«Тыныстановдун таблицасы» жөнүндө

Ушу күнгө чейин кээ бир саналуу азаматтардын башында «Тыныстановдун таблицасы» деген табышмак жүрөт. Көп кишилер аны менден да сурашкан. Кээ бир адамдарга кандайдыр бир «сыйкырдуу» нерсе болуп көрүнөт окшойт! «Аны пайдаланбай калгандыкпы, эмне үчүн пайдаланбадык» деген, ал тургай, «адамдар пайдаланып алып, тымпыйып унчукпай жүрүшөт» деген күдүк ойлор да болбой койгон эмес.

Ал таблица эмне эле, кандайча пайда болду, чечмелеп берейин.

1930-жылдардын башталышында, мен окуумду бүтүрүп, элиме келген чагым. Тил, адабият институтунда иштеп калдым. Ал мезгилде тилде академик Н. Я. Маррдын «Яфетическая лектеориясы» өкүм сүрүп турган. Ал азиз окумуштуунун лекцияларын да мен студент кезимде көп уккамын. Анын шакирти академик И. И. Мещаниновдон да эки жыл окугамын. Кыскасы жогорку «тил теориясын» абдан эле өздөштүргөн кезим. Н. Я. Маррдын «сал, бер, йон, рош» деген төрт элементин казмалаn жүрчүмүн. Н. Я. Марр ал төрт элементин «байыркы уруунун аттары, тилдердин түпкү теги» деген сыяктуу чаргыткандарын да жакшы билем. Философ академик Деборин да ал тил теориясын жерге-сууга тийгизбей мактап чыккан. Кийин ал «теорияны» Сталин катуу сындап таштады.

Так ошол жылдары кыргыз тили жанданып, тилдин окуу куралдары түзүлүп, имла сөздүктөрү да, башка түшүндүрмөлүү сөздүктүн да өтө зарылдыгы келип турган чак. Сөздөрдү чогултуу маселеси катуу коюлган учур. Айылга дем алышка чыккан шакирттерre тыйын төлөп сөз жыйнатууга да кам урдук. Эч нерсе чыкпады. Сөздү кантип жыйноо табышмак болду да калды.

Бир күнү Касым менен маектешип отурганда: «Ээ, Касым, Н. Я. Маррдын «сал, бар, йон, рош» дегендери уруунун аты эмес го. Тилдердин негизи деле болуп жарыбайт го. Ал «сөздөр» – тилдеги үндүү-үнсүздөрдүн, каткалаң-жумшак тыбыштардын айкалышы эле го» дедим. Касым ыраматылык өтө сезгич адам эле. «Ырас эле, тилдеги тыбыштардын айкалыш закондорун тапсак, сөздөр жасала берет эмеспи!» деди. Ошол жерде эле үндүү тыбыштар менен үнсүз тыбыштарды бир-бири менен сүзүштүрө баштадык. Сөз жасала берет экен. Сөз эмес «сөз» деле жасалат экен. Эртеси экөөбүз отуруп алып, төмөнкүдөй «таблица» жасадык:

А             Б           А

Э             Т           Э

О             Ш         О

Ы            П          Ы

И             Ч          И

У             С          У

Ү

Ушул тикесинен турган тамгаларды өзүнчө тасма эле кылып, сөздөр жылыштырганда да, сөз эмес тыбыш айкалыштары да жасала берди. Болду, бизге иш табылды. Касым таң атканча ойлонуп, эртеси дагы «таблица» жасадык. Бул «теориябызды» кызматташтардын ортосуна салдык. Жактырышты. Муну эми биз «тилдеги табылга (открытие)» деп, Эл агартуу министрлигинин коллегиясына коймок болдук.

Касымдын ич оорусу бар болчу. Жыл сайын курортко кетчү. Дайыма «Боржом» иччү. Өзү үй-бүлөлүү. Келим-кетими көп. Мен абдан эле тыңмын. Бойдокмун. Акчаны, кайда коёрумду билбейм. Атама «үй сал» дел акча да жиберем. Комсомолдор «франт» (сылаңкороз) деп айтабы деп, кымбат баалуу кийим кийгенден да айбыгамын. Иши кылып мен абдан эле тыңмын. Ошентип, «Таблицага» Касымды автор кылдык да Коллегияда токтомду «табылга» (изобретение) деп чыгарттык. Бул«Тил илиминде жаңылык» деген наамга Касымды ээ кылдык. Мен ушундай темада «Кызыл Кыргызстан» гезитине кабар жазмакчы болдум. Аны «табылга» деп таап, Агартуу комиссариаты чоң акчалай сыйлык берди. Мен кичине кабар да жаздым. Ой ошол жазган кабарымды Самаганов Жээнбай таап алып, «эл душманын Карасаев мактаган» деп, көрбөгөндү көрсөттү!

«Таблица» менен сөз жыйноону билип алгандан кийин, дегеле Касым экөөбүз кийимибизге батпай калдык. Дароо барып, «Түшүндүрмөлүү сөздүк» түзүп ийебиз деп «Кыргызмамбас» менен келишим да түзүп, 25 процент акчасын алып жибердик. Бул – курулай далбаса болчу! Сөздүн керт башын жыйнаган менен эле «Лутта» түзүлө калбайт да. Анын маанисин ачуу керек. Ал үчүн эл адабиятынан дүн маанисин ача турган сүйлөм чогултуу керек. Албетте «Лутта» түзө алганыбыз жок. Алган акчаны кайтарып деле бердик.

Бирок Касым ошол таблицаны кеңитип жасап, картон кагаздарга бекитип, бир топ сөздөр жыйнады. Атооч сөздөрдү бир кара дептерге жыйнап, ошого акча алганын билем. Этиш сөздөрүна албай калганын да билем. Ошол Касымдын «таблицасы» Институттун архивинде болуу керек. Бул «таблица» миф боло турган деле жайы жок. Ал сөз жыйноонун техникалык гана жолу болчу.

Коомчулук апыртып сөз кылып жүргөндүгү үчүн жооп иретинде жогорку түшүнүктү түшүндүрүү иретинде жогорку түшүнүктү жазып отурам. Эгер ошол «таблицаны» машинкага айландырса, сааттаманын мүнөт, секүнтүндөй жылып, тегеретсе – сөздөр жазыла берет. Ар бир диалектинин өкүлдөрүн олтургузуп коюп, машинканы бурай берсе, диалекти өзгөчөлүгү деле табылат. Дагы айтам, сөздүн коколой башы чогултулат. Маани ачылбайт. Сөздүн биз билбеген элдин адабиятынан табыла турганын жакшы билебиз.

Касым экөөбүздүн «Таблицабыздан» берекелүү эч нерсе чыкпаган соң, К. К. Юдахин басып чыккан эл адабиятынан сөз жыйноо, ошолор аркылуу тилибиздин кенчин ачуу жолуна түштүк. Калганы өзүңөргө маалым. «Таблицадан» андай сөздүк түзүлбөйт да болчу. «Карайлаган там сүзөт» дегендей, сөздү жыйнай албай карайлап жүргөн кездеги бир «ыкма» болчу. Муну коомчулук билсин деп жазып ютурам. Ар нерсе өз аты менен аталуу керек. Ошол «таблицадан» пайдаланып, кээ бирөөлөр кылтыйып жүрөт деген күңкүл болбоо да керек. Заманы, доору өткөндөн кийин кенедей нерсе тоодой болуп көрүнө берет турбайбы. Бирөөнү мактоого алганда, шуру-берметтин баарын ошол кишиге тага бермей бизге адат болуп калган. Мындайды алыстан издебей эле азүбүздөн издесек табылат. Ал эми бирөөнү жамандап алсак, бөркүн казанбактай да кыла беребиз. Бул көөнө мисал – К. К. Юдахин менен Х. Карасаев. Коомчулук – көрүп турса да көрмөксөнгө салат. Билип турса да билмексенге салат. Бул бизге бүткөн жаман адат. Мындайдан арылышыбыз керек.

Х.КАРАСАЙ уулунун эскерүүлөрүнөн

Аттокур Жапановдун фейсбуктагы баракчасынан алынды

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.