Акын Манас Алымбаевдин ырларына саресеп

Манас Алымбаев – калеми төшөлүп, ойлору көшөлүп, ашыкчасы өөнөлүп, уйкаштыктары түзөлүп, кемтиктери бүтөлүп, чала жерлери жетилип, саптары жалт берип, чийки жерлери бышып калган, баралына келип, арышын кенен таштоого дарамети жете турган кийинки муундагы акындардын бири.

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган поэзия сынагына жөнөткөн ырлары муну тастыктап, анын ырга, поэзияга жасаган аяр мамилесин ачыктап турат. 

ТААЗИМ САГА ПОЭЗИЯ

Төрөлгөндө ыңаалап ыргак менен,
Термелгенде бешикте “алдей” угуп.
Оозангансып арфадан апамдан мен,
Даам татпадым, Поэзия, сендей улук!
Канат тактың Дедалдай, Икар болдум,
Күнгө учтум. Кой десең, тил албагам.
Кулап түштүм деңизге… Медузанын,
Пегас уулу болорун биле албагам…
Мени сага алып келди Кудай өзү,
Таазим сага Поэзия – Кудай Сөзү!

Пегас ээри – Айдын үч, чалкасындай,
Колдо камчым Тор Кудай балкасындай.
Сага толбой келет, ооу!.. Ыр куржунум,
кой кайтарган Мусанын калтасындай…
Ибрагимдей алоого ыргытылбай,
Жунус сымал балыкка жутулбадым.
Бейиш сымал бактымдан куулсам да,
Шарабынан шайтандын кутулбадым…
Адам сымал адашкан күндөрүмдө,
Оо, Поэзия, сен болдуң тутунганым…

Кайгы билбей жаштыгым Будда сымал,
Кайра баштан кайрылып, Сүйүүдөмүн.
Кайып болбой Ыйсадай мордон көккө,
Өзүм жаккан тозокто күйүүдөмүн..
Кайласты издейм Тибеттик кечил сымал,
Кайда Парнас – эргүүсү алп чокулуу?!..
Молдо, акындын көбөйүп чалалары,
Кайран ырлар бузулду калп окулуп.
Куран өзү – эң Улуу Поэзия,
Ошон үчүн муюйбуз жалпы отуруп…

Байронго окшоп бутуман аксабадым,
Пушкин сымал дуелге түшүш кайдан.
Бир күн үйгө камалсам чыдамым жок,
Эркиндикти Хикметтей күтүш кайдан…
Есениндей эркелеп кетмейим бар,
Издегендер табышып “ичиш” жайдан.
Тургунбайды, Мидинди туурап жүрүп,
Туугандарга тийбеди “кипиш” пайдам…
Калп айталбайм бир сага Поэзия,
Калбайм, калбайм чын, “алып-учушмайдан”…

Сен жанымда бар үчүн дос да күттүм,
Көңүл айттың, канча ирет дос жоготтук.
Каламдаштар унтушуп саламдашпай,
Канча жылды экөөбүз бош короттук.
Акыл, сүйүү айтылат сени менен,
Сенсиз кимдин эстелмек керээзи, ыя?
Алыс эмес мен кетчү күнүм деле,
Жакшы сөз айт артыман – ПОЭЗИЯ…
Мени сага алып келген Кудай өзү,
Таазим сага ПОЭЗИЯ – Кудай сөзү!!!

09.07. 2022-жыл.

Чаңгет, Ак-Таш жайлоосу

“ПОЭЗИЯ – Кудайдын сөзү” деген маанайдагы ойлорду канаттуу ырга айланткандардын алгачкысы Манас Алымбаев эмес. Буга окшогон ойлор буга чейин деле айтыла келген, мындан кийин деле айтыла турганы турулуу иш. Бул ырдагы өзгөчөлүк акын поэзияга карата мамилесин, же тагыраагы сүйүүсүн билдирүүдө курулай патетикадан өйдө көтөрүлүп, ырдын анын жашоосундагы ордун көрсөтөт да, поэзия көкүрөгүндө жашаган үчүн бу оомалуу-төкмөлүү тирүүлүк барк-баасын түшүнгөнүн, дүйнөнү таанып билгенин, дос күткөнүн баса белгилеп, ырды көкөлөтүү менен, поэзиянын жаратман күчүн жар салгандыгында. 

Чыгармачыл адамды эл алдында башын бийик көтөрүп жүрүүгө дем берген, тааныш-билиш арасында кадыр-барк күттүргөн, канат бүтүргөн бул анын табият тартуулаган таланты. Кудай берген өнөрү бар үчүн анын айланасына достор топтолот, жар күтөт, тааныш табат, анын талантынын күйөрмандары пайда болот. Өнөрү бар адам, анын ичинде акын таланты менен катарындагылардан өзгөчөлөнөт, айырмаланат.

Ырдын таттуу даамын, анын бүт дүйнөлүк жүгүн көтөрүү үчүн баш байлаган калемгер анын ачуу, кермек даамын да татат. Бул ырды автор бир күлүп, бир жылмайып, бир муңканып, бир ачуурканып, бир жаны ачып отуруп, ою онго, санаасы санга бөлүнүп жазганы ырдын ар бир сабынан көрүнүп туру. 

Оболу Куранды поэзияга теңеп, анан сөз аягында оюн жыйынтыктап жатып, “поэзия – Кудай сөзү” деген ишенимдердин ортосунда далай толгонуп, кабыргасы сөгүлсө керек.

Акын адам поэзияны ар нерседен көрөт, туят. Дирилдеп жерге кулап бараткан жалбырактын өзүндө поэзия бар. Кыштын жааган ак карында, жаздын нөшүрлөп төккөн жамгырында, жайдын ысык аптабында деле акындын жүрөгүн терметкен ыр саптары жарала берет. “Куран өзү – эң Улуу Поэзия” экени да чындык. Ал асмандан арналуу түшкөн поэзия. Ырасында, минтип айтууга акындардын баары эле батына албайт. А Манас Алымбаев молдокелердин каарынан коркпой, Жараткан сөзүн поэзияга теңегени бул мыкты табылга.

Анын акын тагдырынын айрым бир үзүмдөрүн камтыган, агынан жарылган ырын окуп отуруп, оголе көп нерселер эске түшөт. “Есениндей эркелеп кеткени” бул анын каарманынын кыйындыгы эмес. Акын муну мойнуна алып, ал кемчилигин, жаңылыштыгын, ары алсыздыгын башкаларга сабак болсун үчүн айтып жатат. Кийинки муундагылар үчүн “ачуу” улуу муундагы акындар Райкан, Мидиндер “культка” айландыргандай, чыгармачылыктын ажырагыс нерсе катары каралбаш керек. Мээ сергек болгондо жакшы ойлор келет, курч сөздөр, көркөм уйкаштыктар табылат. Буга чейин акындар ачуу ичкенди мактаныч менен жазышкан. М.Алымбаев аны өкүнүч, кейиш менен жазып, ачуу адамдын тагдырын башкаларга түгүл өз туугандарына да пайдасы жок нерсеге айлантаарын айтат. 

Акын Сүйүнбай Эралиев Байдылда Сарногоевго ары ачууланып, ары таарынгандай: “Бул бала Кудай берген талантын кор кылды. Ачуудан татпай жазса, мындан да укмуш ырларды жазмак”, – деп кейиген тура. Анын сыңары, Улуу акындын ушул нускасы кийинки муундагылар үчүн кулагына күмүш сырга болгону дурус. 

Бүгүн биз таланттуу адам – бул аксөөк, мырза адам, ал акылдын көрөңгөсү уюган, сөзүнөн бал тамган, жүрөгү курч адам деген коомдук ой-пикирди жаратышыбыз абзел. Ч. Айтматов дегенде залкар адамдын: турган турпаты менен ак сөөк, мырзанын мырзасынын, тазанын тазасынын элеси тартылат. Айтматов майдаланган, бирөө тууралуу жаман айткан, жазуучулардын ортосуна чагым салган деп уктуңар беле? Жок, уккан эмеспиз. Себеби, ал ар качан ар кандай майда-бараттардан бийик болгон. Сүйсө аруу сүйгөн, анысын жаап-жашырган эмес, сүүйүгө кара санабаган, арам ишке барбаган адам болгон, ошон үчүн Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосундагы сүйүү тууралуу тамшанып сөз кылабыз. 

Же акын Аалы Токомбаевди, Түгөлбай Сыдыкбековду, Касым Каимовду алалы. Булар да орошон ойлуу, көрөңгөлүү, кеменгер адамдар болушкан. Кичүү муундагы таланттуу жаштар Ч. Айтматовго, Т. Сыдыкбековго түздөнүп, айкөлдүктүн жана кеменгердиктин, чынчылдыктын үлгүсүн көрсөтө баштаганда, коомчулуктун, анын ичинде окурмандардын арасында таланттуу адамдар тууралуу ойлору өзгөрө баштайт. “Акындардын чымын-чумуну, чиркейи болот дейт”, “артисттердин баары этегине чалынат турбайбы” деген сөздөр тарых бүктөмүндө калып унутулат. Акын өз ырында өз каарманынын мисалында ушул ойду айтат. Бул ырдын баалуулугу да, кайталангыстыгы да ушунда. 

Адам баласынын укум-тукум улап, жашоонун уланышы үчүн биз аялзатына, тагыраагы энеге милдеттүүбүз. Үй-бүлөнүн очогунда от күйгүзүп, үйүн жылуулап, жашоосуна жан киргизген бул эне. Энесиз үй караңгы, муздак, жансыз. Демек, тирүүлүктүн түркүгү – эне. Эне – жашоонун кыймылдаткыч күчү. 

Акын Турар Кожомбердиев “Эне жана коломто” аттуу ырында эне менен коломтону бири-биринен ажырагыс карагандай, М. Алымбаев “Түтүн” аттуу ырында үйүндө эне менен коломтону биримдикте карайт. Ырдын сюжети. композициялык курулушу анча деле татаал эмес. Шашпай, окуп чыгалы: 

ТҮТҮН

Аппак кыроо басып сыртта аңызды,
Малдар кепшейт чайнагансып сагызды.
Жылытсам деп бөлмөмдү да, дүйнөмдү,
Адатынча апам отун тамызды.

Үлбүрөгөн тирүүлүк ушу – боз түтүн,
Үлбүл жанып тутанууда меште отун.
Неге дейсиң? Үшүп келдим апама,
Үйгө от жагаар жан жок үчүн, эх, досум.

Барпы туулган Ачы жакты боз чалып,
Түтүнү жок, үйү музей – бош калып.
Ашыглыкты алп Апыздай жаза албай,
Мышык менен меш талашам, дос чалып.

Түтүнгө окшоп, кетет мага дүнүйө,
Киши кирбей түтүнү жок үйүңө.
Түтүн менен апам мени аластайт,
Чылым чегип, түтөп жатсам сүйүүмө.

Тааныш жолдор көз жумсам да бут көнгөн,
Көчө тааныш, ийри-буйру бүктөлгөн.
Түтөп жүрүп, өрт болгонум эстедим,
Бала кезде көргөн сырдуу түштөрдөн.

…Сарайды өрттөп… Эх, уулумдун жоругу ай,
Түтүндөрдөн кээде коркуп, корунам.
Түтөмөйүн күйбөйт окшойт жашоо оту,
Түтүн чыгып турсун досум моруңан!…

Автор каарманынын үшүп келгенине, апасы от жагып тосуп алганына басым жасоо менен, балага болгон энелик мээримди, эненин энелик касиетин даңазалайт. Сыягы, ырдын каарманынын үйүндө деле бир кезде от жага турган аялзаты болсо керек. Бирок, ал аялзаты чыныгы энелик касиетке өсүп жетпесе керек. Ырасында автор ал тууралуу сөз кылбайт, айтпайт, таптакыр деле эстебейт. Бирок, окурман ал үйдө аялзаты болгонун, бирок ал эне деген бийик касиетке жетпегенин, ошон үчүн автор аны сөз кылууга да арзыбайт деп ырына кошпой койгонун түшүнөт. 

“Түтүн” бир караганда, жөнөкөй эле ыр. Ырдын ар бир сабында башкалардыкына окшоп, кургак философия кыйкырып, же ырдын подтекстти аркылуу тири укмуш ойлор кылтыйып турбайт. Күнүмдүк турмуштун ыргагын ырааттуу баяндап, каармандын жан дүйнөсүндөгү өкүткө толгон толгонууларды, карама-каршылыктарды жаап-жашырбай, сыр төккөн ыр саптары аркылуу жүздөгөн, миңдеген адамдар кез келген, адам тагдырын талкалаган турмуш чындыгын акыйкаттайт. Ушул өңүттөн алсак, М. Алымбаевдин “Түтүнү” Т. Кожомбердиевдин “Эне жана коломтосунун” деңгээлине көтөрүлүп, анда айтылбай калган ойлорду, турмуш чындыгын толуктап турат. 

Манас Алымбаевдин ырлары – баралына келген акындын ырлары. Ал кайсы темада болбосун, эч кынтыксыз, көркөмдүгүн ашырып, сөздөрүнө сыр катып, жашырып, уйкаштыктарын катырып, эч өөн таппагыдай жаза алат. Станоктон чыккан коендой окшош ырларды, ГМО ырларды жазуудан азырынча алыс. Эптекей, элдир-селдир, эптеп эле “иттен чыгарган” ырларды жазып, чалды-куйду уйкаштыктарга, өзүн өзү кайталоолорго өтө элек. 

Бир убакта Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Табылды Мукановдордун жылдызы жанып, өз мезгилинин таасын таланттары катары таанылгандай эле, учурдагы улуттук поэзиянын жүгүн көтөрүп, анын учугун татыктуу улап, уучун узартып, анын кадыр-баркын арттырып, чыныгы поэзиянын уюткусун уюткан таланттардын катарында Манас Алымбаев да турат. Бүгүн Манас Алымбаевсиз кыргыз поэзиясын элестетүү мүмкүн эмес. Кеп, сыйлыкта, же калыстардын тандоосунда эмес, кеп табият берген талантты бапестеп багып, анын багын ачууда. 

М. Алымбаев мактоого дардайып калбай, же калыс баасын албай калса басынып калбай, көшөрүп эмгектенсе, ал багынта турган бийиктиктер али алдыда.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 30.11.2022-ж.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.