Махабат САИДРАХМАНОВА (АЛЫМБЕКОВА)

 

Жазуучу, акын, журналист.

Махмуд Кашгари атындагы эл аралык адабий сынагынын жеңүүчүсү.

2024-жылы «Шаарчадагы жаз» прозалык китеби жарык көргөн. 

 

Махабат Саидрахманова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Көпөлөктүн көйнөгү, сомо таштын салмагы

«Шаарчадагы жаз» – көркөм адабияттагы фешн (fashion) 

Махабат Саидрахманованын “Бөлмөсү” менен “Кызгылтым дүйнөсүнө” саякат

 

Сын-пикирлер

Махабат Алымбекова: Калемгерге кат

Күмүш кемердин сыры жана кыргыз рухунун чагылдырылышы

Акыреттик бир сүйүүнүн баяны

 

Кара сөз

Актриса (аңгеме)

Таш ташыган карыя (аңгеме)

 

Ырлар

АКЫН АЯЛ

Туюп туруп конор тууруң жайсызын,
Талкалап эх, жүрөгүңдүн бактысын,
Узагансың уучтап алып колуңа,
Бек жабылчу бир эшиктин ачкычын.

…Бак айтпаган жазмышыңа ийилбей,
Анан, эртең, акыр бир күн… Кий-ииндей,
Жашайсың ээ, жарык издеп баары бир,
Көп ичинде көңүл дартың билинбей.

Жан дүйнөңдү ээлеп Ээсиз кусалык,
Күнүң түнгө аралашып узарып,
Бошко кеткен ар бир күнгө кейийсиң,
Тоо артына күн батканда кызарып.

Бөлө албаган жалгыздыгың экиге,
Борпоң жандар колун сунуп көркүңө,
Бир сүйлөмдөн көңүл сынып, күн бүткөн,
Жакшы күндү күтүүң калып эмкиге.

Өзүң да таң, эмне болгон көктүк бу,
Издегениң адам болуп татыктуу
Ноюбаган күдөр менен сапарлаш,
Көп жоготтуң убакытты, жаштыкты.

Азыркыдан өтмүшүңдү көп эстеп,
Түн күзөтүп үстөлүңдө өбөктөп,
Болбогон бир шылтоо менен көз жашың,
Төгүлөбү кээде-кээде көнөктөп.

Тажап, жүдөп өзүңөн да кез-кезде,
туюмуңдан, ак-караны нак сезсе,
“…ким бар дейсиң, кир дүйнөсүз таптаза,
адам деген периште эмес, жөн пенде!”
Деген ойго багынуу да оор беле?..

 

*   *   *

Белгисиз бакытты дегдеткен,
Белгисиз багыттан кездешкен,
Жадымда жагымсыз изи бар,
кечтим мен, өткөндөн, кеткенден.

Жашатып жашык бир сезимди,
Жазмышым ансайын эсирдиң.
Өзүмдү мен гана күнөөлөп…
Өзүмдү мен гана кечирдим!

Айнектен жаш сирень баш багат.
Сыртта жаз. Сан ойлор сабалап.
…Миң сырды ичине сыйдырган,
бокалда мелтирейт ак шарап.

Учургум келүүдө асманга,
Жалгыздык сени мен куш кылып!
Жан болгум келгени азыр чын
жүрөктө тагы жок, туптунук…

Кең дүйнө кеңдигиң билемин…
Жаз түстүү көйнөгүң кийемин,
Мен эми мунайбайм, жолбиргем…
Бүтүндөй дүйнөнү сүйөмүн.

 

*   *   *

Ооруп турган, муздап турган дүйнөңдү,
Жан дүйнөмдүн жарыгына чөмүлтүп,
Турпатыңды, сулуулуксуз… ыраңсыз,
Мээр нуруна көздөрүмдүн көмүлтүп…
…жан азабың айбыктыбы ашыгым.

А мен сенден жасамакчы болду элем,
Ааламда жок сүйүү сепил… урагыс.
Жанды жанчый кулап бийик мунарым,
оңбой жүрөк… оору тапкан тура алгыс!
…болбоо керек элең мынча кунарсыз!

Сүйүүм, мээрим, жаманым да, жакшым да,
Эбаккы бир жашоо болуп жаңырып…
Жада калса эссиздигим эликтейт,
Эрк, дарметиң ташка тийип таанылып…
…табышуу эмес, коштошуудан жаңылып!

Адашкандар адашпасын сенчелик,
Арзыган жан арбалбасын менчелик…
Жүрөгү жок, өзгөлөрдүн жүрөгүн,
жеп жашаган караан көрдүм… тирүү-өлүк!
…адашкандар адашпасын сенчелик…

 

*   *   *

Кетүүгө бактыңды эгиздеп,
Келипсиң, каралдым, жок издеп…
Ким айтты толот деп бир кемтик,
Ким айтты дүйнөнү тегиз деп?!

Басылган баягы бурганак,
Багытка баш ийген жылдар ак.
Акылдын түйшүгүн артынса,
Сүйүүнүн өмүрү кыскарат.

“Баары бар өмүрдө өзүң жок…”, –
дейсиң эй… өткөндү жомоктоп.
Сени ээрчип кетти эле бакытым,
Сен менен кайрылып келген жок.

Бүгүнү эртеңге тушалган,
Бүтпөгөн азгырык бу жалган
Сагынса, өткөнүн сагынып,
Жүрөктө жашайттыр куса, арман…

Кетүүгө бактынды эгиздеп,
Келдиңби, каралдым жок издеп?
Ким айтты толот деп бир кемтик,
Ким айтты дүйнөнү тегиз деп…

 

*   *   *

Оор ээ көз карашың…
Бүт дүйнөнүн!
Миң-сандаган машакат тагдырлардын!
Жүгүн жалгыз артынгансып…
Аңтар-теңтер түшүрүп жан дүйнөнү,
Оор тиктейт көз карашың…
…Эбак көрүп бүткөнсүп,
Бул дүйнөнүн,
Тозогун да бейишин,
Бакытын да кейишин,
Эч нерсеге, эч нерсеге кейибей,
Берип бардык эссиздикке кечирим!..
Токтоо сенин көздөрүң,
Тереңинде чарчоо бар.
Жүгүн арткан өзгөнүн…

 

*   *   *

Жан дүйнө жалгыздыгы батып жанга,
Жабыркап дил кыйноодон
таппай айла,
Жашоонун кызыгынан үмүтүм сууп,
Жан ооруп турган кезде келдиң кайра…

Жан кирип жанбай калган жамалыма,
Карадым көздөрүңө кайра,кайра…
Солк этпес турпатыңа сиңирдиң ээ,
Өмүрдүн өксүктөрүн өзүң гана…

Үмүтүм кайдыгерлик жетегинде,
Үзүлө албай араң турган кезде,
Сен мени бийиктикке жетеледиң,
Сездирип жашоо, сүйүү кереметин!

 

БИР ИРМЕМ

Көлбөөрүп көлкүйсүң ээ,
Көөдөндө отуң өчпөс,
көйкөл сезим!..
Көгөргөн мейкиндигим…
Көгүмдү тиреп тураар
сен болбосоң,
Көпчүлүк арасынан,
өзүмдү издей берип,
жоголуп кетериме
жеткен кезим…
Баш уруп бийигиме,
Бой таштап тереңиме,
сезгеним бу,
Өзүңө мээрим төккөн,
кызгылтым бир кечтерден,
өзүңдү тааный алган,
өзгөчө ирмемдерден!
Кезигип өзүмө-өзүм…
Туя алдым жан тынчтыгын,
Бейпилдигин!
Мага ушул керек эле…
…Муңайган карегиңдин,
Мухиттей тереңинен,
Өзүңдү өзүң аяп,
Өзүңдү өзүң сактап…
быт-чыты чыгып бүткөн,
булганыч бул дүйнөгө
ыраа көрбөс…
Бир укмуш мээр-сүйүүңдү,
Көрө алдым!
мен жанбиргем…
Таба алдым!
Тоңдоосун тартып турган,
томсоргон көздөрүң да
тосо албаган!
Бар сенде…
Алоолонгон сүйүү-жалын!
Түпкүрдөн күйүп,жанган!
…Тагдырбы,сан миңдеген,
кечиккен, кечикпеген,
боло келген,
О, эбак, эбак эле,
Мен сага кара күүдөй!!!
Төгүлмөк эмес белем,
эмес белем…
Тоо-таш бүт толкуп укмак,
төгүлгөн кезимде мен…
Кезимде мен..!

 

*   *   *

Алоо жүрөк кээде анчейин жакшы эмес,
айланасын абай салбай өрттөгөн.
Ошол күндөн кайдан калсын жакшы элес,
ооруп жүрөм, сенден келген сөз менен.

Тагдыр мага дайым эле өнтөлөп,
Дасторконун жая салды дейсиңби,
Жарыгы аз өтмүшүм бир. Сен бөлөк…
Караан тутуп карманамын мен кимди.

Жүйөөсү бир, айыптоосу жүз түрлүү,
Жүрөгүмдү жеп баратат ошол кеч.
Жоготтум мен өзүмдү да, өзүңдү,
Эртеңдерден экөбүздү таппай эч.

Жүйөөң – жүйөө, күнөөм – күнөө, талашсыз.
Ууктурба… Өзүң дагы тумчукпай,
Жашаш үчүн күмөнү жок, санаасыз,
кеткениң оң, кечирбей да, унчукпай.

…Мен бир ирет өзүмдү өзүм кечирип,
Жалгыздыктан жакшы кезди тапты элем.
Ошол кезде өзүмө өзүм кезигип,
Кайып учкан канаттуудай жакшы элем.
Мен бир ирет өзүмдү өзүм тапты элем…

 

ЧАЧ УЧТУК

(энеме)

…Мен менен он беш гана жаз жашады,
Көргөнүм – бой тумары, ак көйнөгү.
Суу сүйүп, тез-тез боюн сууга салды,
Сыйынуу деп түшүндү бул өмүрдү…

Шыңгыры тирүүлүктүн күүсүн чалып,
Бар эле чач учтугу күмүш мончок.
Карааны ыйык эле ушунчалык!
Энемди бүтпөй келем дале жоктоп…

Карегим жол кароодон талыганда,
Тарткылап ойноп кирсем чач учтукту,
Тек!, – дечү ачуусу жок, аяр гана,
Билчү эле мендеги бир сагынычты…

Балапан жүрөгүмдө күтүү түнөп,
Көздөрүм жаралгансып жол кароого,
Антсе да балалыгым күлүмсүрөп,
Азгырчу дүйнөкапар жомокторго!

Күтүүмдү аяп жүрүп күнү өтпөгөн,
чоң энем… көндүрбөдү көп нерсеге.
Мени эч ким тириликке үйрөтпөгөн,
Коомго да коошпой кетем кез-кездерде.

Мени менен он беш гана жаз жашады,
Көргөнүм – бой тумары, ак көйнөгү.
Суу сүйүп, тез-тез боюн сууга салды,
Сыйынуу деп түшүндү бул өмүрдү…

Тазаруу деп тааныды бул өмүрдү,
Жалынды Жаратканга басып-туруп!
Аздектеп жүзүм экти, гүлзар күттү,
Тирүүлүк бейишине салыштырып…

Мен анын ээрчип өскөн көлөкөсү…
Кем сөздүү, бирок сулуу аял эле.
Тилинин сөөлү барын көрдү көзүм,
Оор сөзгө, ачуу сөзгө сараң эле…

Эч убак каргыш сөзүн оозанбаган –
Энемдей көрүп жүргөм карыларды.
…Оо, бирок карысы бар куу турмуштан,
Укпаган кайсы гана каргыш калды!

Карыялык – нарктуулуктун эгизи го,
Карыны сыйлоо эле – бир билгеним!
Татыктуу карый албай калгандардын –
Көрдүм тек, дене бою эскиргенин…

Баш ийип, жүгүнгөндү жеригеним,
Көп “журттун” көөнүн таппай, жаным жалкы.
Карызым жок, алса алды, беришпеди,
Адамдар анда деле айып такты…

Шыңгыры чач учтуктун – коңгуроодой,
кагылып, Кудай бар деп жөлөп-таяйт.
Тапшырбай энем мени адамдарга,
Табыштап кеткен окшойт Жаратканга…

 

ЭСКИ КҮНДӨЛҮК

Жол салып үмүт менен эртеңиме,
Жолоочу болуп үмүт кербенине,
Алсырап баратканда асыл ойлор,
Аялуу дирилдеген сезимдерге,
…Арзуудан бүткөн бир ой келген эле.

Өмүрдү өкүт жолго ыраа көрбөй,
Өксүтпөй сезим күүсүн өзгөлөрдөй
Күүгүмдөп таппай калган күндүн көзүн,
Күйүттүү күндөргө да көңүл бөлбөй,
…Күчүңдү сактадым ээ асыл үмүт!

Эртеңден элестетип ачык күнүн,
Эңсөөсүн күтүп жашайт ар бир бүгүн,
А менде бир чоң үмүт, андан башка,
эч деле ашык нерсе күтпөс элем,
А күтсөм, Улуу Тагдыр, түтпөс элең…

 

АЗА

Бүркөлгөн асман турат,
Булуту аппак эмес,
Буулугат жашын төкпөй,
Бул дүйнө бүгүн мерез.

Күлкүсү күндүн дагы,
Күүгүмдөн качып безген,
Тирүүлүк токтоп турат,
Айбыгып ушул кезден

Жалгыздык эрбең-сербең,
Жарышат санаа менен,
Караан жок көзгө илинген,
Кайдадыр житип кеткен…

Чексиздик мунарыктап,
Көз нурум жетпей турат,
Качанкы бир элестер,
Эсимден кетпей турат.

Желп эткен желге эркелеп,
Саамайым чачылбаган,
Кандай күн болуп турат,
Кабагым ачылбаган…

Оп тартчу чексиздиктен,
Жүз буруп тетирленген,
Өзүмдү өзүм жерип,
Өксүгөн, кежирленген,
Кандай күн болуп турат…
Өмүргө кесирленген…

Кыялдар, кыялдарым,
Кыйылган кызгалдагым!
Тирүүмүн… бирок кантип…
Силерсиз жашайм аттиң!

 

*   *   *

Мен сени сагынганда дүйнө боппоз,
Мен сени сагынганда күндөр окшош…

Мен сени сагынганда элден безем,
Мен сени сагынганда талаа кезем,

Мен сени сагынганда акыл, эссиз,
Эсиме түшүп турат… Аалам чексиз…

 

*   *   *

Жумадан жумага созулган,
Ак жаандай себелеп кусалык,
Ээндейм эли жок жерлерге,
Эси жок ойлорго тушалып

Калп эле сооротом өзүмдү,
Таш жарган каткырык баш жарып…
Каректи ирмесем капыстан,
Бүт дүйнөм арманга айланып,
Жер көчүп, тоо кулап кетчүдөй…
Турам эх… өзүмдү карманып

 

*   *   *

Айлампалуу бир өмүрдүн шарында,
Айланган баш, билбей жогун, барын да,
Шарга урунуп, жарга урунуп жанчылып,
Бир күч менен каршы сүзөт агымга..!

 

МАДИНА

Жакшынам ий! Көздөрүңдөн шам чырак!
Жаралуумун жүрөктөн кан тамчылап,
…түнүм санаа, сени эстеп ыйладым…
Жарыктыктан жанып-өчкөн чырагым!..

Бар дүнүйөң балага тең келеби!
Бала өлбөсүн! Зар какшатып энени…
Каралдым ий… коргоосузум, кечиргин,
Миң эненин санаасында эзилдиң!..

Кызым! Кызым… Кичинекей АЙГҮЛҮМ…
Курмандыгы каргашалуу бир күндүн
Энелердин эси-жайы миң санаа…
Бир бала эмес, жүрөктөрдө миң бала..!

Бейпил күндүн баркын билбей семирип,
бийлик талаш!!! биз ошого эсирип…
Көңүлдөн тыш, чек аранын көйгөйү,
Көчөтүм ий!.. Калдык минтип кечигип…

Кыз болмоксуң!.. Тирүү болсоң келишкен…
Кимдин кызы, кимдин Күнү дегизген,
Аргасыздан Жаратканга тапшырдык…
Аруу кызым, бала-кыргыз Периштем

01.05.2021-ж.

 

*   *   *

Шамдай жанып бактысы балалыктын,
уулум ойнойт, жанында бала мышык.
Анысы да, мунусу сүйкүмдүүлөр
Арттырышып жашоонун жарашыгын.

Жай саратан чырылдап эшигимде,
тыңшайм үнүн жар болуп бейпил дүйнө.
О, Жараткан, эртең жок, бүгүн бармын…
Термете көр, жакшы ойдун бешигине.

От чатырап, кыпкызыл чачат жалын,
Оор ойдон өзүмдү аластадым.
Бар каниет дал ушул турушума,
Бейпилдигим – бакытым, ак башатым.

Өзүм жасайм дей берип таалай-бакты,
Оңбогондой жан дүйнөм чарчап калды.
О, Жараткан, өзүңдүн эркиңдемин,
Өкүнүчкө жеңдирсем өмүр жарды.

 

*   *   *

…Бейпил дүйнөм, терметчи бешигиңе!

 

*   *   *

Тагдырдын сен жазылган барактарын
келет эх, кээде менин кертип салгым.
Коркомун, сенден айрылуудан эмес,
сезүүдөн, сенсиздиктин ай-ааламын.

Жанымды кашайттың ээ тагдыр аттиң,
Каалабай, бирок капыс жаңылбайт ким?
Дүйнөмдүн күнү бүркөө, булуту боз…
Сезимтал бир жан элең, сездиң балким.

Эми не бу тагдырдын өзөгүндөй,
Акылды, аң-сезимди алдың чырмап…
Ооба сен жалган күлүп, жылмай… Мага
чын дилден тарткан азап, арзуум кымбат.

 

*   *   *

Эреже. Эс. Турмуш. Чектелип…
Эсимде ар мүнөт эстелип,
Жүрөктүн эңсөөсүн жүз жутуп,
Сени эч ким сүйбөстүр менчелик…

Кусалык күндөрүм эңшерип,
Бакытым, азабым тең шерик,
Таптаза дүйнөңдү аралап,
Кайсы аял таанымак менчелик…

Эс жыйбай, сезимге баш уруп,
Эртеңин Кудайга тапшырып,
Мени эч ким сүйбөгөн Сенчелик,
Мени эч ким күтпөгөн ашыгып…

Турмуштун туткуну эмеспиз,
Түшүнөм, кимгедир керекпиз…
А бирок бир келген өмүрдө,
Сен мага, мен сага белекпиз…

Аздегим, аярым, башкачам,
Баладай дүйнөсү таптазам.
Бул өмүр бир ирмем, бир гана,
Бизге окшош боло албайт башка жан!

Каспий деңизи, 22.08.2022

 

*   *   *

Кароосуз калган үйдөй болгон сүйүүм!
Канатым кайрылганда,
Кайрылып келдим кайра,
Калтаарып…
Каалгаңды каккылоого…

Жүзүмдүн жылмалыгын
жаным жерип!
Жарыгым ичимдеги
үнсүз кемип,
Баратам кичирейип…

Жоголуп баратыпмын!
Мен Сенин жарыгыңдан алыс кетип.
Түгөнүү коркунучтуу!!!
Өзүңдү өзүң жерип,
ичтен кейип… 

2020-ж.

 

*   *   *

Кайраты ашкан, бийик, таза дүйнөңдөн,
Кай бир мезгил… Күйүп турган күн көрөм!
Билесиңби, бажыраят бар бактым,
Бир жарк эткен… Эх, ушундай ирмемден!

Делбиреген, делбиреген, делбирек
дүйнөм менин… Аны сенче ким билет.
Эргип, эргип, эбедейи эзилип,
Эч ким сезбес, эч ким туйбас сенчилеп…

Жакшы күндүү, жаз сезимден айрылбай,
Жылдыз жааган жамгырдайым, жамгырдай,
Жамалыма нур себелеп келесиң,
Жаштыгымды жандап жүргөн жакшы ырдай!

 

*   *   *

Наристедейсиң, эмненин сенде күнөөсү,
Жүрөгүң дилгир, көздөрүң аруу бир башка.
Али да таза суктанам сенин дүйнөңө,
Арбала элек арзыбас куру намыска.

Наристедейим, катылып турат көзүңдө,
Апакең менен атакең берген эркелик.
Ойлонбо бүттү, ойлонбо сүйүү жөнүндө,
Дүйнөдө сүйгөн жан жоктур мени сенчелик!

 

КУРБУМА

Бир аз күн издебе, жоктобо
Бир ойдун артынан түнөрөм.
Бир аз күн таралбайт чачтарым,
Түрүмдү сен көрбө, жүдөгөн…

Өткөнүм калчасам эсимде,
Бир күн бар катаал да, жөнөкөй.
Ийилгим келбейт чын, сезимге
Тек гана буулат көмөкөй…

Дилимди уулаган бул ойду,
Сен укпа, аялуу сыр эмес.
Өзүмдү өзүмө өч кылып,
жаш чыкпайт. Татыктуу ый эмес.

Коё тур… Айыгам, соолугам
Согушу жайласын жүрөктүн.
Кайрадан жадырап жолугам,
Көп болсо төрт же беш күн өтсүн.

…Күчтүүлүк дешти эле кезинде,
Кашкайып кайдыгер күлгөндү.
Ысырап кылууну сезимди
Кашайып каяктан үйрөндүм…

 

*   *   *

Эми жолукпагын жолумдан,
Акыркы ирмем жектеп жазмышты,
Жалгыз келем жаным жаралуу,
Да бир ирет жүрөк жанчылды!..

Үнсүз, тилсиз ичтен коштошуум,
Кол үзүүм бу өтмүш жолунан
Кечирерсиң, өттүм айланып,
Жалбырттаган сезим торунан.

Өз жанымды өзүм уучтаган,
Өз канымды өзүм уурттаган,
Өзөгү ачуу өктөм сүйүүмдүн,
Өтмүшүнө гана суктанам!

Каухарым… кандай тунуксуң,
Мезгил сага изин сала албайт.
Сабалаган сансыз жылдардын
Сааты токтойт сага! Аялдайт…

Каухарым, билгиң келдиби?..
Кандай өмүр кечиргенимди,
Сенсиз күндү кантип узатып,
Санаа ойдон эзилгенимди…

Каухарым, уккуң келдиби,
Карайлаган сезимдеримди,
махабатсыз өмүр кандайын…
Кимге кантип кезиккенимди.

Бир чарчоо бар, менде чарчоо бар,
Баарын ойго салып калчоо бар,
Билесиңби, каухар, бул күндө,
Жүрөгүмдө укмуш чаңкоо бар…

Элесиңе шыбырап бүткөн,
Эчаккы бир ээсиз күндөрүм.
Айтчу сырым эбак түгөнүп,
Акыл эбак катып жүгөнүн,
…тилден калган азыр жүрөгүм!

Мынча сурооң оор… чечилбес,
Жооп берүү азап,баары кеч…
Кайда жүрсөң бакыт тилеймин,
Эми мени издебегин эч!..

 

КУРБУМ МЕНЕН СЫРДАШУУ

…Туям,сезем жан курбум,
Картинасы бул турмуштун нымтырак,
Чарчатты ээ көөнүңдү,
Соорото албайт сени да,
утурумдук өмүрдөгү жылтырак!
Бошко өтөп жаткансыган
өмүрдү,
аяп, кейип сөз кылып,
алыстарга качып кетсем дейсиңби?..
Муңга чөгүп турса керек көңүлүң,
мейли издеп көр өзүңдү!
Бардык жерден…
бийик, терең сезилген,
Сезимдердин сересине издеп көр,
укмуш бакыт сезилген!..
Аргаң кетсе издеп көр,тоолордон да, калаадан,
жаркыраган кабинеттен, же быкпырдай базардан!
Дагы издеп көр,
Жакшы делген,
Ою терең,
жылдызы ысык, харизмасы укмуш болгон адамдан!!!
Изде, издей түш! Чөйрөлөрдөн карапайым, же болбосо сайпана,
толтура алар, айылда да, калаада,
Арасынан ошолордун туюп көр,
көңүлүңдүн дабаасын.
Болбогондо издеп көр, байлыктан же мансаптан,
балким таап калаарсың!
Мейли, издеп көр,
жыгылып да туруп да,
ыйлап дагы күлүп да!
Азабыңды аштай тартып издеп көр…
Түңүлгөнчө. Түн уйкуңдан калганча,
көңүл чиркин көксөөсүнөн жанганча! Бир өмүрдүн бир тыйындык куну жок,
өлүм сага ысык болуп калганча…
Бардык жайдан издеп бүт.

 

*   *   *

Оо, бу дүйнөң туруксуз!
Жашоо – Жалын!
Бийлеп турат тынымсыз!
Өз бактың өзүңө кас, кайра дос…
Бийлейт Жашоо,
кошо бийлейт куу турмуш…
…Түңүлгөн соң өзүң менен жанашып,
Тыңша бир аз… жүрөгүңдүн дабышын…
Бийиктик сен… Тереңдик да өзүңсүң,
Бир кудайың… анан өзүң жалгызсың!
Ачуу чындык жан курбум!…

 

*   *   *

Эсимде кыш. Бир гана ирет жашагам…
Азга унуткам, сууктун сууктай мүшкүлүн.
Ырдачу эле ошол кыштын ызгаары,
Асманынан жылдыз жаап күн-түнү.

Толукшуган тоо кышындай жылтылдап,
Бүтүн келген, бийик таалай, бийик бак.
Ошол жылы жүрөгүмө Кут түшүп,
Алдастагам, жашыра албай карайлап.

Аярлоо бир керек эле… Аярлоом!
Андай сезим бийик калмак армандан.
Ыйыгы жок калуу өмүрдө абдан оор!
Жаның туташ жарык өчөт жалгандан.

Андан бери бир нече ирет кыш болду,
Жаркын өткөн, жакшы өткөн күндөрүм.
Төгүп-чачып ийдим балким дүйнөмдү,
Анын баары жашоом эмес – күн көрүүм…

Көндү көзүм, Күн тиктөөгө миз бакпай,
Сезбей калгам бакытты да, азапты,
Кайда катам суз дүйнөмдү кайдыгер…
Да бир кыштын көпкөк, муздак таңы атты…

 

ДЕПРЕССИЯ

Эй, кунары качкан дүйнө!
Сен канчага камайсың?!
Өжөрлөнүп, өзөлөнүп,
деги эмнени самайсың?

Эй, кунары кеткен дүйнө!
Эми канча түтөсүң?
Куруп калган супарадай,
күндөрдөн не күтөсүң!?

Эй, кунары өчкөн дүйнө!
Менден сага не керек?!
Багыты жок басып жүрөм,
ой-кырыңды тебелеп.

Эй, кунарсыз, отсуз дүйнө,
Бошотосоң бошотпо!
Экөбүздү эрте көмгөн,
эсил өмүр өтөт го…

Эй, кунары качкан дүйнө!
Өз убалың өзүңө!
Гүлгө оронгон табытты ким,
кайтарышат…

2014-ж.

 

*   *   *

Жарнамадан арзан жабуу жамынган,
Кызыл-тазыл жарыктары алдамчы,
Карегинде боор толгогон сүйүү бар,
Боордош журттун тааныш эмес шаарчасы…

Көлдөрү көп, көз мончоктой жериме,
сагынчымды сезиш үчүн жээгиңен,
келдим. Сага үлкөн суунун бир четин,
Жер энебиз бөлгөн экен энчиңе.

 

*   *   *

Журтуң жакшы… Аялзаадаң жароокер,
Тилиң таттуу, көздөрүңдө сонуркоо,
Карап-карап таң калдым да, кантип көнүп алдыңар ээ?
Шашпа-ай гана ойлонуп, шашпа-ай гана жашоого?

Кантип көнүп алдыңар?
Мен шашамын дайыма.
“Шашып-бушуп эс алып”,
(болмок беле ушу да!)
шашып жүрөм жээгиңде азыр да!
Шашып жашайм,
өзүм билбейм эмнеге.
Шашып жашайм дайыма…

Анда-санда чала коёт кулагым,
Кыргыз ырын жаңыртып,
айдап алган унаасын,
адамдардын, айдоочунун музасын.
Бейтааныштар, бейгам өмүр кечирген.
Эмнегедир бир аз… Бир аз… сүйүнөм.

 

*   *   *

…Ушу шаардын ортосунда сумсайган,
“Кийими эски” имаратты кеп кылып,
бир кейиштүү өткөн ишти
тили таттуу сатуучу аял кобурайт.
Кулагымды ала качып,
Заарканчу элем мен,
Ачуу, оор таржымалды ушундай,
уккум келчү эмес эч!
Дүйнөкапар ойноп жүргөн секелек,
…качандыр бир имаратта дал ушу,
зөөкүр колдон тумчугуп,
жан бергенин, бул  өмүрдөн өчкөнүн,
жөн жай кептей кобурап,
жүрөгүмдү канатты го канатты!
Кайра эстетип ойго салды,
бир аз бир аз унутулган
биз жактагы жараатты.
…Өз жеримден уга берип мындайды, кулактарым айлангысы келген эле кереңге,
Силерде да бар беле…
Кайгы-зарын сезе берип эненин, заарканып бүттү эле бу жүрөк.
Заарканат кайран Заман.
Заарканат түрү жаман адамдан…
Зааркантып бүттүк окшойт Заманды.

 

*   *   *

Бүгүн таңда түш көрдүм.
Шашып аккан чоң дайранын жээгинде,
түмөндөгөн тириликке алаксып,
Түйшүк тартып атыпсың.
Жарык экен жакшысы,
Жарык экен кабагың.
Түйшүгүңдү бөлүшүүгө белсенип,
Сууга салып колумду,
эмненидир алып чыгып,
сүйлөп жатам бирдеме.
Үйүм кирди түшүмө…
Уулум кирди түшүмө.
Солкулдаган боз уланым, жаркылдак!
Жашоомдогу Ай, Күнүм!

 

*   *   *

…Түпкүлүгү жаралгандан ЖАН аруу,
Түйшүк үйгөн сокур дүйнө башка бу.
Өзөгүңдү өрттөбөсүн эч бир сөз,
Жаштык түгүл өмүр деле чакталуу…

ЖАН дегениң бакты издебейт, жан издеп,
Кирден соолуп, ак дүйнөдөн тирилет,
Жан ыйыгын барк албаган жакының,
Бир бактыңда, бир кайгыңда билинет.

Чырактайым, сага ыраа этпеген,
чын дүйнөдө айтпай өтчү муң менен,
Өтөп жаткан ушул өмүр, ушул күн,
Өзөгүндө тагдырга баш ийбеген!

Чырактайым, күйүп-жанган чырактай,
Чыйрак кечир өмүрүңдү муңайтпай.
Мен жашаган сенин аппак мейкиниң,
мага карай аккан мөлтүр булактай.

Билсең азыр көкүрөккө муң толуп,
Ичтен күйүп, бир серпилип, бир соолуп,
Отурамын, ыйды ыраа көрбөгөн,
бир сезимден, бир өкүттөн бук болуп.

…Мага айтышты, экенимди жакшы эмес,
Мерез окшойм, кадыр билбес, барк билбес.
Сага өзүңдү тааныштырса башкалар,
муюба, түп-башатыңа кайра бар.

Түпкүлүгү жаралгандан ЖАН аруу,
Түйшүк үйгөн сокур дүйнө башка бу.
Өзөгүңдү өрттөбөсүн эч бир сөз,
Жаштык түгүл өмүр деле чакталуу…

…Чырактайым! Күйүп-жанган чырактай…

 

*   *   *

…Көр дүйнөнүн көр кейишин туйбаган
Бир өмүрү бир тагдырга сыйбаган,
Аша кечкен арманынан,багынан,
Акын көрдүм.Жандын ырын ырдаган…

Сыясынан сырдуу муза агылат,
Сыбызгы үн,аалам тепчип жаңырат,
Тагдырынын ташпишине бой бербей,
Такыр башка жашоолорду сагынат…

Мезгилдери үмүттөргө уурдалган,
Мелтиреген,тунжураган бул аалам
аябассың…Сени дагы аябас,
мейкиндик бар…Жандын ыры ырдалган!
…Мен өмүрдөн жүз үйүргөн мезгилде,
Акын көрдүм.Жандын ырын ырдаган.

 

*   *   *

Бир жолу…
Кадимки аялдарча,
Аралап базар ичин кыжы-кыйма,
Аңкайып бара жаткам.

Кез болдум капыс анан,
Күнөстөп жалгыз гана,
Гүл сатып отурган бир
Абышкага.

Кызыгып наркын сурап,
Кыйылып карап коюп,
Кайрадан жолум улап,
Кетеримде,
кыйкырбаспы!

— Ой кызым! Көз айнекчен!
Кайрыл бери!
Гүл сага бекер эле!
Алгын! – деди.

— Биз жакка өспөйт мындай…
Үлбүрөк гүлдөрүңүз
Үшүп кетет…
— Кайдагы билермансың!?
Өстүрүш үчүн карап,
Багыш керек!

Абышка менен болгон,
Аргасыз ызы-чуудан,
айланага,
Адамдар толуп чыгып бир заматта,
Аң-таңмын андан кийин,
гүлдөр түшсө гүл талашка!..
Колума карматылган, сөңгөгү тикенектүү,
Төрт түп роза!…

 

ЭКИ МЕН

Кетесиңби?
Чын элеби?
Ойлончу…
Күн келдиби,
Жомоктордон!
Ойгончу…
Анда эмне бар?
— Тирилик бар,
Тирмийген…
— Аялдачы…
Анан ошол,
ЖАШООБУ?
— Билбейм чыны,
Ал жашообу
Же жокпу,
Сезим ыйы…
Селдей каптап,
Тажатты!
Балким, балким,
Тириликке алаксып…
Унутамбы?..
Сүйүү берген азапты…
— Унутуубу?
Демек сени түшүндүм,
Сен сүйүүнү
Ошон үчүн күтүпсүң
Бар бакытың,
Унутууда болсо эгер…
Кайран жанды кашайып..
Кор тутупсуң!
Кет, кете бер,
Эми чындап кете бер…
Татыбайсың бул дүйнөгө
Керемет!
Башында эле ,
Башбакпашың туура эле,
Неге жүрдүң,
Нур дүйнөнү тебелеп?
Кет, кете бер,
Эми чындап кете бер.

 

ЖАКШЫЛАР

Бийиктик кулап улам,
Ишеним урап турган,
Жашоодо чалды-куйду,
Жапжашыл дарак сынган…
Бар бирок жакшы Адамдар!!!

Мелмилдеп туруп эле,
Мезгилди карайлаткан…
Тагдыр эй,тамашаңдан!
Тааныбай жан кашайткан …

 

*   *   *

Бириндеген биримдик, бириндеген,
Бүгүнү жок. Эртеңден түңүлбөгөн.
Бар акылдын баарысы кумга сиңип,
Бир жарк этип кашкая тирилбеген.

Эски автобус кайдыгер кылдыраган,
Эшик суук, эзилип, нымтыраган.
Оор ойлордон чарчаган мээ иштебей,
Эл сабырдуу, жакасын кымтылаган.

Оңолуудай ушул кез жоголуудай…
Кызыл тилдин баары эле акылга бай.
Автобуста түрткүнчүк наристелер,
Муңайышат, баарына айыптуудай.

18.10.2023

 

*   *   *

Муңайым бир жан… көздөрү терең,
Мухиттей сырдуу, айдыңы кенен.
Таптаза мөлтүр дүйнөңдү таанып…
Тамчыдай сага кулагым келген.

 

*   *   *

Жакшысың сен. Чындыгында жакшысың,
Жакшы болгон үчүн балким жалгызсың.
Чындыгында жалгыздыгың жакшыдыр,
Кейпин кийбей, күнүн көрбөй байкуштун,
балким ошол жалгыздыгың жакшыдыр…

Баш батырыш үчүн көптөр бу коомго,
Өздөрүнөн байкуш жасап алышкан,
Бир күн үчүн байкуш боло турам деп,
Биротоло байкуш бойдон калышкан.
…биротоло байкуш болуп калышкан.

Ак пейилдүүм, жалгыздыгың, курчтугуң,
көрүп менде, санаалуу бир ой жашайт.
Бул турмуштан мен түшүнгөн бир нерсе –
коркок жандар коркунучтуу болушат,
Муну ойлосом санаалуу бир ой жашайт…

Өзүңдү эмес, жүрөгүңдү аяймын,
А жүрөгүң… Сендей эмес, сезимтал.
Чыдаса экен сенин катаал дүйнөңө,
Мен жашаган аяр дүйнө кулабай.
…Жадыраган аяр дүйнөм кулаба!

 

МЕНДЕСИҢ ЖЕ ЖОЛДОСУҢ

Жол жүрүү стихияң…
Коштоочуң түстүү кыял, арзуу,арман.
Бул жолдо ашыгасың, шашыласың,
Бул жолдо эч болбосо жол бүткүчө,
жомоктой бир жашоого баш урасың.
Бул жолдо өткөн күндү жашап бүтпөй,
Бул жолдо келер күндү сагынасың!
Жол жүрүү стихияң…
Кат жазуу, күтүлүүнү жактырасың.
Келесиң!
Илебиңе катып алып,
Мейкиндик, булут, жамгыр, Күн жыттанып.
Келесиң шашып алып,
Көздөрүңө толтура куса багып!
…Сен жолдун баласысың,
Сеземин, мени эгер сагынбасаң,
Бул шаарга кайтпай жүрүп, шашпай жүрүп
Жолду эле сүйүп калып каларың чын.
Жол жүрүү стихияң,
Сен жолдун адамысың.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.