктөгөнчө дүйнөнү,
Бийлик курду күз келип.

 

*   *   *

Кашымда турасың унчукпай,
Билемин айтарың көп мага.
Өкүнбө. Ыйлаба. Тумчукпа!
Баардыгы тааныш кеп, сөз мага.

Кашымда турасың унчукпай,
Көзүмө карайсың тигиле.
Баарына уруксат берген да,
Бардыгын чектеген дүнүйө…

Кашымда турасың унчукпай,
Көзүңдө көп жылдык кек турат.
Үн-сөзсүз өтөмүн жаныңдан,
Ашыктар сүйүүгө бек турат.

Унчукпайм. Кетесиң, карагым,
Изиңден таарыныч төгүлө.
Мынча жыл дүлөйдөй жашадым,
Бар сырым айтылып көзүңө.

 

КЕЛДИҢИЗ…

Өзгөрүп кетти дүйнө,
Өзгөнү көзүм көрбөй,
Өзүм да өзгөрүлдүм.

Башкалар жарын күтүп,
Башкалар бакыт издеп,
Бакыттын азабында.
Мен бактан тажаганда
Келдиңиз…
Сиз келдиңиз…

Күлдүңүз…
Бакыттан балкып жаным,
Жыгылган жерден турдум,
Чогулуп чачылганым.
Чок кармап адаштым көп,
Чочудум кайра дагы…
Кайра дагы…

Тигиле карадыңыз…
Түшүндүм ой төркүнүн,
Түштөрүм жалган чыкты,
Түшүндүм… болбойт сүйүү.
Чоң тузак — салам берүү,
Коштошуу — жалгыз амал,
Чоң азап — сүйүп калуу.

Не тагдыр?
Бул не бүтүм?
Бир ыйлап, бир күлөмүн
Тагдырдын талаасында.
Эч кимди сүйбөгөндөй
Мен сизди жанып сүйдүм
Өмүргө келүү менен
Кетүүнүн арасында.

Кыргызчалаган Гүлүмкан ИСАЕВА

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.