Филология илимдеринин доктору Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА: “Улуттук адабиятыбыз – уңгулуу адабият»
– Аида айым, эгемендик учурундагы поэзия тууралуу кеп кылардан мурда улуттук көркөм сөз өнөрүнүн уңгусун түптөгөн “Манас” эпосу баштаган эпосторубузга кайрылсакпы дейм.
– Жакшы болот. Кыргыз сөз жандуу эл. Сөзгө өтө чоң маани берген. Негизи адам баласынын өмүрү төрөлгөндөн акыркы сапарга узаганга чейин ыр менен коштолот. Дүйнөнүн башка элдеринен айырмаланып, бизде улуттук руханий зор казынабыз бар. Көлөмү, ички мазмундук ар тараптуулугу жагынан дүйнөдө теңдеши жок “Манас” үчилтиги, ага салыштырмалуу “кенже” делип шарттуу айтылган “Эр Төштүк”, “Кожожаш”, “Кедейкан”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Эр Табылды”, “Сарынжи-Бөкөй”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жаңыл мырза” сыяктуу 30дан ашык эпостор, элдик лирикалык ырлар, акындар чыгармачылыгынын үлгүлөрү ж.б.
Мазмуну боюнча алабызбы, же формалык түзүлүшү жагынанбы, алардын ар бири кайталангыс. Элдин дүйнөтаанымынын өзгөрүшү ал чыгармалардан даана көрүнүп, алардын кайсынысы мурда-кийин жаралганын мазмунунан боолгологонго болот. “Манас” өзүнчө узун сөз. Ал эми “Эр Төштүктө” дүйнөнү үч катмарлуу элестеткен элдик дүйнө элеси бар, болгон окуялардын бардыгы “төшү түктүү” жерге байланыштырылат. “Төштүк” деген ысымдын келип чыгышы да “төшү түктүү” жер менен байланышкан эмеспи деп ойлойсуң.
“Кожожашта” – адам-жаратылыш маселеси, “Кедейканда” адилет хан жөнүндөгү элдик эңсөө, баатырлык эпостордо жоокердик заман, элдин басып өткөн жолу, анын ичинде “Курманбекте” – ата-бала, Сарынжи-Бөкөйдө адам жалгыздыгы, ага-тууган маселеси, “Олжобай менен Кишимжанда” инцест, б.а. кан аралашууга жол бербөө, “Жаңыл мырзада” аялдык теңдикти көздөгөн элдин кыялый бунту чагылдырылган.
Бешик ырлары менен кошоктордо кыргыз аял затынын кыялы, тилеги, үмүтү, арманы, бугу, эңсөөсү, кусалыгы, айтор баары бар. Бешик ырларында, кошокто аял ачылат, чачылат. Же эч нерсени айтпайт жаап-жашырат, арманын да, кусалыгын да ичине катып, пенделигинен өйдө болуп, каза болгондун жамандыгын жашырып, жакшылыгын көтөрө чалып, ырга кошкон. Аялзатынын улуулугу ушунда.
Акындар чыгармачылыгында дагы бир чоң тема Жер, Суу, От, Шамал тууралуу ойлор. Ал элдин дүйнө таанымына негизделип ырдалган. “Аккан суу” менен “Дүнүйө” темасы элдин жан-жаратылышка мамилесин дагы бир жолу көрсөтөт. Заманист акындардын ырлары доор коогасын салмактап, алдыда келээр турмушка пайгамбарлык кылган касиетке ээ. Элдик поэзияда сөзгө алынбай калган көрүнүш жок. Кыргыз жазма адабияты ХХ кылымдын 20-жылдары башталган кезде дагы жетектөөчү ролду поэзия ээлеген.
– Кыргыз профессионалдык адабияты Советтер Союзу учурунда кандай калыптанды, кандай өнүктү деп баа берет элеңиз?
– Өткөн кылымдын 20-жылдары фольклордун кучагынан жаңы эле суурулуп чыккан кыргыздын туңгуч жазма адабиятынын алгачкы өкүлдөрү Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөмбаев, Касымалы Баялинов, Кубанычбек Маликов, Молдогазы Токобаев жана башкалар адабияттын бардык жанрларында калемин сынашып – поэзия, проза, драманын; ал тургай өздөрү жазган чыгармаларды сахналаштырып, андагы ролдорду аткарышып – кыргыз театрынын; бири-биринин жазгандарына сын-пикир айтуу менен – кыргыз адабият таануусунун, адабий сынынын; коомдогу маселелерди, көйгөйлөрдү чагылдырган макалаларды жазышып – кыргыз публицистикасынын, алгачкы басылманы негиздешип – кыргыз журналистикасынын баштоочуларынан болушту. Алар жазган “Октябрдын келген кези” (А. Токомбаев), “Жер алган кедейлерге” (Ж. Бөкөнбаев), “Зарыгам” (М. Элебаев), “Ленин жолу” (Ж. Турусбеков) ырлары өздөрүнүн – программалык чыгармалары, ал эми кыргыз адабиятынын – реалисттик үлгүлөрү болуп калды. Аталган акындар жашаган доордо адабият коомдун күзгүсү болуп, турмуштук чындыктар өз боёгунда чагылып жүрүп отурду. 20-жылдары Октябрды даңазалоо, аялдар теңдиги, илим-билимге суусоо негизги тема болсо, 30-жылдары акындардын көңүлү көбүнчө эмгек темасына бурулду. Согуш жана тынчтык темасы басымдуу орун алган 40-50-жылдары Т. Сыдыкбековдун, К. Жантөшевдин негизги романдары жарык көрүп, бул мезгил кыргыз адабиятына чолпондой жанган Алыкул Осмонов деген улуу акындын поэзиясын берди. Адабиятка 30-жылдары келген Т. Үмөталиев, А. Токтомушев, Р. Шүкүрбековдордун жылдызы жанды. М. Алыбаев, К. Эсенкожоев, Ж. Ашубаев, Т. Шамшиев, К. Эшмамбетов, Э. Узакбаев, Я. Шываза, Н.Ч екменов, С. Сасыкбаев сыяктуу жазуучулар да чыгармачылык жөндөмүн көрсөтүшүп, жеке чыгармачылыктарынан тышкары өздөрүнөн мурдагылар баштаган көркөм котормону андан ары өнүктүрүштү. Чыгармачылыгын ыр менен баштаган айрым жазуучулар биротоло кара сөз жазууга адистешишти. Ушул мезгил тилкеси адабиятта Чыңгыз Айтматов деген залкар жазуучуну жаратты. 60-70-жылдары болсо жалпы совет адабияты, анын ичинде кыргыз адабияты, өз тарыхында болуп көрбөгөндөй өнүгүп-өстү.
– Өзүңүз билесиз, анын бардыгы шыдыр эле жүрүп кеткен жок да. Каршылашуу, салгылашуу болду дегендей…
– Албетте, ал азыр эч кимге жашыруун эмес. Адабият өз кезегинде кагылышкан салгылаштардын, каршылашкан идеялардын майданына айланды. Кийин “адабият майданы” деп айтылып калган түшүнүк 20-30-жылдардын адабиятына өзгөчө туура келет. Адабият алптарынын кырчылдашкан кагылышы Касым Тыныстановдун жана ал баштаган айрым чыгармачыл инсандардын 1937-жылдагы сталиндик репрессиянын курмандыгына айланышын шарттады. Бул – жеке эле К.Тыныстановдун эмес, жалпы кыргыз адабиятынын аталган акынга жана башка калемгерлерге байланышкан трагедиясы.
– Мунун себеби эмне болгон деп ойлойсуз?
– Идеология. Партиялык жетекчилик, керек болсо көрсөтмөлүүлүк адабияттын идеялык-көркөмдүк багытын аныктап, жазуучулардын алдына чоң милдеттерди койгон. Адабият өкүлдөрү коомдогу чоң күч катары эсептелген. Жалпы совет адабиятында орун алган соцреализм методуна ылайык алардын чыгармаларында жалпысынан социалисттик турмушту оптимисттик маанайда чагылдыруу, тап күрөшү, идеологиялык мазмун, оң-терс каармандар чагылдырылган. Бул айрыкча 20-30-40-жылдардын чыгармаларынан көрүнөт. Бирок аталган рамкага сыйбай, дүйнөнү башкача көрө билген тажрыйбалар А. Осмоновдун поэзиясында болгондугу кечирээк байкалды.
– Кыргыз жазмакерлери идеологиялык рамкадан өткөн кылымдын 60-жылдарынан баштап бошоно башташты көрүнөт?
– Ооба. 60-70-жылдардын поэзиясы жөнүндө сөз кылганда, С. Эралиев (“Жылдыздарга саякат”), Р. Рыскулов (“Космостук манифест”), М. Абылкасымова (“Эстелик сүйлөйт”), С. Жусуев (“Тирүүлөргө”) сыяктуу акындардын ысымдарын кыйгап өтүү мүмкүн эмес. Алар адабиятка бир гана мазмундук эмес, формалык жактан дагы жаңылык алып келишти. “Жылдыздарга саякат”, “Космостук манифест” – адам баласынын, андан дагы советтик адамдын, космоско учушуна шыктанган, жердик темалардан жогорку абстракцияны чагылдырган поэмалар болсо, “Эстеликтер сүйлөйт”, “Тирүүлөргө” – Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналып, ички сюжеттик өзөгү, образдар системасы буга чейинки поэмалардан кескин айырмаланды. М. Абылкасымованын поэмасындагы жансыз эстелик менен сүйлөшкөн каралуу эненин образы жаңылык болду. Поэзиядагы булар аркылуу башталган ак ыр формасы дагы башка бир катар таланттуу акындардын чыгармачылык тажрыйбасы болуп калды.
– Ушул жылдары улуттук адабиятка акын кыз-келиндерден бир топ ысымдар кошулду окшойт?
– Туура айтасыз, 60-жылдары адабиятта кыз-келиндердин карааны даана көрүндү. Нуркамал Жетикашкаеванын аркасынан адабиятка келген Сатин Абдыкеримова, Мариям Буларкиева, Субайылда Абдыкадырова, Нинакан Жүндүбаева, Зуура Сооронбаева, Тенти Адышева, Жумакан Тынымсеитова, Гүлсайра Момунова өз сөздөрүн айтууга үлгүрүштү. Акын катары таанылышты.
Кыргыз совет адабиятынын дейбизби, же улуттук адабияттын дейбизби, гүлдөгөн доору ошол жылдарга туура келсе керек деп ойлойм.
Совет доорунда кыргыз адабияты толук өнүгүп, төл башы акындар баштап, андан кийин А. Осмонов өзүнчө бийиктикке чыгарып кеткен поэзия кийинки өнүгүүсүндө дагы көп акындардын ысымын атай алабыз Алар: Байдылда Сарногоев, Жалил Садыков, Совет Урмамбетов, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Беганас Сартов, Роза Карагулова, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов, Сүйөркул Тургунбаев, Төлөгөн Мамеев, Асан Жакшылыков, Алым Токтомушев, Сагын Акматбекова, Шербет Келдибекова, Роза Мукашева, Калбүбү Сариева, Айгүл Узакова, Уруниса Маматова, Чынара Унурова, Алымкан Тыналиева ж.б.
– Булардын арасынан Байдылда Сарногоев улуттук колорити менен айырмаланып турат деп айтсак болот. Сиз кандай дейсиз?
– “Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн жаралган” дегендей, Б. Сарногоевдин поэзиясы улуттук колоритти таасын байкаткан, ошонусу менен окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, сүймөнчүлүгүнө татыган поэзия болду. Анын ырларында салттуу улуттук колорит менен дүйнөлүк поэзиядан алган таасирлери ширелишип турат. Байдыкебиздин ырларынын күчү, деми мына ошондо. Анын, айрыкча, 1982-жылы чыккан “Ашуудан берген отчетум” китеби бестселлер, башка жаздап окуй турган китепке айланды.
Бул жөнүндө көрүнүктүү адабиятчы О. Ибраимов: “Адабиятта сенсация болот дегенди ошондо биринчи жолу көрдүк. Китеп бир нече айдын ичинде элге тарап кетти. Ансыз да китептер өтпөй, каражатсыз турган басмалар ошол эле китепти экинчи жолу басты. Дагы заматта тарап кетти. Баарынан кызыгы: чыныгы «Эл акыны» деген кандай болорун ошондо билдик. Байдыке эч кандай расмий наамы жок туруп чыныгы «эл акыны» ким экенин көзгө сайгандай далилдеп койду. «Алтынды дат баспайт, басса да көп баспайт» деген кеп ушундан улам айтылып калса керек.
Байдылда Сарногоевдин акындык күчү эмнеде? Анын күчү – элдигинде, массалыгында эле. Поэзиясынын элдик мүнөзүндө, нака демократизминде эле. Анын салттуу ыр маданиятынын чегинен чыкпай туруп, ошол салттуу ыр маданиятын не бир заманбап ойлор, актуалдуу түйшөлүүлөр менен байытканында эле” (Ибраимов, 2018) деп жазган.
– Айткандарыңызды мисалдар менен коштой жүрө отурсаңыз?..
– Байдылда Сарногоев кайталангыс талант. Дүйнөлүк адабиятты түрө кыдырып издеп, Байдылдадай улуттук колоритке бай акынды таппайсың. Анын акын катары экинчи зор касиети, адабиятчыларыбыз дагы таасын белгилеп келе жаткандай, анын элинен, окурмандарынан сыр жашырбагандыгы:
“Кыргызда мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны”, –
деп окурманга дилин ачканы же:
“Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”, – деп өзүн-өзү таануусу, астейдилдиги акынды элине ого бетер жакындаткан.
– Дөө-шаа акындарыбыздын көбүнүн көзү өтүп кетти. Алардын бири Омор Султанов эле. Жакында эле 90 жылдыгын белгиледик. Омоке тууралуу эмне дейсиз?
– Омор Султанов кыргыз поэзиясындагы өзүнчө бир кайталангыс кубулуш. А кишинин ырлары кумга сиңген суудай болуп окурманга капкачан тарап кеткен. “Отузунчу станция”, “Сен жөнүндө поэма”, “Чарчоонун жүзүнчү ыры”, “Адамдын тагдыры” өңдүү чыгармалары менен эсибизде калды. Анын айрыкча “Сен жөнүндө поэмасы” ооздон оозго өтүп, жаштыктын, махабаттын илебин жүрөктөргө түнөттү. Буга чейин А. Токомбаевдин, А. Осмонов менен М. Алыбаевдин поэзиясында өзгөчө көрүнгөн теманы акын дагы башка бийиктикке чыгарды. Бир ырын окуп берейин:
“Мен эми кайда кетип, кайда барам?
Багытым калды сынып, карып сапар.
Дарчыдай басып өткөм араң-араң
Сүйүүнүн ок жолундай жолун татаал.
Түн каткан жолоочудай кетти жаштык,
Таскактап таштуу жолдо ат дабышы.
Биз бастык, эч ким баспас жолду бастык,
Суктантып кабар алган кары-жашты.
Буюрулбас жөрөлгөгө айып-күнөө,
Жөн гана өмүр жолу ал бир эски.
Сага эми кезиксе экен мендей бирөө,
Болбосо менден жакшы, менден эстүү.
Таалими айкөл, таза өзүңө окшоп
Муңдурбас тамашакөй болгой эле…
Баары бир бассаң-турсаң мени жоктоп,
Баары бир ойлойсуң го болбой эле…”
Эмне деген кайталангыс саптар. Ал “Сен жөнүндө поэмасын” жаш кезинде гана жазбай, картайганда да жазды. Кыргыз поэзиясын мазмундук да, формалык да жактан байыткан, ырга башкача эстетика берген акын өлкө эгемендик алган кийинки жылдары да жемиштүү иштеди.
– Акындар тууралуу сөз болгондо Сүйөркул Тургунбаев көп айтылбай калат. Сүйөркул аба кандай акын эле?
– Негизи Сүйөркул Тургунбаевге окшоп, учурунда бар туруп унутулуп келген акындар көп болду. Эми алардын көзү өткөн соң, буларды ким жазат, ким изилдейт, ким татыктуу баасын берет деген маселе бар. Болбосо, а киши кандай сонун акын эле.
“Акындарга бергиле жайлоолорду,
Акындарга бергиле аскар тоону.
Акындарга бергиле мейкиндерди.
Деңиздерди бергиле акындарга,
Бүт ааламды бергиле акындарга!
Бир орунда бук кылып койбогула!
үп күндөрдө кысылып, өңү азып,
Митаам аял койнундай тар чөйрөдөн,
Деми сууп, түбөлүк көңүлү калып,
Аша кечип кетпесин өмүрүнөн!” – деген акын С. Тургунбаевди тегин акын деп ким айтат? Залкарлардын бири эле десек аша чаппайбыз. Ал өзүнүн элестүү ыр саптары менен акынга мейкиндик, эркиндик, чабыт керек экендигин жар салды.
– 60-жылдар улуттук поэзиянын кайра жаралуу доору болгон экен да…
– Акындардын доору болуптур. Ошол жылдары: “Жашасын поэзия жиндилери!” – деп Т. Муканов кечелерде элбиреп-делбиреп ыр окуду да. “Делбе болуп келет чуркагым, Жаштык сүйүү өткөн жол менен” – деп Р .Карагулова көңүл-көйүндөгүнү төктү. Айтор, кыргыз поэзиясы совет учурунда өзүнүн түркүн түсү, түркүн добушу менен айырмаланган белдүү поэзия болду. Ал сапат андан кийин дагы ийгиликтүү уланды.
– Эми ушул жерден бир нерсени тактап алсак, адабият тарыхы тууралуу сөз кылганда, кыргыз совет адабияты деп айтканыбыз дуруспу, же кыргыз улуттук адабияты деппи?
– Адабияттын тарыхы совет мезгилинде жаралган чыгармалардын баары эле соцреализмдин туундусу эмес экендигин көрсөттү. Айрыкча, 60-70-жылдарда аталган методдун алкагына сыйбаган чыгармалар жарала баштады. Мунун өзү соцреализмдин кризиси, жаңы муундун адабиятка кириши, улуу муун менен жаңы муундун тиреши, батыш адабиятындагы, орус адабиятындагы адабий-эстетикалык тажрыйбалардын кыргыз совет адабиятына келе башташы менен байланыштуу. Модернизмдин элементтери – дүйнөнү трагедиялуу кабылдоо, баш каармандын жалгыздыгы, пессимизм, “жоголгон муун”, бейаңсезимдердин, ирреалдуулуктун таасири, обочолонгон каарман, мифтик, символдук элементтер, ирония, татаалдашкан ойлор ж.б., прозада Ч. Айтматов, К. Жусубалиев, М. Гапаров, А. Саспаев, Т. Акматов, К. Акматов сыяктуу жазуучулардын чыгармаларында көрүндү.
Поэзияда бул Р. Рыскулов, О. Султанов, Ж. Мамытов, Т. Муканов сыяктуу акындарга мүнөздүү болду. Совет мезгилинде адабияттын өнүгүшүн шарттаган себептердин бири, жогоруда белгиленгендей, коом менен тыгыз байланыштуулукка, партиялык жетекчиликке байланыштуу болсо, экинчи чоң себеп агездеги адабий сынга байланыштуу болгон. Сынсыз адабият өнүкпөсүн, дегеле адабият үчүн бул эки фактордун канчалык маанилүүлүгүн биз эгемендик алган жылдары айкын түшүндүк.
– Эгемендик алган жылдарда көп калемгерлер жазбай калышты же тагыраагы жазбай коюшту. Муну эмне менен түшүндүрөт элең?
– Албетте, анын көп себептери болсо керек. Мен ар бир адамдын мойнуна ылдый басып турган көр тирлик менен байланыштырбас элем. Чыгармачылык – жан дүйнөнүн өзгөчө абалы, өзгөчө учур, өзгөчө дем.
Майрамкан Абылкасымова эженин “Ата Журт дайым көңүлдө” (1987) жана “Үшүк” (2001) китептеринин ортосунда он төрт жыл убакыт өтүптүр. “үшүк” китебинин алгачкы бетинде “1990-2001-жыл арасы” деген эскертүү берилгенине караганда, чакан китепке кирген чыгармалар аталган мезгил аралыгындагы акындык эргүүнүн болгон жемиши. Акын менен маектешкенибизде Союз таркагандан соң жүрөгүн боштук ээлеп, эч нерсеге ишенбей калганын айтты эле.
– Эгемендик жылдарында атуулдук ырлар басымдуу жазылды окшойт. Андай ырларды көп учурда публицистикалык маанайдагы ырлар деп, поэзиядан бөлүп, жерип караган учурлар бар.
– Менимче, бөлүп-жерип караган туура эмес. Андай ырлардын жаралып калышынын да өз мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Алар да убагында өз озуйпасын аткарды. Кыргыз коомундагы элге, жерге, адамзатка, табиятка болгон кайдыгерлик, эне тилдин аянычтуу тагдыры, карылар үйүндөгү ахыбал, тарыхты унуткаруу, улуттук нарк-насил, ыйман, адеп-ахлак, уруучулдук, жердешчилик, жалкоолук жана башка нерселер, көйгөйлөр акындардын ырларында айтылып, элдин сөзүнө айланып, ар бир үйдө айтылды, ырдалды.
Шайлообек Дүйшеевдин:
“Тарых менен тагдырды кезсең болот,
Тарых менен ташты да эзсең болот,
Тарыхсыз калк таптакыр тамырсыз калк,
Тарыхсыз калк жер менен жексен болот!” – деген маанайдагы ырларынын жаңырыгы бүгүн дагы кыргыз ааламында дабышын өчүрө элек.
Элдин жүрөгүндөгүсүн жазган акындардын бири – Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов болду. Акын агабыз бул жылдары “Күндөгү так” (1995), “Асмансыз жылдар” (2001), “Тушалган чагылган” (2005) аттуу аталыштары символикалуу жана бири-бирине үндөш келген китептерин чыгарды. Ал өзүнөн-өзү обон сурап турган сүйүү лирикаларынан тышкары мазмунун жогорку китеп аталыштары аяндап турган атуулдук ырларды көп жазды. Китептер жарык көргөн мезгил эл туңгуч ажонун башкаруусунан чындап тажап, катаалдык, тымызын жасалган кара иштер, коррупциянын зардабынан караңгылыкка батып, асманды көрө албай калган кезең болчу. Ал эгемендик алгандан берки 30 жыл бою элдин, коомдун көйгөйлөрүнөн чет боло алган жок. Чындыкты чыркыратып айтып, хан экенине карабай, көзүнө сайып көрсөтүп турду. Акындын ырлары кийинки көп калемгерлерди тарбиялады.
Граждандык пафос Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин эне тил жөнүндөгү ырларынан дагы көрүндү:
“Кыргыз туруп
Кыргыз боло албаган,
Кийиз жүрөк
«Киргиздерге» таң калам.
Эне тили гүлдөп жаткан,
Эне тилде сүйлөп жаткан,
Коңшулардан арданам.
Тилибизге кесир кылсак,
Тирүү туруп жетим кылсак,
Чоң өкүнүч бар мында.
Жууса кетпес күнөө болор
Соңку келчү урпактардын алдында”, – деп замандаштарына акын “эсиңе кел!” деп чакырык таштаган. Эгемендик мезгилдеги ырларына көз чаптырсак, жалаң коомдук көйгөйлөрдү ырга салган. “Оң карегим түштүк болсо, түндүк сол жак карегим. Оң бөйрөгүм түндүк болсо, Сол бөйрөгүм түштүгүм. Аба, суудай керек бизге Биримдешкен күч бүгүн” (“түштүк”, “түндүк” түшүнүктөрү кыргыз элиндеги региондук бөлүнүүгө карата айтылат, акын “антип экиге бөлүнбөйлү” деп чакырык таштап атат) – деп эл ынтымагын суранган. Акындын ырлары дагы эл оозуна алынып, көкүрөктө жат болгон.
– Бул мезгилде адабиятчылар да акын болду көрүнөт?
– Ооба. Адабиятчы жана педагог Советбек Байгазиевдин “Бүркүттүн көз жашы” (2007), “Кишенден бошонгон рухтун ырлары” (2009), философ адабиятчы Калбүбү Сариеванын “Асмансыз жылдар” (1999), “Аалам тепкичтери же өткөөл өмүр трактаты” (2005) китептеринде доор чындыгы чагылды. Мисалы:
“Жол жүрбөй, жол бою керилген
Көрбөдүм күздөгү айдоолор,
Көңүлдү бурган да күз эмес
Кыштагы өтүүчү шайлоолор.
Саргайган жалбырак эмейле
Быйыл күз сапырат саясат.
Саясат каркылдап, каргалар
Түнөккө чогулуп тарашат.
Күтүүсүз бирде ысып, бирде сууп,
Бийликке умсунган адамдай.
Чукулдан бурулуп, буйтаган
Күз быйыл шамдагай шамалдай…”, – деп “1994-жылдын күзү” деп аталган бул ырда К. Сариева өлкө ичиндеги коомдук абалдын бир көрүнүшүн кабарлайт. Эл күзгү түшүм жыйноо эмес, кышта келчү шайлоонун камы менен опур-топур болуп жатканын бизге көптөн берки көндүм болуп калган шайлоо картинасы катары ачып берет.
“Көчөдө” деген дагы бир ырында:
“…Максатсыз ойлорго чолоо жок.
Каржысыз гезиттер чыга албай.
Жабылып жатканда өңдөнүп
Жандуу, эски көрсөтмө куралдай.
Келатам көчөдө, келатам
Ой ордо ичинде. Ой ордо
Эл эртең гезитти окушат
Беттери чолоосуз толо ойго”, – деген, эгемендик учурдагы жабалактап чыга баштаган гезиттердин чыгып-чыкпоо, жабылуу абалдарын чагылдырат. Китептеги ырлар тартыштык, кедейчилик, базарлардын өсүшү, тил, улут маселеси, “күздүн мээлүн коңурлугун сезбей” элдин баары эле үйүнө азык, темир-тезек жыйнап, күйпөлөктөгөн күндөр, менчик топтоо, алып сатарлык, жетип-жетпес айлык, пенсия, баанын өсүшү, “чындыктан жалганы көп турмуш”, “ушул заман бир жаңсыл болгуча түк ойгонбой уктап калгысы келген” адам, соодага эби жок калемгерлердин абалы ж.б. көйгөйлөр акын жүрөгүн тепчип өтүп, муңайым ырларга айланган.
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”, 28.11–02.12.2025-ж.



