«Адабий Ордо» сайты бир ырдын сынагын жарыялады
«Кыргыз Маданият Борборунун» өнөктөшү «Адабий Ордо» сайты «ЖАЗ» деген темага арналган БИР ЫРДЫН СЫНАГЫН жарыялады.
Сынактын шарттары боюнча, катышуучулардын жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы, «Адабий Ордо» сайтында катталгандыгы, катталбагандыгы боюнча чектөө жок. Бир автордон бир гана ыр кабыл алынары айтылат.
Сынакка катышкан ырлар «Адабий Ордо» сайтынан сырткары «Кыргыз Маданият Борбору» сайтында жана «Кыргыз Поэзиясы» телеграм-каналында жарыяланып турмакчы.
Сынактын шарттары тууралуу толугураак маалыматты бул жерден алса болот.



