Акын Атахан Кожогулов: “Жыгылсам тоолор гана көтөрө алат, / ыйласам ырлар гана соорото алат”
Акын Атахан Кожогуловдун «ИСТФАК, 9-ЖАТАКАНА, 517-БӨЛМӨ» ырына карата сын пикиримде: «турмуштун ысык-суугун башынан кечирген, көз караштары бышып жетилген, өзүнүн айтаар сөзү бар, кандай жазса жараша турган такшалган акындарыбыздын бири», – деп баа берген экем.
Турмуштун ысык-суугун ким гана башынан кечирбейт. Арийне, баарыбыз эле турмушту терең түшүнө бербейбиз, турмуш университетинен өзүбүзгө сабак ала албайбыз жана ал сабакты башкаларга айтып бере албайбыз. А. Кожогуловдун “Шамал кайып” ырлар жыйнагын окуп отуруп, турмушту терең түшүнгөн, анын ысык-суугуна, ачуу-таттуусуна солк этпеген, жүрөгү миң бырчаланып турса да, жадырап-жайнап, жашоону сүйгөн акын экенине ынандым.
ҮШҮГӨН ҮЙ
Ал учурда үйлөр алды саналган,
түшчү эмес, эл оозунан, баяндан.
Кыйын күндө караан болоор киши жок,
кышта бир үй үшүп турат агарган!
Үшүп турат, терезелер, каалгалар,
тээ өткөнүн билген көрсө таң калаар.
Ушул үйдүн ырыс куту төгүлүп,
ээси бир кез бар бактысын жандаган.
Үшүп турат, адам өңдүү үрпөйүп,
үстү жука, кабак, кашы бүркөлүп.
Боройлогон канча кышты өткөрдү,
тагдырына бирде көнбөй, бир көнүп.
Ак саамайлуу канча жылдар саналды,
албууттанган тосту бороон, шамалды.
Акыретке кеткен эле ээлери,
аппак шыбы карайгандан карайды.
Жалгыз уулу, кеткен бойдон келбеди,
жалгыз кызы, башка жерди жердеди.
Жаркыраган көп үйлөрдүн жанында,
жалгыз үйдө жарык күйбөй ээндеди.
Кезегинде бакыт турчу байырлап,
короосунда кайың ырдап, тал ырдап.
Кадырлашып келген, кеткен үзүлбөй,
коломтонун оту турчу жалындап.
Ар бир жазда алма тегиз гүлдөчү,
эрке кызы, тентек уулу бийлечи,
Көктөм алып келип жаткан куштарды,
карап турчу тегиз болуп дүйнөсү.
Ырыс-кешик алып келчи таңдар ал,
алганына ак сүйүүсүн арнап ал.
Теребелин чыгарчы эле көркүнө,
терезеде гүлдөй аппак пардалар.
Андан бери жалдар өтүп зуулаган,
короо-жайды чөп басыптыр куураган.
Таштап кетпей жазда салган уясын,
таранчылар дубал боюн кырдаган.
Кан жолума чындыгымды сыйдырып,
качанкы бир кайтпас күндү ыр кылып.
Кышта бир үй мени дагы үшүттү,
карап турам, көздөн жашым кылгырып!
(2018)
Бул ырды жазып жаткандагы акындын абалын сезип турам. А. Кожогулов “Үшүгөн үйдү” бир орунда отура албай, бир тура калып, бир отура калып жазган. Бул ырды жүрөгүң тилинбей окууга мүмкүн эмес. Ар бир айылда минтип “үшүп” турган үйлөр эмес. Россияда ондогон айылдардын аңгырап ээн калганын айтышат. А дүйнө жүзүндө киши жашабай, шамал улуп калган шаарлар да жок эмес. Акындын ыры мына ошол ээн калып, терезе, каалгалары үшүгөн шаарлар, айылдар, үйлөр тууралуу. Жер бетинен канчалаган мамлекеттер жер менен жексен болуп, канчалаган элдер дайын-дареги жок кетпеди. “Үшүгөн үй” ошол мамлекеттерди, ошол элдерди эске салат.
Кыл калем чебери картинасын жаратып жатып, андагы ар бир боекко, ар бир сүртүмгө өзгөчө маани берет эмеспи. А.Кожогулов да такшалган сөз чебери катары ээсиз, ээн калган үйдүн терезеде тартылган пардасынан, коломтосунда күйүп турчу отко, үйдүн дайыма агарып турган шыбы карайып калганына чейин көз салып, бир кезде бака-шака түшүп, күлкү жаңырган үйдү эми таранчылар уялап, короо-жайды куурай басып калганын айтып, анын жандуу элесин көз алдыга тартат.
Акындын жүрөгүнөн сызылып өтүп, акыл-эсинде электен өткөн ойлор, турмуш чындыгы агы ак, карасы кара болуп, ак баракка түшөт. Жадагалса, жазып жаткан турмуш картинасын ак барактан да көргөндөй болосуң. Кокус ал сүртүмдүн бири кемип калса, жазганыңдын тузу кемип калчудай болуп, эч нерсени унуткарбай, көз жаздымда калтырбай жазганга аракет кыласың. Бул ырда эч нерсе унутта калган эмес, баары айтылган, ак баракка жазылган.
Биз жогоруда ырдын сырткы көрүнүшү тууралуу айттык. Эми ырдын подтексттине келсек, үшүгөн үйдүн лирикалык образында – биздин ар бирибиздин унутта калган жан дүйнөбүз, абийирибиз, ар-намысыбыз турат.
Акыркы жылдары турмуштун кыйынчылыктарына шылтап, кара курсактын камын гана көрүп, биз өзүбүздү унутта калтырдык. Курсагыбыз ток болгон менен, жан дүйнөбүз ачка. Акыл-эсибиз көртирликтин көйгөйүн гана ойлоп, руханий баалуулуктар, бийик идеалдар, ой-максаттар унутта калып, акыл-эстеги, жан дүйнөдөгү караңгылык – үшүгөн үйгө окшойт, жылуу сезимдерибиз, изги тилектерибиз – үшүгөн каалга менен терезе сыңары.
“Үшүгөн үй” – өзүн унутуп, өзүнүн ким экенин элес албай, эптеп эле күн өтсө, курсак тойсо болду деген адамдар тууралуу. Андай адамдар бийик-бийик заңгыраган үйлөрдө жашап, чоң-чоң кызматтарда иштеши мүмкүн.
Бирок, адам көкүрөктөгү МЕНин жоготуп, эч кимге жакшылыгы болбосо, жарыгы тийбесе, анын байлыгынан, бийлигинен не опаа!?
“Шамал кайыптагы” – “Чоң энем көз жумганда жазылган ыр”, “Карачы көңүл толкуп тургандыгын”, “Кыргыз жол”, “Карегимден дагы бир таң сөгүлдү”, “Үзүмүндөй бийиктеги булуттун”, “Апам өлдү, боройлогон кышта өлдү”, «ИСТФАК, 9-ЖАТАКАНА, 517-БӨЛМӨ», “Тагдыр далай муңга салып кейитти”, “Качанкы бир үмүтүмдү жандырдым” ж.б. автордун ойчул акын катары бышып жетилгенин, аталган ырлар жыйнагындагы ар бир ырына чоң жоопкерчилик менен карап, ийине жеткире иштегенин тастыктап турат.
А. Кожогуловдун аталган жыйнактагы “Менин жеңем” ырын “Шамал кайыптагы” шедевр ырларынын алды десек эч жаңылышпайбыз.
МЕНИН ЖЕҢЕМ
Менин жеңем сулуунун сулуусу эле,
мээрими бар жүрөктүн жылуусу эле.
Бакытына буйруган топук кылып,
байкем дагы келберсип туруучу эле.
Менин жеңем адамдын сырттаны эле,
мээнетенип үйүндө, тышта деле,
күлүп, жайнап туруучу күндөй чыккан,
байкем келип маанайын бузса деле.
Менин жеңем үйдөгү кутубуздай,
таттуу кылган тамакты тузубуздай,
жарык кылып туруучу үйүбүздү,
туурубузда талпынган кушубуздай!
Күлө багып кызыл кеч, таңда деле,
казанында эт-ашы кайнап эле,
үмүт менен баарыбыз жашап жүрдүк,
үйүбүздө береке жайнап эле.
Чурулдашып айылдын төрүндө кең,
ойноп калсак бирге өскөн теңим менен,
жылуу дешчи, башкача силердин үй,
сулуу дешчи, сеники, сенин жеңең!
Өзөн бойлоп, өзөндөн агабыз көп,
өйдө кырга биз чуркап барабыз көп.
Жанымдагы бир досум кыялданган,
жеңеңе окшош сулуусун алабыз деп!
Көңүлүмдү тим койбой буккан сырым,
көктү беттеп куш болуп учкансыдым.
Ойноп жүргөн боз улан балдардан да,
ойлой берип жеңемди кызганчымын.
Күндөй жайнап, кызыл кеч таңда деле,
күлкүгө бай биздин үй майрам эле.
Камын көрчү жеңекем келер күндүн,
казанында береке кайнап эле.
Бир күн көрдүм эчкирип сулаганын,
бакыт тунган күндөрдүн ураганын.
Байкуш байкем, көз жашы мөлтүлдөгөн,
жараткандан наристе сураганын.
Кабак чытпай, тыштабы, үйдө бекен,
кадырына калп эле күлгөн экен.
Канча жылдар өзүндө кайнап батпай,
байкем деле билгизбей жүргөн экен.
Кирген суудай күргүштөп акты жылдар,
кенедейден кынаптап жаздым ырлар.
Балбылдаган күндөрдүн карегинде,
байкем менен жеңемдин жаштыгы бар.
Онду бүтүп айылдан алыс кеттим,
окуймун деп, ой-тилек багып кеттим.
Бир күн келсем жайында каникулга,
бүлбүл шамы өчүптүр жарык кечтин.
Кирип келип муңайым санаа жедим,
“– Жеңем кана, жеңекем кана” дедим!
“– Кетти, келбейт” деди да, чыгып кетти,
карай албай көзүмө агам менин!
Баары турат урунган буюмдары,
гүлдөрү да терезе кырындагы,
көз урунса муунумду титиретет,
идиш-аяк жеңемдей туйулганы.
Мынча жылдар суулардай бачым акты,
мөлт, мөлт этип көзүмөн жашым акты.
Карегиндей жеңемдин балбылдаган,
күн кызарып тоолорго батып атты.
Менин жеңем сулуунун сулуусу эле,
биздин үйдүн куту да, жылуусу эле.
Бактысына буйруган жүрөгү эргип,
байкем дагы эрдемсип туруучу эле.
Биздин үйгө карааның тумар эле,
бассам, турсам абалым сурап эле,
билик болуп сен барың эртеңиме,
бийиктетип өзүмдү турар эле.
Медер кылып жеңемди каралапмын,
балалыкты бал татым аралапмын.
Борбор шаарга бараткан автобуста,
бакыт тилеп жеңеме бара жаттым.
(2020)
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласында” Сейит жеңеси Жамийланы балалык ууз сүйүүсү менен сүйүп, анын сүрөтчүлүк шыгы ойгонушуна, дүйнө таанымынын жетилишине чоң таасир берет эмеспи. “Менин жеңемдин” каарманы жеңесин дал ошондой эле балалык сезим менен жакшы көрөт. Бирок, Жамийла менен автордун “жеңесинин” айырмасы: Жамийла Садыкка күтүүсүз, ары сүйүүсүз тийип, арманын ачыкка чыгара албай, капалуу, суз күндөрдү башынан кечирип, күндөрдүн биринде согуштан жарадар болуп келген Даниярга ашыктык оту жанып, аны менен качып кетсе, “Менин жеңемдеги” жеңе үйгө жылуулук берип, жарыгын чачып, береке киргизген аялзаты, үйдүн куту. Тилекке каршы, согончогу канабагандыктан, өзү жарыгын чачып отурган үйдүн күнүн түнгө айлантып, кызарган күндү тоого батырып, бакыт табам деп келген үйүн, бактылуу кылам деген өмүрлүк жарын күйүткө батырып, ал үйдүн босогосун аттап чыгып кетүүгө аргасыз болуп отурат.
Мындай тагдыр ондогон үй-бүлөлөрдө бар. Баласыздык бактысыздыкка апкелип, жүздөгөн үй-бүлөлөр бири-бирине бакты каалап, айласы кош айтышууга туура келет. Өмүрлүк жубайлардын ортосун бир кезде алоологон сүйүү да сактап кала албайт. Аял да, эркек да турмуштун бул башка салган сыноосу менен келишүүгө мажбур болушат.
Атахан Кожогулов турмушта көп кездешүүчү ачуу чындыкты баяндоодо каармандарынын жан дүйнөсүндөгү ички толгоолорду, психологиялык учурларды ийине жеткире, окуган окурманды “аттиң” дедиртип, бармак тиштей турганчалык чебер сүрөттөп, мыкты, такшалган сүрөткер экенин далилдей алган.
Акын Атахан Кожогуловдун ырга деген ак булуттай жумшак пейили, поэзияга болгон аруу мамилеси, дегеле жашоо кредосу “Келээр деп күткөндөйсүң жолду карап” аттуу ырында так жана таасын чагылдырылган.
* * *
Келээр деп күткөндөйсүң жолдо карап,
куштардай канат кагам, ой сабалап.
Жыгылсам тоолор гана көтөрө алат,
ыйласам ырлар гана соорото алат.
Агылдым алыстагы жылдарыма,
ак дайрам бир мемиреп тынбады да.
Ырларды ыйлап жаздым, муңдап жаздым,
ырларым жүрөгүмдү тыңдады да.
Ойлорум ымыркайдай телчигүүдө,
жараткан жарык болуп бер сүйүүмө.
Умтулдум бийиктеги бийиктерге,
умтулдум мелмилдеген мейкиниме.
Асылды билет дешет асыл баалап,
жакынга күйөт дешет жакын карап.
Кылчактап тиктей берем кеткен жагың,
карегим эмнегедир жашылданат.
Магдырайм күчтүү шарап бойго тарап,
билбеймин кимдер кандай ойдо калат.
Жыгылсам тоолор гана көтөрө алат,
ыйласам ырлар гана соорото алат.
(2021)
Ар бир адамда көкүрөктө жашап, эгерим башка бирөөгө айтылбай турган өкүт, адамдын өзү менен бирге кете турган арман болот. Бул өкүт, бул арман А.Кожогуловдо да бар окшобойбу. Ал акыл менен эстин, өң менен түштүн, кубаныч менен кайгынын ортосундагы, аларды бириктирип да, ажырымдап да турган өкүт, арман. Ал өкүттү эч кимге айта албайсың, ал арманыңды эч ким менен бөлүшө албайсың. Ошон үчүн акын /“Жыгылсам тоолор гана көтөрө алат, /ыйласам ырлар гана соорото алат”, – деп өзүнө өзү дем берип, жүрөгүн тыңшап, акылын пештеп, өзүн сооротуп жатат.
“Шамал кайып” – бүгүнкү кыргыз поэзиянын бийиктигин көрсөткөн, ыр дүйнөсүнө жаңылык, табылга апкелген, ары акын Атахан Кожогуловдун такшалган акын болгонун дагы бир жолу тастыктаган ыр жыйнак болуптур. Алдыда далай адабий сыйлыктар жарыяланып жатат. Кайыптан болуп, аталган ыр китеп ошол сыйлыктардын бирин алып калышы ажеп эмес. “Шамал кайып” абройлуу сыйлыктардын аброюн арттырса арттырмак, асти уятка калтырбайт деген ойдобуз.
Акындын сыясы кургабай, алыс чуркасын дейли. Азыр анын баралына келип, ойлору жетилип, тоо дайрасындай нугуна сыйбай турган мезгили.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 6-декабрь, 2022-ж.



