Жаш кыргыз режиссерлору эл аралык сыйлыкка ээ болушту

Жаш кыргыз режиссерлору эл аралык сыйлыкка ээ болушту. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультететинде 14-декабрда аталган ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн, акыркы 3 жылдагы кинофестивалдардын  лауреаттарын сыйлоо аземи өттү. Бул туурасында кечээ “КАБАР» агенттигине Республикалык кинематографисттер союзунун төрагасынын орун басары, кино таануучу Гульбара Төлөмүшева билдирди.

Анын айтымында, эл аралык жана улуттук форумдардын жеңүүчүсү, “Бизде баары жакшы” тасмасын жаратуучу Акжол Бекболотов менен бирге Наргиза Маматкулова да өзү жөнүндө жакшы пикирлерди жаратты. Анын жетишкендиги катары “Топташ” кыска метраждуу картинасы жана “Мен жашагым келет” даректүү фильми казак кино таануучусу Гульнара Абикеева тарабынан Борбор Азиянын мыкты даректүү роликтери топтомуна киргизилген. Учурда Наргиза “Куурчак” аттуу жаңы кинофильмдин үстүндө иштеп жатат.

Ал эми өткөн жылы Лейпцигде өткөн кино көрүүдө Ульяна Коновалованын «Салам, күнүм» тасмасынын бетачары көрсөтүлгөн. Үстүбүздөгү жылы Алижан Носиров жана Алмаз Супатаев Азербайжан жана Түркияда өткөн фестивалдарда сыйлыкка ээ болушту. Ошондой эле Айдос Токтобаевдин «Путешествие в цивилизацию» тасмасы менен катар «Солнышком» жана «Стойбище» фильмдери Кыргызстандагы «Стремление-2009» сынагынын лауреаттары болушту.

Аталган жеңиштер Артыкпай Сүйүндүков, Талип Ибраимов жана башка чеберлердин, ошондой эле «Манас» университетинин материалдык-техникалык базасынын колдоосу менен ишке ашкан.

Ш.Торогельдиева, МА, «Кабар» МА, 17.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.