Марат ТОКОЕВ: “Майда жаан жааган күнү, шашасың үйүң көздөй…”

 

* * *

Бир күнү сен да чарчайсың менден,
Мен дагы чарчайм сөзүңөн сенин.
Өзүңөн, менден издебе мандем –
Ушундай жашоо, ушундай сезим.

Көп миңден бири өзгөчө болор,
Жадыңда калган бир аткан таңдай.
Алыстан карайт ак мөңгү тоолор –
Сен дагы, мен да эмеспиз андай.

Ушундай жашоо, ушундай тагдыр.
Билемин аны, эң сонун, жакшы!
А бирок неге – кунарсыз такыр –
Буулугуп кээде жүрөгүм жашыйт.

09.03.2026

 

* * *

Күндөрү өткөнүнө арданып кыш,
Жинденип, албууттанып чачат каарын…
Таң алды. Муюп жатат жаратылыш
Бийине арбалгансып аппак кардын.

Бир кезде чыйырчыктын сайраганы
Угулду жымжырттыкты бузуп таңкы.
Күтүүсүз үндөн кыштын кайнап каны,
Тарады жаздын жыты абада аңкып.

11.03.2026

 

* * *

Ууланткан жүрөгүңдү
Илешчээк ушак сөздөй
Майда жаан жааган күнү
Шашасың үйүң көздөй.

Жоголуп күндөй көздө
Унуткуң келет баарын –
Илешчээк ушак сөздөй
Майда жаан жаап жатарын.

10.03.2026

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.