Үч собол. Д. Бейшеналиеванын, Ж. Касаболотовдун, Р. Аманованын, Б. Медетованын, Г. Станалиеванын жооптору

 

Учурдагы адабияттын абалына сереп салууга, андагы процесстерди түшүнүүгө, чыгармачылыктын сырын ачууга аракет кылуу максатында «Кыргыз маданият борбору» кыргыз адабиятын мыкты билген, кесиптештеринин арасында кадыр-баркы бар, пикири кесиптештерине да, калың окурман журтчулугуна да таасирдүү болгон, чыгармачылыгы чоң кызыгууну жараткан калемгерлерге үч собол таштап, алардын жоопторун сайтыбызда жарыялап турмакчыбыз. 

«Үч собол» рубрикабызда биз калемгерлерге төмөнкү суроолорубузду бергенбиз.

1. Поэзия, сиздин баамыңызда, бул эмне? Бардык эле ырды поэзия деп атасак болобу?

2. Кайсы бир адабиятта ар бир доордо көп жакшы акын, бирок саналуу гана чоң акын болот деген пикир бар. Сиз бул пикирге макулсузбу? Азыр кыргыз адабиятында чоң акын деп кимди атасак болот? Жаш курагына карабай.

3. Сиздин пикириңизде, кыргыз адабиятынын өнүгүүсү үчүн азыр эмне жетишпейт?

Бул жолу Ж. Касаболотовдун, Р. Аманованын, Д. Бейшеналиеванын, Б. Медетованын, Г. Станалиеванын жоопторун сунуштайбыз:

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА

Акын, жазуучу, журналист. «Асаба», «Агым», «Көк асаба», «Асман пресс» жана башка гезит-журналдарда иштеген.

«Кызыл алма», «Турна бийи», «Жан», «Алтын таажы», «Жаназык», «Билим жарыгы», «Ак, кара», «Өлүп тирилген кыз», «Ак», «Бар», «Нур» аттуу жыйнактары жарык көргөн. Ырлары көп тилдерге которулуп, окурмандарынын кызыгуусун арттырып келет. 

1. Дүйнөнүн өзү сулуу жана тууралыктын үстүнө курулган. Күн туура чыгат, суу туура агат, дарак асманга бой керип, көк карап өсөт. Поэзия дагы – Кудайдан келген бир үзүм – жарык, бир үзүм кудурет. Кудурет – таза бир күч…

Бирөө көңүлүң оорутуп койсо ыр жаза беришиң мүмкүн, бирок, бирөөнүн көңүлүн оорутуп алсаң эч нерсе жазалбай каласың. Анткени, илхам деле таза жан дүйнөгө жаан сыяктуу жаайт. Жаандан кийин аба тазарып, гүл жайнайт эмеспи. Акындын да дирилдеген абалы окурманга ошол  калыпта жетет…

2. Бизде мыкты акындар көп. Алар келгенде да толкун-толкун, топ-тобу менен келет экен. Алтымышынчы, жетимишинчи жылдары, токсончу жылдары келишти. Келип жатышат. Ыр жыйнактар чыгып жатат. Бирок узак өмүр тартуулаган, же өчүрүп салган мезгил деген улуу сынчы бар. Бизге чейин жетип келип окулуп жаткан акындар ошол мезгилдин сынынан  өткөндөр.

3. Китеп дүкөндөрүндө, китепканаларда китептер жыйылып турбай, окулушу керек. Бүгүнкү күнү окурман аз. Бала бакчадан, мектептен баштап, китеп окуганга үйрөтүү, тартуу, кызыктыруу керек. Алар кызыга тургандай китептер да болушу абзел. Балдар үчүн жазылган китептер өтө эле аз. Алар китеп окугандан көрө телефонго кызыгышат.  Акыл-эс, таалим-тарбия, ден-соолукка зыян деп айтылып жаткан телефон көйгөйү да мамлекеттик деңгээлде жөнгө салынса жакшы болот беле.

 

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Журналист, акын, талдоочу, котормочу. 1994-жылы жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгына, 1999-жылы КР президентинин журналисттер үчүн чыгарылган “Алтын калем” сыйлыгына, КР Ардак грамотасына ээ болгон. “Алтын калем” адабий сыйлыгынын 2024-жылдагы сын жанры боюнча жеңүүчүсү.

1. Поэзия – менин баамымда, жазма адабияттын ыр түрүндөгү формасы. Эгерде ал адамдын жан дүйнөсүнө терең таасир этпесе, аны поэзия деп айтууга болбойт.

2. Ар кайсы доордо акындардын, анын ичинде мыкты акындардын саны ар кандай болот. Ал боюнча так мыйзам ченемдүүлүк жок. Менимче, азыркы кыргыз адабиятындагы чоң акындар – Калчоро Көкүлов, Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урманбетов, Шабдан Сулайманов, Нарсулуу Гургубаева. Эгерде кимдир-бирөө дароо эске келбесе кечирим сурайм, андыктан тизме жалаң аты аталгандар менен чектелбеши да мүмкүн.

3. Кыргыз адабиятынын өнүгүшү үчүн мыкты калемгерлерди иргеп алып, аларды табити жакшы окурмандар менен байланыштырган система жетишпейт. Эгерде ошондой система түзүлсө, балким калганын ошол катмар тартып кетмек. Бул үчүн калемгерлердин чыгармаларын элет жерине жеткирген система зарыл.

 

Рахат АМАНОВА

Акын, жазуучу, адабиятчы.

1. Поэзия – бул сөздүн кудурет күчү менен дүйнөнү сырын ачып берүү. Кудайдын  айтайын дегенин адамдарга сөздүн күчү, күүсү менен жеткире билүү. Кудурети күчтүү сөздү алып жүрүүчүлөргө күчтүү акын-жазуучулар кирет.

2. Эгемен Кыргызстан адабият жаатында күчтүү, чоң акындарды жаратты. Кыргыз акындарынын “Күмүш доору” деп мен так ушул эгемендиктин отуз жылында жарк этип чыккан, 1970-80 жж. туулган чоң акындардын тобун айтат элем.

Күмүш доордун чоң акындарынын тобуна киргендер: Нурлан Калыбеков, Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Марат Токоев жана ыраматылык Зайырбек Ажыматов.

Кыздардан: Элмира Ажыканова, Жылдызча-Венера Бөлөкбаева, Динара Бейшеналиева, Айжаркын Эргешова, Нарсулуу Гургубай, Афина Бакирова, Махабат Саидрахманова, Нуриза Өмүрбаева.

Күмүш доордун сап башында Нарсулуу Гургубай турат.

Эгемен Кыргызстанда кыргыз адабиятынын бир канаты болгон акындык өнүкмөк турсун, кыргыз адабиятына өлбөс-өчпөс из калтырып кеткен Күмүш доордун чоң акындарын берди. Бул акындардын деңгээлиндеги акындар али-бери жаралабы белгисиз.

Күчтүү, таланттуу акындардын тобунун бир доордо, бир мезгилде дүйнөгө жарк этип жаралып калганы эле эмне деген сыйкыр, эмне деген керемет. 

Бул доордун күмүш саптуу, күмүш үндүү феномен акындарын алдыда кылымдар бою изилдешет. 

3. Ал эми проза аксап тургандыгы чын. Китеп окулбаган кризис мезгилге тушуккан кыргыз прозасы али-бери дароо колго алынып кетиши күмөн.

Кыргыз прозасынын өнүгүшү үчүн, көркөм адабият өз калыбына келиши үчүн чечкиндүү кадам керек.

Ал кадам адабиятка карата мамлекеттин саясаты. Мамлекет жазуучуларды материалдык колдоого албаса күчтүү көркөм адабият кайдан жаралмак эле? Жазуучулар аңгеме, жомок, роман жазабы же тиргилик кылабы?

Көр тиргиликтен колу-жолу, башы бошобогон жазуучулардан көрөңгөлүү тарыхый же көркөм романдарды, повесттерди, аңгемелерди күтүүнүн өзү осолдук.

Анткени көрөңгөлүү бир роман жазуу доктордук диссертацияга ылайык изилдөөнү, иликтөөнү, окууну, күнү-түнү эбегейсиз изденип эмгектенүүнү талап кылат. 

Уңгужолго түшүү үчүн, алгач көркөм табылгалуу, мазмундуу, көлөмдүү эмгектерди жараткан мекенчил жазуучулардын журтун калыптандыруу керек.

 

Базарбү МЕДЕТОВА

Акын

1. Поэзия – бул буулуп турган жан дүйнөнүн чыңырыгы. Уйкаштыктын баары ыр эмес, ырдын баары поэзия эмес.

2. Ооба, бизде да жакшы акындар көп. Чоң акын деп мен Карбалас Бакировду, Нуриза Өмүрбаеваны, Нарсулу Гургубайды, Айжаркын Эргешованы айтат элем. Ал эми Мезгил Исатовду мен сырдуу акын катары көрөм.

3. Кыргыз адабиятынын өнүгүүсү үчүн, сөзсүз түрдө, мамлекет тарабынан колдоо керек жана ар бир чыгармачыл адам көп окуп, өсүш керек, издениш керек.

 

Гүлзада СТАНАЛИЕВА

Филология илимдеринин кандидаты, акын, адабиятчы.

1. Поэзия – бул акындын жан дүйнөсүнүн өзгөчө абалынын ыр түрүндө чагылдырылышы. Поэзияны окууга, угууга, түшүнүүгө тарбияланган эстетикалык табит керек. Андай табитти бала кезден тарбиялабаса, эс тарткандан кийин поэзияны сүйүү, түшүнүү, таануу кыйыныраак болуп калат. Азыр буга күбө болуп да жатабыз. Ыр деп уйкаштырып бирдемени окуп, филармонияда поэзия кечелерин өткөрүп жатышат. Ага жаштар тамшанып агылып барышууда. Табитти өлтүрүшөт да ушинтип. Анан ыр менен пырдын айырмасын билбеген муундан кандай акын чыгат.  

2. Жакшы нерсенин өзү сейрек жолугат эмеспи. Антпесе жакшынын кадыры болмокпу. Анын сыңарындай, жакшы акындар деле ар бир доордо көп болбойт. Ал эми чоң акын, чоң талант болсо, бүтүндөй бир доордо жападан жалгыз жаралышы мүмкүн. Анткени шык-талант энчиленип төрөлүп калуу – бул Поэзиянын ирегеси гана, андан ары төргө өтүү үчүн изденип алган билим, маңдай тер төккөн эмгек керек, билим дегенде, жалаң эле университет берген билим эмес, турмушту таануу да маанилүү чоң илим.

Жакшы акындардын арасындагы чоң акын дегенди мен Гений деп түшүнөм. Генийге тете акын мен үчүн Сагын Акматбекова эле. Канча окусам да ырларынан танбайм. Сагынтып, эңсетип өзүнө кайтарып тура берет. Башка акынды мындай сагынып, эңсеп кайра-кайра окуй элекмин.

3. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө акын-жазуучуларга изденип казып окуган билим, анан убакыт жетишпей жатат деп ойлойм. Баарыбыз эле күргүштөгөн иримге кирип чыга албай жаткандайбыз. Кээде бир жакка качып кеткиң келет ызы-чуудан, ошол баарыбызды оп тарткан иримден. Бирок кайда качасың, айланып-тегеренип эле айлампадабыз. Изденгенге, окуганга убакыт табыш кыйын болуп калды. Убакыт тапсаң – энергияң жетпейт. Убактың да, энергияң да темпи оргуштаган турмуштун күүсүнө жутулуп кетип жатат. Убакыт таап, энергия жумшап жазгандардын чыгармасын окугандар да өтө аз. Пикир айткандар андан да аз. Адабий гезит-журнал да чыкпай калды. Адабиятка арналган сайттар да кунарсыз, жасалгасы окурманды өзүнө тартпайт. Меним баамымда, учур адабиятын жарата тургандардын абалы азыр ушундай.


Ү. Култаеванын, Б. Таштаналиевдин, Р. Жуманазарованын, Ж. Турдубаевдин жана Э. Ажыканованын жооптору менен бул жерден тааныша аласыздар.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.