Тарыхый окуялар

 

Президент С.Н. Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2024-жылы жарык көргөн “Кыргыздын жүз керемети” китебинен.

Негизги окуялар Доору
Алгачкы адамдар топторунун Кыргызстандын аймагына жайгашышы. Мындан 1 млн. жыл мурда
Эрте палеолит доору. Тянь-Шанда эң байыркы адамдардын турак ала башташы. Борбордук Тянь-Шандагы Он-Арча суусунун боюндагы жана Чыгыш Ферганадагы, Кожо-Бакырган-Сайдагы, Ысык-Көлдөгү, Саламат-Булактагы таш куралдар. Б.з.ч. 800-140 миң жыл
Ортоңку палеолит доору. Таштан жасалган эмгек куралдарынын жакшырышы. Тосор таш куралдары Чүйдөгү Георгиевка дөңсөөсүндөгү, Оштогу Сасык үңкүрдөгү, капчыгайдагы таш куралдар. Б.з.ч. 140 – 40 миң жыл
Соңку палеолит доору. Ош аймагындагы Сел-Үңкүр, Исфара өрөөнүндөгү Кожогор үңкүрлөрүндөгү таш куралдары. Ысык-Көлдөгү Ак-Чуңкур үңкүрүндөгү сүрөттөр. Б.з.ч. 40 – 10 миң жыл
Мезолит. Арпа, Ак-Сай, Айдаркендин жанындагы Апшыр үңкүрлөрүндөгү, Чатыр-Көлдүн жээгиндеги таш куралдар. Б.з.ч. 10 – 5 миң жыл
Жаңы таш доору (неолит).

Сары-Жаздагы (Ысык-Көл өрөөнү) Ак-Чуңкур таш бетиндеги сүрөттөр. Нарын шаарына жакын Теке-Секириктеги адамдардын турагы, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун өңүрүндөгү, Чолпон-Атанын жанындагы неолиттик эстеликтер.

Б.з.ч. 5 – 3 миң жыл
Коло доору. Түрк калктарынын ата-бабалары болгон хунндар тууралуу алгачкы маалыматтар. Б.з.ч.

3–1 миң жылдыктын башы

Темир доору. Түрк калктарынын ата-бабалары болгон хунндар тууралуу алгачкы маалыматтар. б.з.ч. IX кылым Б.з.ч.

1 – миң жылдык

Байыркы Перс падышасы Дарий Iнин Бехус аска бетиндеги жазуусунда сактардын аталышы. Б.з.ч. 6-5- кылымдар
Сактардын чыгыш канатынын Тянь-Шанды мекендеши. Б.з.ч. VIII–III кылым
Дабан (Паркана) мамлекетинин калыптана башташы. Б.з.ч. VI–III кылымдар
Орто Азияга Александр Македонскийдин басып кириши. Б.з.ч.

329-жылы

Байыркы кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанды мекендеши. (Манас өрөөнү). Б.з.ч. III к.-

б.з. V к.

Хунндардын эң алгачкы падышасы Тоу – Мандын бириктириши (Түмөн). Б.з.ч. 209-жылы
Модэнин хунндардын падышасы болуп жарыяланышы. Б.з.ч. 209-жылы
Байыркы кыргыздар тууралуу Кытай булагындагы эң алгачкы маалымат. Кыргыз ээлигинин Хунн мамлекетине каратылышы. (Сыма Цзян). Б.з.ч. 201-жылы
Кангүй мамлекетинин жашоосу. Б.з.ч. з III кылымдын башы б.з.

V кылым

Жети-Суулук сактардын батышка – Орто Азиянын борборуна журт которуусу. Б.з.ч.

II кылым

Борбордук Теңир-Тоону,

Жети-Сууну усундардын ээлеши. Усун мамлекетинин түзүлүшү.

Б.з.ч. 160-жылы
Дабан өлкөсүнүн өнүккөн учуру. Б.з.ч. II кылым
Кытай элчиси Чжан Цяндын Ысык-Көлгө келиши жана Дабанга саякаты. Б.з.ч. 128-жылы
Чжан Цяндын Ысык-Көлгө экинчи жолу келиши. Б.з.ч. 116-жылы
Ли Гуанли баш болгон кытай аскерлеринин Дабанга алгачкы жортуулу. Юнчэн (Өзгөндөн 10 км алыстыктагы Шоро-Башат шаар калдыгы) шаарын камалоо. Б.з.ч. 103- жылы
Кытайлардын Дабанга экинчи жортуулу. Эрши шаарынын кыйрашы. Б.з.ч. 101-жылы
Дабандын борборунун ыйык тоонун этегиндеги шаар – Гуйшуанга көчүрүлүшү. (Ош шаарынын орду). Б.з.ч. I кылымдын башы
Кыргыздардын Хунн ордосундагы күрөшкө катышуусу жана Уцзини шанүй көтөрүшү. Б.з.ч. 90-60-

жылдары

Кыргыздардын көз каранды эместик үчүн күрөшү жана өз падышачылыгын түзгөндүгү тууралуу кытай тарыхчысы Бан Гунун маалыматы. Б.з.ч. 58-жылы
Кыргыз өлкөсүн түндүк хунндардын шанүйү (падышасы) Чжичжинин кайрадан каратышы. Б.з.ч. I к. (56–49-жылы)
Усундарга Чжинжи шанүйдүн чапкыны. Б.з.ч. 49-жылы
Таластагы хун-кытай салгылашуусу. Чжичжинин өлүмү. Б.з.ч. 42-36-

жылдар

Дабанды Кушан падышалыгы-нын каратып алышы. Б.з.ч. 36-жылы
Кыргыздардын Кара-Шаардын (Янци) түндүгүндө Актоонун жанында (Чыгыш Тянь – Шань) жайгашканы тууралуу кытай жазма булагындагы маалымат. Б.з.I кылымдын аягы б.з III–V кылымдар
Дабандын элчисинин Кытайга барышы. Б.з. 379-жылы
Жужандардын Чыгыш Теңир-Тоодон усундарды сүрүп кириши. Б.з. V кылымдын башы
Усундарга кытай элчилеринин жөнөтүлүшү. падышачылыгынын элчиси Дун Вандын Даванга келиши. Вэй Б.з. 436-жылы
Усундардын батыш жак аймагын эфталиттердин каратып алышы. Б.з. V кылымдын орто чени
Кыргыздардын Жужан кагандыгына каратылышы. Б.з. V кылым
Кыргыздардын Эне-Сайга журт которуусу. Б.з. V кылымдын аягы
Эне-Сай аймагында кыргыз кагандыгынын калыптанышы. Б.з. VI кылым
Кыргыздардын Эне-Сайдагы чаатас (хакасча – жоо ташы) маданияты. Б.з. VI–VIII кылым
Вэй падышасы Вэди өз элчиси Напантону ашина уругунун түрктөрдү бийлеген беги Бумынга жибериши. Б.з. 540-жылы
Теле бирикмесин Бумындын багындырышы. Б.з. 546-жылы
Түрктөрдүн жужандарды жеңиши. Бумындын элкаган (мамлекеттин каганы) даражасын алышы. Б.з.552-жылы
Жужан кагандыгынын кыйрашы. Б.з. 551–554-

жылдар

Бумын кагандын ашына кыргыз өкүлүнүн катышуусу. Б.з. 553-жылы
Эне-Сайдагы кыргыз мамлекетин Мукан кагандын убактылуу баш ийдириши. Б.з. 555-жылы
Жети-Сууну, Теңир-Тоону түрктөрдүн ээлеши. Б.з.556-жылы
Түрктөрдүн эфталиттерди жеңүүсү. Б.з. 565-жылы
Түрк кагандыгы менен Визан-тиянын элчилик байланыштары (Маниах, Земарх). Б.з.568–559-жылы
Улуу Түрк кагандыгынын экиге бөлүнүшү. Б.з. 582–603-

жылы

Эне-Сай кыргыздарынын кайрадан көз каранды эместикке ээ болушу. Б.з. VII кылымдын башы
Эне-Сай кыргыз жазмасынын (руна сымал) колдонулушу. Б.з. VII кылымдын акыры
Кыргыз-Кытай элчилеринин катнашы. 632-жылы, 643-жылы
Кыргыз өлкөсүнүн өз эгемендүү-лүгүн чыңдоо аракеттери. VII кылымдын 40-жылдары
Кыргыз элтебери (башчысы) Шибоцуй Ачжандын Кытайдын борборуна барышы. 648-жылы
Кыргыз элчисинин Кытайдын борборуна жиберилиши. 654-жылы
Кытай (Тан династиясы) императорунун элчиси Фан Цяндын кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлүшү. 654-жылы
Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын негизделиши (744-жылга чейин). 682-жылы
Кыргыз каганы Барсбектин каган наамын Чыгыш Түрк каганы Капагандын таанышы. Эл терис каганынын кызына Барсбектин үйлөнүшү. 698-699-

жылы

Кыргыз кагандыгынын элчилеринин Кытайга барышы. 707-жылы, 709-жылы
Кыргыз, кытай, түргөш, үчилтик согуш ынтымагынын түзүлүшү. 709-жылы
Кыргыз элчиси Эрен Улугдун Тибетке барышы. Чыгыш Түрк кагандыгынын кыргыздарга каршы жортуулу. 710–711-жылы
Суңга чер токоюндагы салгылашуу. Барсбек кагандын курман болушу (675-жылы туулган). Кыргыз элчилеринин кытайга барышы. 711-жылы
Аз элинин көтөрүлүшү. 715-жылы
Канзаада Исиби Шэючжи Биши тегин жетектеген кыргыз элчилигинин Кытайга келиши. 722-жылы
Канзаада Цзуйли Пинхэчжун тегин жетектеген кыргыз элчилигинин Кытайга келиши. 723-жылы
Кыргыз элчилеринин Кытайга барышы. 724–747–748-

жылдар

Күлтегиндин ашына кыргыз каганынан Чортардуш Ынанчунун келиши. 731-жылы
Эне-Сайдагы

Кыргыз кагандыгы.

VIII кылымдын 1-жарымы
Экинчи чыгыш Түрк кагандыгынын ойрон болушу. 744-жылы
Уйгур кагандыгынын Борбор Азиядагы үстөмдүгү. 744–840-

жылдар

Карлуктардын Алтайдан Теңир-Тоого көчүшү. 746-жылы
Уйгурларга каршы чиктердин кыймылына кыргыздардын жардамы. 751-жылы
Уйгур каганы Баянчордун кыргыздарга жортуулу. Кыргыз каганынын сөз жөнүндө вассал болушу. 758-жылы
Карлук мамлекети. 766–940-

жылдар

Уйгур каганы Кутлугдун кыргыздарга жортуулу. Кыргыз каганынын Ажо аталышы. 795-жылы
Кыргыз ажосунун өзүн каган жарыялашы. Эгемендикке ээ болуу. 820-жылы
Кыргыздардын Уйгур кагандыгына каршы күрөшү. 820–840-

жылдар

Кыргыз кагандыгынын борбору Ордо-Балыкты кыргыздардын басып алышы. Уйгур кагандыгынын кыйрашы. 840-жылы
Кыргыз кагандыгынын ордосун Эне-Сайдагы Кыргыз Нур (Кыргыз-Көл) аймагына көчүрүү. 840-жылы
Улуу кыргыз державасы

(кагандыгы).

840–924-жылдар
Алп Солдун Тан династиясынын борборуна келиши. 842-жылы
Кыргыз кагандыгынын негизги жеңип алуулары. IX кылымдын 40-50-

жылдар

Кыргыздардын чыгыш Теңир-Тоого келиши. IX–X кылымдар
Кыргыз ээликтерине кидандардын кол салуусу. 924-жылы
Караханиддер кагандыгынын түптөлүшү. 940-жылы
Караханиддер кагандыгында ислам дининин расмий жарыяланышы. 960-жылы
Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим») аттуу дастанын жазган учур. 1069–70-жылдар
Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк» (Түрк тилдеринин сөз жыйнагы) аттуу эмгегин жазган. 1072–77-жылдар
Түндүк батыш Монголиядагы жана чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздардын кара кытай чапкынына каршы күрөшү. 1125–28-жылдар
Жуучу баштаган монгол аскер-леринин «токой элдерине» жортуулу. Кыргыздардын Чыңгыз ханга баш ийиши. 1207-жылы
Монгол үстөмдүгүнө каршы тумат-кыргыз көтөрүлүшү. 1218-жылы
Кыргызстандын аймагынын Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын энчисине тийиши. 1224-жылы
Теңир-Тоого Эне-Сайдан жана Моңголиядан кыргыздардын жаңы журт которуулары. XIII кылым
Хайду мамлекетинин негизделиши. 1269-жылы
Кем-Кемжиуттагы (Тыва) кыргыздардын көтөрүлүшү. 1273-жылы
Тутуха баш болгон монголдордун Эне-Сайга жортуулу жана кыргыздарды биротоло баш ийдирүү. 1292–93-жылдар
Кыргыз мамлекетинин жоюлушу. Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Манжурияга көчүрүлүшү. 1293-жылы
Монголдук Алтай тоолорун мекендеген кыргыздардын бир бөлүгүнүн Шандун вилайетине көчүрүлүшү. 1295-жылы
Тоглук Темирдин хан жарыяланышы. Моголстан мамлекетинин түзүлүшү. 1348-жылы
Эмир Темирдин Моголстанга алгачкы жортуулу. 1371-жылы
Ала-Тоодо кыргыздардын өз алдынча мамлекетинин түзүлүшү XV кылымдын 80-жылдары
Кыргыз хандыгын Акмет хандын («Алача хан») бийлеши. 1448–1504-жылдар
Султан Халил Султан – «кыргыздардын падышасы». 1504–08-жылдар
Тагай бийдин бий шайланышы. 1508-жылы
Ала-Тоо аймагынын Кыргызстан деген саясий атка ээ болушу. XV к. XVI кылымдын 1-жарымы
Кыргыздарды Мухаммбет Кыргыздын башкарышы (1514–33-жж.)
Памирлик кыргыздар жөнүндө алгачкы маалымат. 1575-жылы
Сибирь кыргыздарынын Сибирдеги орус аскерлерине кол салуулары. 1609-1614-1624-жылдар
Манап бий, Көкүм бийлердин Эшим хан менен болгон ынтымагы. XVII кылымдын башы
Сибирдик кыргыздарды Жунгар коңтажысы Хара-Хуланын баш ийдириши. 1633-жылы
Кочебай Сибирдеги кыргыз беги. Калмактардын жетисуулук, алатоолук кыргыз, казактарга алгачкы жортуулу. XVII кылымдын 30-ж. аягы–643-жылы
Сибирдик кыргыздарды Еренек Ишей уулунун бийлеши. XVII к. дын

60-80-жылдары

Кыргыздын чоң багыш уруусунун улугу Койсары бийдин Кашкардын акимдигине көтөрүлүшү. 1670-жылы
Төрт миң түтүн кыргызды Сибирден Жуңгар хонтажысы Цеван Рабдандын Жуңгарияга айдатып кетиши. 1703-жылы
Сибирдик кыргыздардын орус аскерлеринен жеңилиши. 1707-жылы
Сибирдик кыргыздардын жеринде Абакан острогунун курулушу. 1707-жылы
Шахрух бийдин Кокон хандарынын династиясына негиз салуусу. 1710-жылы
Калмактардын кезектеги жортуулунун натыйжасында казак, кыргыздардын журт которушу. 1723-жылы
Кыргыз Акбото бийдин Кожентти бийлеши. XVIII кылымдын 20-жж.
Акмат бий баштаган кыргыз колунун (10 миң жоокер) Кашкар тарапка жортуулу жана калмактарды жеңиши. 1747-жылы
Кашкарлык кыргыздардын калмактар менен кармаштары. 1748–49-жылдар
Жунгар хандыгын Цин-манжур аскерлеринин кыйратышы. 1754-жылы
Чыгыш Түркестандык Юсуф Кожого кыргыздардын колдоо көрсөтүшү. 1754–85-жылдар
Кубат бийдин саясий ишмердиги тууралуу маалыматтар. 1755–58-жылдар
Кыргыздардын түштүк-батышка оогон бөлүгүнүн Ала-Тоого кайтышы. XVIII к. 50-60-жылдары
Кытай аскери менен кыргыз-дардын биринчи кагылышы. Сарыбагыш, саяк, солто урууларынын элчилеринин Пекинге барышы. 1758-жылы
Кашкардан 1000 түтүн кыргыздын Ат-Башыга көчүшү. 1760-жылы
Эрдене бийдин Өзгөн, Ошко жортуулу. Кыргыз Ажы бийдин күрөшү. 1762-жылдар
Түштүк Кыргызстанды Кокон хандыгынын каратышы. 1762–1821-жылдар
Абылай хандын Талас, Чүйгө жортуулу. 1770-1755-жылдар
Атаке бийдин элчилери Абдырахман, Шергазынын Россияга жөнөтүлүшү. 1785-жылы
Эренектин князь болушу. Сибирь чөлкөмүндө кыргыз бийинин кыйрашы. 1803-жылы
Ысык-Көлдүк кыргыз элчилеринин Россияга жөнөтүлүшү 1813-1821-1824-жылдар
Чыгыш Түркстандагы Жаангер кожонун көтөрүлүшүнө кыргыздардын катышуусу. 1820-27-жылдар
Кокон колунун Чүй, Нарын, Ысык-Көлгө жортуулдары. 1825-31-жылдар
Бишкек чебинин негизделиши. 1825-жылы
Атантай, Тайлактын Жаангер кожону колдошу. 1825-26-жылдар
Тайлак баатырдын (1796-1838) Кокон бийлигине каршы күрөшү. 1832-33-жылдар
Кыргыз, кыпчак феодалдарынын Шераалыны Кокондо хан көтөрүшү. Нүзүп бий. 1842-жылы
Ормондун хан көтөрүлүшү. Ысык-Көлдүк кыргыздардын кокондуктарга каршы көтөрүлүшү. 1842-жылы
Алайлык, Ферганалык кыргыздардын кыймылы. 1845-жылы
Кененсары Касымовдун Кыргызстанга чапкыны. 1845-47-жылдар
Май-Төбө Мыкан салгылашуу-лары. Хан Кененин жеңилиши. 1847-жылдын жазы
Бугу уруусунун Россиянын курамына киргизилиши. 1855-жылы 17-январь
Кыргыз, кыпчактардын Мала-бекти хан көтөрүшү. Алымбек датканын Кокондо вазирлиги. 1858–62-жылдар
Орус аскерлеринин Чүйгө жортуулу жана Бишкек чебин ээлеши. 1860-жылы
Байтик баатырдын Кокон бийлигине каршы күрөшү. 1862-жылдын жайы
Чүй өрөөнүнүн Россияга толук каратылышы. Курманжанга (1811-1907) Бухара эмири Сейит Музаффар Эддинин датка наамын ыйгарышы. 1863-жылы
Нарындык кыргыздарды Россияга каратуу. 1863–68-жылдар
Чаткал, Суусамыр, Кетмен-Төбөнү каратуу. М.Г. Черняевдин Коконго жортуул башташы. 1864-жылы
Таласты Россияга каратуу. 1865-жылы
Сарт-калмактардын Россия букаралыгына кабыл алынышы. 1869-жылы
Кокон көтөрүлүшү. Полот хан (Исхак молдо). 1873–76-жылдар
Кокон хандыгынын жоюлушу. 1876-жылы 19-февраль
Падыша аскерлеринин Алайга жүрүшү. Алайлык кыргыздарды Россияга каратуу. 1876-жылдын жаз-жайы
Чыгыш Түркстанда Садыкбек башында турган кыргыз, уйгур жана башка элдердин кытай баскынчыларына каршы күрөшүнүн башталышы. 1864-жылы
Чыгыш Түркстанда Жети-Шаар мамлекетинин жашашы. Жакыпбектин, Байдөөлөт датканын ж.б. ишмердиктери. 1866-1877-жылдар
Дунгандардын Кыргызстанга келиши. 1877-84-жылдар
Бишкек (Пишпектин) уездинин борбор шаар статусун алышы. 1878-жылы
Анжиян көтөрүлүшү. 1898-жылы май айы
Кыргыздардын улуттук-боштондук үчүн көтөрүлүшү. 1916-жылдын жай — күзү
Падыша өкмөтүнүн кулагандыгы тууралуу кабардын Бишкекке келиши. 1917-жылы 3-март
Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетин түзүшү. 1917-жыл 19-апрель
«Букара», «Алаш», «Шура-и-Ислам», «Туран» уюмдарынын уюшулушу. 1917-жылдын жаз, жай айлары
Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин Кытайдан кайткан кыргыздарды Пржевальск жана Пишпек уезддерине коё бербөө жана аларды Нарындын тоолуу райондоруна жайгаштыруу жөнүндө токтому. 1917-жыл 19-апрель
Петрограддагы куралдуу көтөрүлүш. Убактылуу өкмөттүн кулатылышы. 1917-жыл 25-октябрь (7-ноябрь)
Сүлүктү, Кызыл-Кыяда Совет бийлигинин орношу. 1917-жыл, ноябрь
Бишкекте Совет бийлигинин орношу. 1918-жыл, январь
Караколдо Совет бийлигинин орношу. Түптө эң алгачкы «Жаңы доор» («Новая эра») коммунасынын уюшулушу. 1918-жыл, май
Таласта кулактардын козголоңу. 1918-жыл, августтун аягы
Беловодскидеги солчул эсерлердин козголоңу. 1918-жыл, 6-декабрь
Түптөгү кулактардын козголоңу. 1919-жыл
Куршаб, Базар-Коргон, Көгарт болуштуктарындагы кулактардын козголоңу. 1919-жыл, сентябрь
Нарын уездиндеги ак гвардиячыл кулактардын козголоңу. 1920-жылы, 5-ноябрь
Өз алдынча Тоолуу кыргыз облусун түзүү аракети. Түндүк Кыргызстандагы жер-суу реформасы. 1921-22-жылдар
Тоолуу Кыргыз облусун уюштуруу курултайынын таркатылышы. 1922-жыл, 4-июнь
Кара Кыргыз автономиялык облусун түзүү жөнүндө ББАКтын токтому. 1924-жыл, 14-октябрь
«Эркин Тоо» гезитинин чыга башташы. 1924-жыл, 7-ноябрь
Кыргыз автономиялык облусунун убактылуу админис-тративдик структурасы – 4 округдун уюшулушу (Пишпек, Каракол, Жалал-Абад, Ош). 1924-жыл, декабрь
Кара Кыргыз АОнун Кыргыз АО деп аталышы. 1925-жыл, май
Кыргыз автономиялык Республикасын түзүү жөнүндө ББАКтын чечими. 1926-жыл, 1-февраль
Кыргыз АССРинин уюштуруу курултайы. 1927-жыл, 7-март
Түштүк Кыргызстандагы жер-суу реформасы. 1927-28-жылдар
Кыргыз АССР Советтеринин 2-курултайында республиканын биринчи Конституциясынын кабыл алынышы. 1929-жыл, 30-апрель
Кыргыз драма театрынын ачылышы. Республиканын райондук жана шаардык бөлүштүрүүгө өтүшү. 1930-жылы
Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун уюшулушу. 1933-жылы
Кыргыз мамлекеттик зооветеринария институтунун уюшулушу. 1933-жылы
Кыргызстан жазуучуларынын курултайы. 1934-жылы
Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтунун уюшулушу. 1935-жылы
Кыргыз ССРинин түзүлүшү. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын уюшулушу. 1936-жылы
Кыргызстан Советтеринин чукул чакырылган 5-курултайында Кыргыз ССРнин Конституциясынын кабыл алынышы. 1937-жыл, 23-март
Сталиндик репрессиянын жүрүшү. 1937-38-жылдар
Биринчи жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине шайлоолордун өтүшү. А. Толубаевдин Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы болуп шайланышы. 1938-жылы
Москвадагы Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун он күндүгү. 1939-жылы
Ири сугат курулуштарынын кулач жайышы. 1939-40-жылдар
Латын алфавитинен орус алфавитине өтүү. 1940-жылы
Чоң Чүй каналынын курула башташы. 1940-жыл, 10-май
Улуу Ата Мекендик согуштун мезгили. 22-июнь, 1941-жыл,

9-май, 1945-жыл

28 баатыр панфиловчулардын Москванын алдындагы эрдиги. 1941-жыл, 16-ноябрь
Кубат Жуматаев, Чолпонбай Түлөбердиев, Күмөн Болотов, Дайыр Асановдун ж.б. эрдиктери. 1942-43-жылдары
Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын түзүлүшү. 1942-жыл, август
СССР ИАнын Кыргыз филиалынын ачылышы. 1943-жылы
Быстровка – Рыбачье темир жолунун пайдаланууга берили-ши. Колхоздорду ирилештирүү. 1950-жылы
«Манас» эпосуна арналган илимий конференция. 1952-жылы
Кыргыз ИАнын ачылышы. 1954-жылы
Орто-Токой суу сактагычынын курулушунун аякташы. 1955-жылы
Эки томдуу Кыргызстандын тарыхынын жарык көрүшү. 1956-жылы
Айыл чарбасын өнүктүрүүсүндөгү ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРинин Ленин ордени менен сыйланышы. 1957-жылы
Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвадагы экинчи он күндүгү. 1958-жылы
Кыргыз ССРинин Ленин ордени менен сыйланышы. Чыңгыз Айтматовго Лениндик сыйлыктын берилиши. 1963-жылы
Чарбалык турмуштагы жана маданий курулуштагы ийгиликтери үчүн Ош облусунун Ленин ордени менен сыйланышы. 1966-жылы, октябрь
Искусство институнун ачылышы. 1976-жылы
Кыргыз ССРинин Эл Достугу ордени менен сыйланышы. 1973-жылы, декабрь
Кыргыз ССРинин Октябрь Революциясы ордени менен сыйланышы. 1973-жылы, октябрь
Токтогул ГЭСинин толук кубаттуулукта ишке кириши. 1979-жылы
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынышы. 1989-жыл, 23-сентябрь
Ош окуялары. 1990-жыл, 4-июнь
Жогорку Кеңеште А. Акаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы. 1990-жыл, 27-октябрь
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияны Жогорку Кеңештин кабыл алышы. 1990-жыл, 15-декабрь
Фрунзе шаарына Бишкек деген баштапкы аты кайтарылып берилген 1991-жыл, 5-февраль
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө» Декларациянын кабыл алынышы. 1991-жыл, 31-август
Алгачкы жалпы элдик шайлоодо А.Акаевдин Кыргыз Республикасыны Президенти болуп шайланышы. 1991-жыл, 12-октябрь
Кыргыз Республикасынын Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине мүчө болушу. 1991-жыл, 21-декабрь
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынышы. 1992-жыл, 2-март
Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк 1-курултайы. 1992-жыл, 30-31-август
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы. 1992-жыл, 5-май
Улуттук валюта – сомдун ишке киргизилиши. 1993-жыл, 10-май
Кыргызстан элинин 1-курултайы, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлүшү. 1994-жыл, 21-23-январь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор. 1995-жыл, 5-февраль
«Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө. 1995-жыл, 26-30-август
Жалпы элдик шайлоодо А.Акаевдин экинчи мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы. 1995-жыл, 24-декабрь
Кыргызстан элинин 2-курултайы. 1996-жыл, февраль
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюу. 1997-жыл, январь
Кыргызстандык Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын экипажында (Спейс-шатл) космоско учкан. 1998-жыл, 22-январь
Кыргызстандын космонавты С.Шариповго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. 1998-жыл 6-апрель
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамды кабыл алуу боюнча Референдум. Ал референдум боюнча жерге жеке менчик киргизилген. 1998-жыл, 17-октябрь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз

Республикасынын «Жер жөнүндөгү кодекси», «Кооперация жөнүндөгү», «Дыйкан (фермер) чарбалары жөнүндөгү» мыйзамдары кабыл алынган.

1999-жыл, май
Баткен аймагына (Зардалы) диний-экстремист жоочулардын тобу кол салып, чек аранын коопсуздугуна коркунуч туудурган. 1999-жыл, август
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев Баткен облусун түзүү жөнүндөгү Мыйзамга кол койгон. 1999-жыл, 13-октябрь
Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешине шайлоолор өткөн. 2000-жыл, 20-февраль
Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси. 2000-жыл, 4-5-октябрь
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болуп, А.Акаев кайрадан шайланган. 2000-жыл, 29-октябрь
«Жер кодексинен» жерди сатууга жана сатып алууга тыюу салган беш жылдык мораторий жөнүндөгү берене алынып ташталган. 2000-жыл, декабрь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. 2000-жыл, 26-декабрь
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев кыргызстандык илимий ишмерлерге «ХХ кылымдагы көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн» наамындагы 20 ардактуу алтын медаль тапшыруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. 2001-жыл, 29-май
Шанхай бешилтигине кирген мамлекеттердин жыйыны. «Шанхай форуму» «Шанхай кызматташтык уюму» болуп кайра түзүлгөн. 2001-жыл, 14-15-июнь
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгы. 2001-жыл, 31-август
Жалал-Абад шаарында Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси өткөн. 2001-жыл, октябрь
Аксы окуялары. 2002-жыл, 17-18-март
БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясында Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү резолюциясы кабыл алынган. 2002-жыл, 20-декабрь
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция. 2003-жыл, 15-16-май
Бишкек шаарынын 125 жылдыгы. 2003-жыл, 11-14-июнь

«Кыргыз Туусу», 2025-жыл

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.