Бусурманкул ОДУРАКАЕВ: «Бетме-бет» – менин актёрлук жолумда чоң мааниге ээ тасма
Кыргыз искусствосу таланттарга бай. Алардын арасында сахнада да, кинофильмде да бирдей бийиктикти багынткан инсандар саналуу гана. Бусурманкул Одуракаев – дал ошол «эки тизгин, бир чылбырды” кармаган өзгөчө таланттардын бири. Анын актёрлук чеберчилиги көрүүчүнү ал аткарган ролдогу каарманы менен кошо жашатып, ар бир ирмемдеги эмоцияны жан дүйнөсү менен сезүүгө мажбурлайт. Ал театр сахнасында да, кинофильмдерде да күчтүү, терең образдарды жараткан актёр. Искусство жаатында басып өткөн жолунда эң таасирдүү аткарган ролдорунун бири – “Бетме-бет” фильминдеги Ысмайылдын ролу экени талашсыз. Бул тасмадагы ролу менен ал кыргыз киносунун тарыхында унутулгус из калтырды. Деги эле актёрдук өнөр эмнени талап кылат? Кайгыны, кубанычты, күрөштү жана үмүттү кантип чыныгы жашоодогудай жеткирсе болот? Ушул жана башка суроолорго Бусурманкул Одуракаев менен болгон чыгармачыл маекте жооп издедик.
– Театр жана кино сыяктуу улуу искусствого болгон жолуңуз кайсы учурдан башталган? Актёрлукка алып келген жол тууралуу айтып берсеңиз.
– Менимче, актёр болууну каалаган адамдын жүрөгүндө театрдын жалыны бала кезден эле жанып баштайт. Мен театрга 16 жашымда келдим. Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияда окуп, андан кийин Алматыдагы Казак улуттук театр жана кино искусство академиясын 1985-жылы бүтүргөм. Ошондон бери Кыргыз академиялык драма театрында, Кинематографисттер союзунда жана «Кыргызфильмде» эмгектенип келем. Алгачкы ролумду Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» романынын негизинде Дооронбек Садырбаев тарткан «Акбаранын көз жашы» фильминде комсомолдун катчысы болуп эпизоддук роль аткаруудан баштагам. Фильм Алайда тартылган. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин негизинде Бакыт Карагулов тарткан «Куш өмүр» деген тасмада качкын, “дезертир” Ысмайылдын ролун аткардым.
– Сиз жараткан образдар бири-бирине окшобойт. Бирок алардын ичинен тагдырыңызга өзгөчө из калтырган, жүрөгүңүзгө эң жакыны, балким эң оору кайсы роль болду?
– Ар бир роль – бул жаңы адамдын тагдырын баштан өткөрүү. Айрымдары жүрөгүңдө калып, жашооңдун бир бөлүгүнө айланат. Кээде роль менен өзүңдүн ортолук чек араң жоголуп кетет. Мен үчүн эң оор ролдор – бул адамдын ички драмасын, азабын, үмүтүн чагылдырган образдар. Анткени мындай ролдор актёрдон жөн эле чеберчиликти эмес, жан дүйнөңдү тартуу кылууну талап кылат. Кээде бир ролду бүтүргөндөн кийин, кадимкидей өзүмө келе албай жүргөн учурлар болот. Дезертирдин, качкындын образын жаратканым үчүн кинодон таасирленген эл мени көпкө жаман көрүп жүрдү. Ошондон кийин эле мага режиссёрлор да терс каармандарды бере баштады. Мен кийинчерээк гана оң каармандын ролун алдым. Биз Советтер Союзу ыдыраган мезгилде окууну бүтүп келип, кыйчалыш учурга туш келип калдык. Бирок театр менен кинону чогуу эле алып кеттим. Сахнада биринчи жолу Мар Байжиевдин «Алтынчы күнү кечинде» пьесасында Есениндин ролун жараттым. Кийин «Айкөл Манаста» Көкөтөй хандын уулу Бокмурунду ойноп, акырындан чоң ролдорго аралаштым. 1993-жылы Уильям Шекспирдин «Ромео жана Жульеттасында» Ромеону, 1994-жылы «Гамлетте» Гамлетти ойнодум. 1997-жылы 28-майда Шотландиянын борбору Эдинбург шаарында «Шекспирдин энциклопедиясы» фестивалына катышып келгенбиз.
– «Бетме-бет» тасмасы кыргыз киносунда өзүнчө бир доордун белгиси катары кабыл алынат. Бул фильм сиздин чыгармачылык тагдырыңызда кандай роль ойноду?
– «Бетме-бет» – мен үчүн жөн гана тасма эмес, ал менин актёрлук жолумда чоң мааниге ээ десем жаңылышпайм. Бул фильмде адамдык абийир, тагдыр, коом менен адамдын кармашы сыяктуу терең темалар козголгон. Ысмайылдын образы кыргыз адабиятында жана киносунда өзүнчө бир жаңылык болгон да, мен үчүн бул тааныш чыгарма болчу, бирок мындагы Ысмайылдын ролун ойнойм деп күткөн эмесмин, негизи эле терс каармандын ролун жаратууну ойлогон эмес элем. Анан “кино пробага” чакырышып, ошондон өтүп кетип башкы ролду ойноп калгам. Ысмайылдын ролу – менин эң алгачкы чоң дебьютум. Бул фильм көптөгөн өлкөлөрдө коюлуп, жакшы сыйлыктарга ээ болгон. Кыргыз фильмде 90-жылдардагы Советтер Союзу ураар алдындагы эң акыркы тартылган кино “Бетме-бет” фильми болду. Андан кийин кино тартылган жок. Союз урап, кийин, он беш жылдан соң гана, эгемендик жылдарда “Кыргызфильм” биринчи жолу “Айыл өкмөтү” деген кинону тартты.
– Ысмайылдын ички трагедиясын, анын адамдык тагдырын ачууда кандай ыкмаларга таяндыңыз? Бул образды кантип “жан салдыңыз”?
– Актёрдук образга кирүүдө Ысмайылдын өзүнө барып жолугушуп келгем, 90-жылдын февраль айы болчу. Ошондон кийин менде таптакыр аёо сезими пайда болду, себеби ал корккондон качып келген эмес экен. 1986-1987- жылдары Германиянын бир басмакана ээси Чыңгыз агайга мындай сунуш киргизген экен: “Сиз бул повестте Ысмайылды аябай эле жек көрүндү кылып, чыгарма соцреализмдин багытында жазылып калыптыр. Азыр эми сиздерде демократия орун алды, башкача жазып бере аласызбы? Подтексттер калып кетиптир” десе, Чыңгыз агай макул көрүп Ысмайылды согуштан корккон качкын катары эмес, “башка жерде өлгөндөн көрө өзүмдүн жериме барып өлөйүн, мен эмне үчүн бөлөк-бөтөн жерди коргоп өлүшүм керек,” деген ойду туу тутуп өз жерине баса берген адам деген мааниде кайра повестти өзгөртүп чыккан. Андан сырткары чыгармада ошол качкын делген адамдын үй-бүлөгө, энеге болгон мээримине да жакшы орун берилген. Мунун баары чыгарманын биринчи вариантында жок болчу. Каарманымдын ички дүйнөсүн ачып берүүдө режиссёр Бакыт Карагулов менен иштөө мен үчүн абдан жагымдуу болгон. Бейиши болгур Бакыт байке тээ ошол согуш мезгилинин, 1941-жылдардын атмосферасын кинодо аябай жакшы чагылдырып берген. Албетте, бул жерде оператор Марс Умаровдун, мыкты художник Азимбек Төрөбековдордун да эбегейсиз салымы бар. Ошол атмосферага кирүү, каармандын ички дүйнөсүн ачуунун өзү мага чоң мектеп болгон эле. Менин каарманым – согуштан качып келген жөнөкөй бир жигит, бирок анын ичинде кайнаган сезимдер, азаптар бар. Ал айлана-чөйрөсү, бүтүндөй коом менен күрөшөт, өзү менен өзү каршылашат. Бул образды жаратуу үчүн мен каармандын ар бир демин, ар бир көз карашын, ар бир ойлонуусун жан дүйнөм менен сезишим керек эле. Кээде өзүмдү ошол адамдай сезип, чыныгы жашоодогу окуялардан да алыстап кеткем.
– Тасма тартуу учурунда актёр катары сизди өзгөчө кыйнаган же эс-тутумуңузда унутулгус болуп калган эпизоддор болду беле?
– Негизи мыкты тартылган фильмдерде татаал эпизоддор аз болбойт, мисалы, бир эле нерсени айтсам, – бул көз караш менен ойду жеткирүү. Кээде сөз жок, кээде кыймыл жок, бирок ошол көз ирмемде каармандын бүтүндөй тагдырын көрүүчүгө сездиришиң керек. Мына ошол нерсе актёр үчүн чоң сыноо.
– Актёр өзү ойногон каармандын эмоциясын кантип чыныгы турмуштагыдай кылып көрүүчүгө жеткире алат?
– Менимче, образга кирүүнүн эң жакшы жолу – ошол каармандын жан дүйнөсүнө кирип кетүү. Кээде ролго даярданганда, ошол адам сыяктуу ойлонуп, ошол сыяктуу басып, ошол сыяктуу сүйлөп каласың. Кино – бул башка дүйнө, анда көз караш, үн, кыймыл баарын чечет. Ал эми театр – бул чыныгы жашоо. Театрда эмоцияңды аудиторияга жеткирүү үчүн, сахнага чыкканыңда чын дилиң менен ишенишиң керек. Сен ынансаң, көрүүчү да ынанат.
– Көрүүчүлөр менен болгон байланыш сиз үчүн канчалык маанилүү?
– Мен үчүн сахна – бул көрүүчү менен сүйлөшүү. Алар менин ролумду гана эмес, менин ар бир демимди, көз карашымды, сезимимди сезиши керек. Эгер көрүүчү мени менен кошо жашаса, күлсө, ыйласа – анда мен максатыма жеттим деп ойлойм. Кээде сахнада турганда, залдын дем алуусун угам. Бул укмуштуудай сезим. Бир ирмемде бир нече жүздөгөн адамдар менен бир энергиянын ичинде жашайсың.
– Театр жана кино – кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын?
– Экөөнүн тең өзгөчө сыйкыры бар. Театр – бул жандуу, көз ирмемде жаралуучу искусство. Бир спектаклдин ичиндеги эмоциялар экинчи спектаклде эч качан кайталанбайт. Ал эми кино – бул тарыхта калуучу искусство. Кино сенин ишиңди, сенин дүйнөңдү жылдар, кылымдар бою сактай алат. Ошондуктан мен экөөнү тең жакшы көрөм.
– Кыргыз киносунун азыркы учурдагы абалы тууралуу кандай ойдосуз? Өткөнү менен азыркысына саресеп салып көргөндө кандай жетишкендиктер менен кемчиликтерди байкайсыз?
– Азыркы кино тармагы мурунку кино тармагынын айырмасы асман менен жердей. Ал кезде соцреализм, гуманизм, адамдык бийик сапат деген бар эле. Актёрлордун баары окууну бүтүп келишкен, жөндөмдүү, ошондуктан кино деген түшүнүктүн өзү аброю бийик нерсе болчу. “Кыргыз керемети” доорун жаратуучулардын башында Мелис Убукеев, Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдер не деген залкарлар эле! Ал эми менин устатым Нурмухан Жантурин өзүнчө сөз кылууга арзыган улуу талант! Азыркы кыргыз фильм тартып жаткан фильмдерди да жаман дебейм. Кассалык фильмдер жөнүндө сөз башка. Азыр кино тармагында мурункудай цензура жок, жеке жактарга тыюу салууга эч кимдин акысы жок экен. Алар киносценарийди да өздөрү тандашат, акчаны да өздөрү табат. Бирок алардын тарткан кинолору менен Кыргыз фильмдин тарткан кинолорунун ортосунда асман менен жердей айырма бар. Элде негедир кассалык фильмдерге көп кирет да, профессионалдык деңгээлде тартылган фильмдерге көрармандын кызыгуусу солгунураак деген пикирлер айтылып келет. Бирок, акыркы жылдарда биздин фильмдерге да көрүүчүлөрдүн суроо-талабы күчөй баштады. Мисалы, Бакыт Мукулдун жараткан кинолору, Айбек Дайырбековдун, Сүйүн Откеевдин, Сапар Сайназаровдун жараткан фильмдерине кассалык фильмдерден кем калышпай элдер кирүүдө.



