Юкио МИСИМА: «Сүйүүм сага аманат»
(пьеса)
Катышуучулар:
Ханако – акыл-эсинен айныган аябай келишимдүү сулуу кыз,
Хонда Жицуко – кырк жаштагы али турмушка чыга элек сүрөтчү аял,
Есио – жаш жигит.
* * *
Жицуко Хонданын өнөрканасы. Саргайган күз мезгили. Ала көлөкө самсып кеч кирип келатат. Башаламан бөлмө кимдир бирөө бул жерден көчүүгө камынып жатканын айтып турат. Жумшак отургучта олтурган Жицуко гезит окуп олтурат. Гезитти таштай салып, ордунан атып турат. Кайра отургучка талп олтуруп, гезитти окуп кирет.
Жицуко: (Өзүнчө сүйлөнөт.) Баары убайран болду. Ушуга чейинки аракетимдин баары текке кеткени турат… Бул гезитти күкүмдөй тытып салсам элеби… Ой, жок, муну тытып салганда не? Андан көрө муну үстүртөн окуп бергеним дурус. Бул окуя кимдир бирөөнүн башынан өткөнсүп тим эле укмуш кызыктуу, жандуу кылып. Урматтуу атасын өтө сыйлаган тарбиялуу кыз өңдөнүп кыз өңдөнүп окуп берейин. Албетте, биздин атабыз анын үй-бүлөсүн Теңир ар тараптан сактайт деп эсептейт. Анын созулган жубайы жолдошун элде жок сулуу эсептейт… Тарбия көргөн кыз урпактарына дасторкон үстүндө баян айтып жаткансып божурап берейин. (Бөлмөдө дагы башка адамдар олтургансып айтат.) Кымбаттуу атаке, сен шаардагы эң ийгиликтүү адамсың. Жана да урматтуу менин апакем… Силердин сүйүктүү кызыңар… Силер кызыңардын сүрөт сабагы үчүн дале акча жөнөтүп келесиңер… Мына, кызыңар кыркка чыкса да, турмушка чыгайын деген кыпындай ою жок… Кыскасы мындай! Азыр кызыңар силерге гезитке жарыяланган бир макаланы сонун кылып окуп берет.
Гезитти үн чыгарып окуйт.
– Мм, демек мындай: «Дульсинея жиндинин трагедиялуу сүйүүсү”. Темир жол бекетиндеги байыркы рыцардын сүйүү баяны… Ар күнү жааган жаанга, куйкалаган күнгө карабай темир жол бекетиндеги скамейкада айдай сулуу акыл-эсинен айныган кыз олтурат. Колуна желпингич кармап алган сулуу темир жол бекетинде ары-бери өткөндүн ар бирин көз менен сыдырып тиктейт. Эмнеге дебейсизби? Болгону өзүн өзү кыйнап, азапка салып, кайра эле эчтекеден жок скамейкада бозоруп олтуруш үчүн. Биздин кабарчыга колундагы желпингичти бир мырза аманат калтырганын айтат. Тагыраагы, ал мырзага дал ушул жерде жолуккан. Кийинки жолукканга дейре мырза ушул желпингичти ага аманат калтырып кетет. Бетине ак карлуу пейзаж түшүрүлгөн эркектер үчүн желпингичти акыл-эсинен айныган кыз колуна бек кармап алган. Тиги алдап кеткен бети жок мырзага биздин сулуу аялдарга таандык бетине көлмөдө чагылган айдын элеси түшүрүлгөн желпингичин аманат калтырыптыр. Тиги мырзанын экинчи кайрылып келбеши анык. А биздин сулуу өзүн азапка салып аны дале болсо үмүт менен жол карап күтүп жүрөт. Кыздын аты Ханако. Бекеттеги күзөтчүнүн айтканына таянсак, бул сулуу баланча көчөдө жайгашкан түкүнчө номердеги үйдө Жицуко Хонда аттуу сүрөтчү аял менен бирге жашайт…»
Ооба, дал ушинтип жазылыптыр: «Баланча даректе Жицуко Хонда айым менен бирге турат…» Гезиттин жаңы саны! Демек буга чейин башымдан өткөндүн баары суудагы көбүктөй эзилип эчтекеге арзыбай калды, Ханаконун портреттерин көргөзмөгө койбогонум да чеки иш болуптур. Эмнеге аны ушуга дейре жашырып жүрдүм экен? Көргөзмөгө койсом, мунум көпчүлүккө жагып, балким сыйлыкка да көрсөтүлүп калмак белем. Бирок! Ханакого жолуккан күндөн бери көргөзмөгө башка сүрөттөрдү жөнөтүп жүрө бердим. Бирок аларда менин кыпындай изим калган жок. Баары кайра артка кайтарылып алынды. Эмгегимдин баары текке кетти. Ханако менин колумда өмүр бою кала тургансып маалкып жүрө бергенимди карачы. Мына эми! Иштин баары теңирден тескери жагына ооду. (Гезитти кайчы менен күкүмдөй майдалап кыркып кирет.) Акыр бир күн ушундай болмок. Ханакону байлап калмак белем. Бирок кандай кылган күндө да ал мурункусундай эле өз башын кайгыга малып, акыры өзүн өзү ошентип жеп тынмак. Кутучага салынып бирөөнүн утурумдук эрмегине айланган коңуздан айырмасы жок жан, куруп кеткир. Менде эми башка арга калган жок, болор иш болуп, боёсу канып жатып калды.
Бүгүн болбосо эртең элдер акылынан айныган желпингич кармаган сулуунун тагдырын териштирип башташат. Баягы Есио аттуу күткөн мырзасы гезитте жазылган дарек боюнча учуп-күйүп жетип келбесе болду. (Чый-пыйы чыгып карайлап калат.) Бир жактарга качып кетиштен башка айласы калбады. Бул жайдан тез жоголуп кетпесек болбойт! Эми эмне кылам десең, катыгүн! Бул жерге көпкө дейре жолобой турганым дурус. Анан кар жаады, из басылды болуп мунусу да тынчып калар. Күткөн мырзасы муну биротоло таштап салса, Кудай жалгасын эле. Ал көйрөң мырзасы муну акыр бир күн издеп келчүдөй шойкому бар.
Бүгүн кечинде жылбасак болбой калды. Башка жолу жок. Кулак угуп, көз көрбөгөн жактарга… Кийин бизди жердин жети түбүнөн болсо да таап алсачы. (Күлүп жиберет.) Өлүп кетпейби, түкүрдүм баарына. Башка эмне кылмак элем. (Кетишке камынып баштайт.)
Ханако кирип келет.
Жицуко: (Анын көңүлүн алгысы келип.) Ии, жарыгым, кайтып келдиңби?
Ханако: (Ашынган сулуу, каш-көзүн ашыкча боёнгон. Үстүнө кир костюм кийип, бетине карлуу пейзаж түшүрүлгөн желпингичти көкүрөгүнө бек кысып алган.) Эшикти ачык калтырсам болобу? Есио келип калса, түз кирип келгенине жакшы.
Жицуко: Жарайт, ачып коё бер. Бирок көпкө эмес. Сырттан ызгаар кыштын суугу уруп жатат.
Ханако: Азыр күз эмеспи. Туура айтамбы? Менин колумдагы күзгү желпингич. Албетте, бул ажырашуу желпингичи. Күзгү кусалык желпингичи. (Ыйлап кирет.)
Жицуко: (Колун анын далысына коюп.) Ыйлаба, садагаң кетейин. Есио бир күн сага сөзсүз кайтып келет.
Ханако: Бекетте бүгүн да аны эртеден кечке күттүм. Таң аткандан кечке дейре. Аны күтүп күлгө айланып күйүп бүтө турган болдум. Поездден түшкөндүн ар бирин абдан карап чыгам. Эч бири ага окшобойт. Адам аттуунун баары чыныгы жүзүн жашырып беткап тагынып алгансып туюлат, тообо. Есиодон башканын жүзүнөн тирүүлүктүн эч белгиси билинбейт. Бул Жалганда эркек аттуунун жүзү эбак өлүп калган. Баары басып жүргөн тирүүлөй өлүк. Башынын ичи көңдөй. Колуна баштык кармап бекетте кумурскадай жыбырап ары-бери өткөн жандар. Жицуко, бүгүн да аны эртеден кечке күтүп өлө турган болдум.
Жицуко: А мен жашоомдо эч кимди күткөн эмесмин.
Ханако: Кеп мында деле эмес. Сага мунун эмне кереги бар. Негедир менин жаным күтүүдөн ыракат алып баштады. Кечки күүгүм менен көлмөдөгү айдын айкалышканы кандай сонун. Эрте менен кайрадан күн чыгат, а мен болсо күтүүнү улантам. Алсырап бараткансыйм. Азаптан жаным шалдырап баратат. Бул Жалгандан тирүүнүн баары күтүү менен өтүп кетишерин бирөө кулагыма шыбырап жаткансыйт. Бул жашоодо ар жанды күттүрүп жаратып койгонун карасаң. Күтүү мага муңдуу күңгүрөп жаткансыйт: “Ханако, көрөрүң ушул беле? Бир келген өмүрдү эмнеге бүтүндөй күтүүгө арнадың экен, байтаалай (Өзүн сайып көрсөтөт.) Бул дене мендик деп ойлойсуңбу? Мен ачылбай жаткан сандыкмынбы? Же ичинен бекип калган эшикминби? (Эшикти көрсөтөт.) Түш көрбөй тынч уктаган учурум болор бекен? Мен эмне? Көзүн ирмебеген куурчакмынбы?
Жицуко: Куурчак болгон күндө да, сен өлгүдөй сулуу куурчак болсоң керек эле. Бул Жалганда сенден ашкан башка да сулуу бар экенине күмөнүм бар. Билесиңби, өзүнүн өжүрөдөй тар жан-дүйнөсүн жарытыш үчүн көпчүлүк бардык терезесин кенен ачып койгусу келет. Анан? Ошентип баарынан кол жууп олтуруп калышат. А сенде, берекем, болгону көздөй гана жалгыз терезе бар. Ошол көздөй жерден сага бул жарыктан бүт аалам көлдөй толкуп-ташып кирип турат. Ошого сен жанда жок сулуусуң.
Ханако: (Анын айтканына маани бербейт.) Бүгүн да эртеден бери какайган скамейкада олтура берип, жамбашым талып түшүп калды. Эмкиде көк майсада олтуруп күтсөм окшойт. Ал келери менен, ордумдан ыргып турам. “”Ай-иий, Ханако, карачы! Көйнөгүңө чөп-чардын баары илээшип жүрөт», – деп этегимди кагып кирсе алтыным.
Жицуко: Сенин жылаңач денеңди караган мага кандай гана жагат дейсиң. Сеникиндей көйкөлгөн жылаңач денени эч бир сүрөттөн кезиктирген эмесмин. Көйкөлгөн көкүрөгүң, кымча белин… Ай астында, жер үстүндө демек мындай дене өмүр бою зарыга күтүп өтүшкө татыктуу.
Ханако: Эмне дейсиң?
Жицуко: Күткөн сага кандай жарашат! Сен күткөн сайын бу Жалгандын бар сулуулугу сага улам жармашып жаткандай ашынган сулуулугуң андан бетер артып барат. Сендеги көйкөлгөн дене, тирелген көкүрөгүң… Жараткан аялзатындагы сулуулуктун баарын алып, сага чаптап койгондой. Анан да мындай сулуу заадага эркектер башын сайганга даяр… Баары сенин колунда! Күтүүдөн улам кулпуруп баратасың.
Ханако: (Ага көңүл бурбастан.) Жаз, жай, анан күз… Бизде кайсынысы биринчи келет, жайбы же күзбү? Менин желпингичим мында турса, көлчүктөгү ай ойгонуп кетмек беле… Анда жай кирип келмек. (Желпингичти ачып-жаап ойноп кирет.) Ушул сүрөттөгү ак карлуу жайда турсам, кандай бактылуу болмокмун, ээ! (Желпингичти кайра жабат.)
Жицуко: Ханако, бир жактарга кетип жоголсок кантет?
Ханако: (Коркуу менен бетин колу менен жаап.) Эмнеге?
Жицуко: Есиону издейли. Азыр жөнөп кетсек болобу? Бүгүн кечинде жолго чыксакчы? Минтип темселеп жүрүшүңдө сен аны эч качан издеп таппайсың. Жүрү, издегенге жараша бүткүл жапон жергесин түрө кыдырып издейли. Шаардан шаарга, айылдан айыл кыдырып чыгалы. Сен экөөбүз. Карачы, кандай сонун. Жакында алтын күз баш багып, тоонун баары кызыл-тазылга боёлуп жатып калат. Ууртуңдагы жылмаюуулар алтын күздөй төгүлүп турушу үчүн сенин бир аз өзүңө келишиңди каалап турам. Жолго аттанып чыгып кетсек, мен аны издеп табышка бар күчүмдү арнаймын. Поездде жолуккан жигит аттуунун баарынан: “”Есио деген сен эмес белең?», – деп сурап чыкпасам, андака болоюн.
Ханако: Жок, жок…
Жицуко: Эмне, кеткиң келбей жатабы?
Ханако: Андан качып кеткендей болуп калсамчы?
Жицуко: (Коркунучтан калтырап-титиреп.) Качып кеткендей?
Ханако: Сен эч кимди күтүп көргөн эмессиң. Өмүрүңдө эч кимди күтпөгөнүң билинип турат. Күткүсү келбеген ушинтип качкысы келет. Жок, аны ушул жерден гана күтөм. Башка эчтекени уккум келбейт. Мага ачууланба, жарайбы? Эгерде мен биз жолуккан шаарда болгонумда, ал мени оңой эле издеп тапмак беле… Биз эчак жолугушмак белек. Бирок сен мени бул жакка алып келе бердиң… (Жерде жаткан гезиттин кыркындыларын байкап калат.) Ой!.. Бул эмне?!
Жицуко: (Өңү кубарып.) Эчтеке.
Ханако: Бул кар! Бул кар экени анык! Булганыч кар… (Гезиттин кыркындыларын бир топко дейре жерден терип алат да, башынан ылдый чачып жиберет.) Карачы, ай-иий! Кар себелеп жатат (Акыл-эсинен айныган жаны буга чындап ишенип.) Ооба, кар жаап жатат. Кыш кирип келди. Эми биз эч кайда кетпей койсок жарашат. Экөөбүз күзү менен жер кыдырып чыктык дейли. Мына, кыш да кирип келди, а биз жайыбызга кайра кайтып келдик.
Жицуко: Ойду-тоону сүйлөгөндү токтотчу, Ханако. Биз бул жерден токтоосуз кетишибиз керек.
Ханако: Жок. Кереги жок.
Жицуко: Түшүндүңбү дейм? (Ханакону отургучка түртө салып, аны тике карап үнүн өктөм чыгарып айтат.) Аны ушунча күткөнүң деле жетишет. Жүз жыл күтөсүңбү не? Өзүң ай-чырайы төгүлгөн жан болсоң. Бир күнү ал өзү алдыңа жалдырап келет, анан кубаласаң да кетпейт. Мени айтты эле дээрсиң. Мени түшүнүп жатасыңбы? Күткөндү коюп, издеш керек.
Ханако: Жок, бул жерден эч кайда жылбайм. Ушул жайдан бир карыш жылсам өлөйүн. Аны ааламдын кайсы бурчунан издеп тапмак элем. Издеген менен пайда жок. Аны ушул жайдан гана күтөм, каңгып жүрүп акыры кайтып келер. Асмандагы жылдыз сыңар бир ордумда аны күткөнүм күткөн.
Жицуко: Балким ал да сени бир ордунан жылбай күтүп олтурсачы?
Ханако: Сен эркектерди жакшы билбейсиң.
Жицуко: Ханако, эсиңе келчи, суранам.
Ханако: Эх, аябай чарчадым. А сен мени өлсөң да ойлоп койбойсун. Туурабы, Жицуко? Кудайдын куттуу күнү какайган скамейкада аны күтүп олтурушум керек. Суй жыгыла турган болдум. Кебетем деле келишип калгандыр. А балким роза гүлүндөй бажырайып тургандырмын. Алымдан кетип, бутумду араң шилтеп турам. Бир аз эс алсам кантет? Башымды жаздыкка жөлөп, биртке уктап алсам жакшы эле. Деңиз бетинде мемиреп жаткан алакандай аралча сымал. Кудум уйкудагы аралча сыяктуу. Аралча күн-түнү кимдир бирөөнү күтөт. Аралчадан деңиз көздөй кеткен жалгыз аяк жол күндөн-күнгө күтүүдөн узарып барат. Жээктен ары көздөй сүйүү кемеси акырын жылып жөнөгөндө, жээк жаткан аймак батып бараткан күндөн улам кыпкызылга боёлуп жатып калат. Ал жайда күндүзү ай да жарыгын чачып, түнкүсүн күн саамайы жүзүңдөн сылап турат. Саатка карап жашоо деген жок. Ошого колума тагылган саатты ыргытып жиберсем да болот.
Жицуко: (Кайгылуу.) Эмнеге?
Ханако: Анткен себеби поезддер анда эч кайда жыла алышмак эмес. Ал жайда убакыт ыргагы башкача нукта агат.
Ханако төркү бөлмөгө кирип кетет. Жицуко ордунда селейип катыган боюнча калат. Жерде чачылып жаткан гезит кыркындыларын байкай салып, шыпыргы менен аларды чогултуп, калакка салып, ыргытканы жатканда босогодо турган эркек кишини байкап калат.
Жицуко: Бул ким?
Есио: Саламатсызбы? Ханако бар болду бекен?
Жицуко: (Ага жакын келип.) Андай кыз бул жерде жашабайт.
Есио: Анын ушул жерде экенин даана билем. (Чөнтөгүнөн гезитти сууруп чыгып.) Ал тууралуу гезиттен окудум.
Жицуко: Гезитте жалганды урдуруп жаза беришет.
Есио: (Бөлмөнү көздөй бир-эки кадам аттап.) Суранам, Ханакону бир көрсөм болобу?
Жицуко: (Билип турса да, билмексенге салып сурайт.) Сен өзү кимсиң?
Есио: Ага Есио келиптир десеңиз эле болду, мени дароо тааныйт.
Жицуко: Бул ысым мага көптөн бери белгилүү. Кулагыма ушунчалык суук угулат.
Есио: (Унчукпай туруп калат.)
Жицуко: Сен чындап эле Есио экениңди мен кайдан билем?
Есио: Мага ишенбесениз, мына, колумда ал мага аманат калтырган көлчүктөгү айдын элеси түшүрүлгөн желпингич турат.
Жицуко: Түшүнсөм өлөйүн. Муну кайдан таап алдың?
Есио: Ушинтип айтарыңызды алдын-ала сезгем. Мага аны бир көрсөтүп коюңузчу, суранам…
Жицуко: Гезиттен ал тууралуу жазылган макаланы окуган соң, өзүңдү улуу сүйүүнүн баш каарманы кылып көрсөткүң келген экен да, кайран. Анан бул жерге учуп-күйүп жетип келдиң. Туура айтамбы? Үч жыл алдын талпактай таштап салганыңды эми гана эстеп, ойлонбостон чу коюп жетип келгениңе жол болсун, баатыр.
Есио: Билем, чеки иш кылганымды моюнга алам. Ээн-эркин басып калганыма бир эле жыл болду. Кийин Ханако экөөбүз кезиккен шаардагы жайдан аны издеп таппай койдум. Акыл-эсинен айнып калганда, гейшалык жумушун да кылбай калыптыр деген имиш кептерди уктум. Кийин кайсы бир сүрөтчү аял менен келишим түзүп, сүрөтчү аял аны Токиого алып кеткенин айтышты. Бар билгеним ушул. Демек сүрөтчү аял Сиз турбайсызбы, туурабы?
Жицуко: Ооба, мен. Кырктагы али турмушка чыга элек аял. Ал шаарга бир жарым жыл мурда бир нече күнгө зыяраттап баргам. Ресторанда конокто олтурган кезимде гейша аялдар ал тууралуу сөз кылып жатышканын кулагым чалды. Бир жолу жайында ал Токиодон келген кардар менен кантип жолукканы тууралуу кеп кылып жатышты. Мырза ага кайтып келишин убада кылып, колундагы желпингичин аманат калтырып кетет. Ошол күндөн тарта мырза аманатка калтырып кеткен желпингичти көрсө эле, ал мырзасы эсинен кетпей туруп алат. Анан аны эртеден кечке күтмөй адатка айланат. Гейшалык жумушун таштап, кардар кабыл алгандан да баш тартат. Мындан улам эч жерге батпай түрткүнчүк болуп, акыры бечара акылынан айнып тынат. Ушуну угар замат аны мага тезинен көрсөткүлө деп бир көрүшкө ашыктым.
Аны ичи караңгы көчүк айланбаган тар бөлмөсүндө олтурган жеринен таптым. Илмийген колунда желпингич кармап, жер тиктеп олтурган ал менин кирип келгениме көңүл да бурган жок. Качан мен озунуп сөз баштаганымда гана, менин жүзүмө тигиле карады. Анын айдай сулуу жүзүнөн таптаза ачык асмандай нур төгүлүп турганын көргөндө, оозума келме кирбей селейип катып калсам болобу.
Гейшаларды иштеткен кожойке аялдан Ханакону сатып алдым да, Токиого алып баса бердим. Ошондо бул бечараны алдап, сезими менен ойноп, анан талпактай таштап кеткен эркек сөрөйгө муну эч качан көрсөтпөйм деп өзүмө бекем убада бердим.
Есио: Колуңузда түзүк эле бир жарым жылдай жүрүптүр, эми мага кайтарып бериңиз, эжекеси. Жараткан Сизге ыраазы болсун.
Жицуко: Ушинтип кайрылсаң болот эле экен го. Тим эле мага убагында өткөрүп койгонсуп догурунуп күпүлдөп сүйлөйсүң.
Есио: Демек аны мага көрсөткүңүз келбейт… Башкача айтканда, сен аны бактылуу кылып жиберишине көзүм жетпейт дегени турасызбы?
Жицуко: Андагы үмүт менен күйүт менде да бар экенин билип жүр. Ханако өз бактысына жулунуп жаткан деле жери жок.
Есио: (Келекелүү жылмайып.) Демек, мен анын бактысына дагы балта чабайын деп келипмин да, туурабы?
Жицуко: Айтмакчы, ал азап тартуу менен барган сайын кулпуруп, сулууланып барат. Ага бирөө тоскоол болуштун кереги жок.
Есио: Анда эчтекеден коркпой койсоңуз деле жарашат. Мага аны бир көрсөтүп коюштан чый-пыйыңыз чыгып коркуп жаттыңыз эле го.
Жицуко: Менби? Коркуп жатамынбы? Ооба, туура, бир мен үчүн гана берилген бактылуу тагдырым баарынан бийик турат.
Есио: Башкасы жалган болсо да, ушул жерде чындыкты айттыңыз окшойт.
Жицуко: Бактылуу тагдырым дегенимди сен түшүнбөй калдың. Мен кенедей кезимден эч кимди сүйүп көрбөгөн, эч кимге сүйүлбөгөн жанмын. Мындан үмүтүм да болбогон. Жападан жалгыз жүрүп өттү өмүр. Бул да эчтеке эмес. Убагында мага сезимин билдирген мырзаларды оттон сууга, суудан кайра отко чапкылам салгым келер эле. Эркек аттууга сүйүлүп көргүм келбеди, таттуу кыялдарга магдырап жүрө бердим. Үмүт менен кыялдар аркылуу сүйүлүп көнгөн кимдир бирөөнү өзүмө тартып алгым келер эле. Ачыгын айтканда, жанда жок сулуу заада мени менен бирге жашап, менин азабымды кошо тартышын каалап келдим. Эгер анын жүрөгү бош болсо, демек ал жүрөк мага гана таандык.
Есио: Мм. Демек бактылуу тагдырым деп ушуну айтып жатасызбы?
Жицуко: Ананчы.
Есио: Бирөөнү эстен тана сүйүп же башкага сүйүлүп көрбөгөн жандар бара-жүрө таш боор болуп калышат дешет. Ушул чынбы?
Жицуко: Сүйүүнүн өзү жеткен мерээз, ашынган таш боор. Тигиндей же мындай деп айтыш деле кыйын. Эч качан азап тартып көрбөгөн сендеги аруу сүйүү да бир күнү таш боорго кабылат. А мага Ханакого үмүт шамын күн сайын, саат сайын жандырып турган майдай жагат. Болгону анда өчүп бараткан бир гана үмүт таптакыр өчүп жоголсо экен деп тилейм. Эркектик кааломду кандыра алармын дегенди менден үмүт кылбай эле кой.
Есио: Кыскасы мага бир нерсе анык болду… Сиз экөөбүз бири-бирибизге душман экенбиз, жылдызыбыз келишпейт. Анда Ханако сизден чекеси жылып кетеби? Ага үмүт отун жандырып, а мени ага кылтак катары пайдаланам деп жатасызбы? Анын алдына бүт дүйнөнү төшөп салышка кудуретим жетет.
Жицуко: Жаныңды жебечи, чоң жигит. Сен анын жан-дүйнөсүн таштай талкалап, ал үчүн Аалам мончоктой чачырап кеткени качан. Сага окшогон жалганчы эркек сөрөйгө кайрадан тагдырын байласа эле, мындан агарып-көгөрүп кетмек беле.
Есио: Мен да ушуну ойлоп кыжаалатмын. Өзүң аныгын билбей туруп, бир нерсе деш деле кыйын.
Жицуко: А мен анын кайдагы бир келечеги туңгуюк нерсеге башын тыгышын каалабай эле турам. Анын турган турпаты эле алтынга алмашкыс өзүнчө ажайып дүйнө, эч кимге табылгыс байлык. Кой, айланайын иничек, кой. Тең теңи менен болгону жакшы, а сага да өзүңө ылайык башка шоркелдей жан маңдайына жазылып тургандыр.
Есио: Сөздү тегеретпей, ыксыз кычыбай, жөн айтыңызчы. Билип турам, мен аны баары бир таап алат деп коркуп жатасыз.
Жицуко: Сен эмнени билмек элен… Эч кимге сүйүлүп көрбөгөн мендей кексе жападан жалгыз калбаш үчүн кандай гана амал табарын сен билбейсиң. Сен кимдир бирөө сезимиң менен ойноп, жүрөгүңдү багынтып, анан ара жолго ташталып калган жан эмессиң, ошого мындайга баам-парасатың жете бербейт.
Есио: Ханакону бир көрсөтүп коюңузчу дейм!
Жицуко: Кыйкырбачы, бай болгур.
Есио: Эгер көрсөтпөсөңүз, анда өзүм издеп табам.
Жицуко: Ии, жаштык жана ашыктык кумары сага бар тараптан бап келип жарашып турган убагы эмеспи. Ар бир жүрөк кулпусун ачып жиберер дараметиң жетиштүү. Таалайлуу менен талашкым келбейт, каргага теңелип, каздын буту сыныптыр болбойун. Тиги турган чемодандарды көрдүң да? Токтоосуз түрдө бул жайдан чыгып кеткени жаткан кербезим. Сенден качып кутулбасам элеби.
Есио: Ханако да кошо кетем дедиби?
Жицуко: Жок. Тескерисинче буга аябай ачууланды. Ошого тултуюп жатып алды.
Есио: Демек акыл-эси ордунда экен.
Жицуко: Жок, тескерисинче бул анын акылынан айнып, оомал-төкмөл болуп калганын билдирет.
Есио: Демек Сиз Ханакону бар балээнин чеңгээлинен сууруп чыгам деп жаткандайсыз. Мындан азап тартпай, тескерисинче жан-дүйнөңүз жыргап жатканын аңдап жатасызбы?
Жицуко: Мен Ханакону акылынан айнып калгандан кийин гана көрдүм. Акылдан азганы анын ажарын андан бетер ачып жибергени укмуш. Акылдан азган соң анын башын карайлатып жүргөн эски тажатма, адепсиз кыялдарынан арылды да, теңдеши жок ажарлуу айымга айланып чыга келди. Балким, буга сенин түшүнүгүң жетиши кыйындыр.
Есио: Айтыңызчы, деги каалаганыңыз эмне? Курулай таттуу кыялдан жаныңыз жай алган бир кокуй окшойсуз?
Жицуко: Тапкан экенсиң таттуу кыялды! Ар кайсыны айтып, менин башымды кайдагы жок нерселерге оорутушка мажбурлай бербечи.
Есио: Мен Сизди эч нерсеге мажбурлабай эле турам.
Жицуко: (Кыстоого салып.) Кетчи бул жерден.
Есио: Дагы кайсы жыландын башын кылтыйтып жатасыз? Кумардан кана баарлашып алгандан кийинби?
Жицуко: Мен корком. Коркунучтан өлгөнү турам.
Есио: Азыр эмнени сезип жатканыңызды эң сонун билип турам.
Жицуко: Кокус ал акыл-эсине кирип оңолуп кетсечи?
Есио: Акылынан айныган күндө да, ал Сизге караганда төөлүк өйдө.
Жицуко: Анан менден биротоло кетем деп айгай салып чыксачы?
Есио: Анда Кудай жалгасын эле.
Жицуко: Анда мен турган жеримде аркы дүйнөгө аттанып кетсем керек.
Есио: Аркы дүйнөгө? Кудай жалгасын эле деп жатпаймынбы. Ханаконун мындан кылы кыйшайып кетпейт. А эгер мен аркы дүйнөгө узап кетсем, анда…
Жицуко: Ханако кайгысына муунуп өлмөк дейсиңби? Жок, анда ал үчүн өтө сооп иш жасаган болор элең. Ушундан көрө бир карыш жипке асынып өлүп алсаң жакшы болмок, ошондо ал сенден биротоло түңүлүп, белди бек бууп жаңыча жашоосун баштамак беле.
Есио: Ошондо Сиздин күнүңүз Ханакосуз да өтмөк. О, кой, эжекеси, ыраазымын Сизге. Ыракмат. Кудай өмүрүңүзгө береке берсин.
Ханако уктап жаткан төркү бөлмөнү көздөй жөнөйт.
Жицуко: Кайт артыңа!
Есио: Ханако, мен келдим!
Жицуко: Жетишет болду! Кет бул жерден. Ансыз да баятан бери менин башымды оорутуп бүттүң.
Есио: Ханако! Ханако!
Жицуко: (Анын бутуна чөгөлөп.) Суранам, кетчи бул жерден. Чыгып кетчи, бай болгур.
Есио: (Андан боюн ала качып.) Ханако! Мына желпингичти карачы. Аманатты эстединби? Көлмөдөн чагылган айдын элеси түшүрүлгөн желпингич. Ханако, кайдасың берекем?! (Желпингичти ачып жиберип, Ханако жаткан бөлмөнү көздөй жөнөп калат.)
Жицуко: Ай, куруп кеткирдики, ай! Ай, өлүгүңдү кана көрөйүн бейдаба. (Бетин баскан бойдон жерге күп кулайт.)
Төркү бөлмөнүн эшиги акырын ачылып, ичкериден Ханако чыгып келет. Колунда баягы желпингич. Көпкө жымжырттык өкүм сүрөт. Ханако акырын басып Есионун жанына келет.
Есио: Бул мен – Есио. Сени көпкө күттүрүп койдум окшойт. Менден кетсе кечир, Ханако берекем. Сен аманат калтырган желпингичти тумардай аздектеп сактап жүрдүм.
Ханако: Мен берген… желпингич…
Есио: Ооба, көлмөдөгү ай элеси түшүрүлгөн. Сендеги ак карлуу пейзаж түшүрүлгөн желпингич меники эмес беле.
Ханако: Сеники… сеники эмес. А желпингичке эмне болуптур? Сага желпингичтин эмне кереги бар?
Есио: Андай эмес. Бул сен үчүн, Ханако, бул бир гана сен үчүн.
Ханако: Мен үчүн… желпингич…
Есио: Мени түшүнбөй жатасыңбы, Ханако?! (Ханакону далыдан кармап силкилдетип кирет. Ал арада жерде оонап жаткан Жицуко өзүнө келип, жерден өйдө болот да, экөөнү кабагын чытып тыржыйып тиктеп калат.)
Ханако: Есио?
Есио: Ооба, бул мен – Есио!
Ханако: (Аны көпкө тиктеп турат. Анан акырын баш чайкайт.) Жок, сен башкасың. Таптакыр башкасың.
Есио: Эмне дейсиң? Сага эмне болду? Мени унуттуңбу?
Ханако: Болгону сен ага куйгандай окшош экенсиң. Анын башын алып, сага кадап койгондой. Кудум мен кыялымда эңсеген ханзаада. Бирок баары бир сен башкасың, ай астында, жер үстүндөгү эркек аттуунун жүзү эчак өлүп калган. Есионун жүзүндө гана тирүүлүктүн нуру байкалып турар эле. Жок, сен Есио эмессиң, жүзүңдө өлүүнүн изи бар.
Есио: Эмне?! Эмне дейсиң?
Ханако: Сен тирүүлөй өлүксүң дейм. Жүзүң сенейип катып калыптыр. Өлүк көздөр менен мени антип теше тиктебечи.
Есио: О, кокууй, эмне дейт?! Мени жакшылап карачы. Кел, дагы абдан үңүлүп кара!
Ханако: Келдим, көрдүм жана сездим… Ким экениңди сенден да жакшы билип турам. (Жицукого кайрылат.) Жицуко, мени дагы алдап курутайын дегени турасыңбы? Менин башымды айлантып, анан бул жерден көчүп кетиштин айласында ушул бейтаанышты көчөдөн таап келе калдыңбы? Кайдан таап келдиң муну? Бул мырзаны таанысам өлөйүн. Есионун ордуна бейтааныш бирөөнү сүйрөп келип, менин көзүмдү оюп салгың келдиби, бетпак?! Мен өмүр бою күтүп өтүшкө даяр адамды биротоло унутсун деп карбаластап жатасың, бети жок. Кечээ күткөм, бүгүн да күттүм, эртең да күтө берем… Бир гана аны күтүп, бир гана аны өмүр бою сүйүп өтөм. Алдан тайып, буттан чалынып калганча күтөм! Өлөр-өлгүчө күтөм! Аны жоготкум келбейт. Күтүп келдим, жана да күтө берем. Өлүү жүздөрдү бир тиктеп билген жаным аны тээ алыстан даана тааныйм.
Жицуко: (Есиого майин кайрылып.) Кой, кетип кал, садагасы. Сен эстүү жигитсиң. Ага теңелбей эле койчу, кетип кал эми.
Есио: (Күйбөгөн жери күл болуп.) Ханако!
Ханако аны тиктеп койбостон, отургучка барып олтурат да, жүзүн көрөрмандар тарапка бурат. Есио аны үн-сөзсүз карап калат. Көпкө созулган жымжырттык. Есио сыртка жөнөйт.
Есио: (Чыгып баратып.) Жакшы кал, Ханако. Мен кеттим. Сүйүүм сага аманат.
Ханако: (Аны бурулуп карабай туруп.) Жакшы бар. Эшикти сыртынан жаап кой. (Жицукону чакырат.) Келчи мындай.
Жицуко: Кулак сенде.
Сыртта кеч кирип баратат.
Ханако: Кеч да кирди.
Жицуко: Ии.
Ханако: Кечиндеси тоодон күн чыгат да, туш-туштан короздун кыйкыры угулуп баштайт. Туурабы? Менин аралчамда саатка карап жашоо деген болбойт да. Ал жайда убакыт ыргагы башкача нукта агат.
Жицуко: Ии, туура айтасың.
Ханако: Жицуко, бизге бир жактарга жер которуштун эмне кереги бар?
Жицуко: Кабатыр болбо, каралдым. Биз эми бул жайдан эч кайда кетпейбиз.
Ханако: Чын элеби? Эми эч кайда кетпейбизби? Кандай сонун жаңылык!.. Жицуко!
Жицуко: Ыя?
Ханако: Жанагы мырза… азыр чыгып кеткен. Ким ал?
Жицуко: Эмне, бизге бирөө келдиби?
Ханако: Ооба, жанараакта эле бирөө кирип, кайра чыгып кеткендей болду. Бир өтө маанилүү иштери менен келген окшойт.
Жицуко: Эмнеге?
Ханако: Билбейм, кыйкырып эле бирдемелерди айтып жаткандай туюлду. Айкырып-кыйкырып сүйлөгөн жандарды көрсөм эле, жиним шакардай кайнап кетет.
Жицуко: Ооба, мен да андайларды көп жактыра бербейм.
Ханако: (Желпингичти серпип.) Демек дагы күткөнүм күткөн. Эх, күтүүдөн куралган өмүрүм. Күн кечтеп баратат, а бүгүнкү өмүрүм күтүү менен дагы бир күнгө картайды.
Жицуко: Күт, садагаң кетейин, дагы күт. Билесиңби, мен өмүрдө эч кимди эч качан күтпөйм.
Ханако: Билем. А мен күтө берем.
Жицуко: А мен эч кимди күткүм келбейт.
Ханако: А мен өмүр бою күткөнүм күткөн… Ошентип күтүү менен кеч да кирди.
Жицуко: (Көздөрүн жайнатып.) Эх, адамдын опаасыз жашоосу!
КӨШӨГӨ
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ



