“Айтыш фильм” киностудиясы жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

«Кыргызстан – кыскаметраждуу фильмдердин өлкөсү» долбоорунун алкагында жарыяланган сынактын жыйынтыктары белгилүү болду. Ага баардыгы болуп 62 долбоор түшүп, алардын 52си жаш муунга, ал эми 10у улуу муунга таандык. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Айтыш фильм” киностудиясынын жетекчиси Садык Шер-Нияз билдирди.

Тасмалар Баян Сарыгулов, Нуртай Борбиев, Темир Бирназаров, Болот Алимбаев, Садык Шер – Нияз сыяктуу мартабалуу кинематографисттерден турган көркөм кеңешке кароого берилген.

“Эң мыктысын тандоодо акыйкат жана адилеттүүлүк болду. Баардык нерселер эске алынды. Жыйынтыгында көркөм кеңеш 10 долбоорду тандап алды. Анын алтоо жаш муундун, төртөө улуу муундун өкүлдөрүнө таандык. Аларга тасманы тартыш үчүн 2миң долларга чейинки каржылык жана техникалык жардам көрсөтүлөт”, – деди ал.

Сынактын жеңүүчүлөрү Наргиза Маматкулова «Жымжырт», Айбек Дайырбеков «Жарык», Чолпонай Бөрүбаева «Калпак», Тынчтыкбек Акималиев «Түш», Айдос Токтобаев «Кыштак», Назым Мендебаиров «Кемпир» тасмасы менен катышышкан.

Ал эми улуу  муундан  Марат Сарулунун «Адам жана деңиз», Эрнест Абдыжапаров «Троллейбус», Нурлан Асанбеков «Ыр кесе», Нурлан Абдыкадыровдун «Эне» жана «Ата» эки тасмасы жеңишке ээ болду  (бул фильмдин бири гана каржыланат).

Бекитилген  жеңилдиктерден сырткары көркөм кеңеш кошумча долбоорлорду тандап алды – Жакен Чотоевдин «Туулган күн» жана Венера Жаманкулованын «Кайрат» тасмаларын тартууга техникалык жардам көрсөтүлөт. Ал эми Наталья Шестакованын «Без надежды» тасмасын тартууга 10 миң сом өлчөмүндөгү жардам берилет.

Белгилей кетүүчү нерсе, Швейцарияда өтүүчү Винтертур кыска метраждуу фильмдердин  эл аралык кинофестивалы «Кыргызстан – кыскаметраждуу фильмдердин өлкөсү» долбооруна өз кызыгуусун билдирген. Аталган кинофестивалда биздин долбоордун бетачарын жасоо боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

“Айтыш фильм” киностудиясынан 2011-жылдын жаз айында кыска метраждуу фильмдердин фестивалын өткөрүү пландалып жатканын билдиришти.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 02.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.