Жакында “Тунгуч” жаштар театрында “Манасчы” спекталынын бет ачары болот

Ушул жылдын 20-мартында Бишкектеги “Тунгуч” жаштар театрында жаш драматург Кайрат Иманалиевдин “Манасчы” спекталынын бет ачары болот. Бул туурасында Кыргызстандагы Швейцария кызматташтык бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова билдирди.

Маалыматка ылайык, спектаклда манасчынын калыптанышы, өнөрдүн өргөсүнө жетүүдөгү тоскоолдуктар туурасында баяндалат.

Белгилей кетсек, март айында Кыргызстандагы Швейцария кызматташтык бюросунун искусствону жана маданиятты колдоо программасы “Тилекке тирек” чакан гранттар фонду менен биргеликте бир катар маданий иш чараларды пландаштырган. Анын ичинде Бурул Калбаеванын “Сүйүү жөнүндө уламыш”, Кайрат Иманалиевдин “Манасчы” спектаклдарынын бет ачары жана “Кечиккен убакыт. Кара-Балта – карама-каршылыктардын шаары” көчмө көргөзмөсү уюштурулмакчы.

М.Ибраева, «КАБАР» МА, 16.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.