Франсуа ВИЙОН: “… Жай таппас жанымды тапшырам…”

 

“… ЖАЙ ТАППАС ЖАНЫМДЫ ТАПШЫРАМ…”

Орто кылымдагы Француз акыны Франсуа Вийондун өмүр-таржымалын окуп отуруп, ырларына кызыгып калдым. Тобокелчиликке толгон, “бычак мизинде” дегидей өмүр кечиргени менен акын бир топ жакшы ырларды жазып кеткен экен. Анан интернеттен барактасам ушул ыры улам-улам көзгө түшөт. Эркин которуп көрдүм. Салыштырууга ыңгайлуу болсун деп биринчи орусча текстин келтирдим. Котормо боюнча пикир күтөм.

Я душу смутную мою,
Мою тоску, мою тревогу
По завещанию даю
Отныне и навеку богу
И призываю на подмогу
Все ангелов-они придут,
Сквозь облака найдут дорогу
И душу богу отнесут.

Засим земле, что наша мать,
Что нас кормила и терпела,
Прошу навеки передать
Моё измученное тело,
Она не слишком раздобрело,
В нём черви жира не найдут,
Но так судьба нам всем велела,
И в землю все с земли придут

(Француз тилинен орусчага оодарган И. Эренбург).

Мен жай таппас кургур жанымды,
Куса, күнөөм, тообом барымды.
Ушул күндөн баштап түбөлүк,
Кудайыма мурас калтырдым.
Мен өтүнсөм учуп келишет,
Периштелер жардам этишет.
Булуттарды көзөп, жолду таап,
Жаратканга жаным беришет…

Эне болуп, бизге ынаган,
Бизди багып, бизге чыдаган.
Эми жерде жатсын курган баш,
Кыяматка чейин.Суранам!..
Май издесе курттар жегенге,
Майнап чыкпас арык денемден…
Жерде жүрүп, көргө келебиз,
Көнөбүз да, тагдыр дегенге!..

18-март. 2026ж. Шумкар-Уя

 

СУУСАМЫРДАН КАТ

(А…га)

Кандайсың ыр арманым, сөз арманым,
Күүсүнөн тая элекпи, көзөл жаның?!..
Күүгүмү арбыгансыйт күндөрүмдүн,
Көп ойлоп, бул өмүрдүн көчөр жагын…

Өз эмес, же боло албай бөтөн дагы,
Өксүктө өттү күндөр, өтөр дагы.
Мөлтүрөп себеп болдуң ыр-ышкыма,
Мен кетсем башты бийик көтөр жаным!..

Мен сүйсөм, сен күнөөлүү эмессиң бил,
Мен сени айга-күнгө теңештирдим.
Жүрмөксүң балким көптүн бири болуп,
Гүл кылып, ырдап жүрүп сени өстүрдүм!..

Өтүүдө өксүк коштоп жылдар анан,
Өкүнүч өзөгүмдү тырмалаган.
Бир карып жазган экен ушуну деп,
Бир тарых-“А…га” деген ырда калар…

Кетилип өмүр барат өлчөмүнөн,
Кемибей койдуң сен бир көркөмүңөн!
Калтырган байлыгым-ыр, кайгы-муң ыр,
Кам жебей өтө берем эртеңимен!..

А менби?.. Суусамырда, Айгыр-Жалда,
Алышып жүрөм малда, айыбым бардай…
Буурул таң, кызыл кечти тоодо тосом,
Булутка айтып муңум кайгырганда…

Өрүшүм, короо ордум-Төрө-Булак,
Өмүрдүн өзү кээде өөн учурап…
Чалынтып алгым келбей ак сүйүүмдү,
Чамгарак көтөрбөдүм, кереге улап…

Аман бол, бир өмүргө тете арманым,
Ашыктык азабынан кете албадым.
Узун күн, кыска түндө сени жазам,
Ушулдур жазмышымдан өч алганым!..

Өзгөчө быйыл жамгыр шолоктоду,
Өтүнөм, ырларымды жоготпогун!..
Улуктун “А…га” болгон арзуусу деп,
Узайлы биз өмүрдөн жомок болуп!..

Суранам, саптарымды жоготпогун! Суусамыр( Айгыр-Жал, Төрө-Булак). 23-июнь.

 

ЖАЛГЫЗДЫК. ЖАЙЛОО. КОҢУР КҮЗ

Жалгыздык. Жайлоо. Конур күз,
Жыбылжып келип кеч кирди.
Күндөгү турмуш, көнүл суз,
Кыжаалат кылбайм эч кимди…

Суу шары ырдап-кулакта,
Сур канчык үрөт ыраактан.
Өкунүч баскан түндөрдү,
Өз колум менен узаткам.

Ак чекит жылдыз-тундуктө,
Астымда кагаз бир буктөм.
А балким, бул кез жакшыдыр.
Адамды күтпөй, ыр күткөн?..

Чыккандай туман булундан,
Чубалжыйт тутун чылымдан.
Барактайм эски ырларды,
Бир сүйүү жатат, чыңырган…

Ак жарык алдап, жетелеп,
Айланат шайтан көпөлөк.
үлбүрөйт меште акыркы от,
Үмуттөй али өчө элек.

Жалгыздык. Жайлоо. Коңур күз,
Жылдызы жайнап кеч кирди.
Жайгардым атты, көндүм иш,
Күтпөймүн деле, эч кимди…

4-сентябрь.

Улук Рысалиев

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.