Кожеке МАМБЕТАЛИЕВ: “Немистин офицери болуп турганымда далай жердештеримди куткардым”
Жүз жашка чукулдап калса да акылы тунук, сөзгө чебер, орусча, немисче, полякча эркин сүйлөй алган бул карыя менин айылдашым. Убагында согушка 16 жашында кетип, немистерге колго түшүп, андан кийин тагдырдын тамашасы менен немистердин офицери болуп, жүздөгөн айылдаштарын, жердештерин туткундан качырган. Казак туугандар Кожоке ата менен бирге болгон Мустафа Чокаевди элдик баатыр кылып, ардактап алышты. А биздикилердин айткан жылуу сөзү жок. Жанын оозуна тиштеп жүрүп, качырып жиберген жердештери түтүн булатып, азыр өзүнчө бир айыл эл болгон. Документалдуу тасма тартып койбойлубу, бир кылым жашап калды, жок дегенде айткандарын жаздырып албайлыбы деп көп жерге кайрылдым. “Саясатка туура келбейт” дешти. Мейли пенденин саясатына туура келбестир, бирок , “Бир адамды сактаганың, бүтүндөй адамзатты сактаганың” – деген Кудайдын көрсөткөн жолуна туура келет. “Кудайга ишенем. Ошончо жүрүп, бир да кишини аткан жокмун. Немис болобу, башка болобу бир тирүү жан да” – дейт ата…
“Жүрүшү да немистей так, немисче так сүйлөйт, айтканын сөзсүз аткарат”, – дешет айылдаштарым. “Өзүнө окшош немис уулу бар экен, аталап артынан издеп келип-кетти” – дешет. Улуу кишиден согуштун каарын, тууган эл-жерге болгон сагынычын сурадым. Өмүр жөнүндө баарлаштык…
Кожоке атанын он баласы, бир топ небере, чөбөрөсү бар. Бардыгы жакшы адам болуп чоңоюшту. “Атаңа ырахмат, жакшы атанын баласысың да” – дейт айылдаштарым аларга. Эч жаман сөз укпадым балдары жөнүндө. Бир баласы бизге математикадан сабак берчү. Бир баласы биз менен классташ болгон. Математикадан жалаң “5” алчу. Бардыгы жогорку билимдүү. Ата да “Китепти көп окуйм” деген биз менен баарлашып атып. Анысы куюлуштуруп, таптап, кынаптап сүйлөгөнүнөн эле билинип турду…
Былтыр айылга барганымда ооруп, төшөктө дешти эле. Бул баарлашуу эки жыл мурунку. Кожоке ата залкар адамдардын эң башкы тизмелерине ылайыктуу…
“Сталин өлүп, Берия атылып, биз акталдык”
– Мен 1918-жылы туулгам. Өзүм 16-жылкы экем, бирок документте он сегиз болуп жазылып калган. Окусам дегенде эки көзүм төрт эле, бирок окуй албадым. Атамдан өтө эле жаш калдым да. Эгер окуганымда чоң адам болот элем го деп коём. Аскерге кетээрде комсомолго катчы кылып коюшкан. Какшап сүйлөчүмүн жыйналыштарда. Токтом, справкаларды жазчумун. Айылдагылар айтышчу, кайран бала окубай калды да деп.
1939-жылы армияга кеттим. Анан 41-жылы согуш чыгып кетпедиби. Г. Жуков жетектеген 9-армияда кызмат кылдым. Офицердик мектепте окудум. Үнүм бийик, мүчөм таза эле. Армияга ошондой кишилер керек болот турбайбы. Командир болуп согушуп жүрүп, туткунга түшүп калдым. Адегенде биздин аскерлер качпадыбы. Куураган Власов бизди сатып жибериптир, курчоодо калып, бир айдай жылкынын этин чийки жедик, көрбөгөндү көрдүк. Анан туткунга түштүм. Туткунда эки жыл жүрдүм, окоп казып, немистин кыл деген ишин кылып. 1944-жылы качып келип, кайра өзүбүздүн аскерлерге кошулдук. Ошондон согуш басылганча, 1946-жылга чейин майданда болдум. Анан элге келдим. Аял алып, балалуу боло электе сен туткунга түшкөнсүң деп, кайта 25 жылга кесип жиберди. Төрт жыл, сегиз ай карагай кестим. 1953-жылы Сталин өлүп, Берия атылып, анан бизге эркиндик берди. Элге келип, ошондон бери ушул жерде жашап жатам. Кудайга шүгүр, турмушум эл катары. Колхоздон чоң актив болгон жокмун. Райфинотделде иштедим. Он бир келиним, элүүдөн ашык небере-чеберем бар.
Шкафтын ичиндеги эки немис
– Далай эле иштерди көрдүм. Биз коргонууда турган кезибиз. Кечинде эки офицер, бир солдат болуп, үчөөбүз украиндердин үйүндө конуп калдык. Үй ээси эки жаш келин экен. Эркек киши жок. Жүгүрүп жүргөн төрт жашарбы, беш жашарбы эркек баласы бар. Тиги экөө чай кайнатып, биз чай ичип отурабыз. Жанагы бала менин тиземе чыгып, төшүмдөгү ордендеримди кармалап, мен да аны чекесинен сылап отургам. Бир маалда, “байке, биздин үйдө эки немис бар. Алар чайды канты жок ичет, а силер болсо кант менен ичет экенсиңер” десе болобу! Эки немис кайда десем, “тетиги чоң шкафты көрдүңүзбү, ошонун ичинде жатат”, – дейт. Шериктериме акырын шыбырасам алар ыргып туруп эле эшикти тосуп калышты. Анан эки аялды колунан кармап, шкафты ачкыла десек ачпай койду. Балтаны алып келип ачсак немистин ышкындай болгон эки жаш солдаты жатат. Жанына рацияны коюп койгон.Тамдын боорун тешип коюптур. Ошол жерден сүйлөшүп, орустар мобул жерге келди, мынча күчү бар деп маалымат берип турушат экен. Эки аялга акча береби, билбейм. Эки немистин колун байлап, жанагы эки аял менен баланы кошо машинага салып, штабга алып бардык. Үчөөбүзгө орден тапшырды. Эки аялды камакка, баланы болсо Москвага алып кетишти.
Торопойго тойгондо
– Немистер бизге дээрлик тамак берчү эмес. Орустар чырмоок, ачкыл-кычкыл чөп болсо баарын жей берет экен. Анан ичи өтүп же ичи катып өлүп калып атты. Өлгөндөрдү өлгөн койдун денесиндей кылып эле машинага салып кетет. Мен күнүгө бир тутам каакым терип алам. Ошону жейм да ошого канаат кылам. Ошондон өлбөй калдым окшойт. Анан бир күнү немистин чоң машинасы келип, он чакты кишини тандап-тандап туруп, машинага салып кетти. Алардын ичинде мен да бармын. Германияны көздөй алып кетти. Ал учурда биз Батыш Украинада болчубуз.
Жолдо баратканда орустар айтышты: “Эми бизди концлагерге алпарып, самын кылат. Бизден ак самын чыгат, сенден кара самын чыгат”, – дешти. Бир жерге алпарып камап койду. Эртеси чыгарды, бир стол коюп коюптур. Бир кашка баш немис келди, жанында котормочусу бар. Анан бүт эле аялдар чогулуп калды.
– “Господин туткундар, силерди азыр бирден-бирден үйгө бөлүп кетет, алардын айтканын кыласыңар. Өйдө карап каяша айтпайсыңар, согуш бүткөнчө иштейсиңер. Оокат-аш, кийим-кечеңерди ушулар берет. Лагерде жатсаңар ачкадан кырылып каласыңар. Андыктан, жакшылап иштегиле”, – деди жанагы кашка баш.
Аялдар келип, кол коюп берип эле бирден жетелеп кетип атты. Мен турамын капкара болуп. Анан бир кызыл бет кемпир келди таягын таянып. Мени карап туруп: “Сен кытайсыңбы, жапонсуңбу, кимсиң?” – деди. Мен анда тилди билбейм да. Тилмеч которуп бергенден кийин кыргызмын, Орто Азиядан болом десем, “мал бага аласыңбы?” – деди. Багам десем, колумдан кармап эле столго алып келди. “Аты-жөнүң ким?” – деди эле, Байсеркеев Николай деп койдум оозума кирген атты айтып. Анан колуман жетелеп алып жөнөдү. Ой, апа, коё бериңиз, өзүм эле басам дейм. Анын тилине мен түшүнбөйм, меникине ал түшүнбөйт. Бир чоң тамга алып барды. Чоң каалгасы бар экен, таяк менен тарсылдатты эле эки кыз жүгүрүп чыкты. Экөө украин кыздар экен. Немистер басып алган жерден алып кеткен да. Кырк саан ую, трактири бар экен. Дагы бир коңкойгон бирөө жүрөт. 1939-жылы Польшаны немистер басып албады беле. Ошондон бери немистин колунда иштеген поляк экен. Кемпирдин өзүнүн эки уулу, бир кызы бар экен. Поляк экөөбүз бир тамда жашап калдык. Кровать коюп берди, ичине саман тыгып матрац берди. Жаздыктын ичинде да саман бар.
Бир күнү поляк айтып калды, “Кемпирдин баласы отпускеге келет, аракка, этке тоёбуз” – деп. Торопой куйкаладык, тоок сойдук. Баласы капитан экен, бир кара офицер экөө келди. Үч күн эшикке чыкпай арак ичип, кыйкырып атты. Тиги эки кыз тооктун чала-була желген эттерин, бөтөлкөнүн түбүндө калган коньяк, арактарды алып келип бизге берет. Биз ичип, жыргап жатабыз. Төртүнчү күн дегенде сыртка чыкты. Ага чейин поляк: “Аттарын жакшы көрөт, жакшы тазала”, – деген да. Өкүртө тазалагам. Кемпир уулун, кызын ээрчитип алып сүйлөп келатат. Алардын тилин кадимкидей түшүнүп калгам. “Ушул кара келгени сарайым таза болуп, малым жакшы багылып калды”, – деди. “Мунун курсагын тойгузуп, жакшы баккыла, эртең согуш бүтсө бизге өмүр бою кул болуп калат”, – дейт анда уулу. Мага беш марка акча, бир пачка тамеки берди. Жанындагы мурутчан кара жигиттин кийими немистикиндей эмес, сары. Жакасында айдын сүрөтү бар. Кемпир балдарын ээрчитип аткана жакка кеткенде жанагы жигит жаныма басып келип, “Сен ким дурсуң?” – деп сурады. Мусулманмын десем, “Ассолому алейкум”, – деп колун сунду. Көрсө, түрк экен. Немистин офицери менен дос экен да. Анан үйүнө отпускеге келатканда кошо ээрчите келиптир. Билимимди сурады эле, орто деп койдум. “Берлинге чакыртып алып кетсем, барасыңбы?” – деди. Барам дедим. Аты-жөнүмдү жазып, сүрөткө тартып алды. Экөө он күн эс алышкан соң кайра кетишти. Бир күнү кемпир чакырганын чуркап барсам, ”эртең менен аттарды арабага кош, экөөбүз бир жерге барабыз”, – деди.
Ал түнү поляк экөөбүз бир бөтөлкө самогонду бөлүп ичтик. Тиги байкуш үйлөнгөнүн айтып, аялын сагынганын айтып түн ортосуна чейин уктабай анан эртең менен көзүм илинип кетиптир. Кемпир “Никола эле, Никола” деп кыйкырып атат. Атканага чуркап баратсам бир узун көк тал жатыптыр. Ошону алып чапканда секирип кеттим. Узун кемпир көк тал менен кошо жыгылбадыбы балээ болуп. Аюудай гана бакырды го! Тилдеп атат. Кызына айтты: “Атканага камап, эч жакка чыгарба. Келээрим менен дарга астырам”, – деп. Өзү болсо полякка арабаны коштуруп алып кетти.
Жалгыз апамды, үч карындашымды көрбөй өлөт экем го деп, акырдын кырында үңкүйүп отурдум. Кемпирдин кызы эки украин кызга кир-пир берип ”жуугула” – деп дарыяга жиберди. Анан мага келди. Мен башымды жерге салып отурам. Келип, чачыман тартты. Ыргып турдум. “Жүр, кофе ич” – деди. Жөнөдүм. Ашканага алып келип, эки ыстаканга акталган кофе куюп койду. Эки сындырым нанга май сыйпап берди. Мен жеп атам, ал карап отурат. Орусчаны бир аз, бир аз билет экен. Менден эл кандай жашайт деп кызыгып сурады. Баарын айтып бердим. “Поляк эки жылдан бери биздин үйдө жүрөт, бирок ага орусча билем деп бир ооз айткан эмесмин. Оозуңду бекем карма, эч кимге айтпа”, – деди. Он сегиз бөлмө тамы бар экен. Бирин ачса, бүт бут кийим. Эми айланайын, не деген гана кийимдер бар! Бир бөлмөсү жатакана, бирөөсү китеп окуй турган жери. “Мынабу байлыкты көрдүңбү? Эки бир тууганымдын бирөө учкуч, бирөөн өзүң көрдүң, ал да офицер. Мен болсо Берлинде окуйм. Маркс, Энгельсти окуп атам. Арак ичесиңби?” – деди. Ичем десем бир бөтөлкө коньяк алып чыгып, стакан берди. Болбойт деп суу ичкен чоң, “Сейитказы стаканды” көргөздүм. Толтура куюп туруп, тартып жибердим да, стаканды көтөрүп туруп, түбүн өөп койдум. Тигил каткырып, өлүп кала жаздады. Көзүнөн жаш аккыча күлдү. “Коркпо, мен сени өлтүртпөй алып калам. Тольке бүгүнкү көргөнүңдү эч кимге айтпа. Эми бар да, сарайды тазала”, – деди.
Кырк ую бар дебедимби. Баары байланат. Сууну, чөптү ошерден бересиң. Ар бир уйдун өзүнчө бөлмөсү бар. Богунун баарын арыкка тартасың, суу келип тазалап кетет. Жанагы коньяктын күчүбү, сарайды күзгүдөй кылып тазалап салдым. Бешим ченде кемпир келди. Келип эле, “Мен муну иштетпе, камап кой дебедим беле?” – деп кыйкырды. Кызы аны колтуктап алып, үйүнө алып кирип кетти. “Бул эми сени даргага астырат, кош!”, – деп поляк байкуш ыйлап жүрөт. Ал түн өттү, дагы эки күн өттү. Жымжырт. “Сени барганча тилдеп барды. “Өкмөткө ушунча май берем. Бир капкара кыргыз мени тим эле келекелеп жыкты. Барарым менен дарга астырам”, – деп келди эле, унчукпайт го?” – дейт поляк. Мен кайдан билейин деп ийнимди куушурам. Эки-үч күндөн кийин кемпирдин туулган күнү болуп, өлтүрөм деген неме мага кыпкызыл шайы көйнөк кийгизди. Өз колу менен жүз грамм арак куюп берди.
Бир айдай убакыт өткөн соң бир аскер машинеси келип, эки зыңкыйган офицер түштү. Кызы: “Никола!” – деп кыйкырганынан барсам кемпир көз жашын аарчып отуруптур. “Сени Берлинге чакырып жатат, азыр алып кетебиз”, – деди жанагы эки офицердин бири. Кемпир болсо: “Жибербейм. Мен өкүмөткө ушунча май төгөм, эт төгөм, эки балам согушта, анан ушу бир караны мага ыраа көрбөйсүңөрбү?” – дейт. Кызы көпкө түшүндүрдү: “Кой, апа, бул мамлекетке, Гитлерге керектүү киши экен”, – деди. Байкуш кемпир эки байпак, бир сыйра ич кийим берип жөнөттү.
Мустафа ЧОКАЕВ
Берлинге жеттик. Жанагы кара жигит тосуп алып, бир мекемеге алып барды. Барсам, бир карасур, зыңкыйган адам отуруптур. Мустафа Чокаев деген казак экен. Казактар ал жөнүндө кино тартып, эстелигин тургузуптур го. “Отур, уулум”, – деди. Отурдум. “Сени үч ай окутабыз, офицер болуп чыгасың. Согуш бүткөндөн кийин Кыргызстандын бир жерин чоёсуң”, – деп койду. Анан: “Вали!” – деп кыйкырды эле бир өзбек жигит кирип келди, – Мектепке алып бар”, – деди.
Ошол жерде 12 мусулман бала окуйт экен, мени менен 13 болуп 3 ай окудук. Офицер деген наам берди. Иштеп жүрүп, далай жердештеримди качырдым. Советтер Союзуна кылган жардамым ошол болду. Мага немистер эркиндикти берди да. Кушубак деген бала бар, Төлөндүн баласы. Ошол колго түшүп калып, уй кайтарат экен. Адегенде ошону качырдым. Орустун партизан чалдары менен таанышып, баланча күнү баланча жерде болгула, мен туткундарды чогултуп алып барам дейм. Немистер түк токойго кирбейт, коркот. Анткени, партизандар токойдо болот да. Мен балдарды алып барып, партизандарга кошуп берем, алар алып кетишет. Ушул биздин Арал айлынан эле көп баланы куткардым. Норузбаев Жумалы, Шерматов Раимкул, Алиев Бекиш дегендер бар болчу. Чат-Базар, Каракол, Конезаводдон көп балдарды токойго жеткирдим. Кийин соттолгондо ошолордун баары протоколго жазылды да. Баялиев Жолдошаалы, Садыралиев Качыке, Караколдон Осмоналиев Орозбай, Чокоев Кыязбек, Мураталиев Акимбай, Осмонов Орусбай – баары тирүү экен. Мен келгенде ыйлап тосуп алышпадыбы. Малын союп, костюмдарын кийгизишти.
Курманжан Датканын небереси
Бир жолу туткундагы колоннаны жөө айдап баратабыз. Бир жерде карасам эле эки немис бир кыргыз кишини тепкилеп атыптыр.
– Эй, эмне кылып атасыңар? – десем экөө какайып тура калышты (Менин офицердик наамым бар да). Көрсө, жыгач кепич кийип жүргөн экен, бутун өйкөп, басалбай калыптыр. Сары чийкил киши экен, отур арабага дедим. Ал отурган соң араба айдаган жигитке лагерге жеткирип кайра кел, мен жөө эле басам дедим. Бир аздан кийин эле араба токтоп, жанагы киши, “Ай, иним, бери келчи”, – деди. Басып барсам, “Мен Курманжан датканын небереси элем, кат тааныбайм. Армияга келип, ушинтип калдым. Сен болбосоң тигилер мени өлтүрүп коёт эле. Алаканыңды жай, бата берейин”, – деди. “Элге аман-эсен бар, балалуу-чакалуу бол, өмүрүң узун болсун, жамандык көрбө”, – деп батасын берди. Башымды ийкедим, айтканыңыз келсин деп деле айтпаптырмын. 19-20 жаштагы болуп-толуп, көзгө эч нерсе көрүнбөй, көөп турган маал го. Азыр эми бирөө ошентсе, колунан өппөйт белем. Кийин токойго качырып ийейин деп издеп таппай калдым. Кийинки тагдыры кандай болгонун билбейм. Аты-жөнүн да билбейм.
Ошончо жүрүп, бир кишини атканым жок. Өзүмдүн да бир жериме ок тийбеди. Берлиндин көчөсүндө жыйырма күнчө согуштук. Колумда наган, мойнумда автомат. Бул деле адам баласы го деп бирөөнү аталбай койдум.
Немиске да, оруска да поляктарга да иштедим
– Мен үч гана нерсеге ишенем. Алланын бардыгына, экинчи Мухаммед пайгамбардын шариятына, үчүнчү Манастын болгондугуна ишенем. Мен орустун офицери болуп, оруска да кызмат кылдым. Немистин офицери болуп, немиске да кызмат кылдым. Поляктарга да иштедим. Анан 25 жылга кесилип да кеттим. Бирок, элге кайра келгенден кийин намаз окуп жүрдүм. Улуу сөздө уят жок, азыр заарам токтобой, окуй албай калдым. Намазды шарияттын жосуну менен окуш керек экен да. Ошондуктан, теспе тартып, эй, Кудай, күнөөмдү кечир, бала-чакамды аман кыл деп отурам.
“Жаксы адам эч нерседен кем болмайды”
– Мен өмүрүмдө ыйлаган бала эмесмин. Өлүмдөн да коркчу эмесмин. Бирок, адам баласы болгондон кийин бөөдө өлүм болуп, атып ташташпаса экен, өз ажалым менен, элге барып, элден топурак буюруп өлсөм деп тилек кылгам. Кудай бардык тилегимди берди, кызым. Апамды колум менен койсом, карындаштарымды көрсөм дечүмүн. Апамды колум менен койдум. Өлгөндө бээ сойдум, ашына бээ сойдум. Апамды канча жыл бактым. Ал киши отуз алтысында жесир калган экен. Мен деп турмушка чыккан жок.
Казактын Абай деген акылманы айткан экен:
Жаксы адам эч нерседен кем болмайды,
Кедей байга тең болмайды.
Жашың токсон беске жеткен соң,
Эч бир дары эм болмайды, – деп.
Мына, менин да жашым 97 ге келди. Киропто, Ленинполдо мени менен тең балдар бар эле, азыр барбы-жокпу, билбейм. Биздин Буденов зонасында мен теңдүүлөрдүн бирөө да калган жок. Мага эми эч кандай дары эм болбойт.
Жакшы адамдар менен көп жүрдүм, китепти көп окудум, кызым. Александр Дюманын, Стендалдын не бир сонун китептерин окудум. Анан сөзгө үйүр болуп кеттим. Сөз билген, сөз кадырлаган жакшы болот. “Сөз атасы – кулак, жол атасы – туяк” дейт. Сөздү укканга айтсаң, кумарың таркап калат. Элди көргөн элдин сөзүн айтат. Кыргыздын не бир алтындай сөздөрү бар. “Жакшыдан кедей болсоң элиң тентийт, аялдан кедей болсоң үйүң тентийт” дейт. Мына, биз Сталиндин убагында кандай эл элек? Чек ара бекем эле, мышык кире алчу эмес. Сталин өттү, не бир жакшылардын баары кетти. Кийинки падышалар өздөрүнчө, эгемендүү болом деп отуруп, элди да бузду, жакшыдан кедей болдук. Кедей болгонубуз ушул да, жакшы балдарыбыздын баары тентип жүрбөйбү. Кыргыздын не деген билимдүү балдары кетип калды.
Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА



