Жашыл бир тоого конорсуз, жайнаган келин болорсуз…

Бир обондун тарыхы. 

Айтылуу обончу жана мукам үндүү аткаруучу Атай Огонбаев 24-25 жашка толуп, үйлөнүү курагынан бир аз өтүп баратканын эске алышып, тууган-уруктары, жоро-жолдоштору:

— Ээ, Атай, үйлөнбөйсүңбү? Жашың өтүп баратат, – деген суроо салып калышат. Атай башын тырмап, алды-артын карап минтет:

— Мен сулуу кызга үйлөнүшүм керек, а мага жага турган сулуу кыздар Таласта жок.

Ошондо тигилердин бирөө: «Досум, сен сулуу кызга үйлөнөмүн десең Аксыга бар, сулуулардын «кени» Аксыда» деп, Атайды ойго салат. Атай көпкө чейин ойлонуп, «чын эле көөнү Аксыга деп дегдеп туруп алат. Муну уккан Атай: «Аксыга барат элем, бирок, ал жакта жакшыраак тааныш болгондо дурус болот эле» – деп күңк-мыңк этет. Анын ушул сөзүн күтүп тургансып тиги досу:

— Аксыда тааныш жок дейсиң, тиги Төрөгелди (ошол учурдагы белгилүү коомдук жана саясий ишмер, республикабыздагы ири жетекчилердин бири Төрөгелди Балтагуловду айтып жатат. Төкө ошол жерде Бала-Саруу орто мектебинде директор болуп иштеп турган) Аксыдан болот, ушуну менен кирип сүйлөш, – деди.

— Оо, Төкө Аксылык болсо, ал досум да, азыр эле сүйлөшөмүн, – деп шаша-буша Төкөнүн кеңсесине кирип барып, эй, Төкө, сен Аксыдан болосуңбу? – деп сурайт.

— Ооба, эмне болуп кетти, – дейт тигинин суроосуна таң калган Төкө.

— Жөн эле, досум, мен үйлөнөйүн дедим эле. Таласта мага жага турган кыздар жок. Аксыда сулуулар көп болот дейт, бир барып көрүп келейин дедим эле да, – дейт ой баскан абалда. Тигинин оюн эми түшүнгөн Төкө карс-карс күлүп:

— Андай эле болсо жүр, мына июндун орто ченинде мен дем алышка чыгамын, барамын десең экөөбүз чогуу кеттик.

— Төкө, сен деги Аксынын кайсыл жеринен болосуң?

— Ала-Буканын (ал учурда Ала-Бука, Аксы, Чаткал биригип бир Жаңы-Жол району болгон) Кош-Алмурут деген жеринен.

Убакыт суудай агып, эки дос күткөн күн да келет, экөө эки атты минип Таластан Аксыга жол тартышат, кечке жуук Кош-Алмурут айылына келишип, Төкөнүн атасы Балтагул чалдын үйүнө түшүшөт. Ал-жай сурашып, эсен-соолукту билишкенден кийин кечки чайга олтурушат, кирип-чыгып 12-13 жаштар чамасындагы жибектей созулган сулуулугу Ай-Чолпонду элестеткен кыз дасторкон салып, чай куюп, тамак аш ташып, ыгы келе калганда олтура калып Атайга чай сунуп, «алып олтуруңуз, чайдан ичип олтурсаңыз» деп ич жылытат.

Обончунун жүрөгү ушул жерден эле жалыны жок быкшып, түтөп күйө баштайт. Түнү менен уктабай, сулуунун элеси көз алдына тартылып, үшкүрүп, бышкырынып, нары оодарылып, бери оодарылып таң атырат.

Эртең менен Атай Төкө экөө айылдын четиндеги шаркырап аккан сууга жуунушуп, сүйлөшүп туруп калышат. Ошондо Атай:

— Төкө, кечиндеги дасторкон салып, чай куюп кирип-чыгып жүргөн кыз ким? – деп сурайт.

— Карындашым.

— Кандай карындашың?

— Кандай болмок эле, бир тууган карындашым.

— Төкө, өзүң билесиң, мен кыз издеп келгенмин. Мага ушул сенин карындашың жагып калды, каршы болбосоң сени эле бир тууган кайнага кылып алайын, – дейт.

Мындай сөздү күтпөгөн Төкө чоочуп кетет, бир аздан кийин Атайга карап жай сүйлөйт:

— Досум, бул маселени мен чечпейм, мындай ишти атам менен сүйлөшүү керек, ал киши макул болсо, мен жок демек белем, – деп «болбойт болуш керек» деген маанини түшүндүрүү үчүн акырын башын чайкап коёт.

Ошол күнү айылдан тилбилги эки адамды табышып, «сүйлөшүп көргүлө» деп Балтагул аксакалга жуучулукка жөнөтүшөт. Тиги жуучулар тез эле чыгышат да, көнө турган түрү жок дешет.

Атай туталанып, күйүгүп, жүрөгү жүгөрүдөй болуп бырчаланып, сүйүү отуна жалбырттап күйүп, тынчы кете баштайт.

Бул кабар Булбул эжеге да угулуп, эже бир аз чөгө түшөт. Анткени, эженин да Атайга деген көңүлү түз эле.

Атай нары ойлонуп, бери ойлонуп, айылдын жакшы деген адамдарынан үч-төртөөнү кайрадан болочок «кайнатасынын» алдына жуучулукка жөнөтөт. Жуучулар дагы тез эле маанайы пас чыгышат. Балтагул чал болбойт:

— Ала-Букадан Таласка бере турган кызым жок, обончу, ырчы болмоктон, андан баалуу адам болсо да менин көзүмө көрүнбөсүн, – деп тигилерди катуураак кагып коюптур.

Сулууга жетпешине көзү жеткен Атай эртеси күнү үйүн көздөй аттанып, Ала-Букадан Кара-Бууранын ашуусуна жеткенге чейин «Ой, Булбул» деп ырдап олтуруп, ушул классикалык обонун жаратат.

*   *   *

Булбул эже бүгүнкү күндө Ала-Бука айылындагы Чыныбек Асанов көчөсүнүн №9-үйүндө турат. Алты уул, үч кыздын энеси, 23 неберенин чоң эне, тай энеси, 14 чөбөрөсү бар. Өмүрлүк жолдошу Үскембаев Ашырбай өмүр бою райисполкомдун председатели, райкомдо биринчи катчы, обком партиянын аппаратында иштеп жүрүп персоналдык пенсияга чыгып, 1999-жылы июль айында 93 жаш курагында кайтыш болгон. Эже «Сары-Талаа» орто мектебинде мугалим болуп иштеген кенже уулу Нурдөөлөт менен чогуу турат.

Мен эжеге жолугуп, сизге арнап ыр-пыр ырдаган беле, деп сураганымда:

— Жашыл бир тоого конорсуз,
Жайнаган келин болорсуз.
Жайдак бир жерге конорсуз,
Жакшына келин болорсуз.
Тегерек сазга конорсуз,
Тегерек келин болорсуз…

Эми көп эле да, кагылайын, эсимен деле чыгып кетти, эсте калгандары ушулар, – деп күлүп койду. Эженин ар бир сөзүнөн Атайга деген сүйүү оту эжеде да быкшып күйгөнү сезилип турду. Жылдар өтө берет, Атай Таластан Аксыга каттагандардан эже тууралуу такай сурамжылар жүрүп, акыры:

Каттагандан кеп уктум,
Турмушка чыккан деп уктум.
Райкомдо күйөөсү,
Биринчи катчы деп уктум.
Баргандардан кеп уктум,
Балалуу болгон деп уктум.
Келини болуп бай жердин,
Бактылуу жашайт деп уктум.
Кош бол эми Булбулум!
Эстен чикпас дулдулум.
Өлгүчө боздоп өтөт го!
Обончуң Атай кургуруң,

– деп үмүтүн үзгөн экен.

*   *   *

Менин ушул макаламдын жаралышына белгилүү журналист, акын жана жазуучу, агайым Калмурат Рыскулов себепчи болду. Булбул эже тууралуу бул кабарды мен биринчи жолу ушул агайымдан уккан элем.

Сагын ЭШМЕ, “Кыргыз Руху”, 10.11.2000

Атай Огонбаев энциклопедиясы

Аттокур ЖАПАНОВдун фейсбук баракчасынан алынды.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.