№16 “Жаз келди”

 

Жаз жадырап наристедей жыт келип,
Жаз айына өз мөөнөтүн кыш берип,
Эл ойгонуп короо-жайын тазалап,
Түтүн каптайт мурунду өрдөй ыш келип.

Жаштар жүрөт эки экиден жуп болуп,
Чымчыктар да жалгыз эмес жуп конуп.
Жаз маанайлуу жадыраган жаш-кары,
Жаз белгиси талаа-түзгө кут конуп.

Сапырылтып айдап кышкы санааны,
Талаа жортот жаздын нымдуу шамалы.
Жаз жыттанган жан-шеригин көргөндө,
Жарк дей түшөт жаш келиндин кабагы.

Күнгө кактап кыш үшүткөн денесин,
Эскеришип өткөн жаштык белесин,
Абышкалар азил айтып каткырат,
Угуп-укпай байбичелер жемесин.

Чыбык атты минип алып чабышып,
Наристелер жүрөт көчө чаңытып.
Жылкы үйүрү жылгаларда жайылып,
Коруйт үйүр коңшу айгырлар алышып.

Жаздын күнү кандай сонун жадырап,
Музоо мөөрөп, козу-улактар жамырап,
Аюу, суур чыгып кышкы чээнден,
Баба дыйкан жаз жарышка кам урат.

Орундалып аруу жаздын тилеги,
Жашыл тартып боз талаанын иреңи,
Өрүк гүлдөп, бак-дарактар бүр байлап,
Келип жаздын жыпар жыттуу илеби.

Кеткен күздө жылуу жакка жок болуп,
Келгин куштар кайтышууда топ болуп.
Келин-кызга жигит өтөт тийишип,
“Кой” – дегенди кулакка илбей шоктонуу

“Кыргыз маданият борбору” “Адабият Ордо” сайты менен биргеликте “Жаз” темасындагы бир ырдын сынагын уюштурууда. Сынак тууралуу маалымат – https://adabiyat.men/synaktar/1-yrdyn-synagy-zhaz

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.