ЖАЗ жөнүндө ырлар сынагына келген кезектеги чыгармалар

 

24. ЖАЗ ЭРТЕРЭЭК КЕЛСЕ ЭКЕН

Катаалчылык жаратпай элибизге,
Көктөм эрте келсе экен жерибизге.
Талаа, түздөр, торгойлор безенишип,
Толсун кокту, жылгалар кекиликке.

Кар алдында аскалар зеригишип,
– Көктөм келсе! – деп турат сени күтүп.
Аркар, кулжа чубалып капталында,
Ойношсо экен улактар секиришип.

Гүлдүн жытын сагынган көпөлөктөр,
Кайкып учуп, гүлдөрдү бөпөлөп жер.
Байчечекей теришип балдар жыргап,
Балкып турсун айлана-төгөрөктөр.

Алма, гилас, өрүктөр гүлүн ачып,
Адыр, тоодон туптунук суулар агып.
Кумурскадай мээнеткеч адамдары,
Кетмен кармап талаага турсун шашып.

25. Сагындым Жазымды

Жарадар жыландай, жаз, сага сойлоп кирдим.
Жалбыз жыттуу арыгың кыялда бойлоп кирдим.
Дүрбөлөң түшкөн дүйнөнү ойлоп кирдим.
Тирүүлүккө көзүм тойбой кирдим.
Жаз, келатасың Найман энедей,
Жүрөгүңө кадалып,
Манкурттук жебелер.
– Атпа, атпа, Жаз энени,
Пенделер, кеңкелес!
Атылган октон, жарылган чоктон,
жалындап оттор,
Жаз ыйлап келатат…
Адамдар үчүн…
Жаз күлүп келатат,
Мээрими агылып…
Ээлигип, кагылып…
Көктөмдү сүйүүлөр күтүшү лаазым,
Кел, күлкүлөр менен жазым…
Боюмду күзгүдөн көрүүгө зарыктым,
Чачтарым жел күтөт сылаган.
Сагындым жамгырдын тамчысын,
Жапжашыл адырлар кырлардан,
Чуркаган күндөрүм,
Кайдасың?
Күнүмдү жылмайган,
Айымды нур чайган…
Сагындым Жазымды
сырттагы…
Суналган боюма үргүлүп,
Күн болуп тиет кызым чыгыштан,
жаркырап, жылмайып.
– Кандайсыз, Апа!?
– Жатам… Шүгүр, Кудайга!
Неберелер үндөрү таптаза, шыңгырак!
Кулактын түбүндө, булактын үнүндөй күлкүлөр
Угулат…
Уулумдай, … балам да… көзүмдү караган. Жакшылык санаган баары адам, желеден жазышат…
Ошентсе да Жаз сени сагынам… Сырттасың. Мен үйдүн ичинде. Жатамын ичим жеп.
Эрибей калган бир муштум кыш карындай, күтөмүн Жаз жамгырын…
Байчечек гүлүндөй үмүттөр жүрөгүм ээлеген,
Көңүлүм көтөрөт дембе-дем.
Өзүмө дем берем…
А сыртта…
Үмүткөр мен күткөн бүчүрлөр,
Бадамдар, өрүктөр, алчалар гүлдөгөн!
Жазга жолугамын, ал мени жашыл көйнөк тосуп алат..
Учушат көпөлөктөр кадамымдан…
Тай-тай, тай! Жаз менен жарышып,
Наристе баладай басууну зарыгып күтүп жатам…
Тай… Тай… Жаз…

26. Жүрөгүмө гүл тикти

Ачылып дүбүрт, дүбүрттөн,
Тирүүлүк дүйнө эшиги.
“Өлбөгөн кулга жаз келди”,
Термелип өмүр бешиги.

Кыштын да суугун тоготпой,
Жер деми менен бүрдөгөн.
Байчечекей өжөр гүл,
Кар койнунда гүлдөгөн.

Жаз жыты козгоп делебе,
Ташкындап жанда кан ойнойт.
Чагылган чагып ширеңке,
Удургуп булут чок оройт.

Кактанып күнгө олтурсам,
Магдырайт көзүм илинип.
Жаз аттуу бир кыз жүрөккө,
Түшүмдө кетти гүл тигип.

27. Жаз деми
Мемиреп жаз жыттанган аппак таңым,
Эргүүмдөн чыккан ырды сага арнайын.
Асманда Чолпон жылдыз көркүн кошуп,
Сезимди кытыгылайт ал ансайын.

Жазымдын жагым нуру дүйнө өбөт,
Жер жайнап байчечекей гүлүн төгөт.
Келгин куш түркүн үндө безеленип,
Дыйкандар мол түшүмдүн камын көрөт.

Ушинтип жаңыланат бүткүл дүйнө,
Жаз деми тоо-талаада, ар бир үйдө.
Тирүүлүк күүсүн чертип шаңкылдаган,
Табият таанылгыстай күндөн күнгө.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.