Рюноскэ АКУТАГАВА: «Бал»
I
1886-жылдын 3-ноябрынын кечи. Он жети жаштагы Акико атасы менен бал өтө турган «Рокумэйкан» клубунун кең тепкичинде өйдө көтөрүлүп баратышты. Жарык газ чырактары илинген тепкичтин эки тарабына тең жасалма гүлдөргө окшогон ири хризантемалар үч катар отургузулуптур. Үчүнчү катарда кызыл хризантемалар, экинчисинде ачык сары, биринчисинде кардай аппак. Алардын желекчелери чачы сыяктуу салаңдайт. Тепкичтин үстүнкү аянтчасындагы бий залынан, хризантемалардын катарлары аяктаган жерден чыккан оркестрдин тынымсыз шаңдуу үнү угулат. Акикону кичинесинен француз тилине жана бийге үйрөтүшкөн. Бирок бул анын жашоосундагы биринчи чыныгы балы эле. Ошондуктан, бул жакка келе жатып, арабада отурганда, ал маал-маалы менен суроо узаткан атасына туш келди жооп берип жатты. Кыздагы тынчсыздануу, кубанычтуу кооптонуу деп атоого көбүрөөк ылайык келген сезим, анын жүрөгүнүн тереңинде тамыр жайган болчу. Араба «Рокумэйкан» клубунун жанына токтогончо, Акико Токионун көчөлөрүн күңүрт жарык чачкан сейрек чырактарына чыдамсыздык менен көз чаптырып келе жатты.
Бирок, клубка кирер замат эле, тынчсыздануусун бир заматта унуттурган окуялар башталды. Тепкичтен жарымына чейин көтөрүлгөндө, алардын алдыларында бара жаткан кытайлык дипломатка жете келишти. Толугунан келген дипломат аларга жол бошотуп, Акикого суктануу менен карап калды. Ачык кызгылт бал көйнөк, мойнундагы назик көк баркыт, коюу, узун чачы, чачындагы жыпар жыттуу роза – ошол кечте кытайлык дипломатты таң калтырган Акико, чынында эле, цивилизацияга жаңы аралашып жаткан жапон кызынын сулуулугунун үлгүсү болчу. Аңгыча, тепкичтен ылдый чуркап келе жаткан фракчан жаш жапон жигит да өзүнүн токтоп калганын байкабай, башын бир аз буруп, Акиконун артынан суктануу менен тиктеп калды. Андан кийин, эсин жыйып, шашкалактап, ак галстугун оңдоду да, кайрадан ылдый, вестибюлге шашып жөнөп кетти.
Акико атасы менен экинчи кабатка көтөрүлүштү, ал жерде залдын кире беришинде конокторду нарк сактаган үй ээлери – бакенбардын ак аралай баштаган жана көкүрөгү ордендерге толгон граф жана Людовик XV доорундагы стилде кылдаттык менен ойлонуштурулган кийим кийген, күйөөсүнөн бир аз улуураак көрүнгөн жубайы тосуп алышты. Графтын сүрдүү жүзүндө пайда болгон суктануу Акиконун көз жаздымында калган жок.
Акиконун атасы, ак көңүл киши, кубанычтуу жылмайып, кызын графка жана анын жубайына тааныштырды. Акико бир чети уялып, бир чети кубанып турду. Бирок кызды каптаган сезимдер, ага текебер графинянын жүзүнөн бир аз оройлукту байкоого тоскоол болгон жок. Бий залы да гүлдөп жаткан хризантемаларга толгон эле. Бардык жерде атырдын жыты аңкыган абада, тор жакалар менен жеңдерин, пил сөөгүнөн жасалган желпүүрлөрүн үнсүз желпилдетип, кавалерлерин күтүп, бири-бирине кол булгалашкан айымдар жүрүштү. Акико дароо атасын таштап, ушул жасанган, кулпурган топтордун бирине кошулду. Алар сырткы көрүнүшү боюнча бирдей курактагы, дээрлик бирдей көк жана кызгылт көйнөктөрдү кийген кыздар болчу. Алар Акикону кубануу менен тосуп алышып, анын сулуулугуна, бүгүнкү керемет келбетине бири-биринен өтүп суктанып жатышты. Акико досторуна кошулуп жетише электе, ага күтүлбөгөн жерден деңиз офицери – француз келип, жапондорчо ийилип салам берди. Акико беттери кызарып кеткенин сезди. Ал бул ийилүүнүн эмнени билдирерин дароо түшүндү жана жанында турган көк көйнөктүү кызга бурулуп, желпүүрүн кармап турууну суранды.
Ошол замат офицер сылык жылмайып, күтүлбөгөн жерден Акикого жапончо, бирок бир аз акцент менен кайрылды:
— Сизди бийге чакырууга уруксатпы?
Ошентип Акико офицер менен «Көк Дунай» вальсын бийлеп жүрдү. Офицердин күнгө тотуккан жүзү жана калың муруту бар эле. Акиконун колу узун мээлейдин ичинде кавалеринин ийинине араң жетсе да, бий жаатында тажрыйбалуу офицер Акикону бийлеп жаткандардын арасынан эч кыйынчылыксыз алып жүрдү. Ал Акиконун кулагына француз тилинде жагымдуу комплименттерди айтып жатты. Кыз офицерге уяң жылмаюу менен жооп берип, маал-маалы менен залга көз жүгүртүмүш болот. Кең бүктөмдүү, императордук үй-бүлөнүн гербдери сайылган кочкул көк кездемелердин жана курч тырмактарын арбайткан көк ажыдаарлар ийрилип турган кытай мамлекеттик тууларынын астында, бийлеп жаткандардын агымында, хризантема салынган вазалар күмүш жана алтындай түстө жалтылдайт. Ал эми бул агым, шампан сыяктуу кайнап жаткан, мыкты немис оркестринин үнүнүн куюну менен коштолуп, бир көз ирмемге да баш айланткан кыймылын токтоткон жок. Бийлеп жаткан бийкечинин көз карашын байкаган Акико кубануу менен башын ийкеди. Ошол учурда дагы бир жигит Акикого көпөлөк сыяктуу учуп жетти: ал адашып келип алгансыйт.
Акико француз офицеринин көздөрү анын ар бир кыймылын кылдат байкап турганын сезди. Чынында, Акиконун жеңил бийлегени Японияга али көнө элек бул чет элдиктин кызыгуусун арттырган эле. «Бул сүйкүмдүү кыз чын эле кагаз менен бамбуктан жасалган куурчактай үйдө жашайбы? Ал чын эле жашыл гүлдөр менен кооздолгон алакандай кичинекей идиштен күрүчтү таякчалар менен жейби?» – деген суроолор анын жылуу жылмаюусунда жана көз карашында сезилип тургансыйт. Акико үчүн мунун баары жаңы, бирок ошол эле учурда жагымдуу эле. Балким ошондуктан мырзанын таң калган көздөрү Акиконун кооз кызгылт бут кийим кийген буттарына түшкөн сайын, алар күзгүдөй жылмакай полдо ого бетер жеңилдик менен бийлеп жатты.
Акыры, офицердин көздөрү өнөктөшүнүн бала мышыктай назик, чарчаңкы жүзүнө боор ооруй карап сурады:
— Дагы бийлейлиби?
— Жок, рахмат, – деди күйүгүп алган Акико.
Офицер вальстын сырдуу ыргагына ээрчип, Акикону айландырып, тор пардоолор менен гүлдөрдүн чайпалган толкундарынан ары, хризантемалар тизилген вазаларга карай чеберчилик менен жыла баштады. Акыркы айлампаны жасап бүтүп ал кызды ошол жерде турган отургучка отургузду да, көкүрөгүнө колун коюп, жапон салтына ылайык сый-урмат менен ийилип таазим кылды.
Дагы бир полька, анан мазурка бийин бийлегенден кийин, Акико француз офицери менен колтукташып, үч катар хризантема – ак, сары, кызыл – тизилген тепкичтен түшүп, кең залга кирди. Ал жерде фрактардын жана жылаңач ийиндердин арасынан күмүш жана хрусталь идиштер менен кооздолгон столдор жаркырап көрүнүп турду. Айрымдарында эт жана трюфельдер, башкаларында сэндвичтер менен балмуздактар, ал эми үчүнчүлөрүндө анар жана анжыр пирамидалары жайнап турган.
Хризантемалар отургузулган дубалдын жанында көркөм жасалган жүзүм сабагы менен курчалган алтын торчо илинген экен. Жалбырактардын арасынан кочкул кызыл жүзүмдөр аарынын уясындай болуп салаңдап турат. Акиконун атасы дал ошол торчонун жанында өзү курактуу мырза менен сигара чегип туруптур. Атасы кызын көрүп абдан кубанып, ага башын ийкеди да, дароо таанышына бурулуп, кайрадан сигарасынын түтүнүн буркуратты.
Офицер экөө бир столго барып балмуздак заказ кылышты. Акико анын кавалери көзүн анын колдорунан, чачынан, көк баркыт менен курчалган моюнунан ала албай жатканын байкады. Албетте, бул кызды кубандырды. Бирок ошол эле учурда анын ичинде аялдык шектенүү ойгонбой койгон жок.
Алардын жанынан төшүнө кызыл камелия тагынган кара баркыт көйнөкчөн, сырткы көрүнүшүнө караганда немис аялы өтүп бара жатканда, Акико ушул шектенүүнүн түрткүсү менен:
— Европалык аялдар кандай гана сулуу! – деди. Офицер күтүлбөгөн жерден олуттуу түрдө башын чайкады:
— Жаңылышасыз. Сулуулугу жагынан жапон аялдары эч кимден кем калышпайт. Айрыкча сиз. Муну жөн гана комплимент деп кабыл албаңыз. Сиз Париждин эң көрүнүктүү балына да ишенимдүү бара аласыз. Ал жакта сизди көргөн көздөр кубанмак. Сиз Ваттонун сүрөтүндөгү кызга окшошсуз.
Акико Ваттонун ким экенин билчү эмес. Офицердин сөзү менен жаралган өткөндүн элестүү кооз сүрөтү – дарактар арасындагы фонтандар, соолуп бараткан розалар – көз ачып жумганча жок болуп, анын эсинде эч кандай из калтырган жок. Бирок Акико көпчүлүк курбуларына караганда кыйла зирек эле. Балмуздак жеп жатып, ал ыкчамдык менен куткаруучу жол тапты:
— Мен Париждеги балга барсам кубанычта болмокмун.
— Анда кызыктуу деле эч нерсе жок; Париждеги бал деле бул жердегидей эле.
Алар сүйлөшүп жатканда деңиз офицери столду тегеректеп отургандарга, хризантема гүлдөрүнө көз жүгүртүп, каректери кубанычтуу жылтырады. Ал балмуздак жегенди токтотуп, өзүнө сүйлөп жаткандай кошумчалап койду:
— Парижде гана эмес. Бал бардык жерде бирдей.
Бир сааттан кийин Акико офицердин чыканагынан кармап, башка жапон жана чет элдик коноктор менен кошо айлуу түндүн сулуулугун көрүүгө балконго чыкты. Балкондун тосмосу кызыл чырактар менен кооздолгон бутактары бири-бирине чырмалышкан карагайлар өскөн кең сейил бакка чыгып, айлана көздүн жоосун алат. Муздак абага сиңген мохтун жана түшкөн жалбырактардын жыты баарына күздүн жакындап келе жатканын эскертип турду. Ал эми бал залында, он алты желекчелүү хризантема менен саймаланган сирень түстүү жибек креп пардасынын алдында, саймаланган торлордун жана гүлдөрдүн толкундары тынымсыз термелип турду. Оркестрдин кулак-мээни жеген коштоосу адамдардын агымын ары-бери сүрөп, бийге чакырат. Түндүн терең тынчтыгын балкондогу шаңдуу сүйлөшүүлөр менен күлкүлөр бузуп турган. Аңгыча карагайлардын үстүндөгү караңгы асманды фейерверктер жарып чыкты. Баары суктанып, кыйкырык сүрөөндөр менен коштоп жатышты.
Акико курбулары менен көңүлдүү баарлашып жатышкан. Күтүлбөгөн жерден ал билегинен кармап турган офицердин ойлуу жүзү сейил бактын үстүнөн батып бараткан айдын жарыгын муңайым тиктеп турганын байкады. Акико анын сагынычтан кыйналып жатканын сезип, анын жүзүнө карап, чын дилинен сурады:
— Сиз азыр мекениңиз жөнүндө ойлонуп жатасызбы?
Офицер жылмайып, акырындык менен ага бурулду. Ал «жок» дегендин ордуна, жаш баладай башын чайкады.
— Анда эмне жөнүндө ойлонуп жатасыз?
— Таап көрүңүзчү.
Балкондо тургандар күтүүсүздөн кайрадан чуулдай башташты. Сүйлөшүп алгандай, офицер менен Акико унчукпастан, карагайлардын үстүндөгү түнкү асманды карап турушту. Ал жакта кызыл жана жашыл түстөгү фейерверктер акырындык менен өчүп, жаркыраган жарыктар караңгылыкка сиңип жок болуп жатышты. Акико фейерверктерди аябай кооз деп тапты.
— Мен фейерверк жөнүндө ойлонуп жаткам. Биздин жашообуз фейерверкке окшош, – деди офицер Акикону карап, философиялык маанайда. – Жарк этип, анан жок болуп кетет. Бирок анын изи калат.
Акико анын бул сөзүн уканда бир аз ойлонуп калды. Ал фейерверктин жаркыраган учурун өзүнүн жашоосуна салыштырып көрдү. Анын жашоосу да ушундай жаркыраган, бирок тез эле өтүп кеткен учурларга толгон эле. Ал офицердин сөзүнө макул болду.
— Ооба, сиз туура айтасыз, – деди ал акырын. – Жашоо фейерверкке окшош. Бирок ар бир жарк эткен учур өзүнүн кооздугуна ээ.
Офицер анын сөзүн угуп, жылмайып койду. Ал Акиконун зиректигине жана терең ойлоно билгендигине таң калды. Алар дагы бир аз убакыт унчукпастан асманды карап турушту. Фейерверктердин акыркы учкундары да өчүп, түн толугу менен караңгылыкка чөмүлдү. Бирок алардын жүрөгүндө фейерверктин жаркыраган изи калган эле.
II
1918-жылдын алтын күзүндө Акико Камакурадагы шаар четиндеги үйүнө бара жаткан поездде күтүүсүз жерден бир жаш жазуучуга жолугуп калды. Жаш жигит өзүнүн таанышына алып бара жаткан кооз хризантема гүлдестесин багаж текчесине жайгаштырды. Аны көргөн Акико, азыркы Н. айым, көздөрү жайнап, хризантемаларды көргөндө дайыма бир окуя эсине түшөрүн айтып, «Рокумэйкан» клубундагы бир кече тууралуу кенен баяндап берди. Жаш жигит бул эскерүүлөрдү абдан кызыгып, кунт коюп укту.
Аңгеме аяктаганда, жаш жигит эч ойлонбостон сурап калды:
— Сизге ошол француз офицеринин аты-жөнү белгилүүбү?
Жооп күтүлбөгөндөй эле болду:
— Албетте, белгилүү. Ал өзүн Жюльен Вио деп атаган.
— Демек, бул Пьер Лоти экен да! Ошол, ал «Хризантема айымды» жазган Лоти! — деп жаш жигит кубанычтан толкунданып кетти.
Бирок Н. айым ага таң кала карап, бир нече жолу жумшак үн менен кайталады:
— Жок, ал өзүн Лоти деп атаган эмес. Жюльен Лоти деп атаган эмес.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ



