Кинорежиссер Нурбек Эгендин «Манастын төрөлүшү жышана” аттуу фильми тартылып бүттү

Кинорежиссер Нурбек Эген Манастын доорун чагылдырган «Манастын төрөлүшү жышана” аттуу документалдуу фильмин тартып бүттү. Бул тууралуу кинорежисер өзү маалым кылды.”Фильм тартылып бүттү. Азыр үнүн иштеп чыгып атам. Эмки жылы кино экрандарына алып чыгып, ал эми Европага декабрь айында көрсөтөм”-дейт Нурбек Эген.Анын айтымында, аталган фильм жаштарга, айрыкча тарыхчыларга, анан өлкөнүн келечеги,тагдыры жөнүндө ойлонгон адамдар үчүн кызыктуу болмокчу. Анткени тасмада байыркы кыргыз элинин салт санаа, үрп адаттарынан баштап, уруулук кастык маселелеринен бери сүрөттөлүп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары аталган фильмдин 2 варианты иштелип чыккан. Биринчиси чоң экранга ылайыкташтырылып тартылып, экинчиси 6 саатка чейин созулат. Аны улуттук каналдан элге көрсөтүүнүү пландаштырышууда.

Зарина Сагынбек кызы, «Кабар» МА, 27.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.