Осаму ДАДЗАЙ: “Алчанын жалбырагы шуудураган, сыздаган чоор”

(аңгеме)

– Алча гүлүн күбүп, бутактарынан жалбырак бүрдөп баштаганын көрсөм эле негедир ошол күн эске түшөт…, –  деп сөз баштады кемпир шуу үшкүрүнүп:

– Мындан отуз беш жыл илгери ыраматылык атам тирүү эле. Атам, мен жана сиңдим – жалаң жетимдер бир үйдө жашап жүргөн маал. Апам андан жети жыл илгери, мен он үч жашымда кайтыш болуп кеткен. Мен он сегизге толгондо сиңдим он алтыга кирди, атам Жапон деңизинин боюнда жайгашкан Сиросита шаарчасындагы мектепке директор болуп дайындалып, ошол жакка көчүп кеттик. Барышы барып, жашаганга түзүк жай табылбай кыйнады. Акыры тоо этегинде обочо турган жалгыз ибадаткананын арткы тарабынан эки бөлмөнү ижарага алып жашап калдык. Атам кийин Мацуэге жумушун которгонго дейре ал жерде алты жыл жашадык. Мацуэге келген кезде жыйырма беш жашымда турмушка чыктым. Ал кезде жыйырма бештеги турмушка чыга элек кызды атасынын үйүндө отуруп калган кара далы санаша турган. Жан күйөр апаң жок болсо, жетим кыздын көрөрү ошол тура. Атам өз жумушунан башы көтөрүлбөй, үйдөгү тиричилик менин мойнумда. Ошондон улам мен эрге тийип кетсем, бу окшошкон жетимдердин көргөн күнү не болот деген ойдо колумду сурагандардан баш тартып жүрө бердим. Сиңдим оорукчан болбосо да бир жөн… Сиңдим курган мендей эмес, ай-чырайы төгүлгөн кыз эле, кундуздай кара коюу, узун чачтарын айт, эстүүлүгүн айт бешенеси жоктун. Такай ооруп жүрүп, биз Сироситадан көчүп келе бергенден эки жыл өткөн соң асылган мээнет акыры анын жанын алып тынды. Эмесе, ошол учурду айтып берейин.

Сиңдим көптөн бери оорукчан. Иттей жаман илдет жармашкан экен – бөйрөктөн кургак учук болуп калыптыр да, доктурлар аны качан эки бөйрөгү тең иштен чыкканда байкашып, атама доктур кызың жүз күндөн ашык жашабайт деп түз эле айтып салыптыр. Эми бардыгы кеч, эч кандай айласы жок мунун. Бир ай өттү, эки ай өттү, анын ичер суусу түгөнүп баратканын билген биз унчукпаган менен, ичибизден кан өтөт. Сиңдим курган жакында өлөрүн кайдан билсин, акыркы күндөрү төшөктөн турбай калса да күлүп-жайнап, өзүнчө кыңылдап ырдап, эриккенде мага тамаша айтып тийишип эркелеп калат. Дагы кырк күн өткөн соң сиңдимден ажырап каларын билген мен байкуштун тамагына бирдеме тыгылып калгансып, дене-боюм зыркырап, аз жерден жинди болуп кете жаздайм. Март өттү, апрель, анан май айы кирип келди, баягыдай эле суз көрүнүш. Ошол май айынын ортосу эси-көөнүмдөн кетпейт.

Тоо жана аны бучкактап турган талаа жапжашыл жалбырактарга жамынып, күндүн ысыгынан үстүңдөгү кийимди чечип таштагың келет. Жапжашыл жарыктан көз уялат. Колумду артыма алып, башымды шылкыйтып, башымдагы кирди-чыкты ойлор менен алышып жапжашыл талаада каңгып мен жүрөм. Башыма абат ой келмек беле, жүрөктү сыккан ойлор, башыңды кайгыга тыккан ойлор. Дүң! Дүң! Дүң!… Бир маалда жазгы жер бетинин тээ түпкүрүнөн, кудум жер алдындагы тозок жайында согулган килейген добулбастан чыгып жаткансып жер бети солкулдап кетсе болобу. Эмне заман болуп кеткенин түшүнбөй калган жаным чочуп кетип, акылдан азып калган адамдай ордумда селейип турдум да, анан ачуу кыйкырган бойдон жерге күп кулап, өңгүрөп ыйлап кирдим. Жүрөк үшүн алып, өлтүрүп коё жаздаган үн кайдан чыкканын кийин билдим: Жапон деңиз флотунун аскердик кемелери дал ошол маалда замбиректен ок атышыптыр. Ал кезде согуш маалы, жапон деңиз флотунун башкы кол башчысы Того орустардын тынч океандагы аскердик кемелерин бир сокку менен быт-чытын чыгаргыла деген буйрук берип, биздин согуштук кемелер замбиректен ок жаадырып жаткан маалы экен. Ооба, дал ошол учур. Жапон деңиз флотунун жеңиш күнүн ошол жылы майрамдашкан.

Замбиректин дүңгүрөгөн үнү деңиз жээгиндеги Сиросита шаарчасынын тургундарын дүрбөлөңгө салып карайлап калышкан. Төшөктөн турбай оонап жаткан сиңдимдин айынан эсим эчак кирди-чыкты болуп калган жалгыз мен гана буга маани бербедим. Ошондо замбирек үнү кулагыма ушунчалык шүйкүмү бузук угулуп, тозокто кагылган добулбастан келип жаткандай туюлган. Жерге бетимди төшөп көпкө дейре өңгүрөп ыйлап жата бердим. Күн батканда гана эңшерилип калган ичим аңгырай түшкөнүн сезип, турдум да, ыргылжың басып шылкыйып үйгө жөнөдүм…

– Эже! – үйгө кирсем, аркы бөлмөдөн сиңдим кыйкырды. Акыркы күндөрү эти сөөгүнө жабышып, алы кетип калган курганым өлөрүн сезгенсип маанайы суз. Мени менен тамашалашып, мага эркелегенин да токтотуп, эчтеке менен иши жок. Аны көргөндө, сыгылган жүрөгүм андан бетер сыгылат.

– Бул кат качан келди? – менден сурады.

Бирөө бычакты көкүрөгүмө матып алгансып, бетим кубарып чыкты.

– Качан келди дейм? – дагы такып сурады.

Өзүмдү араң колго алып жооп бердим:

– Сен уктап жатканда. Түшүңдө жылмайып жатыпсың, уйкуңду бузбайын деп жаздыктын алдына акырын кыстарып койдум. Сезген жоксуңбу?

– Жок! – сиңдим шаңдуу кыйкырып жибергенде, акактай тунук маңдай тиштери күңүрт бөлмө ичин жарытып жибергенсиди. – Окуп чыктым. Кызык! Мен такыр тааныбаган адамдан келиптир.

Аны тааныбаганы эмнеси?

Ага ким кат жазып жүргөнүн беш колдой билем. М.Т. деген ысым менен келерин да билем. Ал адамды мен деле көргөн эмесмин, бир нече күн мурда сиңдимдин буюмдары сакталган шкафтын эң алдыңкы тартмасынан жашыл лентага оролгон бир таңгак кат таап алдым. Албетте, бирөөнүн катын окуш жакшы иш эмес дечи, бирок ошого карабай каттарды окуп чыккым келди.

Отузга жакын каттын баарында М.Т. деп жазылган. Ал эми конверт сыртына сиңдимдин ар кайсы курбу кыздарынын ысымын жазып салган. Ошого атам жана мен сиңдим узак убакыттан бери бир эркек менен кат алышып жүргөнүнөн шек санаган эмеспиз. 

М.Т. аттуу жигит өтө алды-артын карап иш кылган адам көрүнөт: Алгач сиңдимдин курбулары тууралуу сиңдимден шек алдырбай сурап билет да, кийин кат жөнөткөндө алардын ысымын кезек менен конверт сыртына жазып коёт. Жигиттин чечкиндүүлүгүнө тан бердим да, ошол замат муну атам билсе бизди соо койбосун сезип денем калтырап чыкты. Андан соң каттарды келген күндөрү боюнча иреттеп тизип, бир четтен окуй баштадым. Жан-дүйнөм белгисиз кубанычтан эргип чыкты. Сүйүүнүн жаш баладай баё болоруна бырс күлүп, мен үчүн кокусунан жаңы дүйнө эшигин ачып жибергенсиди. 

Мен да ал кезде жыйырмага толуп бойго жеткен кыз эмесминби, менде да эч кимге билдирбей жүрөгүмө табериктей сактаган жандай сырым боло турган. Каттын баары тоонун туптунук дайрасындай ташып шыр окулуп бүттү. Былтыр күздө жазылган акыркы катын окуганда гана буттарым чалыштап, оозум ачылды.

Көрсө, арзышкан жаштардын туптунук сүйүүсү бара-бара киргилдене түшүптүр. Каттарды өрттөп салдым. М.Т. ысым менен кат жазган жигит Сиросита шаарчасында жашаган чөнтөгүндө сокур тыйыны жок акын окшойт, сиңдимдин оорукчан болуп калганын билер замат, андан баш үйрүп кеткендей. Адамдар ай, адамдар! Ушунчалык эки жүздүү! Ушунчалык таш боор! “Бири-бирибизди унуталы” – деп жазыптыр акыркы катында. Жигит сөзүнө турган окшойт, андан соң бир да кат келбептир. Азыр эми бир айласын таппасам, аймончоктой сиңдим күйүттөн өрттөнүп өлбөйбү. Муну эч ким билбейт деп ойлодум да, сырды жүрөгүмө бек сактадым. Мындайын билген соң, сиңдимди андан бетер аяп баштадым. Башыма кызыктай оор ойлор келгенде, акылга сыйбаган фантазияга түшүп кетем; жашоом тозокко айланып кеткенсийт; менин ошол кездеги азабымды аял киши гана түшүнбөсө, башка жандын түшүнүшү кыйын. Сиңдимди эмес, мени таштап кеткенсип күйүктүм. Ал кезде өзүм да бир кызыктай болуп жүргөн кезим.

– Сен да окучу, – сиңдим мага кайрылды. – Эчтеке түшүнбөдүм. Эмне деп жатат?

Өзүмдү ыңгайсыз сезип ага жал-жал карадым.

– Окусам болобу? – деп акырын сурадым да, катты колума алдым.

Колдорум калтырап оңтойсуздана түштүм. Катта эмне деп жазылганын беш колдой билсем да, ага шек алдырбай окуп беришке туура келди.

Катты үн чыгарып окуп баштадым:

Эң алгач сенден кечирим сурагым келет. Ушуга дейре сага кат жазайын дейм, чечкинсиздигим жол бербейт. Менин жакыр экенимди жакшы билесиң, же кыйраткан талантым болбосо. Ошондуктан сенин мага биротоло баш байлап калышыңды каалабадым. Бал тилге салып сүйлөбөдүм, бул чындык, мага ишен. Сүйүүмдү сөз менен эмес иш жүзүндө далилдеп беришке алсыз экенимди билгенде, уят күчүнөн жерге кирип кетким келет. Ушул күнгө дейре сен күн-түнү эсимден такыр чыкпай койдуң. Бирок ошого карабай сенин тагдырыңды өзүмө байлагым келбеди. Ушул ой гана сенден кол үзүшкө мажбурлап туруп алды. Сендеги бактысыздык менен мендеги сүйүү күчөгөн сайын сен мага ошончолук кол жетпестикке айланып баратасың. Түшүндүңбү, жаным? Сени эч качан алдабайм, эч качан. Мойнумдагы жоопкерчилик менен милдетти сезип, акыры ушундай чечимге келдим. Азыр ойлосом, мунум таптакыр туура эмес экен. Көрсө, мен адашыпмын.

Кечир мени! Өзүн гана ойлогон жеткен ант урган жан экемин. Билесиңби, ушул күнгө дейре биз алсыз жана жалгыз жандар болсок бири-бирибизге арзый албайбыз, мендеги жашоонун жалгыз максаты – сага мендеги ишенимди тартуулоо гана деп ойлоптурмун. Чын. Мага ишен. Адам көздөгөн максатка токтоосуз аракет кыла беришин эми түшүндүм. Бар күчүң менен аракет кылып, калганын тагдырга коюш керек тура. Эчтекеге жарабасаң, жок дегенде каакым гүлдөрүн терип, бир букет каакым гүлүн сүйүктүүңө тартуулап коюштун өзү жигитчиликке жаткан иш тура. Эми сени эч качан таштабайм. Ар күнү сага арзуу ырларын токуп, кат түрүндө жолдоп турам. Ар күнү сен жашаган үй артында сыбызгы чоор тартам. Бир сен үчүн. Эртең туура кечки саат алтыда сага аскердик-деңиз маршын чоордо ойноп берем. Чоордо келтире ойной алам. Сенин көңүлүңдү алышка бар өнөрүм ушул. Күлүштүн кереги жок. Апээй! Күлүштүн кереги жок дегеним, күлсөң деле жарашат. Эртерээк айыгып кет. Бизге да Кудайдын боору ооруп жаткандыр. Буга бөркүмдөй ишенем. Экөөбүз тең Кудайдын жараткан сүйүктүү пендесибиз. Баш кошуп, бактылуу күндөрдү чогуу улантабыз, буюрса.

Көпкө күттүм шабдаалынын гүлдөшүн,
Бир оокумда жылдыз учкан Айлуу түн,
Байкап калдым анын түркүн гүлдөрүн.
Аппак болчу шабдаалынын гүлдөрү,
А күткөнүм кызыл-тазыл гүл ачты.

Мен азыр иштеп жатам. Иштерим Кудайга шүгүр, жакшы. Эртеңкиге чейин.

Сенин сүйүктүүң М.Т.

– Ыракмат, – деди сиңдим акырын. – Билем, бул катты сен жазгансың.

Уятымдан катты күкүмдөй тытып салгым келди. Мындайда уятынан өлбөгөн төрт шыйрагы калды деп коюшат эмеспи, мен ошондой акыбалда калдым. Ооба, бул катты анын атынан мен токуган элем. Ичээр суусу аз калган сиңдим бу жалгандын жарык тарабын аз да болсо көрүп, арманда кетпесин деп тегеренген башым тапкан акылы ушул: ага ошол жигиттин атынан ар күнү арзуу каттарын жазып ыр токугум келди, туура кечки алтыда ага байкатпай үйдөн акырын уурданып чыгып, сиңдимдин улуулугун мактап, сулуулугун даңктап чоор күүсүнө салгым келди.

Уят эле, шерменде! Катты да жөн жазбай төрт сап эптемей ыр токуп койгонумду кантесиң! Ушуларды ойлогондо турган жеримде катып, тилден калдым. 

– Кыжаалат болбо… – сиңдим майин жылмайды. – Жашыл лентага оролуп жаткан каттарды бүт окуп чыккан окшойсуң. Анын баары жалган. Эки жыл илгерки күздөн бери жалгызсырап калган жаным аларды өзүм жазып, конверт сыртына биздин даректи жазып, сырткы дарбазага илинген почта жашигине салып койчумун. Мени алдаштын кереги жок. Жаштык жана жашоо ушунчалык кооз экенин ооруп калганда сездим. Өзүнө өзү кат жазуу келесоонун жумушу! Өзүм сүйгөн жигитке жолугушка кайратым жетсе кана, атаганат… Сен сүйгөн эркектин күчтүү колдору белиңден имере тартып кучагына бек кысып турса – ушунун өзү чыныгы бакыт эмеспи! Ушуга дейре сүйүүнү мындай кой, эркек тууралуу сөз кылгандан уялып, батына албаптырмын! Сен дагы! Көрсө, жаңылыптырбыз. Кызга кырк жерден тыюу дегенди туу тутуп жүрүппүз. Өлгүм келбейт! Эркек колуна сыланбай чачым калды… Эркек колуна кармалбай белим калды… Жанашпай колум калды. Эркек эрдине сүйүлбөй жүзүм калды. Жашагым келет, жашагым!…

Кайгы-муң, коркунуч, кубаныч аралаш сезим жүрөгүмдү тээп чыкты. Башым карайлап, төшөктө жаткан сиңдимди өзүмө бек кучактап үн чыгарбай бүлк-бүлк ыйлай берипмин, ыйлай берипмин. Бир маалда кулагыма сырттан бирдеме угулуп кеткенсиди. Алгач үзүл-кесил угулуп барып, анан даана угулду. Сыздаган чоор үнү! Сиңдим экөөбүз кучакташкан бойдон үн-сөзсүз тыңшап калдык. Башымды акырын буруп дубалдагы саатка карадым. Туура кечки саат алты. Үн-сөзсүз кучакташкан эже-сиңдилер бактын тээ түпкүрүндө өскөн алча жалбырагынын арасынан бизди көздөй келаткан марш үнүн көпкө тыңдап жата бердик.

Кудай бар! Кудайдын бар экени чын. Мен Жараткандын бар экенине ошондон кийин ишенип калдым.

Эки күндөн кийин сиңдим бу жарыкчылык менен кош айтышты. Сиңдимди карап маңдайында турган доктур бир маалда анын көзүнүн үстүн бир нерсеге түшүнбөгөндөй өйдө сылап жатты. Кандайча жумшак, тынч үзүлүп кеткенин эч кимибиз байкабай калдык. Буга таң калбадым деле. Бардык нерсе бир Кудайдын амири астында. Курганыма Мээримдүү Заттын боору ооруп жанын какшатып-сыздатпай, акырын байкатпай туруп күтүүсүз алды да. Азыр эми жашым да бир топко келип, мындай нерселерге анча маани бербей калдым. Азыркы акылыма салып карасам, мунун себеби башкадабы деген да ой кетет: балким ошондо чоорду атам ойногон чыгар? Ошондой болушу да мүмкүн, ишинен келген атам аркы бөлмөдө биздин маекти уккан чыгар, кызына жаны ачыган байкуш өмүрүндө бир ирет тамашага салып чоор ойногон шекил.

Бирок андай болбошу да мүмкүн… Атам тирүү болсо муну тактап сурамакмын, ал кишинин өлгөнүнө да он беш жыл болду. Жок, балким ошондо чындап эле бизге Кудайдын боору ачыса керек.

Буга ишенип гана жаным жай алгысы келет, бирок карыган кезде адам андай кереметтерге анча ишенбей калат экен, башыма ар кандай күмөн ойлор келет.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.