Бишкекте Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз съезди болот

Бишкекте 27-мартта Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз съезди болот. Мындай чечим союздун башкармасында 2010-жылдын 24-февралында кабыл алынды.

Күн тартибине Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз сьездин чакырууга байланыштуу кинематографисттердин демилгелүү тобунун кайрылуусун талкуулоо, быйылкы жылда алдыда турган кыргыз киносунун негиз салуучулары, көрүнүктүү кинорежиссерлор Мелис Убукеев менен Төлөмүш Океевдин 75 жылдык мааркелерин өткөрүү  сыяктуу жана башка маселелер киргизилди.

ЖТ, “Кабар” МА, 25.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.